ЖРТда кездешчү тапшырмалар
- 22.07.2024
- 0
11-класс, кыргыз тили
Сабактын тиби: Жалпылап кайталоочу сабак.
Сабактын башка илимдер менен байланышы: кыргыз адабияты, тарых, математика, физика.
Сабакта колдонулган усулдар: интерактивдүү методдун айрым стратегиялары, “KAHOOT”, “БББ”, текст менен иштөө, аналогияларды табуу.
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, слайд, видеороликтер, барак А-4, маркер, доска, пректор, ноутбук, кыргыз тили 11-класс, “Нова” тесттери.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Саламдашып, окуучулардын сабакка катышуусун тактоо, класстын тазалыгына көңүл буруу, топторго бөлүп алуу.
1-топ «Жаратмандар» (Келечекте жаңы идеяларды жаратуучулар)
2-топ «Зиректер» (Баамчылдар)
Жагымдуу маанай түзөт. Алтын эрежелерди кабыл алышат.
1) Сабакка активдүү катышабыз.
2) Бири-бирибиздин оюбузду угабыз.
3) Жаңы идея алабыз.
4) Билгендерибизди башкаларга чачыратабыз.
Экранга баалоо критерийин түшүрүп, өзүн-өзү баалоо баракчаларын таркатат.
- Аналогияларды туура таба алуу
- Маанилерине карап сүйлөмдөрдү толуктоо
- Окуп, түшүнө алуу
- Орфографиялык сабаттуулугу
- Тесттик суроолорго жооп берүүсү
- Топто активдүү иштөө
Үй тапшырманы суроо: Сүйлөмдөргө тыныш белгилерин туура коюу. Жакшы келсе кут жаман келсе жут. Бах Кандай гана кооз табият. Тил албасты жумшаганча тына тына өзүң бар. А П Чехов «Адамда баары сонун болууга тийиш өңү да сөзү да кийими да» деп айткан.
-Даярдыктарың кандай?
-Жан дилим менен аракеттенип жатам.
Актуалдаштыруу: Диалог жүргүзөт, окуучунун эске тутуусун, көңүл буруусун активдештирет. Аналогияларды кантип табабыз? Байланыштын канча түрү бар? Окуу жана түшүнүү тексттери менен кантип иштейбиз?
Өтүлгөндөрдү кайталоо: Аналогиялар менен иштөө жолдорун эстерине салат.
Интерактивдүү көнүгүүлөр: 1-топтук тапшырма.Аналогияарды табуу (Ар бир топко 10дон аналогия)
1. сөз : тамга
А) бак : бутак
Б) чөп : сабак
В) өң : кызыл
Г) сан : цифра
2. жаян : чортон
А) бөлтүрүк : ит
Б) чөө : карышкыр
В) сүт эмүүчү : кит
Г) төө : төө куш
3. спидометр : ылдамдык
А) термометр : температура
Б) мейкиндик : көлөм
В) барометр : миллибар
Г) амперметр : вольт
4. вольт : вольтметр
А) литр : көлөм
Б) миллибар : барометр
В) минута : убакыт
Г) узундук : сызгыч
2-топтук тапшырма. Текст менен иштөө
1-топ “Ак куу” тексти
2-топ “Калай” тексти
3-топтук тапшырма. Ушул эле тексттер силерге канчалык деңгээлде түшүнүктүү болгонун
текшерүү максатында сүйлөмдөрдү толуктайбыз.
Колодон … куюп, …, …, … жасашкан.
А) эстелик, кылыч, найза, акча
Б) айкел, жаа, жебе, тыйын.
В) статуяларды, кылыч, идиш, акча-тыйын
Г) айкел, найза, жаа, жебе
Калай кайрадан … металлдардын арасында … орундардын … ээледи.
А) көптөгөн, ардактуу, бирин
Б) миңдеген, барктуу, миңин
В) жүздөгөн, кадырлуу, көбүн
Г) ондогон, өтүмдүү, бир нечесин
Ак куу байыртадан эле …, … … … символу катары саналат.
А) сүйүүнүн,аруулук менен назиктиктин
Б) актыктын, тазалык менен сулуулуктун
В) жаштыктын, мээрим менен боорукерликтин
Г) күчтүүлүктүн, сактык менен куулуктун
Көлмөдө … жүргөн ак куу андан да … , … көрүнөт.
А) каалгып, аппак, койкоюп
Б) чардап, керемет, сулуу
В) учуп, бийик, шаңдуу
Г) сүзүп, кооз, сулуу
Практикалык көңүгүү: KAHOOT тиркемеси аркылуу фразеологизмдердин түрлөрү боюнча тест берилет. Демек, фразеологизмдер, анын бөлүнүүсү боюнча толук маалымат берилет.
https://create.kahoot.it/share/90077bbd-9425-4ee5-a55a-c7b17860bf41
Бышыктоо: «Ким сабаттуу?» оюну аркылуу окуучулардын бүгүнкү сабакта алган билимдери жалпы жыйынтыкталат.
Баалоо: Окуучулардын өздөрүнө коюлган баалоосу менен жыйынтык чыгарат.
“5” – 15-12 упай
“4” – 11-8 упай
“3” – 7-4 упай
“2” – 3-0 упай
Үй тапшырма: Өз алдынча аналогияларды түзүп келүү. “Максатыма жетем” деген темада эссе жазып келүү.
Сиренгүл Кожобаева, Ош облусунун Кара-Суу районунун №19 Т. Мусаев а.о.м. кыргыз тили мугалими
Комментарийлер