ЖАҢЫ ЖЫЛГА — ЖАҢЫ ЫСЫМ
- 19.01.2024
- 0
Мугалимдердин чыгармаларынан
ЖАҢЫ ЖЫЛГА — ЖАҢЫ ЫСЫМ
Жакшы ыр, чыныгы поэзия окуган адамдын жүрөгүн толкуткан касиетке эгедер болот. Көңүлүңдү көкөлөткөн, ойго салган, бутага тийген саптар гана нукура поэзияга айланат да, өз окурманын илгиртпей табат. Жакшы ырлар пейили кенен, боорукер, залкар адамдардай сейрек кездешет. Ошондуктан аны баары издешет. Тапса сүйүнүшөт. Биз да Болотбек ИМАМОВДУН ырларын окуп жатып, жакшы адамды таап алгандай сүйүндүк. Талант дарамети күчтүү, калеми төшөлүп калган Болотбектин эң ириде мугалим экендигин эстеп эки эсе сүйүндүк. Ырлары да дээрлик агартуу тармагына, мугалимге, анын түйшүктүү ишмердигине арналат. Өмүр баянына кылчайсак, Имамов Болотбек Өскөнбаевич 1988-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында туулган. Кыргызстан эл аралык университетинде, Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде билим алган. Юрист, филолог. Эмгек жолун Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылындагы №8 М. Горький атындагы орто мектебинде чарбалык иштер боюнча директордун орун басары болуп баштаган. Андан соң кыргыз тили жана адабияты мугалими, социалдык педагог болуп иштеген. 2021-жылдан тарта окуу бөлүмүнүн башчысы. Үй-бүлөлүү: үч уулдун атасы. Болотбектин ырларын биз окурмандарыбызга тартуу кылып жатып, ага мугалимдик кесибинде да, чыгармачылыкта да чоң ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.
Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
КЕЛГИЛЕ КЕҢЕШЕЛИ
Кел, кесиптеш, кеп куруп чогуу мында,
Кеңешели, келаткан окуу жылда.
Ийгиликке жетебиз кандай кылсак,
Ишибизде, балдардын окуусунда?
Ушул суроо ар дайым жүрөгүмдө,
Узун ойлор ар өткөн мүнөтүмдө.
Из калтырып кетебиз кандай кылсак,
Инсанды тарбиялоо күрөшүндө?
Туш тараптан сындарды кабыл алып,
Түйшүк тарттың сен дагы, аның анык.
Калыбына келтирип ден соолукту,
Каникулда алдыңбы дарыланып?
Жаңы муундун мүнөзү шаштыңды алат,
Жай басышып, сабакка салкын карап.
Жаш окуучу, ата-эне, же мугалим,
Жаңылыштык кылууда кайсыл тарап?
“Ата-энедир абалды сурабаган?
А балким биз?”- деп ыргып тура калам.
Күнөөлүүгө убакыт кетиргенче,
Күйгөн өрттү өчүрүү – туура кадам.
Салат ойго мектептин акыбалы,
Сакталуубу сабактын жадыбалы?
Жан аябай тер төкчү мезгил азыр,
Жалкоолорчо жарашпайт жатып алуу.
Кыз-уулдарды билимге чакыралы,
Кылыктарын кең ичке батыралы.
Кызыктырып, талыкпай таалим берип,
Кыялдарын турмушка ашыралы.
Күн өткөрүп, иш кылбай кол учунда,
Күчүбүздү коротуп болушунча.
Илгерилеп жөнөйлү жеңиш көздөй,
Инсанды тарбиялоо «согушунда».
Ылайыктап заманга, жаңыланып,
Ыкмалардан эскирген арылалык.
Өлкөбүздү тарталы өргө карай,
Өнүгүүгө көрсөтүп жаңы багыт.
Биримдикте бийиктеп учсак экен,
Бирибизди-бирибиз уксак экен.
Туу көтөрчү балдарды тарбиялап,
Туура жолго үгүттөп турсак экен.
Билип туруп көз жумбай, ойгонолу,
Биз уктасак келечек оңбогону.
Билим менен дүйнөнү багындырып,
Билим менен душмандан коргонолу!
Кечээгиден көбүрөөк жумуш жасап,
Кемчиликти жоюуну сунуштасак.
Келер күндү куруучу курбу, досум,
Кесибибиз маанисин унутпасак.
Мугалим бул – коомдун жетекчиси.
Мугалим бул – ар иште керек киши.
Мугалимдер – тарыхта жол башчылар,
Мугалимдер – падышалар кеңешчиси.
Пайгамбардын акыйкат жолун улап,
Пайдалууга жетелеп, колун сунат.
Периштедей пейли ак мугалимдин,
Пикирине Президент моюн сунат!
САБАКТАР ӨТҮЛСӨ ЭКЕН
Жазгы күн жылга тете,
Жаштык кез өмүргө тең.
Сайрандап балдар жүрбөй,
Сабактар өтүлсө экен.
Мезгилдин билип баркын,
Мектептен билим алсын.
Билгенге билим — алтын,
Сабактар өтүлсө экен.
Окуучу оюн жыйып,
“Окуйм” деп моюнду ийип,
Ой-максат коюп бийик,
Сабактар өтүлсө экен.
Көтөрөр көптүн жүгүн,
Көсөмдөр өссүн бүгүн.
Көрсөтүп илим түбүн,
Сабактар өтүлсө экен.
Сабат бул — кенч түбөлүк,
Сапарда жолдош, шерик.
Сапатка көңүл бөлүп,
Сабактар өтүлсө экен.
Жагымдуу, кызык, шаңдуу,
Жасалма эмес, жандуу,
Саатка сарамжалдуу,
Сабактар өтүлсө экен.
Так бөлүп мүнөттөргө,
Тартылып сүрөттөрдө,
Сакталчу жүрөктөрдө,
Сабактар өтүлсө экен.
Салттуудан бир аз четтеп,
Санарип доорду беттеп,
Сагынып, сүйүп, дегдеп,
Сабактар өтүлсө экен.
Техника өскөн шартта,
Тең басып, калбай артта,
Ылайык стандартка,
Сабактар өтүлсө экен.
Мугалим тартип сактап,
Мурдараак кирип бат-бат.
Бөлүнгөн бюджетти актап,
Сабактар өтүлсө экен.
Үй ишин четке сүрүп,
Үңүлүп, сүңгүп кирип,
Үч-төрт саат жеңди түрүп,
Сабактар өтүлсө экен.
Мээримге толуп жүрөк,
Мекен деп согуп жүрөк,
Кыркылбай кырк беш мүнөт,
Сабактар өтүлсө экен.
Ар тема аалам кезип,
Артылган жоопту сезип,
Ыйлабай ыйык кесип,
Сабактар өтүлсө экен.
БАЛДАРДЫ СҮЙГҮЛӨ
Балдарды сүйгүлө,
Балдардай күлгүлө.
Бакыттын очогу,
Балалуу үй-бүлө.
Балдарга сылык бол,
Баарлаш, сунуп кол.
Баладай ак жүрөк,
Баладай тунук бол!
Балдарга үлгүбүз,
Балаңыз — күзгүңүз.
Урушпай, бакырбай,
Угулсун күлкүңүз.
Оройлук, катуу кол,
Оң эмес, ката жол.
Ээрчиткен эне бол,
Эң мыкты ата бол!
ЖЫЛМАЙЫП КЕЛ, КЕСИПТЕШ
Жаңы чейрек, жаңы апта, жаңы күн,
Жашоо — жыргал, жашай билсе аны ким.
Жакшыларым, жаркырап кел жумушка,
Жаратканга мактоо айтып таң үчүн.
Таштайлычы, бүтпөс тирлик курусун,
Тараталы жылмаюунун «вирусун».
Баалай билсең, бала окутуу — чоң бакыт,
Багытташым, кандай сонун жумушуң!
Бөбөктөргө ачып билим эшигин,
Бөпөлөйсүң, чексиз сооп ээсисиң.
Бөлөп нурга бүт дүйнөнү туруучу,
Бөлөк түргө алмаштыргыс кесибиң!
Устатчылык — улуу иш да, ыйык жол,
«Угуучуңа» урматтуу да, сылык бол!
Жылмаюуда, билсең, бардык сыйкыр-күч,
Жылуу сөз айт, жакын чакыр сунуп кол.
Күтөт бизди билим уя, бийик жер,
Күнөөсү жок балдар күтөт, билип кел!
Күндөй болуп кыштын суугун жылыткан,
Күлкүң менен музду эритип кирип кел!
Бийик көрбөй сени сүрдүү тоо сымал,
Билсин алар: сырдаша алчу досу бар.
Сүйлөшүүгө суусап, балким, келатат,
Сүйүү менен окуучуңду тозуп ал!
Миграция күчөп турган бу чакта,
Миллиондоп ата-энелер узакта.
Мектебине шашып келет наристе,
Мээрим төгүп, бооруңа кыс, кучакта!
Майда-чүйдө кемчиликтин барына,
Маани бербе, түйшүк менен карыба.
Мамилеге муктаж бүгүн өспүрүм,
Маектешип, сен аларды дарыла!
Сүйлөшкүсү келет бүгүн окуучу,
Сүйүү менен, мээрим менен дарыла!
“МЕН” ДЕБЕ!
“Мен” дебе! “Мен” дебе! “Мен” дебе!
“Мен” деген жарабайт пендеге.
Көйгөйлүү көп жандын бирисиң,
Көкүрөк кагасың эмнеңе?!
Менсинүү — бүгүндүн кесели,
“Мен” деген өчөбү, өсөбү?!
“Мен билем”, “мен кылдым”, “мени ук”,
“Мен…” дешет күчтүү да бечели.
Куураткан куу турмуш кулусуң,
Куушуп келебиз пул үчүн.
Көр тирлик деп жүргөн байкушум,
Көйрөңдүк мүнөзүң курусун.
“Мен” дебе! “Мен” дебе! “Мен” дебе!
Өзүңдөн башканы кем дебе.
Мезгилдин, дүйнөнүн ээси эмес,
Мейманбыз мен деле, сен деле.
Ашкан бир жайың жок өзгөдөн,
Ай-жылдыз максатың көздөгөн.
Амбицияң асманды чапчылайт,
Ааламды башкарып сөз менен.
Ооз ачсаң озунбай, билип айт!
Он сөздү ойлосоң, бирин айт!
Сен сымал “мыктылар” толтура,
Сендейлер дүйнөдө миллиард.
“Мен” дебе! “Мен” дебе! “Мен” дебе!
Билбейбиз эмне бар эртеге.
Дымакты бир азга түшүрүп,
Даяр жүр акыркы келмеңе.
Мени да, сени да жараткан,
Мен дечү бир гана Жараткан.
Билинбей кымындай бар, жогуң,
Бир күнү мен, сенсиз атат таң.
ЖАКШЫЛЫК ИЗДЕЙЛИ
Бир өркөчтүү төөнүн көрүп өркөчүн,
Бири күлдү: “Бар экен, – деп, – дөңгөчүң”.
Бирок өзү эки өркөчтүү төө болчу,
Билебиз да төө төбөсүн көрбөшүн.
Байкагандай төө мисалда сүйлөмдөн,
“Бактылуубуз” бөлөктөргө күлгөндөн.
Адамдардын кемчилигин аңдымай,
Адат бизде эң бир жаман үйрөнгөн.
Төөнү көрбөй өзүбүздүн баштагы,
Чөптү көрүп, күнөөлөйбүз башканы.
Баш бириксе, үчүнчү жак сөз болот,
Баарыбызда, аял-эркек, жаш-кары.
Бирөө жүрсө күмөн санап досунан,
Бирөө жүрөт: “Жакшы эмес, — деп, — кошунам”.
Дагы бири адам затын жек көрүп:
“Дүйнөдө акмак көп, – дейт, – соосунан”.
Бир туугандар бир-бирине нааразы,
Бүтпөйт жылдап таарынычы, аразы.
Билсек эгер сыйлашканга не жетсин,
Бир көз ирмем бешик-көрдүн арасы.
Жакшылардын жаман жагын издебей,
Жашасакчы көңүлдөрдү түздөп, эй.
Жаратканга жагар мүнөз, момундук,
Жамандардан жакшылыкты издемей.
Комментарийлер