«Ыр сабындагы өмүр». Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

  • 29.02.2024
  • 0
«Ыр сабындагы өмүр». Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

Бышыктоо сабагы

Сабактын максаты

Билим берүү: окуучулар А. Осмонов жөнүндө маалымат алышат. Акындын басып өткөн жолун, өмүрү-чыгармачылыгын билишет. Кыска өмүрүндө өчпөс эмгегинин сапары узак экенин түшүнүшөт. Чыгарманын идеясын, мазмунун талдай алышат. Каармандарга мүнөздөмө беришет.

Өнүктүрүү: текст менен иштөөнү үйрөнүшөт. Таанып билүү, өз алдынча ойлоо, топто иштөө жөндөмдүүлүгү өнүгөт.

Тарбия берүү: оору, кайгы, азап адамды чөктүрөрүн билип, ыр аркылуу адамдын жан дүйнөсүнө жакшы сапаттарды жеткирет. Кыргызстандын жаратылышын, кооздугун сүрөттөйт. Кыргыз поэзиясындагы алган орду, өзгөчөлүгүн билүү менен бирге патриоттуулукка, эли-жерин, ата журтун сүйүүгө үйрөнөт. Сөз касиетин барктоого, сөз маданиятын сактоого тарбияланат.

Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы (билимдерин жалпылоо жана системалоо)

Сабактын формасы: Аңгемелешүү сабагы

Сабактын усулдары: Интерактивдүү методдун айрым стратегиялары, аңгемелешүү, текшерүү, талкуу, роль ойноо, көнүгүү жана анализдөө, көрсөтмөлүүлүк, коммуникативдик.

Сабактын жабдылышы: Акындын сүрөттөрү, кинокадрлар, плакаттар, чыгармалар жыйнагы, буклеттер, интерактивдүү такта.

"Ыр сабындагы өмүр". Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ

Уюштуруу учуру (2 мүнөт), мугалимдин иш-аракети: Окуучулар менен саламдашып, толуктап, класстын тазалыгын көзөмөлдөп, сабакка даярдоо. Мотивациялык окуя айтуу. Сабакка жагымдуу маанай түзүү. Алтын эрежени эске алуу.

– Саламатсыңарбы, окуучулар?! Мен бүгүн силерге сабак өтүп жатканыма кубанычтамын. Алдыдагы убактыбызды силер менен бирге кызыктуу, пайдалуу, көңүлдүү өткөрөбүз деген ойдомун.

Баалоо талаптарын түшүндүрүү (1 мүнөт): Акындын өмүр жолун эске алуу менен баалоо акын жазган калем уч жана көл менен бааланат. Суроолорго жооп берүү менен силер доскада турган көргөзмө куралдар аркылуу өзүңөрдүн топко упай алып келесиңер. Ал эми жеке баалоо болсо быйтыкча аркылуу берилет.

Топко бөлүү (1 мүнөт): “filipiti” программасы менен

Мезгил — “Акындар”

Жана — “Сүрөтчүлөр”

Алыкул — “Сахна” деген топторго бөлөбүз.

Үй тапшырмасын текшерүү (5 мүнөт): үйгө берилген тапшырманы “wordwall” программасы (викторина) аркылуу сурап алуу.

Мээге чабуул жасоо (4 мүнөт): Кино тасмадан үзүндү көрүшөт.

(https://youtu.be/P373qKFccCQ?si=eD-mdyWzeapTLkeD)

Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү (10 мүнөт):

Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм,

 Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.

 Кудайга миң мертебе калп айтсам да,

 Ырына бир мертебе калп айта албаган

поэзиянын алп атасы Алыкул Осмонов аз, бирок саз жашады. Аны биз Кеңеш Жусуповдун “Ыр сабындагы өмүр” чыгармасынан билсек болот. Биз бул чыгарма менен тааныштык. Бул чыгарма идеясы жагынан эссеге жакын. Мазмуну 6 бөлүмдөн турат. Бирок биздин 7-класстын программасында 2 эле бөлүмү берилген. Алар: “Асыл жар жана перзент”, “Көл кылаасы”. Ал эми негизги алты бөлүгү булар:

  1. “Алгачкы махабат баяны”
  2. “Асыл жар жана перзент”
  3. “Көл кылаасы”
  4. “Акындын жаны”
  5. “Үч устат”
  6. “Акын казынасы”

Мен азыр биздин үч топко китептеги үч бөлүмдүн темаларын берем.

  1. “Ыр сабындагы өмүр” – “Сахна” тобуна
  2. “Асыл жар жана перзент” – “Акындар” тобуна
  3. “Көл кылаасы” – “Сүрөтчүлөр” тобуна

Балдар, бул темаларды ар бир топко бөлүп бердик. “Сахна” тобу сценканы даярдайт. “Акындар” тобу ыр окуйт, “Сүрөтчүлөр” тобу долбоор жазат. Бүгүнкү сабакты мен үч бөлүк менен өтүүнү туура көрдүм.

Аукцион. “Ыр сабындагы өмүр” коюлат, кайсы топ көбүрөөк маалымат айтса, ошол топко сатылат.

Суроолор: “Ыр сабындагы өмүр” качан жарык көргөн? Канча бөлүмдөн турат? Эмне жөнүндө жазылган? (Ушул суроолордун айланасында маалыматтар айтылат) “Акындар” тобу ушул жерден ырларын окуйт.

Сабакты бышыктоо (9 мүнөт): “Асыл жар жана перзент”. Бул бөлүмдү “эки бөлүктүү күндөлүк” стратегиясы менен бышыктайбыз. Акындын үй-бүлөсү, кызы Жыпар, анын өлүмү, акындын кайгырып, кан жутуп турган мезгили сүрөттөлөт. Мен азыр “Бөбөккө” деген ырдан 3 куплет окуймун силер сөз, сөз айкашы, сүйлөмдөрдү жазып алып комментарий бересиңер. Бул биз иштеп жүргөн ыкмалар.

“Бөбөккө”

Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,

 Буурай кармап, майыштырып оңумдан.

 Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө,

Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.

 

Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон,

Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.

Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,

Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.

 

Бар болсо экен картайганда көргөнү,

Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.

Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,

Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.

“Көл кылаасы”

Биздин эң акыркы бөлүмүбүз бул — “Көл кылаасы”. Көлдүн сүрөтү тартылган.

— Бул сүрөттөгү көлгө жээгиндеги кайыкчаларды коё беребиз. Бул кайыкчаларда “Көл кылаасы” бөлүмүнөн алынган сөздөр жана бул бөлүмгө тиешеси жок деле сөздөр жазылган. Силер текстке тиешелүү сөздөр жазылган кайыкчаларды көлгө коё бересиңер.

Түп, жетимчилик, Ала-Тоо, Ичке-Суу, Чоң-Жайлоо, Каркыра, Сырт-Жайлоо, Кой-Сары Зейнеп, Асан Кайгы.

Үйгө тапшырма: “Сахна” тобу кино тасмадан үзүндү коёсуңар, “Акындар” тобу өзүңөргө жаккан акындын ырларынан жаттап келесиңер. “Сүрөтчүлөр” тобу бир чыгармасына долбоор жазып келесиңер.

Баалоо (2 мүнөт). Окуучулардын билимин баалоонун талаптары:

  • берилген тапшырманы туура аткаруусу;
  • орфографиялык сабаттуулугу;
  • көркөм окуусу, актёрдук чеберчилиги;
  • берилген суроолорго жоопторунун тактыгы.

Сабакка активдүү катышкан окуучулардын жалпы билимин эске алуу менен баалап, күндөлүккө коюлат.

Баялиева Аида, Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Абдыкерим Сыдыков атындагы №72 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер