ТЕАТР

  • 21.02.2023
  • 0

Каныкей Эмильбекова,

Ысык-Ата районунун Динара Мамашева атындагы мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

Предмети: Кыргыз тили

Классы:     4-класс

Жаңы лексика: имарат, өзгөчө, окуя, өзгөрдү

Грамматикасы: эмне болгон? эмне кылган? деген суроого жооп берген сөздөр

Сабактын максаты:

А) билим берүүчүлүк: Жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт. Өз оюн берилген үлгүго салып сүйлөшө алышат. Текстти окуп, маанисин түшүнүшөт.

Б) өнүктүрүүчүлүк: Сабакта өтүлгөн лексиканы маанисине жараша оозеки кебинде колдоно алат.

В) тарбия берүүчүлүк: Кыргыз театрынын тарыхы жөнүндө билишет.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу

Үй тапшырмасын текшерүү

Окуучулар комуз жөнүндө билгендерин айтып беришет, бирин-бири толукташат.

Жаңы материал менен иштөө

1-тапшырма. “Театр деген эмне? Театрда болдуңар беле?” деген суроолорду берем.

“Ассоциация” усулу менен берилген түшүнүккө туура келүүчү башка 2-3 сөздү таап, доскага жазышат. Окуучулар дептерлерине өзүлөрүнүн ассоциацияларын жазып, кезектешип окушат. Мен кайталанбаган сөздөрдү тактага жазам. Ар бир окуучу өз ойлорун айтуу менен ийгиликтүү тандалган ассоциацияларды белгилешет. Андан соң жаңы сөздөрдүн маанисин түшүндүрөм. Окуучулар хор менен, жекече, ар кандай үн бийиктигинде айтышат. Интерактивдүү оюндар менен бышыкташат. Схемалар боюнча сөз айкаштарын түзүү менен жаңы берилген лексиканы башка жагдайларда да колдоно билүүгө машыгышат.

2-тапшырма. “Болжолдуу сүйлөмдөр”

 

Окуучулар тегеректешип отурат. Тексттен бир нече сөздү окуучуларга сунуштайм. Алар 20-30 секунддун ичинде сөз айкаштарын табат же сүйлөм түзөт. Текстти окугандан же уккандан кийин кимдин сүйлөшүү тексти менен дал келгендиги белгиленет. Текстти окуп берем. Окуучулар кезектешип окушат. Мазмунун түшүнүшөт. Театр жөнүндө кененирээк маалымат алышат.

Бышыктоо максатында бири-биринен интервью алышат. Тексттен Эмне болгон? Эмне кылган? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү табышат, өздөрүнүн мисалдары менен толукташат.

3-тапшырма. Туурабы же  туура эмеспи? Бул тапшырма окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана балдардын алган билимдерин текшерүү максатында берилет.

 

4-тапшырма. Керектүү сөздөрдү коюп, сүйлөмдү толукташат. Бул тапшырма жаңы лексиканы бекемдейт.

Билип ал! Циклин окушат. Кыргыздын белгилүү композиторлору тууралуу чакан маалымат алышат.

Үйгө тапшырма: Театр жөнүндө билгендерин айтып беришет.

Бөлүшүү

Комментарийлер