Трапециянын аянты

  • 27.06.2024
  • 0
Трапециянын аянты

Геометрия

 Негизги компотенттүүлүк:

  1. НК1 (маалыматтык)
  2. НК2 (социалдык коммуникативдик)
  3. НК3 (өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү)

Предметтик компотенттүүлүк:

  1. ПК1 (математикалык жана маалыматтарды таанып-билүү,аны колдонуу жана элементтерди жаза билүү)
  2. ПК2 (математикалык тушунугун тереңдетүү жана бышыктоо)
  3. ПК3 (математикалык көндүмдөрдү талдоо)

4. ПК4 (жашоо тиричилик менен байланыштыруу)

Сабактын милдеттери:

  1. Когнетивдик: Жаңы көндүмдөргө ээ болуу.
  2. Ишмердүүлүк: Интеллектуалдык оюндар аркылуу ой-жүгүртүүлөрүн өстүрүү.
  3. Баалуулук: Маселелерди чеүү аркылуу турмуштук жагдайларды чече билүү.

Сабактын максаттары:

  1. Билим берүү: Трапециянын аянтын табууну үйрөнүшөт.
  2. Өнүктүрүүчүлүк: Турмуштан өтүлгөн тема боюнча өз алдынча мисалдарды аткара алышат.
  3. Тарбия берүү: Бири-биринин оюн сыйлашат, сынчыл ой жүгүртүшөт.

Сабактын тиби: жаңы материалды окуп-үйрөтүү

Сабактын формасы: жалпылоо жана системалаштыруу

Сабакта колдонулуучу ыкмалар: интерактивдүү оюндар, жупташып иштөө, нейрогимнастика, STEAM багытында окутуу, PISA тапшырмалар.

Сабакта колдонулуучу ресурстар: окуу китеби, дептер, интерактивдүү доска, уюлдук телефон, карточкалар, Padlet, Online Test Pad тиркемелери.

Сабактын жүрүшү: уюштуруу, сабактын максаты жана планын коюуу, окуучулардын билимин актуалдаштыруу(үй тапшырма), жаңы тема, дене көндүмү, PISA-2025ке даярдануу, бышыктоо, рефлекция, баалоо, үйгө тапшырма.

Үюштуруу: мугалим саламдашып,окуучуларды жоктоп алат.

Жагымдуу маанай: электрондук айлануучу дөңгөлөк панелде айланып,токтогондо ар кандай көнүгүүлөр чыгат,окуучулар аларды аткарышат.

Топторго бөлүү: ортодогу сүрөттөрдөн бирөөсүн тандашат,артында кайсыл ат болсо ошол топко барып чогулуп олтурат.

Улуттук баалуулуктар: мугалим улуттук оюндар боюнча кыскача маалымат айтып,эмне үчүн аргымактар аркылуу топторго бөлгөнүн түшүндүрүп берет. Ар бир топ өз тобунун аталыштарын чечмелешет (Аккула, Боз жорго, Тайтору, Сарала). 

Сабактын максаты жана планы айтылат:  мугалим окуучуларга сабактын максаты жана планын айтат,окуучулар угуп суроолорго жооп берет. 

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу (үй тапшырма):

Атактуу блогер: мугалим сабакка белгилүү “Геометрия” аттуу блогер келгенин айтат. Окуучулардан бирөө блогер болуп,ар бир топтордогу 2 ден окуучуга өтүлгөн темалар боюнча суроолорду берип,жооп алып интервью алат.

Акча чогултуу: мугалим интерактивдүү оюн,интерактивдүү панелден оюнду коёт.

Окуучулар доскадагы кутуларды тандап алып,анын ичиндеги суроолорго жооп беришип,упай топтошот. https://docs.google.com/presentation/d/1IcbgJMYEP_bGNwSeH4b2gBuiQ-UGOti_CteHSu-kZv8/edit?usp=drivesdk

Жаңы тема: темага киришүү:

1.Трапеция жөнүндө аңгеме: бир окуучу трапециянын ролуна түшүп өзү тууралуу аңгеме айтып берет.

2.Трапециянын тарыхы боюнча презентация: дагы бир окуучу өз алдынча изилденип,түзүп келген презентациясын жактап берет.  https://docs.google.com/presentation/d/10pKIjE4ck7LlO1K5fDtyohiWG5ScEH8U8edIYVZa0jg/edit?usp=drivesdk

3.Мугалимдин жаңы теманы түшүндүрүүсү: трапециянын аянтын кантип табуу керек экендигин жана эң жеңил жолдорун көрсөтмө куралдардын жардамы менен түшүндүрүп берет. Окуучулар менен чогуу окуу китебинен бир мисал чыгарышат. 

 Дене көндүмү: мугалим интерактивдүү доскадан нейрогимнастикалык видео көргөзөт,баары чогуу аткарат. https://www.youtube.com/embed/rqvjlS6ur-w?rel=0&modestBranding=1&showinfo=0&enablejsapi=1

PISA-2025 ке даярдануу: мугалим Online Test Pad сайтынан шилтеме жөнөтөт. Окуучулар ар бир топ бирден уюлдук телефон менен кирип онлайн тест тапшырышат. https://onlinetestpad.com/l6b3hohftjcsc

Бышыктоо: мугалим ар бир топтун партасынын алдындагы сырдуу сандыкты ачуусун жана анын ичиндеги тапшырмаларды аткаруусун айтып,түшүндүрүп берет.

Окуучулар сырдуу сандыкты ачып,анын ичиндеги QR коддорду бирөөсүнүн уюлдук телефону менен ачып,ичиндеги тапшырмаларды аткарышат.Убакыт бүткөндө бирөөсү кандай тапшырма берилгенин жана кандай аткарышканы жөнүндө кыскача айтып берет.

Рефлекция: мугалим Padlet тиркемесинен шилтеме жөнөтөт. Окуучулар ар бири шилтеме аркылуу кирип,суроолорго жооп беришет. https://padlet.com/akylaimavliankyzy/padlet-z7wzqf197evha0km

Баалоо: Ат чабуу методу:Доскадагы таблицадан ар бир топтун аты кайсыл маарага жеткендигине карап баалоо.

Үйгө тапшырма: Жашоодо,айлана-чөйрөдө трапецияга окшош фигуларды таап,кыскача видео жасап,соц.тармакка жарыялоо,мугалимдин Instagram баракчасын белгилөө.

Сабактын башында тандап алган сүрөттөгү трапециянын аянтын таап келүү.

Мавлян кызы Акылай

Бөлүшүү

Комментарийлер