ТЕХНОЛОГИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 18.08.2023
  • 0
ТЕХНОЛОГИЯ окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Актуалдуулугу

Технология предметин орто мектепте окутуунун актуалдуулугу — окуучулардын эмгектин түрдүү тармактары боюнча алган заманбап билимдерин турмушта натыйжалуу колдонуу аркылуу ишке ашыруу. Мектеп окуучусу бүгүнкү коомдун толук кандуу социалдык мүчөсү катары техникалык багытта ар тараптуу, ар багытта техникалык артыкчылыктарга ээ потенциалы күчтүү инсан болуп чыгышын мезгил талап кылып отурат. Бүгүнкү күндө билим берүү уюмдарындагы Технология предметин окутуунун негизги максаты окуучуларга билим берүүнүн заманбап методдорун колдонуу менен окуучунун адептик, эмоционалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу окуучулардын графикалык, техникалык, инженердик-техникалык сабаттуулуктарын жогорулатуу маселелери актуалдуу. Демек, Технология предметинин мектеп программасындагы орду так көрсөтүлүп, андагы берилген темалардын, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн аткарылуусу мугалимден талап кылынуусу зарыл. Бул максатта, окуучуларга тийиштүү тапшырма, көнүгүүлөрдү жашоодогу зарыл болгон керектөөлөрүнө байланыштырып сүрөттөө, сызуу, өлчөө, проекциялоо ж.б. көндүмдөргө ээ кылып чыгаруу аркылуу ишке ашырылат.

Окуучунун мотивациясын түзүү үчүн аларга тааныш, реалдуу техникалык окуу сабактарынын актуалдуулугун жана жагымдуулугун, анын жеке жоопкерчилигин жогорулатууну ишке ашыруу талабы турат. Технологиялык билим берүү өзүнүн маңызы боюнча предметтин чегинен тышкары ар түрдүү билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандырууну, конкреттүү практикалык кырдаалда аракеттенүүнү, ошондой эле турмуштук көйгөйлөрдү чечүүнү камтыйт. Анткени бул предмет жаңы техника, материалдарды иштетүүнүн заманбап технологиялары менен тааныштырып, кесиптер дүйнөсүнө багыт алууга жардам берип гана тим болбостон, чыгармачылык менен иш аткарууга түрткү берет. Технологиялык билим берүүдө окуучулардын өз алдынчалыгын жана техникалык, эстетикалык маданиятын өнүктүрүүдөгү ролунун маанилүүлүгүн дагы баса белгилеп кетсек болот.

Долбоорлорду түзүү усулу технология сабагы үчүн чоң мааниге ээ. Окуучулардын долбоор түзүү ишмердүүлүгүнүн негизин изилдөө түзөт, ал дагы чыгармачылык менен байланыштуу. Долбоор түзүү усулу окуучулардын когнитивдик өз алдынчалыгын активдештирүүгө, алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, изденүү жана чыгармачылык ишмердикте тажрыйба алууга багытталган.

 

Ченемдик документтер

2023-2024-окуу жылы Технология предмети, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына, Базистик окуу планына жана Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү тармагына тиешелүү болгон укуктук-ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

Предметтик стандарттарды, предметтик окуу программаларды жана электрондук окуу китептерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (edu.gov.kg) жана Кыргыз билим берүү академиясынын (kao.kg) веб-сайттарынан карап, колдонсоңуздар болот.

Технология предмети боюнча сааттардын жүктөмүн Базистик окуу планына (БОП) карап багыт алыңыздар.

Өзгөчөлүктөрү

Окуучулардын түрдүү практикалык иштери өз ирети менен аткаруусунда алардын курактык өзгөчөлүктөрү, даярдалуучу буюмдун жасалышы кылдат талданып, татаал иштерди аткарууда окуучулардын чыгармачылык менен иштөөдөгү демилгесин, мүмкүнчүлүктөрүн эске алабыз. Алар:

— окутуунун мазмунунун тажрыйбага багытталышы;

— билимди колдонууда техникалык жана технологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө башка билим берүү тармактарынан жана окуу предметтеринен алган билимдерин колдонуусу;

— STEM билим берүү замандын талабы болгондуктан, окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, сүйүктүү иш-аракетин аң-сезимдүү тандап алуусуна шарт түзүү;

— практикалык тажрыйбанын натыйжасын үй тиричилигиндеги жумуштарды аткарууда пайдалануусу;

— окуучулардын санитария жана гигиена эрежелерин сактоосуна өтө олуттуу көңүл буруу менен окуучуларга шаймандар жана жабдыктар менен иштөө ыкмаларына үйрөнүүсү;

— окуу кабинетинде керектүү методикалык китептерди жана окуу куралдарды, окутуунун техникалык каражаттары, видеофильмдерди көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз болуусун сунуштайбыз.

Экологияны сактоо максатында калдыктарды натыйжалуу пайдалануу, аларды кайра иштетүү, ошондой эле үнөмдүү пайдаланууга, «жашыл көндүмдөрдү» өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Жашыл көндүмдөр – бул туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду жашоо, өнүктүрүү жана колдоо үчүн зарыл болгон билимдер, баалуулуктар жана мамилелер, биз курчап турган дүйнөнү жашыл, энергияны үнөмдүү жана коопсуз кылуу үчүн колдонгон нерселердин бардыгы.

Технология предмети окуучулардын жалпы билим алуусунун керектүү компоненти болуп саналат. Анын мазмуну жалпы орто билим берүүчү окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө техносфера деп аталган жана адамды курчап турган чындык дүйнөнүн бөлүнбөс бөлүгү болгон адамдардын колу менен жасалган техника жана технологиялардын жасалма чөйрөсүнө кынтыксыз киришине мүмкүнчүлүк берет.

Чыгармачылык долбоорлук иштерди презентациялоо жана коргоо

Технология сабактарында окуучулардын окуу убактысынын негизги бөлүгү чыгармачылык активдүүлүгүнө арналат. Аларга чыгармачылык менен гана алектенбестен, өз иши жөнүндө өз оюн айтууга, ошондой эле башкалардын (классташтарынын, мугалимдеринин) пикирин угууга мүмкүнчүлүк берүү маанилүү. Чыгармаларды талкуулоо ар кандай жолдор менен уюштурулушу мүмкүн:

1) чыгармаларды ар кандай көргөзмөлөргө – жамааттык, жекече же мектеп окуучуларынын тобунун чыгармаларынын көргөзмөсүнө коюу;

2) жамааттык фронталдык дискуссия, анда бардык окуучулар: «Сага аткарылган долбоорлук иштин эмнеси жагат?», «Бул же тигил чыгармачылык ишти ким жакшыраак аткарган?» деген суроолорго жооп беришет.

3) ар бир чыгарманы «удаалаш чынжыр боюнча» жамааттык талкуулоо; мисалы, биринчи окуучу: «Сага кимдин эмгеги көбүрөөк жагат?», «Эмне үчүн?» деген суроолорго жооп берет. Экинчиси, кимдин эмгеги белгиленген болсо, ошол окуучу талкууга катышат.

Талкуунун жүрүшүндө аткарылган ишке техникалык жактан гана баа берилбестен, анын жасалгаланышы, формасы талданат. Ишти коргоонун алдында окуучуларды баалоо критерийлери менен тааныштыруу зарыл, мисалы:

— техникалык сүрөттүн, чийменин композициялык уюштурулушу;

— форманын түзүлүшү, пропорциясы;

— эскизди түзүүдө түстүн туура тандалышы; композициянын оригиналдуулугу.

Мындан тышкары, чыгарманы баалоонун критерийлери болуп берилген темага жана идеяга ылайыктуулугу, анын көркөмдүк жана чыгармачылык артыкчылыктары саналат.

Окуучулар жыйынтыктоочу чыгармачылык менен аткарылган мыкты долбоорлук иш үчүн сынак жарыяланат. Мугалим тарабынан иштелип чыккан критерийлер мыкты ишти аныктоого жардам берет. Чыгармачылык иштерди баалоо ачык. Мыкты деп табылган эмгектердин авторлору дипломдор менен сыйланышат.

Технология предметинин программалык материалдарын ишке ашырууда 5-6-класстар үчүн окуучулардын окуу китебин, ошондой эле иштелип чыккан методикалык колдонмолордогу маалыматтарды талдап, иргеп өзүңөрдөгү мүмкүнчүлүктөрдү эске алып колдонууну сунуштайбыз. 5-класстан 9-класска чейинки окуучулардын ишмердүүлүгү жана күтүлүүчү натыйжалары билим берүүнүн предметтик стандартында кеңири берилген, ар бир сабакта ийгиликке жетүү үчүн натыйжалуу колдонуңуздар.

Окуу программанын негизинде календарлык пландарды түзүүдө: өспүрүмдөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүн, колдо бар каражаттарды, ар бир региондун жаратылыш шарттарын эске алып, шаар же айыл жергесинде азыркы күндөлүк турмуш-тиричилигине керектелүүчү зарыл, аткарууга мүмкүн болгон эмгектин түрлөрүн тандап киргизүү сунушталат.

Ошондуктан окуучулардын мектептен алган билимдерин өркүндөтүүдө ата-энелер менен жалпы коомчулук биргелешип иш жүргүзүүлөрү талапка ылайык. Окуучуларга бизге келип жеткен ата-бабалардын асыл мурастарынын учугун улап, сактап, андан ары өркүндөтүп, алар менен сыймыктануу сезимдерин калыптандыруунун мааниси зор. «Эл ичи-өнөр кенчи» дегендей, жергиликтүү эмгектин ардагерлери, тажрыйбалуу малчылар, багбан-баба дыйкандар, чебер уздар, колунан көөрү төгүлгөн усталар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын түркүн өнөрлөрүн үйрөнүү окуучулар үчүн өтө маанилүү. Интеграцияланган курста техникалык эмгектин багыттарына жараша буга чейин окутулуп келген Черчение предметин жалпы билим берүүчү орто мектептеринин 8-9-класстарынын окуучулары үчүн окуу китебин жана ага ылайык иштелип чыккан методикалык колдонмолорун пайдалануу сунушталат.

Август кеңешмесинде төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:

  1. «Технология предмети – заманбап технология, предметтик компетенттүүлүктөр» аттуу темада тегерек стол уюштуруу.
  2. Окуучулардын техникалык билимдерин заманбап деңгээлде уюштуруу маселелери.
  3. Технология предметин окутууда санарип сабаттуулугун өнүктүрүү жолдору.
  4. Технология предметин окутууда PISA изилдөөсүнүн суроолорунун негизинде окуучулардын ой жүгүртүү жөндөмүн, логикасын, билимин аныктоо багытында тесттерди түзүү;
  5. Жаш мугалимдер менен тажрыйба алмашуунун алкагында алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;
  6. Окуучуларга Технология предметин окутууда санарип сабаттуулугун өнүктүрүү жолдору;
  7. Республикалык мугалимдердин кесиптик билимдерин жогорулатуу маселелери.
Бөлүшүү

Комментарийлер