ТАРЫХ (ДҮЙНӨ ТАРЫХЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ) окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
ТАРЫХ (ДҮЙНӨ ТАРЫХЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ТАРЫХЫ) окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Тарых (Дүйнө тарыхы. Кыргызстан тарыхы) предметин окутуу боюнча методикалык сунуштарды жаңылоо жана актуалдаштыруу тарых предмети боюнча билим берүүнүн максаттарын жана милдеттерин бүгүнкү күндөгү талаптарга жооп бергидей аныктоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы № 393 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында жана «Тарых» боюнча предметтик стандартта көрсөтүлгөн билим жана таалим-тарбия берүүнүн талаптары шарттап турат.

Сиздерге белгилүү болгондой, өткөн окуу жылынан баштап өлкөбүздүн бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелеринде, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарында «2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясынын», «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын», «2021–2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-аракеттер планынын», «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын» максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иш-аракеттер 2023/2024-окуу жылында дагы актуалдуу болуп кала берет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана «Манас» – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө» №65 токтомуна ылайык төмөнкү концепциялар жана иш-аракеттер пландары боюнча иш жүргүзүү сунушталат:

«Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепция. 1-тиркеме;

«Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча 2023–2027-жылдарга иш-чаралардын планы. 2-тиркеме.

«Манас» – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясы. 3-тиркеме;

«Манас» – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023–2027-жылдарга иш-чаралардын планы. 4-тиркеме.

Жогорудагы мамлекеттик документтерге ылайык максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу жаатында мугалимдердин быйылкы Август кеңешмелеринде «Тарых: Дүйнө тарыхы. Кыргызстан тарыхы» боюнча предметтик окуу ишмердүүлүгүн заманбап окутуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүү жана таалим-тарбиялык иштерди уюштуруу, окуучуларды өзүнүн каалоосуна жана шык-жөндөмүнө жараша кызыктыруу жана шыктандыруу багытындагы профилге даярдоо жана профилдик окутуу боюнча тандоо курстары, ата-энелер менен иштөө боюнча мугалимге жардам бере турган иш-чаралар бышыкталат.

Тарых предметин азыркы учурдагы ченемдик-укуктук базанын шартында окутуунун негизги маселелери. Тарыхты окутуудагы эң башкы маселе заманбап сапаттуу жана натыйжалуу билим берүү болуп саналат. Тарыхый билим берүү боюнча ченемдик-укуктук документтерди өздөштүрүү, аларга талдоо жүргүзүү жана алардын милдеттүү талаптарын сабактык жана сабактан тышкаркы билим берүүдө аткаруу — тарыхый сапаттуу жана натыйжалуу билим берүүнүн биринчи кезектеги милдети.

Андан кийинки орчундуу милдет — окуучулардын функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулугун калыптандыруу.

Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулук деген эмне?

Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулук — адамдын (окуучунун) мектепте, кесиптик билим берүүчү атайын орто жана жогорку окуу жайларында ээ болгон билимдерин жашоо-турмушта колдоно билүүгө жөндөмдүүлүгү. Функционалдык (иш-милдеттик) сабаттуулук — адамдын ар кандай ишмердүүлүк чөйрөлөрүндөгү, баарлашуудагы жана социалдык мамилелердеги, ар кандай турмуштук кырдаалдардагы иш-милдеттерди мүмкүн болушунча туура чече билүү үчүн үзгүлтүксүз түрдө ала турган билимдерин колдоно билүү жөндөмдүүлүгү.

Эгерде тарых мугалими сабагы кызыктуу жана пайдалуу өтсүн, окуучуларды шыктандыргыдай болсун десе, анда ал дипломдук билими менен эле чектебеши керек. Ал тарыхты заманбап талаптарга ылайык окутуу үчүн өзүнүн адистик чеберчилигин квалификацияны жогорулатуу курстары жана/же өз алдынча өздөштүрүү аркылуу үзгүлтүксүз өркүндөтүп, окутуунун жаңы ыкмаларын жана инновациялык педагогикалык технологияларды терең билиши зарыл.

мугалим Үчүн:

— окуучуларга адамзаттын алгачкы коомдон тартып бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолу жөнүндө билимдерди бериши керек;

— тарыхый мисалдардын негизинде окуучулардын азыркы учурдагы көрүнүштөрдү жана окуяларды аңдап түшүнүү жөндөмүн калыптандырышы жана өнүктүрүшү керек;

— тарыхый тажрыйбаны, гуманизм жана патриотизм идеяларын аңдап түшүнүү жөндөмүн өнүктүрүүнүн натыйжасында окуучулардын баалуулук багыттарын жана ишенимдерин калыптандырууга тийиш;

— окуучулардын өз элинин, өз Ата Мекенинин жана дүйнө элдеринин маданиятына жана тарыхына болгон кызыгуусун жана урматтап-сыйлоосун тарбиялоого тийиш.

Бүгүнкү күндөгү глобалдашуунун шартындагы «санариптик муунду», же «глобалдуу балдарды» окутуу — мектептик тарыхый билим берүүнүн негизги милдеттеринин бири экендиги белгилүү иш. Тарых предметин окутуудагы мына ушундай жана жалпы мугалимдерге белгилүү болгон башка дагы көптөгөн билим жана таалим-тарбия берүү маселелерин натыйжалуу чечүүгө өбөлгө болсун деген максатта тарыхты окутуу боюнча методикалык бирикмелердин кароосуна төмөнкүдөй иш-чаралар сунуш кылынат.

Семинар-тренингдер:

— «Тарыхый билим берүү маселелери боюнча ченемдик-укуктук документтерди өздөштүрүү жана аларга талдоо жүргүзүү».

-●«Иш-милдеттик сабаттуулук деген эмне?».

— «Тарых предметин окутуунун технологиялары».

— «Долбоордук окутуу технологиясы — окуучунун өз алдынчалыгын, демилгечилдигин жана чыгармачылыгын калыптандырууга көмөкчү».

— «Тарых сабагын окутууда STREAM-технологиянын маанилүүлүгү» (КББАнын сайтында) ж.б.

Тарых предметин окутууда окутуунун технологиялары боюнча тематикалык иш планын түзүп алып, ар бир технология боюнча презентациялык маалыматтарды берүү аркылуу ар кайсы окутуу технологияларын колдонууну шарттоо керек.

Долбоордук окутуу технологиясынын башкы максаты — окуучуларды чоңдордун кийлигишүүсүз чечимдерди таба билүүгө, жыйынтык чыгара билүүгө үйрөтүү. Мугалим болсо окуучуну шыктандырып жана туура багыт берип турат, керектүү маалыматтарды кайдан табууга боло тургандыгын айтып, түшүндүрүп берип турат. Долбоордук окутуу технологиясынын негизги принциптери: диалогдук баарлашуу, интеграциялык жана контексттик (мазмундук) маселени коюу жана аны чечүү.

Интеграция (integratio деген латын сөзүнөн – «калыбына келтирүү», «толуктоо», «бириктирүү») — бөлүктөрдү бир бүтүнгө бириктирүү процесси.

Маалыматтарды интеграциялоо — ар кандай булактардан алынган маалыматтарды бири-бирине айкалыштырып бириктирүү жана бирдиктүү бир ойду, көз карашты билдирген маалыматтарды түзүү.

Контекст (contextus деген латын сөзүнөн – «бириктирүү», «байланыштыруу») — тилди жана баарлашууну түз же кыйыр түрдө өздөштүрүүчү гуманитардык илимдерде кеңири колдонулган термин. Мазмундун жана оозеки кептин түшүнүктүү болушун шарттаган бул термин жазма текстке да, баарлашууга да тиешелүү болуп саналат.

Долбоордук окутуу технологиясы боюнча сунушталган темалар:

  1. «Кыргыз жараны» концепциясынын алкагында:
  2. «Ата Мекен алдындагы жарандык милдет»;
  3. «Билим берүү системасынын глобалдашуу шартында жарандык-инсандык сапатты калыптандыруу»;
  4. «Глобалдашуу шартындагы билим берүү: психологиялык аспектилери».
  5. «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция» боюнча:
  6. «Ар-намыс жана аброй, Мекенге жана элге кызмат кылуу — эң жогорку баалуулуктар»;
  7. «Адилеттүүлүк, айкөлдүк, боорукердик жана кайрымдуулук — инсандын адеп-ахлактуулугунун негизи»;
  8. «Үй-бүлө, таалим-тарбия жана билим — руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүгүүнүн өзөгү».

III. 2022–2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа (КР Президентинин 2022.20.05 № 157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгы) боюнча:

  1. «Кыргыздарда салттуу педагогикалык ойдун өнүгүшү»;
  2. «Кыргыз этнографиясы»;
  3. «Түрк дүйнөсү: Инсандык руханий маданият».
  4. «Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепция жана «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясы боюнча:
  5. «Манас» эпосунун кыргыздардын өзүн таануусундагы, маданияттын жана тилдин өнүгүшүндөгү ролу.
  6. «Манас» эпосун өздөштүрүү, үйрөнүү жана ага тарыхый-маданий баа
    берүү
    .
  7. «Улуттук наркты «Манастан» ал!» аттуу этномаданий фестиваль өткөрүү.

Тегерек отурумдардын
сунушталган темалары:

— «Тарых предметин окутуунун заманбап өзгөчөлүктөрү»;

— «Профилге даярдоо жана профилдик окутуу».

— «Манас» – эл байлыгы, тил байлыгы» сынагына даярдык көрүү»

— «Манас» эпосу боюнча лекциялардан турган беш этаптуу тестирлөөгө даярдык көрүү».

Мугалимдердин иш тажрыйба алмашуулары

Дүйнө тарыхын жана Кыргызстан тарыхын окутуунун талаптарына ылайык 5–11-класстарда тарыхты окутуунун технологиялары жана методдору боюнча презентацияларды даярдоо жана аларды методикалык секцияларда тал-
куулоо.

Ченемдик-укуктук документтер:

ТАРЫХ: жалпы билим берүү уюмдарынын V–IX класстары үчүн предметтик стандарт. – Б., 2018. – 26 бет (КББАнын сайтында).

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 10–11-класстары үчүн «Кыргызстан тарыхы жана дүйнөлүк тарых» боюнча предметтик стандарт. – Б., 2018. – 78 бет (КББАнын сайтында).

ТАРЫХ: Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 5–11-класстары үчүн предметтик стандарт. – 2023. – 46 бет. (КББАнын сайтында).

ТАРЫХ: Дүйнө тарыхы. Кыргызстан тарыхы боюнча окуу программалары: жалпы орто билим берүүчү уюмдардын (мектеп, гимназия, лицей) 5–9-класстары үчүн окуу программалары. – Кайра редакцияланып, 11-чыгарылышы. – Б., 2023. – 47 бет (КББАнын сайтында).

ТАРЫХ: Дүйнө тарыхы. Кыргызстан тарыхы боюнча окуу программалары: жалпы орто билим берүүчү уюмдардын (мектеп, гимназия, лицей) 10-11-класстары үчүн окуу программалары. – Кайра редакцияланып, 11-чыгарылышы. – Б., 2023. – 25 бет (КББАнын сайтында).

Тарых курсун (Дүйнө тарыхы, Кыргызстан тарыхы) окутуунун өзгөчөлүктөрү. Бүгүнкү күндө тарыхты окутуунун максаттарын жана милдеттерин салттуу методдор менен гана жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес, ошондуктан мугалимдер заманбап окутуу технологияларын, бир кыйла оптималдуу методдорун изденип өздөштүрүүлөрү
зарыл.

Мугалим тарыхый билимдерди сапаттуу жана натыйжалуу бериши үчүн темага жараша жана окуучуларды кызыктыруу үчүн колдоно турган окутуу технологияларынын түрлөрү жана модулдук окутуу технологиясы тууралуу өткөн жылдагы методикалык сунуштарда берилген [«Кут Билим», 19.08.2022, № 3, 4-б.].

Бул жолу дифференцирленген окутуу технологиясы жана долбоордук окутуу технологиясы боюнча маалыматтарды беребиз.

Окутууну дифференцирлөө — ар кандай жөндөмдүүлүктөгү окуучуларды бир тектүү (гомогендүү) топторго уюштуруу жолу менен окутуу үчүн максаттуу мүмкүнчүлүк түзүү. Бир класстын окуучуларынын интеллектуалдык өнүгүү деңгээлдерине жараша бөлүштүрүлүшү. Негизги баскычта, айрыкча 5–7 (8)-класстарда, көп деңгээлдүү окутуу натыйжалуу болуп саналат. Профилге даярдоодо жана профилдик окутууда (8 (9)–11-класстарда) тышкы дифференцирлеп окутуу технологиялары колдонулат.

Дифференцирлеп окутууда мугалим материалды айрым окуучуларга азыраак, айрымдарына көбүрөөк берүү менен эмес, бардык окуучуларга бирдей көлөмдөгү бир материалды сунуштоо менен, анын ар түрдүү деңгээлдердеги суроолорго жоопторду берүү аркылуу өздөштүрүлүшүн шарттайт. Окуучуларды дифференцирлөөдө мугалим төмөнкүлөргө таянышы керек: окуучунун сабакты өздөштүрүү, өнүгүү деңгээли; окуучунун психикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү; окуучунун жеке өзгөчөлүктөрү; тигил же бул себептерден улам предметти өздөштүрүүгө жөндөмсүздүгү; окуучунун башка предметке кызыгуусу. Ушундай өзгөчөлүктөрү боюнча ар бир окуучуну баалагандан кийин болжол менен тигил же бул топко бекитип коюуга болот. Албетте, окуучу бир тайпадан экинчисине өтө ала тургандыгын (өтүшү керектигин!) эске алуу зарыл; ошондуктан болжол менен жарым жылда бир жолу диагностика жүргүзүп туруу сунушталат. Окуучулардын иш-аракеттерин темага же коюлган максатка жараша 15-20 мүнөткө уюштуруу үчүн карточкалар колдонулат.

Жалпы билим берүүчү предметтерди окутуунун татаалдык деңгээлдери А, Б жана В болуп бөлүнөт. А татаалдык деңгээли – табият таануу, математика, техникалык жана башка табигый-илимий профилдеги класстардагы билим берүүнү камсыз кылат; Б татаалдык деңгээли – гуманитардык билим берүү багытындагы окуучулар үчүн сунушталат; В татаалдык деңгээли – материалды тереңдетип өздөштүрүү деңгээли катары каралат. Ошентип биз теманын мазмунун үч татаалдык деңгээлине бөлүү аркылуу дифференцирлеп окутуу технологиясынын алкагында тарых сабагын окутуунун бир учурун карап көрөлү.

Дифференцирлеп окутуу класстык-сабактык системанын шарттарында бардык окуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүнүн ишке ашырылышын шарттайт. Бул учурда күчтүү окуучулар үчүн өздөштүрүлүп жаткан материалдын көлөмүн көбөйтүү, башкаларга азайтып коюу жолу менен эмес, ар түрдүү деңгээлдердеги тапшырмаларды аткартуу жолу менен жүрүшү керек. Мисалы:

  1. Тарыхый терминдерди билүү боюнча жат жазуулардын тексттерин түзүү.
  2. Өздөштүрүлүп жаткан материал боюнча тапшырмалардын карточкаларын түзүү.
  3. Сабакта иштөө үчүн корутундулап жыйынтыктоочу таблицаларды түзүү.
  4. Берилген тарыхый тема боюнча дилбаян же эссе жаздыруу.
  5. Кошумча адабият менен иштөө.
  6. Жеке тапшырмаларды берүү жана текшерүү.
  7. Топтук иш боюнча кеңеш берүүчүнүн милдеттерин аткаруу.

Ошентип өтүлүп жаткан тема боюнча сабакты өздөштүрүүдөн кыйналган окуучулар дагы, жакшы окуган окуучулар дагы өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тапшырмаларды аткарышат. Жыйынтыгында ар бир окуучунун нерв системасынын бардык күчү сабакты өздөштүрүүгө жумшалат дагы, тапшырманы эч ким эч кандай кыйналбастан (чүнчүбөстөн) аткарат. Натыйжада сабакты окуучулардын баары тең базалык деңгээлде өздөштүрүшөт.

Педагогикадагы инсанга багытталган окутуу технологияларынын приоритеттүү милдеттери – окуучунун интеллектин жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Бул технологияларга педагогикалык чеберчиликтер, модулдук окутуу технологиясы, долбоордук окутуу технологиясы
кирет.

Тарых сабагында долбоордук окутуу технологиясын колдонуу — сабакта окутуунун технологияларын эле эмес, окуучулар менен биргеликте илимий-тажрыйбалык маанидеги өз алдынча изилдөө ишмердүүлүгүн жүргүзүү абдан маанилүү. Бул технология окуучулардын сөз байлыгын арттыруу жана кеп көндүмдөрүн калыптандыруу менен сүйлөө ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн актуалдаштырат, маалыматтык жана семантикалык (сөздөрдүн, сөз айкаштарынын жана сүйлөмдөрдүн маанилерин аңдап түшүнүү) иштетүү деңгээлинде ар кандай тексттер жана документтер менен иштөө жөндөмүн жакшыртат.

Долбоордук тема боюнча иш жүргүзүү этаптары:

  1. Окуучунун теманы алдын ала тандоосу.
  2. Теманын планын түзүү.
  3. Тема боюнча адабияттарды өздөштүрүү, материалдарды чогултуу.
  4. Өзүнүн текстин (илимий баяндаманы) түзүү.
  5. Теманы коргоо.
  6. Долбоордук тема боюнча суроолорго жооп берүү.
  7. Мектептик конференцияда чыгып сүйлөө.

Тарыхый-коом таануучулук илимдер боюнча мектептик билим берүүнүн «2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясынын» багыттарына жана аларды ишке ашыруунун ыкмаларына ылайык таалим-тарбиялык дарамети — тарых курсун (Дүйнө тарыхы, Кыргызстан тарыхы) окутуунун олуттуу өзгөчөлүгү.

Дүйнө тарыхын жана Кыргызстан тарыхын окутуу тартиби. Дүйнө тарыхын жана Кыргызстан тарыхын окутуу 2023/2024-окуу жылынын Базистик окуу планында белгиленген окуу убактысынын чегинде жүргүзүлөт. Предметтик стандартка жана окуу программаларына ылайык, «Дүйнө тарыхы» курсу биринчи жарым жылдыкта, «Кыргызстан тарыхы» курсу экинчи жарым жылдыкта жумасына 2 сааттан окутулат.

Мектептик документтерде (журнал, аттестат ж.б.) «Тарых» деген бирдиктүү аталыш менен жазылат. Негизги жана толук жалпы билим берүү уюмдарында (мектеп, гимназия, лицей) мамлекеттик бүтүрүү экзамендери Кыргызстан тарыхы боюнча тапшырылат. Ошондой эле окуучулар ЖРТда тарых предметинен тандоосу боюнча экзамен тапшыра алышат.

Методикалык секцияларда талкуулоого сунуш
кылынган маселелер

Мектептин тарых мугалимдеринин заманбап методикалык кеңеши, анын иш-милдеттери.

Тарых предметинин тарбия берүү потенциалын уюштуруу жана ишке ашыруу.

Үй тапшырмасынын көлөмүнүн жана мазмунунун дифференцирлеп аныкталышы.

Бөлүшүү

Комментарийлер