Телефондо сүйлөшүү
- 18.12.2024
- 0
КАТКЕЛДИЕВА Нуржан, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу М. Ноорузбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими
2-класс, сөз өстүрүү
Сабактын максаты:
- Окуучуларга «Телефондо сүйлөшүү» темасындагы аңгеменин мазмунун түшүндүрүү.
- Аңгеменин негизги идеяларын, каармандарын жана алардын аракеттерин талкуулоо.
- Окуучуларды телефон аркылуу сүйлөшүү маданияты жана этикеттери менен тааныштыруу.
Күтүлүүчү натыйжа:
— Окуучулар аңгеменин негизги мазмунун түшүнүп, анын каармандарын талдай алышат.
— Окуучулар телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда этиканы жана маданиятты сактоо зарылдыгын билишет.
— Окуучулар телефон аркылуу сүйлөшүүнүн негизги эрежелери тууралуу түшүнүк алышат жана диалог түзүшөт.
Сабактын тиби:
— Жаңы сабакты өздөштүрүү.
Сабактын каражаты:
— Аңгеменин текстинин нускалары
— Телефон (макет түрүндө)
— Слайд
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу (саламдашуу, окуучуларды жоктоо, тазалыкка көз салуу)
Мугалим: Саламатсыңарбы балдар!
Окуучулар:
Саламатсызбы эжеке,
Билимиңизге береке!
Биз бактылуу балдарбыз,
Окуп билим алабыз!
Мугалим: Азаматсыңар! Маанайыңар жакшыбы?
Окуучулар:
Жаркыраган күндөйбүз!
Бири-бирибизди сыйлайбыз,
Сабакка даярбыз!
Мугалим: Андай болсо, сабакты баштаар алдында “Алтын эреже” кабыл алалы:
убакытты туура пайдалануу, тынч отуруп, сабакка көнүл бөлүү, сабакка жандуу катышуу.
Мугалим: Силерге табышмагым бар:
Кел, келгиле батыраак,
Чырылдап тынбай чакырат.
Үндөрдү гана угузуп,
Көргөзбөй өңдү жашырат.
Бүтөр замат сүйлөшүп,
Ал да дароо басылат.
Эң керектүү буюм ал,
Ойлон, дагы бачым айт.
Кана, балдар, айткылачы бул эмне?
Окуучулар: ТЕЛЕФОН!
Мугалим: Силер телефонду колдонгонду билесиңерби?
Окуучулар: Ооба, телефон менен кабарлашабыз.
Мугалим: Келгиле анда, апаларыбызга чалып, кабарлашып көрөлү.
1-окуучу: -Алло, кандайсыз? Апооу, мен сизди жакшы көрөм
Апасы: -Алло, жакшы. Мен да сени жакшы көрөм.
2-окуучу: -Алло, апа, кандай болуп калдыңыз?
Апасы: -Жакшы, кызым. Сен сабактасыңбы?
Окуучу: -Ооба, сарсанаа болбоңуз.
Мугалим: Мына, балдар, силер азыр апаларыңар менен кабарлаштыңар. Анда эмесе бүгүнкү сабакта Сулайман Рысбаев агайыбыздын «Телефондо сүйлөшүү» аңгемесиндеги Абылдын чалуусуна көңүл бөлөбүз. (Мугалим аңгемени окуп берет)
Сөздүк иш: осол-орой мамиле.
Талкуу:
Мугалим: -Абыл телефондо ким менен сүйлөштү? Сүйлөшүүдө алгач кайсы сөздөн баштоо керек эле? Абыл эмне үчүн уялып кетти?
Окуучулар өз ойлорун ортого салышат.
Телефонду колдонуу тууралуу слайд көрсөтүлөт. Слайддан чыгарылган тезистер:
Телефондун пайдалуу жактары:
- Телефон аркылуу окуучулар жаңы маалыматтарды тез арада алат.
- Телефонго орнотулган билим берүү колдонмолору окууга жардам берет.
- Интернеттеги билим берүү платформаларына, видео сабактарга оңой кирүү.
- Телефон күн тартибин түзүүгө жана тапшырмаларды аткарууга жардам берет.
- Үйгө тапшырмаларды же суроолорду мугалимге, же классташтарга жеңил жол менен жөнөтүүгө болот.
Телефондун зыяндуу жактары:
- Телефон көп убакытты өткөрүүгө жана окууга көңүл бурбоого алып келиши мүмкүн.
- Телефон аркылуу социалдык түйүндөрдө көп убакыт өткөрүү мүмкүн.
- Сабак учурунда телефон колдонуу окууга көңүл бөлүүнү азайтат.
- Телефонду узак колдонуу көздү тажатат жана дененин абалын начарлатат.
- Окуучулар интернеттеги коопсуздукту сактоо боюнча жакшы билими жок болушу мүмкүн.
Музыкалык тыныгуу (окуучулар саламдашуу бийин бийлешет)
Бышыктоо: ролдук оюн. Окуучулар 2-3 адамдан турган топторго бөлүнүп, «Телефондо сүйлөшүү» боюнча диалог түзүшөт.
Мугалим: «Телефондо сүйлөшүү учурунда эмне маанилүү?» деген суроо берип, сабактын негизги максатын жыйынтыктайт.
— Сабакка жандуу катышканыңарга чоң рахмат! Өзүбүздү баалап шатырата кол чабалы!
Сабакты жыйынтыктоо: телефон аркылуу сүйлөшүү маданияты жана этикети жөнүндө алынган билимдерди кайталоо. Окуучулар сабактан эмнени үйрөнгөнү тууралуу кыскача ой-пикирлерин билдиришет.
Үй тапшырмасы: окуучуларга телефон аркылуу сүйлөшүү темасында кыскача диалог жазып келүү тапшырмасы берилет. Диалогду кеминде үч сүйлөмдөн түзүү керек. Окуучулар өздөрүнүн диалогдорун кийинки сабакта оозеки аткарат.
Комментарийлер