XIX кылымдагы Түштүк кыргыздардын коомдук-саясий абалы

  • 22.01.2024
  • 0
XIX кылымдагы Түштүк кыргыздардын коомдук-саясий абалы

Сабактын максаты:

Билим берүү: окуучулар Кокон хандыгындагы саясий абалдын начарлашы жана Алымбек датка, Алымбек датканын саясий ишмердиги жөнүндө тексттерди окуп, суроолорго жооп берүү менен теманы өздөштүрөт.

Тарбия берүү: тема тууралуу түзүлгөн суроолорго жооп берүү менен өткөн мезгилдин жакшы менен жаманын, азыркы мезгилде Кыргызстандын мисалында салыштырып баалай билүүгө, турмуштук сабак алууга тарбияланышат.

Өнүктүрүү: теманы окуп чыгып, негизги маалыматтарды түзүү жана аларга тапкычтык менен аргументтүү түрдө жооп бере билүү билгичтиктерин өнүктүрүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.

Уюштуруу: Класстын тазалыгына көңүл буруу, иш ордун уюштуруу. Окуучуларды толуктоо.

1-кадам: берилген тема окуучуларга бөлүнүп берилет. Аларды эки-үч жолу окуп чыгышат (5-6 мин.). Биринчи жолу көңүл коюп окуп, аныктамаларды, негизги идеяларды, даталарды эске тутуп калат. Эгер татаал сөздөр болуп калса, аны бир нече жолу кайталап, тилин көндүрөт. Экинчи жолу текстти окуганда түшүнүксүз сөздөр болсо, бири-биринен же мугалимден сурашат да кайрадан окуп чыгышат.

2-кадам: мурдатан түзүлгөн суроолорду берип, класста жалпы талкуу башталат.

3-кадам: №1-2 тиркемелер окуучуларга таратылып берилет. Тиркемедеги тапшырмаларды аткарышат. Белгиленген убакыт бүткөндө аткарган тапшырмаларын окуп берет.

Өтүлгөн теманы кайталоо: “Мен киммин?” оюну аркылуу үй тапшырма бышыкталат. Сабактын жүрүшүндө ББК стратегиясы колдонулат.

Билем. Билгим келет. Билдим.

Кокон хандыгы тууралуу билгендерин «Билдим» графасына толтурат. «Билгим келет» графасына өз ойлорун жазат.

Сабактын планы:

XIX кылымдагы Түштүк кыргыздардын коомдук-саясий абалыПлан боюнча материалдар слайд менен түшүндүрүлөт.

Бышыктоо: Китеп, дептер менен иштөө. №1-2 тиркемелер 2 топко  таратылып берилет. Тиркемедеги тапшырмаларды аткарышат. Белгиленген убакыт бүткөндө аткарган тапшырмаларын текшерип, «Билдим» графасын толтурат.

Билимин баалоо: Топтун иши бааланат, активдүү окуучуларга баа коюлат.

Үйгө тапшырма берүү:

1. __-__-беттерди окуу.

2. АЭМдин негизинде бөлүү.

3. Түшүнүгүн айтуу.

  1. Адашкан жылдарды оз ордуна кой:

1858-ж.,                1860-ж.,          1861-ж.,

1862-ж.,               1863-ж.,           1865-ж.,

1867-ж.

2. Малабектин козголоң уюштуруп, хан болуп жарыяланышы.

3. Бишкек, Токмок чептерин орус аскерлери тарабынан алынышы.

4. Алымбек датканын Малабекке каршы көтөрүлүшкө чыгышы.

5. Малабектин көтөрүлүшү Шах-Мураттын хан көтөрүлүшү.

6. Малабектин уулу 12 жаштагы Султан-Сеиддин хан көтөрүлүшү.

7. Ташкент шаарынын орус аскерлери тарабынан алынышы.

8. Түркстан облусунун Түркстан генерал-губернаторлугу болуп түзүлүшү.

Жалпы талкуу жүргүзүү. Билимин баалоо. 

Беркбай КЫЛЫЧОВ, Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинин тарых мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер