Жанар тоолор (вулкан). Гейзерлер

  • 22.11.2024
  • 0
Жанар тоолор (вулкан). Гейзерлер

Сабыралы кызы Жазыгүл, Сали Жоробаев атындагы №65 жалпы орто билим берүүчү мектебинин география мугалими, Аксы району

География, 6-класс

Сабактын максаты: 1) Билим берүүчүлүк

Жанар тоолор, алардын жайгашышы. Гейзерлер, алардын

пайда болуусу боюнча жалпы түшүнүк алышат.

2)  Өнүктүрүүчүлүк

Жанар тоолордун пайда болуусун  жана алардын

жайгашкан ордун картадан көрсөтүшөт.

                                  3) Тарбия берүүчүлүк

Табият менен таттуу мамиледе болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: глобус, атлас, географиялык карталар, видео материалдар, сүрөттөр, плакаттар, ватман, маркер, карточкалар, STEM география, биология, химия, математика.

Сабактын жүрүшү:

  • Саламдашуу, класстын тазалыгына көңүл буруу, окуучуларды толуктоо, окуу куралдарын даярдоо
  • Алтын эреже кабыл алуу
  • Өтүлгөн теманы кайталоо, карточкаларга жазылган суроолор менен бышыктоо
  • Жаңы теманын башында предметке байланыштуу мугалим төмөндөгүдөй ыр саптары менен сабак башталат.

География

География кызыктуу илим,

Кызыгып окуп, аламын билим

Айлана-чөйрө картага жазат,

“Жер” жазуу дешет, маанисин билгин

Бүт аалам, жердин кубулуштарын,

Табият коомдун жуурулушканын

Өлкөлөр, тоолор, көл-дарыя, суулар,

Изилдейт өнүп кубулушканын демекчи балдар бүгүн биз силер менен

Жаңы тема: Жанар тоолор (вулкан). Гейзерлер деген теманы өтөбүз.

1.Engage (Кызыктыруу)

Окуучуларды талкууга чакыруу:

Балдар силер жанар тоолор кантип пайда болоорун жана алардын кандай рол ойноорун билесиңерби?

Жанар тоолор эмне үчүн изилденет?

Жанар тоолордун бизге, айлана- чөйрөгө  тийгизген таасири кандай деп ойлойсуңар?

Гейзерлер жөнүндө эмнелерди билесинер булар кайсыл жактарда бар, биздин өлкөбүздө барбы?

2.Explore (Изилдөө)

  1. Жанар тоолордун сүрөттөрү, гейзерлердин атылуусу боюнча  видео көрсөтүлөт.

2) Ар бир топко жанар тоолордун түзүлүшү, пайда болуу процесси жана жергиликтүү, глобалдык мааниси жөнүндө изилдөө, талкуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

3) Жанар тоолордун (вулкандардын) гейзерлердин жайгашкан ордун билип алалы (карта менен иштөө) контурдук картага түшүрүү.

3.Explain (Түшүндүрүү)

Жанар тоо- Жердин түпкүрүнөн эринди массанын (магма) терең жаракалар аркылуу ысык газдын, күлдүн, буунун, лаванын жер бетине бүркүлүп чыгышы аталат.

Жанар тоонун атырылуу күчү Жердин мантиясындагы, литосферанын төмөнкү катмарындагы ысык, эриген магмадан көз каранды болот.

Магма-Жердин ички тереңдиктеринде пайда болгон негизинен силикаттардан турган көлкүлдөп эриген масса болуп саналат.

Магма көтөрүлүп чыккан жарака жанар тоонун өзөгү деп аталат. Өзөгү кратер менен бүтөт.

Магманын температурасы +1500 градустан ашат.

Жердин бетине атылып чыкканда 900-1200 градус болуп, акырындан муздай баштайт.

Жанар тоолордун атылып чыккан жери жанар тоонун тешиги деп аталат. Кээде бир эле кратерде бир нече тешик болушу мүмкүн.

Жанар тоолор (вулкан). Гейзерлер

Жер бетине агып чыккан магма менен кошо чыккан газдар тарап кетип, лавага айланат. Лаванын магмадан айырмасы – анын курамында газдын жоктугу. Лава катып калгандан кийин магма тоо тегине айланат. Жанар тоолор атылып чыгуусу боюнча аракеттеги жана өчкөн жанар тоолор болуп экиге бөлүнөт.

1) Аракеттеги жанар тоолор — ар дайым же мезгил-мезгили менен атылып туруучу суюк лаваны, газды, бууну, тоо- тек сыныктарын жер бетине бүркүлүп турган жанар тоолор

2) Өчкөн жанар тоолор — атылбай дымып турган, көбүнчө талкаланып, үбөлөнүүгө дуушар болгон тоолор.

Жанар тоолуу аймактар ар түрдүү минералдык жана термалдык булактарга бай аймактар. Аларды адамзаттын ден- соолугун чыңдоодо, турак жайларды жылытууда ж.б. пайдаланышат. Топурагы күрдүү келип, айыл-чарбада өсүмдүктөрдү өстүрүүдө пайдалуу.

Гейзерлер — аракеттеги жана өчкөн жанар тоолор жайгашкан аймактардын жер астынан ысык суунун атылып чыгуусу.

Гейзерлер аркылуу литосферадагы жаракаларда топтолгон буу жердин үстүңкү бетин карай түртүлүп чыгат. Атылып чыккан ысык суунун бийиктиги 42мге чейин жетет.

Минералдык суулар жердин үстүңкү бетинде муздап, андагы туздар жерге чөгөт. Ал туздар гейзериттер деп аталат ж.б. минералдарды пайда кылат.

Гейзерлер Камчаткада 100гө жакын жерден чыгат. Исландияда 30га жакын, Японияда, Жаңы Зеландияда, Кытайда жана АКШда 200 жакыны белгилүү. Гейзерлердин эң белгилүүсү Олд-Файтфул Йеллоустон улуттук паркында (АКШ). Мындагы эң чоң гейзерлер ар бир 53-70 минутада атылып, бийиктиги 42 м. жетет.

Гейзерлерди электр энергиясын алууда да пайдаланылат.

4.Elaborate (Тереңдетүү)

Сандар сүйлөйт оюну

+1500 градус — Магманын температурасы

100гө жакын — Качаткадагы гейзерлер

42 м – атылып чыккан ыссык суунун бийиктиги эң чоң гейзерлер

30 га жакын — Исландиядагы гейзерлердин саны

Жанар тоолор (вулкан). Гейзерлер

Өтүлгөн теманы бышыктоо үчүн берилүүчү суроолор

  • Жер кыртышынын кыймылдары деген эмне?
  • Кеңири белгилүү бир нече жанар тоолорду атагыла, картадан көрсөткүлө?
  • Жанар тоолордун пайда болушун түшүндүрүп бергиле?
  • Ыссык булактар менен гейзерлер деген эмне? Алардын адамдын чарбачылыгында жана ден соолугун чыңдоодогу ролун айтып бергиле?
  • Өчкөн жанар тоолордун биосферага тийгизген таасирлери?
  1. Elaluate (Баалоо)

Класстагы балдар менен бөлүнгөн топтор менен биргеликте татыктуу баа коюлат.

 Үй тапшырмасы: Жанар тоолор же гейзерлер жөнүндө ар бир өлкөдөн бир мисал келтирип, анын географиялык жайгашуусун, пайда болушун жана өзгөчөлүктөрүн баяндап жазуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер