Табият тагдыры – адамзат тагдыры
- 28.10.2024
- 0
5-8-класстар үчүн класстык саат
Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: мээге чабуул, интерактивдүү, суроо-жооп жана оюн ыкмасы.
Сабактын милдети: Окуучулардын экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, компьютер, интерактивдүү панель, презентация, mozaweb платиформасы ж.б.
Сабактын максаты:
А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар табият, табияттын адамзатынын жашоосундагы актуалдуулугу ролу боюнча жаңы билимдерге ээ болуп, таштанды маселесин жараткан ааламдык маселелер менен таанышып, табиятты таза сактоого байланышкан жаңы билимдерге ээ болушат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар табиятка аяр мамиле кылууну үйрөнүү менен сабакка жигердүү катышышат. Таштандыны туура иргөө жана кайра иштетүү боюнча өздөрүн өнүктүрүшөт.
В) Тарбиялык: Окуучулар табиятты сактап, ага аяр мамиле жасаганга, камкордук кылганга тарбияланышат.
Сабактын жүрүшү:
А) Уюштуруу мезгили
Мугалимдин сөзү: Саламатсыңарбы, балдар! Силер менен бүгүнкү сабакта көрүшүп турганыма абдан кубанычтамын. Анда балдар, сабагыбызды баштайлы. Балдар, “Манас атабыздын жети осуятын” билесиңерби? Бизге Манас атабыздын осуяттары менен бөлүшкүлөчү. (1-слайд)
Окуучулардын болжолдуу жооптору:
1-окуучу: Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги;
2-окуучу: Гуманизм, айкөлдүк, кечиримдүүлүк;
3-окуучу: Табият менен таттуу мамиледе болуу.
Мугалимдин сөзү: Азаматсыңар, балдар! Силер берген бардык жооптор туура. Манас атабыз бизге кандай маанилүү осуяттарын калтырып кеткен. Бүгүнкү биздин сабагыбызга тиешелүү осуяты: “Табият менен таттуу маиледе болуу”. Балдар, силер бул осуяттын маани-маңызын сабактын жүрүшүндө дагы кененирээк түшүнөсүңөр деп ойлойм. (3-слайд)
Б) Жаңы темага киришүү
Мугалимдин сөзү: Балдар, келгиле, дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы таштанды маселесин талдап көрөлү. (4-слайд)
Мугалимдин сөзү: Балдар, функциясын жоготкон жана колдонууга болбой турган бардык түрдөгү материалдардын жалпы аталышы – таштанды деп аталат. Жаратылыш белгилүү бир убакытка чейин таштандыларды кайра иштетип келген. Бирок, технологиялык прогресстин натыйжасында жүз жылдан ашык убакытка да бузулбай сакталуучу жаңы материалдар пайда болуп, ал айлана-чөйрөдө топтолуп жатат. Ооба, абдан маанилүү фактор бул – таштандынын көлөмү. Ал эми бир жылда чогулган таштандылардын баары жок кылынбай, бир үймөккө түшүп калса Эльбурстай (5642 м) бийиктиктеги тоо пайда болмок. Таштанды маселесин болтурбоо үчүн эмне кылуу керек билесиңерби?
Окуучулардын болжолдуу жообу:
Жаратылышты аң-сезимдүү пайдалануу керек;
Ар түрдүү калдыктарды туура жерге таштоо зарыл;
Таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруу керек.
Мугалимдин иш-аракети: Азаматсыңар, балдар! Силер атап өткөн бардык жооптор туура. Анда, баарыбыз биргеликте, таштанды маселесин карап көрөлүчү. (Мугалим 8-9-слайддарды коёт. Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы таштанды маселеси менен тааныштырат)
Мугалимдин иш-аракети: Балдар, негизинен Кыргызстанда калк жыш отурукташкан аймактарда таштанды маселеси курч бойдон калууда. Ал боюнча келгиле видео көрөлү. (Мугалим Бишкектин четиндеги таштанды полигону боюнча даярдалган видеону коёт. Балдар, таштандыны иргебей таштоо өлкөбүздүн экологиясына канчалык кедергисин тийгизип жаткандыгы боюнча маалымат алышат. Кыскача таштанды маселесине байланыштуу комикс көрүшөт. 10-11-12-слайд)
Окуучулардын иш-аракети: Мугалим: балдар, жан досубуз болгон жаратылышка кыянаттык кылбоо үчүн таштандыны туура иргөө абдан маанилүү. Келгиле, бул багытта “Иргөө” оюнун ойноп көрөлү. Окуучулар таштандыны туура иргөө боюнча “Иргөө” оюнун ойношот. Гиппершилтемер аркылуу таштандыларды туура иргеп упай топтошот.
Бышыктоо
Мугалимдин иш-аракети: Мугалим интерактивдүү панель аркылуу өтүлгөн тема боюнча №1,2,3-тесттик тапшырмаларды чыгарат. Окуучулар туура жообун интерактивдүү панелге барып белгилешет. Аннимация аркылуу туура жообу чыгып турат.
Сабакты жыйынтыктоо:
Демек, жыйынтыктай турган болсок, табиятты сактоо ар бирибизден көз каранды экендигин биле алдык. Бак тигүү, сууну үнөмдүү пайдалануу, электр жарыгын үнөмдөө, таштандыны калтыроо жана туура бөлүштүрүү маанилүү экендигин ырастай алдык. Сабактын башында айтылгандай, табият менен таттуу мамиледе болуу, аны көздүн карегиндей сактоо керектигин терең түшүнө алдык.
Үйгө тапшырма: Социалдык тармактардагы баракча менен «Тазалык менден башталат» аталышындагы сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын анализдеп келүү
Баалоо: Окуучулар атайын суммативдик баалар менен бааланат.
Даярдаган: Бишкек шаарындагы №97 ЖОББ мектебинин тарых мугалими Ашырбеков Алдияр,
КР “Билим берүүсүнүн мыктысы”, “Жылдын мыкты мугалими” төш белгилеринин ээси.
Комментарийлер