Туздардын гидролизи, суутектик көрсөткүч
- 19.03.2025
- 0

Сарыбаева Бактыгүл, Талас району, Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин мугалими
Химия, 9-класс
Сабактын максаты: Окуучуларга туздардын гидролизи жана суутектик көрсөткүч жөнүндө маалымат беребиз.
Контекст: жеке, жергиликтүү, глобалдык.
Сабактын жабдылышы: Пробирка, стакан, реактивдер, индикаторлор.
Көндүмдөр: байкоо, прибор колдонуу, прогноздоо.
STEAM: химия, физика, биология, медицина, математика
Сабактын планы: Кызыктыруу.
Жогорудагы сүрөттөрдү окуучуларга көрсөтүп, көңүлүн бурабыз. Сүрөттү көргөндө окуучулар ойлорун айтып беришет. Эмне үчүн дары ичкенден кийин суу ичебиз? Анткени суунун жардамы менен дары ажырайт.
Изилдөө. Окуучуларга 1 топ суунун, 2-топ кислотанын, 3-топ негиздин эритмелерин изилдешет. Чөйрөсүн аныкташат. Ошондой эле 1-топ NaCl, 2-топ Na2CO3, 3-топ AlCl3 эритмелеринин чөйрөлөрүн аныкташат.
1-топ шампундун, 2-топ идиш жуучу каражаттын, 3-топ суюк самындын (жидкое мылонун) чөйрөсүн аныкташат. 1-топ [H+]=10-4 болсо, рН маанисин аныкташат. 2-топ [H+]=10-7 болсо, рН маанисин аныкташат. 3-топ [H+]=10-12 болсо, рН маанисин аныкташат.
Суунун чөйрөсү нейтралдуу болорун, кислотанын чөйрөсү кычкыл болорун, негиздин чөйрөсү щелочтуу экенин индикатордун жардамы менен аныкташат. NaCl чөйрөсү нейтралдуу, Na2CO3 чөйрөсү щелочтуу, AlCl3 чөйрөсү кычкыл экенине ынанышат. Ошондой эле шампундун, идиш жууган каражаттын, суюк самындын өзүнүн чөйрөсү болорун аныкташат.
Түшүндүрүү. Окуучулар эритмелердин чөйрөлөрүн аныкташат. Тема боюнча ооз эки айтып беришет. Турмуш тиричиликте колдонуп жатканын айтышат. Эритмеде суутектин иондору көп болсо, кычкыл чөйрөнү, суутек менен гидроксил иону бирдей болсо нейтралдуу чөйрөнү, гидроксил иону көп болсо щелочтуу чөйрөнү берерин айтышат.
Кеңейтүү. Бир аз тарыхтан: рН-түшүнүгүн Петер Серенсен 1909-жылы киргизген. р-көрсөткүч, Н-суутек. рН-суутектик көрсөткүч.
Окуучуларга фундаменталдык суроо берүү. Мисалы, туздардын гидролизи деген эмне? Кайсы учурларда колдонобуз? Суутектик көрсөткүч деген эмне? Анын мааниси?
Эмне үчүн эритмелер гидролизге учураганын айтышат. Эмне үчүн эритмелер ар түрдүү чөйрөнү пайда кылганын айтышат. Гидролиз – суу менен эрүүчү туздун ортосундагы реакция.
Гидролиз процесси жуунганда, кир жууганда, идиш жууганда колдонулат. рН- суутектик көрсөткүч. рН жетиден кичине болсо, кычкыл чөйрөнү, рН жетиге барабар болсо нейтралдуу, рН жетиден чоң болсо щелочтуу чөйрөнү берет.
Суутектик көрсөткүч: рН
рН=-lg[H+]
рН-түшүнүгү айыл чарбада, медицинада, күнүмдүк турмушта чоң мааниге ээ. Мисалы, картошка рН 5,2-5,7 чөйрөдө, буудай рН-5,5-7,5 чөйрөдө жакшы өсөт.
Баалоо. Окуучулардын аракетине жана жакшы катышкандыгына карап баалайбыз.
- Нейтралдуу чөйрө канчага барабар?
- Кычкыл чөйрө канчага барабар?
- Щелочтуу чөйрө канчага барабар?
- Кандын рН канчага барабар?
- Гидролиз деген эмне?
- Таза суунун рН канчага барабар?
- NaCl-чөйрөсү кандай?
- Лакмус кычкыл чөйрөдө кандай түстү берет?
- Na2CO3 эритмеси кандай чөйрөнү берет?
- рН- деген эмне?
Үйгө тапшырма: Туздардын гидролизи жана суутектик көрсөткүч боюнча 1 минуттук видео тартып келүү.
Комментарийлер