УЛУТТУК КИЙИМДЕР
- 03.04.2025
- 0

Эмилбекова Жылдыз Эмилбековна
Бишкек шаарындагы
№ 71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернаты
Кыргыз тили сабагы 4-класс (орус кл. үчүн)
Сабактын темасы: Улуттук кийимдер. Таандык мүчө. Кимдики? Эмненики?

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын методу: Интерактивдүү.
Сабактын формасы: Аралаш сабак.
Сабак аралык байланыш: география, тарых, көркөм өнөр, музыка.
Сабактын жабдылышы: дидактикалык материалдар, видео, окуу китеби, акылдуу такта ж.б.
Билим берүүчүлүк: Окуучулар улуттук кийимдер жөнүндө маалымат алат. Улуттук кийимдердин орусча-кыргызча маанилерин түшүнөт. Таандык мүчөлөрдү табат, сүйлөм түзөт.
Өнүктүрүүчүлүк: Кеп маданиятын өнүктүрүрөт, улуттук кийимдердин өзгөчөлүктөрүн ажырата алат. Алган билимин күнүмдүк турмушта колдонууга көнүгөт. Ойлонуусун, аң-сезимин калыптандырат.
Тарбия берүүчүлүк: Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого, ынтымак-достукка ж.б. тарбиялоо. Топтор менен иштешет жана иштөөдө бири-бирин угат, сыйлоо адебин калыптандырат.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруучулук:
1. Саламдашуу. Жагымдуу маанай тартуулоо. Бири-бирибизди карап жылмаябыз жана жакшы сапаттарыбызды айтабыз. Жылмаюу аркылуу сабагыбыз ийгиликтүү болот. Балдар бири-биринин колун кармап сабакта жылмайып, ийгилик каалашат.
Сабактын алтын эрежесинин туурасын кол чабуу менен туура эмесин кабак бүркөп, кыймыл аркылуу түшүндүрүшөт:
Тез иштейбиз (кол чабуу);
Ызы-чуу салабыз (кабак бүркөө);
Бири-бирибиздин оюбузду угабыз (кол чабуу);
Талашабыз (кабак бүркөө);
Чыгармачылык менен иштейбиз (кол чабуу);
Сабакка активдүү катышабыз (кол чабуу).
Үй тапшырмасын текшерүү: Үйгө тапшырма тест аркылуу текшерилет. Өтүлгөн тема боюнча окуучулар беш суроодон турган тестти иштеп, бири-бири менен алмашып интерактивдүү тактанын жардамы менен баалоо жүргүзүшөт.
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: Сабактын темасы жана максаты менен таанышат.
Бүгүнкү сабакта:
жаңы маалымат алат;
-сөз байлыктарын өстүрүрөт;
-ой жүгүртүүлөрүн калыптандырат;
— бири-бири менен топ аралык иштөөгө тарбияланышат;
— балдар жана кыздар, мен силерди топко бөлүп отургузуп койдум, көрдүңөрбү?
— эмне үчүн?
— бүгүн биз топ аралык сабак өтөбүз.
Мен силерди топ аралык ушул күн желеси менен баалайм. Сабактын жыйынтыгында кайсы топ көп упай топтосо, жеңүүчү болот. Жигердүү катышкан окуучулар, өз алдынча упай топтой алат. Андыктан, баарыңарга ийгилик каалайм.
Жаңы теманы түшүндүрүү: Окуучулар дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин борбор шаарын айтуу менен, сабактын темасын табышат.
Келгиле, окуучулар дүйнө жүзүнө саякатка чыгуу менен сабагыбыздын темасын табалы.
У— Киев кайсы мамлекеттин борбору? (Украина)
Л- Англиянын борбору? (Лондон)
У— Монголиянын борбору? (Улан-Батор)
Т – Япониянын борбору? (Токио)
Т – Анкара кайсы мамлекеттин борбору? (Түркия)
У – Башкорстан мамлекетинин борбору? (Уфа)
К – Малазиянын борбору? (Куала-Лумпур)
К -Дания мамлекетинин борбору? (Копенгаген)
И – Пакистандын борбору? (Исламабад)
Й – Ньюсун алып салсак? (Йорк)
И – Израилдин борбору? (Иерусалим)
М – Россиянын борбору? (Москва)
Д – Индиянын борбору? (Дели)
Е – Армениянын борбору? (Ереван)
Р – Италиянын борбору? (Рим)
Балдар, эмне себептен саякатка чыктык деп ойлойсуңар?
Дүйнөдө элдер бири-биринен улуттук кийимдери менен айырмаланып турат. Кыргыз элинин да улуттук кийимдери бар. Алар: ак калпак, тебетей, чыптама, белдемчи, элечек, кеп такыя, шөкүлө ж.б.
Улуттук кийимдер тууралуу видео көрсөтүлөт жана суроо-жооп аркылуу айтып берет.
1-топ: Улуттук кийимдердин сүрөтүн таап, айырмачылыгын жана кимдерге таандык экенин айтып берет.
2-топ: Улуттук баш кийимдерге эмнелер кирерин жана эмнеден жасаларын чечмелешет.
3-топ: Адашкан сүйлөмдөрдү тууралап, таандык мүчөлөр катышкан сөздөрдү табышат.
Физминутка “Кара жорго” бийин бийлешет.
Бышыктоо: Кахут программасынын негизинде сабак бышыкталат.
Суроолор:
- Маасы эмнеден жасалат?
- Кыргыздын эркек кишилери башына кандай улуттук баш кийим киет?
- Элечек кимдер кийген улуттук баш кийим?
- Кыргыз элинин улуттук кийимдери эмнеден жасалган?
- Төрт сүрөттөн бир макал.
- Таандык мүчөлөрдү тап.
Жыйынтыктоо: “Беш манжа” оюнун ойноо менен балдар сабакта алган билимин жыйынтыктап, алган маалыматтарын беш манжага жазышат.
Үй тапшырмасы: Ар бир топ таандык мүчөнү катыштырып, улуттук кийимдерди сүрөттөп жазып келишет.
Баалоо: Окуучулар күн желеси менен канча жолу баалангандарын санап чыгат.
Баа коюлат жана күн желесин колдоруна алып, өйдө көтөрүшөт.
Балдар карагылачы, бөлмөбүзгө күн нуру кандай сонун болуп тийип турат! Эгемендүү элибиздин асманы эч убакта бүркөлбөсүн, жашооңор дайыма жарык болсун!
Комментарийлер