ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ОРДУ

  • 02.03.2024
  • 0
ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛООДО ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ОРДУ

Тажрыйба бөлүшүү

Бул макалада жаштарды тарбиялоодогу элдик педагогиканын орду тууралуу сөз болот. Аны Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жазгүл Турус кызы даярдаган.

 

Азыркы учурда жер шарында жашап жаткан ар бир улут өз алдынча уникалдуу. Алар ошол руханий маданият менен жашайт, мекенин коргойт, башкалардан өзүн обочолоп кармайт, башкаларга өздөрүн салыштырат. Аны менен өзүн биологиялык гана керектөөчү эмес экендигин айгинелейт, аны менен искусствонун түрдүү жанрларында керемет шедеврлерди жаратат.

Ааламдашуу доорунда ар бир эл, келечек муундарын ата-бабадан калган салт-санаалар, үрп-адаттар, искусство өнөрлөрү, жөрөлгөлөр менен тарбиялап алууга, өз руханийлигин өткөрүп берүүгө жигердүү аракет жасайт жана анысы кээде ишке ашса, кээде ойрону чыгат. Жаштарды тарбиялоодо элдик педагогика ар дайым актуалдуу маселе бойдон кылымдарга кала берет. Улут канча жашаса, элдик педагогика ошончо мезгил актуалдуулугун жоготпойт.

Жаңы доордун жаштарын тарбиялоодо кыйынчылыктарын, баалуулуктардын өзгөрүшүн, көйгөйүн М. Мамырова өзүнүн илимий иликтөөсүндө мындай деп берет: “В современных условиях многие прежние духовные ценности, традиции и ориентиры утрачивают свою значимость, а новые пока еще не выработаны. Если раньше молодежь в своем выборе опиралась на опыт предыдущих поколений, то сейчас в обществе, основанном на рыночных отношениях, она лишена этой возможности.

В связи с этим наблюдается усиление внешних влияний, направленных на распространение ложных ценностей и ослабление воспитывающего значения народных традиций в массовом сознании, в особенности, у молодежи”.

Улуттук педагогиканын негиздерин билим берүү системасында колдонууну сунуштап жаткан окмуштуулар М. Рахимова, Т. Орусбаева, Г. Сейдекулова, Н. Асипова,  Г. Карабалаева, Г. Адылбек кызы, А. Калдыбаева, Р. Курманходжаева, Б. Исаков, С. Байгазиев, С. Рысбаев, Р. Абдраимова, Т. Панкова, Б. Апышев, Ж. Бешимов, А. Алымбекеов, Ж. Койчуманов, А. Эшиев, А. Акматова жана башкалар.

Элдик педагогика жөнүндө Ү. Асановдун  энциклопедия китебинде “Элдик педагогика – элдик оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салтта, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму.

Ал эми анын илимий-тематикалык географиясын, изилдөө чектерин төмөнкүчө мүнөздөп көрсөтүүгө болот: элдин негизги педагогикалык  түшүнүктөрү (багуу, кароо, асыроо, тарбиялоо, бутуна тургузуу, эрезеге жеткирүү, адам катарына кошуу); элдик педагогиканын кенч казыналары, булактары (уламыш, болумуштар, дастандар, жомоктор, макал-лакап, табышмактар, элдик ырлар, колдонмо-жасалма өнөрү, таштагы жазуулар, акындар чыгармачылыгы, санжыралар); элдик тарбиянын мазмуну жана максат-милдеттери (пейил-мүнөздү, адеп-ахлакты, акыл жана дене бой маданиятын калыптандыруу, ден соолукту сактоо, чыңдоо, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүү ж. б.); тарбиялоонун факторлору, усулдары (жандуу жаратылыш, эне тил, эмгек, каада-салт, үрп-адат, элдик өнөр, дин, турмуш-тиричилик ж. б.); каражаттары (өрнөк, түшүндүрүү, ынандыруу, ишеним, бата, өтүнүч, кеңеш, ишарат, алкыш, какшык, зекүү, эскертүү, көндүрүү, тыюу, коркутуу, дем берүү ж. б.); (эпостор, жомоктор, макалдар, табышмактар, жаңылмач, апыртма, бат айтма, элдик ырлар, көркөм өнөр, оюндар, табият, элдик майрамдар ж. б.); адамзаттын жамааттык жашоо образынын педагогикалык концепциясы (үй-бүлө, урук, уруу, коом, эл, адамзат); дүйнө элдеринин педагогикалык маданиятындагы жалпылыктар жана бөтөнчөлүктөр (жалпы адамзаттык педагогикалык маданият, славян элдеринин педагогикалык маданияты, түрк элдеринин педагогикалык  маданияты ж. б.); элдик тарбиячылар (ата-эне, уруулар, карыялар, усталар, уздар, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр, эсепчилер, манасчылар, жомокчулар, акындар, санжырачылар, уламалар); элдик педагогикадагы инсандык идеалдар (чыныгы адам, эр жигит, аксакал, карыя, ак көрпө жайыл ургаачы, жабылуу кара инген, ак жоолук делбир ж. б.)”, – деп жазылат.

Жогоруда айтылган маалыматтарга таянып, негизинен элдик педагогикада жаңы муунга материалдык жана руханий маданиятты өткөрүп берүү болуп эсептелерин көрүп турабыз.

Материалдык жана руханий маданият деген эмне экендигин Э. Сулайманов мындай деп белгилейт: “Материалдык маданияттын курамына салттуу түрдө эмгек куралдары, тамак-аш, турак-жайлар, кийим-кече жана асем буюмдар, транспорт, байланыш каражаттары жана башкалар кирет. Булардын бардыгы, бир жагынан этностун этникалык спецификалык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтсө, экинчи жагынан, өндүрүштүн окшоштугуна жана географиялык чөйрөнүн шартына байланышкан жалпы окшоштуктарды айгинелеп бере алат.

Рухий маданияттын чөйрөсүнө адамды курчап турган жаратылыш жана коом жөнүндөгү элдик билимдер, каада-салт жана үрп-адаттар, элдик чыгармачылык, ар түрдүү ишенимдер кирет. Буларды изилдөөнүн өзү ар бир конкреттүү этностун өзү жараткан рухий маданияттын, ошолор аркылуу башка этностордон өзгөчөлөнүп турган айырмачылыктарды тактоо үчүн баалуу материалдарды берет. Мындан тышкары, тарыхтын ар кайсыл доорлорунда болгон этникалык карым-катнаштарды, маданияттын өз ара баюу жолдорун жана анын натыйжасын ачып көрсөтсө болот”.

Күнүмдүк жашообузда тарбия десе анча деле маани бербей, ал сөздү колдонуп жүрө беребиз. Ал эми чындыгына келгенде бул абдан татаал процесс экендиги адабияттарда белгиленип айтылып жүрөт. Бул боюнча Э. Мамбетакуновдун эмгегинде “Тарбиялоо – бул атайын уюштурулган, башкарылуучу, текшерилүүчү жаш муундун коомго зарыл жана пайдасы тие турган касиеттерин, кулк мүнөздөрүн жана сапаттарын калыптандыруу максатындагы педагог менен тарбиялануучунун аракетинин жүрүшү жана жыйынтыгы болуп саналат», — деп жазылган.

Тарбиялоонун усулу тууралуу өз илимий эмгегинде К. Акматов “Тарбиялоонун усулу – бул тарбиялык милдеттерди чечүүнүн жана тарбиялык жактан өз ара аракеттенүүнүн жолдору.

Тарбиялык процесс практикасында тарбиялоонун түрдүү усулдары иштейт: ынандыруу, мыкты үлгү көрсөтүү, жекече үлгү көрсөтүү, тарбиялануучуга жагымдуу тийишүү, ишеним көрсөтүү, ишеним көрсөтпөө, үйрөтүү, тапшырма берүү, коркутуу, кечирим берүү жана башкалар”, – деп баяндайт.

Кыргыз эли тээ илгертен балдарды, келечек муунду тарбиялоодо өтө маани бергендиги дүйнөлүк жана кенже эпосторунан, жомок, уламыш, каада-салт, үрп-адат, улуттук оюндарынан көрүнүп турат. Бул тууралуу М. Рахимова “Кыргыз этнопедагогикасы – улуттук руханий маданияттын өзөктөш бөлүгү. Ал жүздөгөн жылдарда Борбор Азиянын ар кандай калкы жана майда элдери менен кыргыздардын өз ара байланышынын өнүгүшүндө топтолгон.

Кыргыздар өзүнүн көп кылымдык тарыхында өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун бай тажрыйбасын топтогон. Бул тажрыйбалар өткөн мезгил менен кошо калса да, элдик үрп-адаттын. адеп-ахлактын критерийлерин, баарынан мурда улуттун, элдин саламаттыгын атадан балага өтүп келе жаткан салт катары сактоого, чыңдоого, анын ар бир өкүлү ички туюм, ан-сезим менен улуттук турмуш-тиричиликтин туруктуу жөнөкөй негиздерин сактоо үчүн өзүнүн бүткүл күч-кубатын жумшоого жөндөмдүү болгон жашоо образын уюштурууга практикалык сунуштарды камтыйт.

Кыргыз элдик педагогикасы акырындык менен кыргыздар­дын тиричилигинин этникалык өзгөчөлүктөрүнүн өнүгүү процессинде, алардын татаал тарыхый өнүгүүсүндө топтолгон. Анын өзөгүн бардык түрк элдери (анын ичинде барыдан мурда хакас, казак, каракалпак, өзбектер) үчүн кептеген жалпылыктар түзөт”, – деп белгилейт.

Ошондой эле элдик педагогиканын генезиси тууралуу А. Алимбеков мындай деп жазган: “Элдик педагогикабул улут улут болуп калганга чейин эле узак мөөнөт жашап, белгилүү геогра­фиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүн негизинде өнүгүп-өркүндөп, адамды муундан-муунга мурасталган идеялардын, ишенимдердин, ыймандык нарк дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоого багыттал­ган эмпирикалык билимдердин жана практикалык иш-аракеттердин бөтөнчө системасы.

Эгерде элдин рухий жактан өнүгүшү үчүн кайдыгер кароого мүмкүн болбогон, атүгүл анын тагдыры үчүн, олуттуу мааниге ээ болгон бөтөнчө кубулуштар бар десек, анда алардын сыр түйүнүн чечмелөөчү илимдин жаралышы да мыйзам ченемдүү зарылдык. Этнопедаго­гика илиминин жаралышы дал ушул мыйзам ченемдүүлүктөр менен түшүндүрүлөт”.

Ал эми Б. Осмонова элдик педагогика боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн эмгегинде В. Белинскийдин мындай бир жакшы сөзүн мисал келтирет: “Бардык элдердин ар дайым өздөрүнүн тарыхы болгон: кээ бирөөлөрүндө уламыш түрүндө, башкаларында жомок түрүндө, дагы бирөөлөрүндө поэма түрүндө, андан башкаларына хроника түрүндө”.

Илимий иликтөөчү М. Мурзаев этнопедагогика илиминин негиздөөчүсү Г. Волковдун кыргыз элдик педагогикасынын өсүп-өнүгүшүнө тийгизген зор таасири тууралуу мындай ойду айтат: “Кыргыз элдик педагогикасынын изилденишинде жана кыргыз этнопедагогика илиминин түптөлүшүндө академик Г.Н. Волковдун салымы зор. Анын жетекчилиги астында көптөгөн кыргыздын жаш окумуштуулары аспирантурада окуп, кыргыз элдик педагогикасын изилдөөгө алган илимий иштери боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргошкон. Анын жетекчилиги астында кыргыз элдик педагогикасын алгачкы жолу системалуу түрдө изилдеген окумуштуулар Т. Ормонов, Ж. Бешимов, Б. Апышов”.

Жыйынтыктап айтканда, ааламдашуу доорунда элдин өз алдынчалыгын, барктуу, нарктуу эл экендигин билдирген каада-салттарын, үрп-адаттарын, баалуулуктарын, искусствосунун бардык жанрларын, улуттук оюндарын төкпөй-чачпай иреттеп, жаш муундарга окутуп, үйрөтүү ушул муундун эң негизги милдети экендигин байма-бай айтып, конференцияларды өткөрүп, маалымат каражаттарынан таратып турбасак, келечек муунду колубуздан жулдуруп жиберишибиз айдан ачык болуп отурат.

Бөлүшүү

Комментарийлер