Жылуулук саны жана анын формуласы

  • 20.03.2025
  • 0
Жылуулук саны жана анын формуласы

Мадеминова Мария, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №21 ЖОББ мектебинин физика мугалими

Сабактын максаты:  

  • Жылуулук санын жана анын формуласын окуп үйрөнүшөт.
  • Жылуулук санына таасир этүүчү факторлорду колдонуп, маселелерди чыгара алышат.
  • Окуучуларда салыштыруу, жыйынтык чыгаруу, анализдөө, талдоо көндүмдөрү калыптанат.

Сабактын методдору: салттуу ыкмалар (айтып берүү, суроо-жооп, түшүндүрүү), интерактивдүү ыкма (видео, презентация,  эксперимент, топтордо иштөө ж.б.)

Сабактын жабдылышы:

  • 10-класстын окуу китеби, проектор, таркатмалар, стакан, ысык суу, муздак суу, термометр, ватман, маркер, А4, ж.б.
    Окуучунун таяныч билими: 8-класстан алынган маалыматтарын бышыктайт. Термодинамика жөнүндө, ички энергия, жылуулук берүү, ички энергиянын өзгөрүшүн билишет.

 Сабактын жүрүшү:

1Е-Этап. Шыктандыруу  (кызыктыруу 5 мин)

Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары)

  • Темага кызыгуу жаратуу жана мурдагы билимди ойготуу. Бала жашоосунда жылуулук берүүнү түшүнүшөт.
  • Мен азыр суроолорду берем, так, туура жооп бергенге аракет кылабыз. Биздин жашообузда кезиктирип жүрөбүз.

1) Эмнеге суу кайнап чыкканда чай идиш жылыйт, бирок керамикалык идиш узакка чейин муздабайт?

2) Кышында металл эмеректер муздак сезилет, ал эми жыгач эмеректер андай эмес. Себеби эмне?

3) Кандай материалдар жылуулукту жакшы өткөрөт?

А (жекече), Б (эки-экиден), В (топ менен) талкуулайт.

  • Сууну жана музду карматып, алардын сезүүсүн байкайм.

Азыр видеоролик көрсөтөм, маани берип көрөбүз жана байкайбыз, маанилүү жерлерин жазып алабыз.

https://drive.google.com/file/d/19L8GyQUtwHqVFUBUFz4jhndibCUFjke/view?usp=drivesdk

Окуучунун иш-аракети

*Балдар суроонун жоопторун сүйлөм түрүндө берет.

*Окуучулардын болжолдуу жооптору сууну салыштырганда молекулаларынан айырмаланат, температурасынан, тыгыздыгынан, жылуулук өткөрүмдүүлүктөрүн айтышат.

*Окуучулар суроонун жообун таап, жазып бүткөн соң А(жекече), Б(эки-экиден), В(топ менен) менен иштешет.

2Е-Этап. Изилдөө  (10 мин)

Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары)

  • Окуучулар теманын негизги түшүнүктөрүн өз алдынча изилдеп, түшүнүктөрдү практикада колдонушат.

Жумуштун максаты: Жылуулук санын эсептөө формуласынын колдонулушуна көнүгүү.

Бир нерседен экинчи нерсеге берилген жылуулуктун , экинчи нерсе алган жылуулукка барабардык шартын текшерүү.

  • Стаканда 100гр муздак суу куюп аны m₁ менен белгилеп, температурасын ( t₁ ) ченеп алабыз.
  • Экинчи стакандагы массасы m₂ болгон ыссык суунун t₂ температурасын ченеп алабыз.
  • Ыссык сууну муздак суунун үстүнө куябыз. Алынган температураны ( ɵ тетта) ченеп алабыз.
  • Алынган маалыматтарды таблицага түшүрөбүз.
m₁(кг)

 

t₁ (⁰с)m₂ (кг)t₂ (⁰с)ɵ (⁰с)Q₁ (Дж)Q₂(Дж)
 

 

      

Ысык суу берген жылуулук саны:   Q₂=cm₂(t₂- ɵ)

Муздак суу алган жылуулук саны:   Q₁=cm₁(t₁- ɵ)

Берилген жылуулук саны коромжуга учурабайт деп эсептесек, Q₁=Q₂  алар өз ара барабар болот.

Суроо: Ыссык суунун массасын жана температурасын чоңойтсок, аралашманын температурасы кандай болоорун алдын ала айта алабызбы?

А(жекече), Б(экиден), В(топ менен) талкуулайт.

Окуучунун иш-аракети

  1. Стакандагы сууларды кармап сезет.
  2. температураларын өлчөйт.
  3. Эки сууну аралаштырганда суунун температурасы кандай өзгөрөт?

Окуучулар берилген суроонун жообун изилдеп табуу үчүн ар бир  кадамдарды басып өтөт.

*Изилдөө иши жекече,  же тобу менен болот.

*Изилдөөнүн жыйынтыгында окуучу эмне үчүн суунун температуралары теңелерин жана кайсы факторлордон көз каранды болорун аныкташат.

3Е-Этап. Түшүндүрүү   (10 мин)

Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары)

  • Жылуулук санынын формуласы жана анын элементтерин, теориясын түшүндүрүү.
  • Жылуулук саны жөнүндө толук маалымат алат. Берилген чоңдуктарды тушүндүрүү менен бири-бири менен болгон байланышын түшүнүшөт. Жана маселе чыгарышат, салыштырат.ж.б. презентация, аркылуу көрсөтүлөт.)
  • М: 2 кг сууну 20⁰с ден 80⁰с ге чейин ысытуу үчүн канча жылуулук саны керек?

3 минутада  бирден маселе жазып, чыгарышат.

Жылуулук саны жана анын формуласы

Окуучунун иш-аракети

*Окуучулар изилдөө этабында алган же ээ болгон билимдерин маселе чыгаруу менен түшүндүрүшөт.

Берилген чоңдуктардын маанисин жана бирдиктерин чыгара алышат.

Окуучулар алган билимдерин маселе түзүп чыгаруу менен ишке ашырат.

4Е-этап. Кеңейтүү (10 мин)

Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары)

Келгиле, балдар, азыр бардык топко окшош суроолор жазылган барак турат. Окуп жообун алдыңардагы баракка жазып А (жекече жазасынар), Б (экиден), В (топто) талкуулайсыңар.

1) Кышында жүндөн жасалган же термокийимдерди киебиз. Кайсынысы жылуулукту жакшы сактайт?

2) Дүйнөлүк мелдештерге А.Тыныбекова катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келет. Мелдештин датасы белгилүү болгондон баштап,  анын өзгөчө тамагынын калориясын көзөмөлгө алышат жана машыгууну күчөтүшөт. Жөн эле машыга берсе болбойбу?

Окуучунун иш-аракети

Алган билимдеринин негизинде суроолорго жооп беришет. Жашоодо пайдалуу жактарын жана маанилүүлүгүн ажыратып аңдап билишет.

5Е-этап. Баалоо (10 мин)

Негизги иш-аракеттер (мугалимдин кадамдары)

  • Суроо-жооп иретинде
  • Баалоого 5 суроо берилет.
  • Тест гугл формада сылка менен таратылат.
  • https://forms.office.com/r/cPZk3TwmiU

Үйгө тапшырма: Төмөндөгү таблицаны пайдаланып 5 мисалды иштейбиз.

  1. Ар кандай заттардын жылуулук сыйымдуулугун изилдеп, таблица түзүп келүү.

Сабактын аягында балдарга баары ачык айкын болот.

Окуучунун иш-аракети

Окуучулар онлайн тест аркылуу жооп беришет жана ким канча суроого туура, так жооп бергени өзүлөрүнө көрүнүп турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер