ТИЛ — УЛУТТУН БАА ЖЕТКИС ЗОР БАЙЛЫГЫ

  • 19.09.2023
  • 0
ТИЛ — УЛУТТУН БАА ЖЕТКИС ЗОР БАЙЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” (17-июль 2023-жылы №140) Кыргыз конституциялык Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл  алынган.

Кыргызстандын мамлекеттик тили — Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил статусун алуу менен, Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүү конституцияда, тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан мектептерде орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде окутуу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусунун берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, ошону менен бирге коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу.

Тил – улуттун баа жеткис зор байлыгы. Тил – улуттук руханий курал, ал улуттун мүнөзүн, өз алдынчалыгын айкындайт.Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил – кыргыз тили бардык мекеме-ишканаларында, уюмдарда, билим берүүдө, маданият, массалык маалымат каражаттарында, байланыш тармактарында, илимде, мамлекетте, өкмөттүк башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана жеке менчик тармактарында, жыйындарында, транспорттосоода-сатык, саламаттыкты сактоо, тейлөө ишканаларында колдонулат.

Мамлекеттик тил – бул мамлекеттеги улуттардын ортосундагы байланыштын, пикир алышуунун куралы.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер