УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕР

  • 17.07.2023
  • 0
УЛУТТУК БАШ КИЙИМДЕР

Күлүйпа Мамбетова,

Бишкек шаарындагы №55 мектептин технология мугалими

Сабактын максаты:

билим берүүчүлүк:  Улуттук баш кийимдердин түрүн билүү;

өнүктүрүүчүлүк: Жыл мезгилине, жаш өзгөчөлүгүнө крап баш кийимди кийүү;

тарбия берүүчүлүк: Биздин ата-бабаларыбыздын чоң-энелерибиздин кийген баш кийимдеринин түрлөрүн билүү.

Cабактын жүрүшү:

1)Уюштуруу

2) Маанайды жогору кармап, аңгемелешүү менен сабак өтүү

Мугалим:  Баш кийим-башка кийүүчү кийимдин жалпы аталышы. Ар бир жердин шартына, элдин салтына, жаш өзгөчөлүгүнө жараша баш кийим сырткы түрү, жердиги жана башка жагынан айырмаланат. Байыркы кыргыз элибиздин баш кийимдери жыл мезгилдерине жараша жылуу, суук убактарында кийип жүрүүгө ылайыкталып, айбанаттын терисинен, кийизден, түрдүү кездемеден үлгү боюнча бычып тигишкен. Жипти да ылайыгына жараша жүндөн, кебезден кабаттап ийрип колдонушкан. Кыргыз элинин баш кийимди кийүүдө өз эрежелери болгон. Баш кийимди башка бирөөгө белекке бербейт. Эгерде баш кийим эскирип баратса, жаш балага жыртылганча кийгизип, андан соң өрттөп салышкан. Баш кийимди тескери каратып кийбейт.

1-окуучу: Ак калпак — ардактуу баш кийим. Карылардын айтуусу боюнча калпак жерде жатпайт. Төрт бүктөлүп уукка кыстарылган. Аппак жүндөн асемдеп жасалгандыктан ак калпак аталган. Калпактын жердиги колго уютулган ак кийиз. Аны ата-бабаларга чоң-энелер,тай-энелер тигип беришкен. Калпакты жаз, күз, жай айларында кийишет. Кышында катылып, жазында кийип чыгуу оз эле нарк. Ат үстүндө бастыруу шаңдуу көрүнөт. Ак калпак Ала-Тообузду элестетет.. Ак калпактын агы чечмелей келгенде тоо кыркалай ак мөңгү жатат. Этектери муз төрлөр, ал жерлердее чөп өсөт. Беш түлүк малдын жайыттары. Мына ошондуктан “Ала-Тоолук ак калпакчан” деп айтылган. Калпакты жаш өзгөчөлүгүнө жараша кийишкен. Азыр “Кыялда” калпактын жети түрү тигилет. Кылымдарды кыдырган улуттук баш кийим болуп эсептелет. Ал жөнөкөй да шаңдуу да көрүнөт.

2-окуучу:  Топу — бул жеңил баш кийимдин бир түрү. Тебетейдин ичинен  кийилип “ичмек топу” деп аталат.Жердиги кара кыжымыдан, күрөң кийизден тигип ичин ак болотнайдан ичтейт. Топу кирдесе жууп турат. Чоң-аталар топуну төрт бүктөп уукка кыстарышкан. Жеңил болгондуктан  үйдө кийишет.

3-окуучу: Малакай — көбүнчө карыяларга таандык баш кийим. Өңдөлгөн козунун терисинен аңтара тигилген. Ичи түктүү болгондуктан башта жылуулукту сактаган. Кулакчынсыз тигилет. Ошондуктан карыялар көбүнчө жатаарда кийишкен. Үй ичинде малакайчан жүрө беришкен. Түндүктөгү кыргыздар көбүрөөк колдонушкан.

4-окуучу: Тебетей — кырбуусуна көрпө, түлкү, суусар, кундуз териси салынып тигилген баш кийим. Кыргыз элинин баш кийимдеринин негизги үлгүсү. Анын жасалыш ыкмаларында өзгөчөлүктөрү бар. Ошону менен бирге аймактык айырмачылыктар да билинет. Ал жаш өзгөчөлүктөрдү да аныктайт. Ал эми жигиттердин тебетейлеринин төбөсүн көк, жашыл баркыт менен тышталып, кызыл чок тагылган. Азыркы кезде норка тебетейди кийип калышты.

5-окуучу: Тумак — жылбырскадан б.а. ара туулган козунун терисинен жасашат. Себеби жүнү жалтырак, бир кылка болот. Тармал көрпөгө караганда сапаты начар болот. Бирок жумшак болуп, ийлегенге, тиккенге ыңгайлуу болгон. Ошондуктан тумак балдарга тебетей, өпкө кап тигип беришкен.

 

6-окуучу: Такыя топу — тестиер кыздардын топусу. Жердиги жашыл, кызыл  түстөгү баркыттан ичин чыттан ичтеп жасалат. Муну “бүүрмө топу, кайырма топу ” деп аташкан. Себеби топунун төбөсү жип менен колго бүрмөлөнүп тепчип  тигилген. Эки каптал жагынан жаак(кулакчын) түшүрүп жасалган. Бул топуну 10-12 жаштагы кыздар кийишкен.

7-окуучу: Үкүлүү тебетей — 16-18 жаштагы бийкеч  деп аталган кыздар кийишкен. Кыздардын тебетейинин тышы (төбөсү) кызыл манат, тукаба, баркыт менен тышталып, шуру менен кооздолгон.Бул жаштагы кыздар арка чачы он өрүм, саамай чачы беш өрүм, кулпунуп турган үкүлүү тебетей кийген болукшуп бой керген кыз. Тебетей узун чачтууларга жарашат. Анткени саамай чачы, арка чачтын тал-тал өрүмдөрү бар кыздарды өздөрү эле беш көкүлдүктүн сыны кооздоп турат.

8-окуучу: Шөкүлө — кыздар күйөөгө узаганда кийүүчү салттуу баш кийим болуп саналат. Ата-энесинен үйүнөн кийип чыгат. Баргандан кийин нарктуу байбичелер жоолук салышкан. Шөкүлө конус формасында тигилип бийиктиги 25-30 сантиметр болот. Жердиги ар кандай болот. Шөкүлө алгач ак кийизден, кийин ортосуна жүн салынып, ар кыл матадан шырып тигишкен. Сырты кызыл баркыттан, кулакчыны кундуз, суусар терилеринен жасалган. Маңдайын кымбат баалуу бермет, седеп, алтын жалатылган жалпак оймо темир менен шөкөттөп, сайма менен кооздошкон. Төбөсүнө үкүнүн канатын тагышкан. Азыркы кезде шөкүлө кийүү тойлордо байкалып, кыргыздын салт-санаасы келгенин билүүгө болот.

9-окуучу: Элечек — негизинен баш кийимдин татаал түрү. Жаш келиндин, зайыттардын, улгайган байбичелердин сыймактана кийүүчү ардактуу баш кийими. Аялдар элечекти аш-тойлордо, ырахаттуу отурууда, асемдеп тосуп алуучу жайларга барганда элечек салынуу нарктуу болгонун билгизет. Мурда кээ бир элечектерге шуру бастырышкан. Кыргагы күмүштөн тартылып, кездемеси кенен оролуп баалуу болгон. Элечек текчеде күзгү кап менен катар жүктүн эпчи тарабында, ичине толтура жумшак нерсени салып коёт. Себеби кеби бузулбай тура берет. Элечекти бирөөлөр кийбейт. Башкага белекке бербейт. Ыйык, кир кол менен кармабай турган баш кийим экенин ар кимибиз билүүбүз зарыл. Элечектин формасы, ором ыкмасы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүккө ээ экени белгилүү.

10-окуучу: Кеп-такыя, же чачкеп. Бул баш кийим элечектин ичинен кийилген. Аны да көп түрдүү жасашкан. Кеп такыя башты толугу менен жаап, чачты көрсөтпөгөнгө аракет кылышкан. Аны ак кездемеден, бөздөн маңдайын түз, жаакчасын түшүрүп тигип кийишкен. Такыянын бет маңдайына бермет шуру бастырып кооздошкон. Себеби, кээде элечекти алып коюп, кеп такыячан жүрүү ыңгайлуу болгон. Кеп такыя элечекти баштан алууда жана кайра аны кийүүгө жардамчы болгон. Элечектин ички орому тердегенде булганбас үчүн да кеп такыяны кийишкен.

11-окуучу: Жоолук — аял затынын баш кийими. Уз келиндер жүндөн жоолук токуп кийе башташат. Бир бурчуна сайма сайып кооздолгон жибек жоолуктар да тарай баштайт. Жеңил бир байлам жоолук ыңгайлуу болгон. Кыздар топу кийген, келиндер жоолук салынган. Келин жаңы келгенде алдына салынган. Бара-бара келген жерге көнүп казан аякка аралашып баштаганда кайын эненин уруксаты менен аркасына салынган. Эмне үчүн жоолук салынат? Кайын журттун босогосун аттары менен “ак жоолугун башыңдан түшпөсүн ” жана башка алкоолор менен ак жоолукту салынып көшөгөгө олтурат. Бар-бара ошол агарып көгөрөт. Байбиче болот. Демек, жоолук салынуу мусулманчылыкта ыймандуулукту, адептүүлүктү, уяттуулукту ыйгарат.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Баш кийимге аяр мамиле кылуу керек. Ата-бабалардын кийген баш кийимдерин сөзсүз түрдө билүү кажет. Кыз-келиндер, байбичелерге тиешелүү баш кийимдер боз үйдүн ЭПЧИ жагына, аталарга, жигиттерге кийүүчү баш кийимдер боз үйдүн ЫПЧА жагына өйдө керегенин башына илинет.

Тапшырма: Баш кийимди таза сактап сыйлай билүүнү үйрөнүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер