1-2-КЛАССТАРГА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО КАНТИП ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?

  • 26.03.2025
  • 0

Жакында 2025-2026-окуу жылына 1-2-класстарга кабыл алуу башталат. Бул тууралуу журналисттерге билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жана санариптик өнүктүрүү министринин  орун басары Рахат Жусумамбетова маалымат берди

 

1-2-КЛАССТАРГА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО КАНТИП ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?

— Быйылкы электрондук каттоонун өзгөчөлүгү эмнеде?

— 2025-2026-окуу жылына 1-класска жана 2-класска кабыл алуу быйыл «Түндүк» тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Анткени бул учурда каттоо жүргүзүү ата-эне үчүн жеңил жана түшүнүктүү. Ата-энелерге мындан башка да мобилдик тиркемелерди колдонуу сунушта-
лат.

— Кабыл алуунун 1-этабы канча мөөнөткө созулат?

— Ата-эне же баланын мыйзамдуу өкүлү 6-7 жашка жеткен баланы «Электрондук каттоо» АМСке 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу онлайн каттайт. Андан кийин система таап берген мектепти тандап, аны кабыл алуу же баш тартуусун тастыктап, 2025-жылдын 1-июнуна чейин маалымдайт.

— Электрондук каттоо кандай кадамдардан турат?

— Балдарды мектепке кабыл алуу боюнча бекитилген протоколго ылайык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр 2025-жылдын 1-июнуна чейин төмөнкү кадамдарды жасашы зарыл:

1) «Түндүк», MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк мобилдик тиркемелеринин бирин колдонуп, же болбосо 1mektep.edu.gov.kg порталында электрондук каттоону баштайт;

2) «Электрондук каттоо» бөлүмүнө өтүп, анда нике каттоосуна (ЗАГС) ылайык балдарын көрсөтөт;

3) Мектепке каттоо үчүн мектеп жашына жеткен баланы тандап алат;

4) Система автоматтык түрдө ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн туруктуу каттоосуна ылайык жакын жайгашкан жалпы билим берүү мекемесин сунуштайт (микроаймак боюнча); айрым учурларда эки же үч мектеп сунушталат;

5) Ата-эне окуу тилин, сунушталган билим берүү мекемесин тандайт;

6) «Каттоо» баскычын басат.

Каттоо ийгиликтүү аяктагандан кийин, «Катталды» деген статус пайда болот.

— Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү так көрсөтүлбөсө, ата-эне эмне кылууга тийиш?

— Эгер ата-эненин жарандык күбөлүгү Кыргыз Республикасы болсо, бирок балдары көрсөтүлбөсө, ата-эне жакынкы Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылып, баланы ата-энеге тиркештирүүсүн талап кылат. Тиркештирүү жүргүзүлгөндөн кийин ата-эне маалыматты жеке кабинетинде жаңыртуусу зарыл.

— Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү көрсөтүлбөгөн учурдачы?

— Эгер баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү башка өлкөдөн болсо, анда төмөнкү кадамдар аткарылышы керек:

1) Ата-эне Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) барып, Кыргыз Республикасынан ИЖН кодун алат;

2) 1mektep.edu.gov.kg порталында жеке кабинетте баланы кошот. «Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген жери» деген жерде «Башка өлкө» деп жазат;

3) Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн тиркейт;

Эгер мектеп көрсөтүлбөсө, жакынкы мектепке кайрылып, ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн туруктуу каттоосу боюнча микроаймак чектеринде мектептин дареги бар-жогун тактап алышы керек;

Эгер туруктуу каттоо дареги мектептин микроаймагынын чектерине кирсе, мектеп директору бул даректи системага кошот;

Эгер каттоо дарегинде каталар болсо, жакынкы Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылып, туруктуу каттоо дарегинин АИС АСБ (адресно-справочное бюро) системасында туура катталганын текшерүү керек.

Эгер бала көрсөтүлгөн мектепке каттала албаса, ата-эне/мыйзамдуу өкүл каттоо процессинен баш тартышы керек, “Каттоо болбойт” деген баскычты басып, төмөндөгү себептердин бирин тандап, баш тартуунун себебин көрсөтүү зарыл:

* Биз жеңилдиктерге ээ болобуз;

* Жеке мектепте окуйбуз;

* Биз окуп жатабыз;

* Инклюзивдүү бала (ЛОВЗ);

* Мектеп туура эмес;

* Башка өлкөгө кетебиз.

— Балдарды мектепке кабыл алуунун экинчи этабы качан башталат?

— Эгерде ата-эне система сунуштаган мектептен баш тартса, анда 2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин башка мектептерди (микроучастоктон тышкары) тандап, бош орундар бар болсо, баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бул үчүн ата-эне/мыйзамдуу өкүл төмөнкү кадамдарды жасашы керек:

1) Системаны ачуу үчүн ата-эне же мыйзамдуу өкүл төмөнкү «Түндүк», MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк мобилдик тиркемелерине кирет же болбосо 1mektep.edu.gov.kg порталында баланы каттаса болот;

2) «Мектепке электрондук каттоо» бөлүмүнө өтүп, анда нике (ЗАГС) каттоосу боюнча балдары көрсөтүлөт;

3) Мектепке каттоо үчүн мектеп жашына жеткен баланы тандайт;

4) Областты, районду/шаарды тандайт;

5) Көрсөтүлгөн мектептердин тизмесинен бош орундар бар болгон бир мектепти тандап алат;

6) Мектеп тарабынан сунушталган окуу тилдерин тандайт;

7) «Каттоо» баскычын басат;

8) Каттоо ийгиликтүү өтүп, «Катталды» деген статус пайда болот;

9) Жакынкы мөөнөттө, 4-августтан 5-сентябрга чейин, бала 1- же 2-класска кабыл алынганы тууралуу билдирүү келип, ата-эне/мыйзамдуу өкүл тиешелүү документтерди мектепке тапшырышы керек.

— Электрондук каттоодо кайсыл документтер талап кылынат?

— Мектепке кабыл алуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

* Ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат (калыптанган түрү);

* Эпидемиологиялык вакцинация жөнүндө медициналык маалымкат (калыптанган түрү);

* Баланын сүрөтү (3×4 см өлчөмүндө).

Эскерте кетсек, кабыл алууда жогоркулардан сырткары документтерди талап кылууга тыюу салынат.

— Атайын муктаждыгы бар балдар 1- жана 2-класска кандай тартипте кабыл алынат?

— Балдарды көмөкчү жалпы билим берүү мекемелерине жана коррекциялык класстарга кабыл алуу санитардык нормаларга жана эрежелерге, ошондой эле жалпы билим берүү мекемесинин уставына ылайык жүргүзүлөт жана психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын чечими менен гана «Электрондук каттоо» АМСтен тышкары жүргүзүлөт.

Эгерде ата-энеге/мыйзамдуу өкүлгө жеңилдик берилсе, анда арызды 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ата-эненин жеке кабинети аркылуу берүү керек, андай учурда жеңилдикти тастыктаган документти бир айдан кечиктирбей тиркеш керек.

— Каттоодо жеңилдикке ээ болгондор кимдер?

— Жеңилдикке ээ болгондордун категорияларына төмөнкүлөр кирет:

* Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана штаттык кызматкерлердин балдары (жумуш ордунан маалымкат);

* Аскер кызматкерлеринин балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча (жумуш ордунан маалымкат);

* Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын балдары, кайрылман статусуна ээ болгондор (кайрылман күбөлүгү).

Балдарды 1- же 2-класска кабыл алуу үчүн ата-энелердин/мыйзамдуу өкүлдөрдүн арызы райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнө берилип, чечимди Комиссия кабыл алат.

Эскерте кетсек, 1- же 2-класска балдарды кабыл алуу учурунда билим деңгээлин аныктоого багытталган сынактарды (тесттерди, экзамендерди, конкурстарды, интервьюларды) өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынат.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Комментарийлер