Текст менен иштөө. Иса Коноевич Ахунбаев

  • 24.06.2024
  • 0
Текст менен иштөө. Иса Коноевич Ахунбаев

Сабактын темасы: Иса Коноевич Ахунбаев (текст менен иштөө)

Грамматикалык тема: Ким? Каякта? Каяктан? (атооч, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрү)

Сабактын максаттары:

Билим берүү: текст аркылуу Иса Ахунбаев жөнүндө маалымат ала алат.

Өнүктүрүүчүлүк: интерактивдүү ыкмалардын негизинде даярдалган маалыматтар менен иштөөгө көнүгүшөт, сөз байлыктарын өстүрөт, топтордо жоопкерчиликти сезип, ынтымакта иштей алат.

Тарбия берүүчүлүк: кыргыз элине эмгеги сиңген улуу инсандын басып өткөн жолуна таасирленип, кесипке багыт алышат.

Сабактын жабдылышы:

Панель тактасы, жүрөк пазл, сүрөттөр, таратылуучу карточкалар, микрофон, телефон, ватман, маркер, Learningapss, Quizizz сервистери аркылуу даярдалган тапшырмалар, грамота,  ж.б.

Сабактын тиби: жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Окутуу усулу: интерактивдүү ыкма.

Предмет аралык байланыш: кыргыз адабияты, биология, дене тарбия, музыка, геометрия, математика.

Баалоо критерийлери: 

  • Диагностикалык баалоо: Пазл оюну аркылуу өтүлгөн теманы кайталоо, жаңы темага багыт алуу;
  • Калыптандыруучу баалоо: “Сонун”, “Азаматсың”, “Кереметсиң”, “Жакшы”, “Ойлонуп көр”, “Дагы аракеттен” бармак белгилери, мимикалык белгилер;
  • Жыйынтыктоочу баалоо: Жекече жана топко белги-баа коюу.

Уюштуруу: Саламадашуу, жагымдуу маанай тартуулоо.

– Саламатсыңарбы, балдар! Маанайыңар кандай? Сабакка даярсыңарбы?

Окуучулардан жооптор алынат.

Жагымдуу маанай:

– Балдар, менин колумда топ турат. Топтун бетинде ар түрдүү сөздөр, сөз айкаштары жазылган. Мен силерге топту ыргытам. Араңардан бирөөңөр топту тосуп алышыңар керек. Топту тосуп алган окуучу анын бетинде жазылган сөзгө карата иш аракет жасашы керек. Даярсыңарбы? (топтун бетинде “корозду туура”, “жаныңдагы кошунаңды кучакта”, “4 жолу секир”, “бийле”, “ырда” деген тапшырмалар жазыган). “Ырда” деген тапшырма келген окуучунун ырынан кийин:

– Балдар, келгиле, баарыбыз чогуу ырдап көрбөйлүбү?

Интерактивдүү панель тактанын бетинен тексти менен (караоке) “Жылмаюу” аттуу ыр чыгат. Балдар ырды биргеликте ырдашат.

Жылмаюудан жарк этип асман,

Жылмаюудан күн желеси жаркын келет.

Досторго күлкүңдү бир чачсаң,

Көп жолу ал сага кайра кайтып келет.

Кайырма:

Дал ошондо үмүт бар,

Бийлеп кирсе булуттар.

Чегирткелер кыл кыякчы баштанат да,

Көл, дарыя кашкаят,

Мөл булактан башталат,

А достугуң жылмаюудан башталат да!

– Азаматсыңар! Сонун ырдайт экенсиңер! Келгиле эми ушундай жагымдуу нотада сабагыбызды баштайлы.

Баалоону уюштуруу: 

Балдар, бүгүн сабакка активдүү катышсаңар упай катары  жүрөкчөлөргө ээ болосуңар. Канчалык көп упай топтосоңор ошончолук жакшы баа алганга мүмкүнчүлүк болот. Эми сабактын алтын эрежелери таанышып алалы.

Алтын эрежелер: 

  • Сабакка активдүү катышам;
  • Башкалардын оюн сыйлайм;
  • Кол көтөрүп жооп берем;
  • Убакытты туура пайдаланам;
  • Тартынбай өз оюмду айтам.

Эрежелерди сактайбызбы, балдар? (Окуучулардан тиешелүү жооптор алынат)

Мээге чабуул: интерактивдүү тактадан жүрөк пазл чыгат.

– Балдар, экрандан эмнени көрүп турасыңар? (Окуучулардан жооптор алынат) Туура, бул адамдын эң негизги органы – жүрөк. Ушул жүрөк пазлдын артында кыргыздын белгилүү инсанынын портрети катылган. Портретти көрүш үчүн берилген суроолорго туура жооп беришиңер керек. Силер суроолорго туура жооп берген сайын пазлдын бөлүктөрү ирети менен кете берет. Бериле турган суроолор мурунку сабакта өтүлгөн “Дарыканада” деген диалогдун негизинде түзүлгөн.  Суроолор аркылуу үйгө берилген тапшырманы кандай аткарып келгениңер текшерилет. Даярсыңарбы?

Суроолор:

  1. Ооруп калган адам каякка барып көрүнөт? (Дарыканага)
  2. Ал жактан кимге кайрылат? (Дарыгер)
  3. Дарыгер адамга кандай жардам көрсөтөт? (Текшерет)
  4. Оорудан айыгыш үчүн дарыгер эмне жазып берет? (Дары)
  5. Дарыларды каяктан сатып алабыз? (Дарыканадан)
  6. Дарыканада кимдер иштейт? (Дарыканачы)

Суроолорго тиешелүү жооптор алынат. Экрандан портрет чыгат.

– Балдар, бул кайсы белгилүү инсан? Ким билет? Билгендер дароо жообун айтпай тургула. Мен силерге барак таратам. Ушул баракчага ким экенин жазып, партага көмкөрүп коё тургула. Билбеген окуучуларга жардам берели. Акырында башкалардын жооптору менен салыштырабыз. Сүрөттү карап көргүлөчү. Ким болуп иштеген деп ойлойсуңар? (Дарыгерлердин сүрөттөрү көрсөтүлөт)

– Туура. Мен силерге жүрөк пазлды жөн жерден көрсөткөн жокмун. Демек, ал кандай дарыгер болушу мүмкүн? (Тиешелүү жооптор алынат) Бишкек шаарында ал кишинин атында көчө жана окуу жайы бар.

Тиешелүү жооптор алынып, баракка жазган окуучулардын жооптору менен салыштырылат. Балдар теманы алып чыгышат.

Сабактын максаттары айтылат: 

  • Туура, бүгүн Иса Ахунбаев жөнүндө маалымат аласыңар.
  • Иса Ахунбаев боюнча даярдалган ар түрдүү тапшырмаларды аткарасыңар.

Белгилүү адамдардын эмгегинен, элге кылган кызматынан таасир алып, келечекте ким болоруңарга багыт аласыңар. Жогорудагы үч сүрөттүн негизинде балдар үч топко бөлүнүшөт. Топтордо жумуш башталат. Балдар телефондору менен сүрөттүн бетиндеги QR-код аркылуу текстти окуп чыгышат. Үч топто Иса Ахунбаев боюнча үч башка текст келет.

Жаңы сөздөр менен иштөө:

– Балдар, текстте түшүнүксүз, тааныш эмес сөздөр барбы?     Балдар жаңы сөздөрдү окушат. Жаңы сөздөрдү дептерлерине жазышат. Жаңы сөздөр менен иштөө LearningApps сервисинин негизинде даярдалган тапшырма аркылуу ишке ашырылат. Жаңы сөздөр менен оозеки да жазуу түрүндө да  сүйлөмдөр түзүлүп, дептерге жазылат. Үндөрүн чыгарып, сөздөрдү кайталашат.

Андан соң ар бир топ текст боюнча сүйлөп беришет. Тексттин негизинде фактологиялык суроолорду түзүшөт, топтор бир-бирине суроолорду беришип, жооп алышат. Бул тапшырма боюнча тиешелүү упайларын алышат.

Бышыктоо. Кластер.

Топторго тапшырмасы менен ватмандар таратылат. Бири-биринен уккан маалыматтарын жалпылап презентациялашат.

Дене тарбиялык мүнөт: Телефондун шыңгыраганы угулат.

– Балдар, менин телефонума дарыгерден аябай маанилүү кат келип түштү. Силерге окуп бербесем болбойт. Катта мындай деп жазылат:

Текст менен иштөө. Иса Коноевич Ахунбаев

Балдардан тиешелүү жооптор алынат. 

– Демек, ден соолукта болуш үчүн көп кыймылдашыбыз керек экен. Келгиле, дене боюбузду жазып, “Кара жорго” бийин бийлейли.

Сабакты жыйынтыктоо 

Ар бир топко бириндеген жүрөк пазл берилет. Ар бир бөлүк 1,2,3,4 деген сандар номурланат.

– Балдар, силердин алдыңарда бөлүнгөн жүрөктөр жатат. Демек, бул кандай жүрөк? Ооба, бул ооруган жүрөк. Келгиле, оорулуу жүрөктү айыктыралы, дарылайлы. Туура дарылаш үчүн бизге бул тесттик тапшырма жардамга келет.   Биринчи тесттик тапшырмага жооп берип, жүрөктун биринчи бөлүгүн чогулткула. Калган бөлүктөрүн  тапшырманы аткарып жатып, номурланган ирети менен бириктире аласыңар.

Топтордо жумуш башталат. Балдар Pisaнын элементтери камтылган,  Quizizz сервиси аркылуу даярдалган тесттик тапшырманы аткарып, жүрөктү чогултушат. Аягында жүрөктүн кагышы угулат.

– Мына балдар, силер оорулуу жүрөктү айыктыра алдыңар. Азаматсыңар! Балдар, силерге жүрөк жөнүндө кызыктуу фактыларды айтып бергим келип турат.

Кызыктуу фактылар

  • Адамдын жүрөгүнүн көлөмү өзүнүн муштумундай болот.
  • Эркектердин жүрөгү жай, аялдардын жүрөгү тез-тез согот.

– Жүрөгүңөр кайсы тарапта жайгашкан? Чындап жүрөгүңөр менен каалаган каалооңор барбы? Мисалы, мен кичине кезимде мугалим болгум келчү. Силердин кандай калоолоруңар бар?

Балдардын ойлорун угуп, сабак жыйынтыкталат.

Рефлекция 

– Балдар, бүгүн сабакта эмне кылдыңар? Силер кандай иштедиңер? Сабак жактыбы?

Окуучулардан тиешелүү жооптор алынып, экрандагы слайддын жардамы менен сабактын жакканын же жакпаганын белгилешет.

Баалоо 

Ар бир окуучу өзү чогулткан упайларын эсептешет. Анын жыйынтыгы менен жекече баалоо ишке ашырылат. Андан сон чогуу эсептешет. Мунун жыйынтыгы менен топторго 1, 2, 3 деген орундар жазылган грамоталар  берилет.                    

Үй иши:

– Балдар, бүгүн Иса Ахунбаев жөнүндө билдиңер. Бирок, бул чек эмес. Бул улуу инсан жөнүндө мындан да көп, кызыктуу маалыматтар бар. Иса Ахунбаев жөнүндө эмнелерди билгиңер келет?                                                                                                                 Окуучулардан тиешелүү жооптор алынат. Балдар билгиси келген маалыматтардын үчөөсү тактага жазылат. Үч тапшырманы бир-бирден ар бир топ жазып алышат. Кийинки сабакта издеп таап, окуп келген маалыматтарын айтып беришет.

Окуучуларга ыраазычылык билдирилет.

– Саламатта калгыла!

Текст менен иштөө. Иса Коноевич Ахунбаев Чолпон Токтогонова, Е.Б. Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер