Таза аба жана анын касиеттери
- 11.07.2025
- 0
Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагы
Сабактын максаты
- Билим берүүчүлүк
Окуучулар таза аба жөнүндө толук маалымат алышат. Жана экологиялык бузулуулар адамга, жаратылышка кандай терс таасир тийгизээрин билишет. Тажрыйба жүргүзүү менен теманы бышыкташат.
- Өнүктүрүүчүлүк
Окуучулардын кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, эске тутуусу, кыялдануусу калыптанат.
- Тарбия берүүчүлүк
Окуучулар жаратылышты таза сактоого, ден соолугун чындоого тарбияланышат.
Сабактын усулу: Түшүндүрмө көрсөтмөлүү
Сабактын ыкмасы: иш-аракеттерди көрсөтүү
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, тажрыйбага керектүү буюмдар, телевизор, проектор (дидактикалык материалдардын QR коду)

Сабактын методу: эксперимент сабак
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын жүрүшү
- Саламатсыңарбы, балдар!
- Саламатсызбы, эжеке!
Үйүңүзгө береке.
- Рахмат менин сүйүктүү окуучуларым.
Бүгүн бизде коноктор бар, конокторго салам айталы.
-Саламатсызбы, эжеке!
Үйүңүзгө береке. Кош келипсиз биздин мектепке.
- Азаматсыңар, балдар! Сабакка даярбызбы? Эң алгач жагымдуу маанай түзүп алалы.
Жаман нерсе укпайбыз,
Жаман нерсе айтпайбыз,
Жаман нерсе көрбөйбүз,
Жакшы окуп сабакты.
Биз акылдуу балдарбыз.
Азаматсыңар балдар! Балдар, өзүбүздүн алтын эрежебиз бар ээ? Ошол алтын эрежени кайталап алалычы.
Сабакка көңүл бурабыз,
Эжейдин сөзүн угабыз,
Кол көтөрүп сүйлөйбүз,
Бирөөнүн сөзүн бөлбөйбүз,
1,2,3 отурабыз түз.
Азаматсыңар, балдар! Балдар, бүгүнкү сабакта булуттарды чогултуп, өзүбүздүн баалоо баракчабызга жылдызча менен бааланасыңар.

Келгиле, анда балдар, видеону көрүп алалы (видеону ортосунан токтотуп коёбуз)
1) Тилекмат туура кылып жатабы?
2) Сен Тилекматтын ордунда болсоң эмне кылат элең?
Азаматсыңар, балдар! Балдар, бүгүн биздин өтө турган темабыз:
“Таза аба жана анын касиеттери ”. Балдар, силер бүгүнкү сабакта таза аба жөнүндө маалыматтарды аласыңар жана тажрыйбаларды жүргүзөсүңөр. Кабыл алууңар, ой жүгүртүүңөр калыптанат. Жаратылышты таза сактоого, ден соолугуңарды чындоого тарбияланасыңар.
Балдар, биз кандай абада жашашыбыз керек? (Таза)
Түшүндүрүү. Таза абада, туура айтасыңар.

Аба — жердин атмосферасын түзгөн газдардын аралашмасы.
Бизди өсүмдүктөр канчалык көп курчап турса ошончолук аба таза болот, ден соолугубуз чың болот. Жаратылыш дагы өзүнүн кооздугун, сулуулугун тартуулайт. Классыбызды карагылачы, гүлдөрүбүз көп ээ. Ушул гүлдөрүбүз улуу газдарды өзүнө сиңирип, бизге таза абаны бөлүп чыгарып берип турат экен. Эми бул сүрөттү карагылачы карагайдын жашылдыгын, суунун тунуктугун, гүлдөрдүн жайнап гүлдөгөнүн карагылачы. Аба таза болсо жаратылыш кооз болуп гүлдүн жыты буркурап жыттанат экен .
Ал эми аба таштандылардан, завод, фабрика, машиналардан чыккан уулу газдардан бузулат Азыр кыш болуп баарыбыз үйдө от жагып жатабыз ошол от жакканда чыккан түтүндөн аба бузулат. Аба бузулганда адам баласынын дем алуусу начарлап, ар кандай оорулар пайда болот. Жаратылышка дагы терс таасирин берет.
Балдар, бул таштарды карагылачы, биринчи ташта жабышып турган эңилчек өсүмдүгү. Бул өсүмдүк тоолуу аймактарда таза абада ташка жабышып өсөт.
Балдар, айткылачы, эмне үчүн бул ташта эңилчек өсүмдүгү жабышып өскөн ал эми бул ташта жок?
Анткени бул өсүмдүк эңилчек өсүмдүгү жабышкан ташты тоодон алып келдим. Ал эми бул ташты сырттан, ушул эле жактан алдым.
Демек, балдар, тоодо аба таза экен, ал эми биз жашап жаткан айылда аба тоодогудай таза эмес. Себеби машиналар көп жүрөт, күн сууктап от жагылып аба бузулуп жатат. Бирок балдар биздин айыл борбор шаарыбыз Бишкекке салыштырмалуу абасы таза. Бишкекте көптөгөн автоунаалар, завод, фабрикалар бар. Ошолордон чыккан уулу заттар шаарыбыздын абасын бузуп жатат.
Келгиле эми балдар абанын касиеттерин билиш үчүн тажрыйба жасайбыз.
Тажрыйба
1-тажрыйба
Балдар, алдыңарда турган желим баштыктарды алып, колубуз менен мыжыгып кармайбыз . Көрдүңөрбү, балдар баштык кичинекей болуп калды. Ал эми ошол эле баштыкчаны мындай мен көргөзгөндөй кылы , оозун жабып кармайбыз дагы мыжыгып көрөбүз. Көрдүңөрбү, балдар бул ошол боюнча калды.
Эмне үчүн? Кандай ойлойсуңар?
Ооба, туура айтасыңар, бул баштыкчанын ичинде аба бар.
- Баштыкчанын артынан колуңар көрүнүп жатабы?- Ооба
Абанын өңү бар бекен? — Жок
- Абанын формасы бар бекен ? Үч бурчтук же төрт бурчтук бөлүп жүрбөсүн? – Жок.
Демек, балдар бул тажрыйбада абанын өңү жок, формасы жок, көзгө көрүнбөйт экенин аныктап алдык.
2-тажрыйба
Балдар, баарыбыз көзүбүздү жумабыз. Эмне жыттанып жатат?
Мандарин
- Мандарин жыттанып жатканын кантип билдик?
- Ооба туура мурдубуз менен билдик.
- Балдар, ашканага киргенде даамдуу тамак жыттанып жатса эмне дейбиз?
- Ооба, ах дейбиз.
-Ал эми таштандынын жанында өтүп бара жатканда эмне дейбиз?
-Ооба, мурдубузду жаап, өф дейбиз.
Демек, балдар, абанын жардамы менен мурдубуз менен жагымдуу дагы жагымсыз дагы жыттарды сезет экенбиз.
3-тажрыйба
Балдар, алдыбызда турган желдеткичти алып, өзүбүзгө желдетеличи.
-Эмнени сезип жатасыңар?
-Ооба, шамалды сезип жатасыңар.
-Балдар, бизге шамал керекпи?
-Ооба
Шамал асмандагы булуттарды чогултуп, ысык аба менен муздак аба бириккенде жамгыр жаайт экен.
Демек, бизди аба курчап турат. Келгиле балдар бизди аба курчап турганын дагы бир тажрыйба менен далилдеп көрөлүчү.
-Балдар бул эмне?
Ооба куштун жүнү.
Куштун жүнүн өйдө ыргытсак өйдө көтөрүлөт.
Демек, бизди чындап эле аба курчап турат экен ээ, балдар!
4-тажрыйба
Алдыбызда турган бөтөлкөлөрдү алып үйлөйбүз. Аа, оо деп көрөлүчү.
Демек, балдар, ар кандай үндөрдү аба аркылуу угабыз.
5-тажрыйба
Келгиле, балдар, мурдубуз менен дем алып, оозубуз менен чыгаралычы. Эми оозубузду, мурдубузду жаап дем алалычы. Дем алалбайт экенбиз.
Демек, балдар, биз аба аркылуу дем алабыз. Абасыз жашай албайт экенбиз.
Физминутка
Балдар ден соолугубуз чын болуш үчүн ар дайым колубузду таза жууп тамактанышыбыз керек. Колду кантип жууйбуз көрсөтүп берүү менен эс алып алалы.
Бышыктоо. Оозеки тест
- Абанын өңү бар бекен ? Жок
- Аба аркылуу үндү угабызбы? Ооба
- Абанын формасы бар бекен ? Жок
- Аба аркылуу жыт сезебизби?Ооба
- Аба аркылуу дем алабызбы ?Ооба
- Кандай абада дем алышыбыз керек ? Таза
- Абанын булганышы бизге зыянбы? Ооба
- Өсүмдүктөр бизди курчап турса аба таза болобу же кир болобу? Таза
Азаматсыңар балдар, туура жооп бердиңер. Келгиле эми, балдар, жанагы видеонун аягын көрөлү. Демек, балдар, биз таштанды таштабай , өрттөбөй, жаратылышты таза сактап, ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек.
Үйгө тапшырма
Балдар, бул сүрөттү карагылачы. Силер, үйдөн ата-эненин жардамы менен тажрыйба жасайсыңар.
Бизге бир табакка ысык суу, экинчи табакка муздак суу куюп желим бөтөлкөгө сүрөттөгүдөй кылып оозуна шарик тагып биринчи ысык сууга , анан муздак сууга саласыңар. Ошол жасап жаткан тажрыйбаны видеого тартып, кайтарым байланышка чыгасыңар. Бул тажрыйбада кандай жыйынтык болду? Билип айтып бересиңер.
Баалоо
Балдар, ким канча булут чогултту. Азаматсыңар, келгиле силер чогулткан булуттардын санын айткыла, мен баалоо баракчабызга жылдызча коюп берейин.

Комментарийлер