Түндүк Американын рельефи жана кен байлыктары
- 19.03.2025
- 0

Алымкулов Анарбек, Жалал-Абад облусу. Тогуз-Торо районуна караштуу №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин география мугалими
География, 7-класс, 5E моделине негизделген сабактын планы
Сабактын максаты: Окуучуларды Түндүк Американын рельефи жана кен байлыктары боюнча изилдөө жүргүзүүгө кызыктыруу, картографиялык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана жаратылыш байлыктарын таанышат.
Керектелүүчү ресурстар: Дүйнөлүк физикалык карта, Түндүк Американын географиялык картасы, видеоматериалдар жана сүрөттөр, Атлас жана контурдук карта, проектор жана слайддар.
I этап. Engage-Кызыктыруу. 5 минут
Мугалим: Бул сүрөттөрдөн силер эмнелерди байкадыңар? Кайсы кесиптин ээлерин көрүп турасыңар? Алар кандай жумуштарды аткарышат?
Окуучунун жообу: Кен казуучуларды геологдорду. Алар ар кандай аймактардан кендерди изилдешип казып алышат.
Мугалим: Азаматсыңар! Демек, бүгүнкү сабагыбызда Түндүк Американын рельефин жана кен байлыктарын үйрөнүп изилдейбиз.
Окуучуларга «Сен геологсуң!» деп түшүндүрүлүп, аларды Түндүк Американын изилдөөчүлөрү катары сезишине шарт түзүлөт.
«Сен ойлонуп көр!»
Суроо: Эгерде сен геолог болсоң, Түндүк Америкадан кандай кен байлыктарын изилдегиң келет жана эмне үчүн? (Болжолдуу жооп: Металл кендерин. Себеби алтын, күмүш жана башка түстүү металлдардын рудалары Түндүк Америкада сейрек кездешет).
Тапшырма: Түндүк Американын рельеф картасын карап, кайсы жерлер тоолуу, кайсы жерлер түздүк экенин ойлонуп көр. (Окуучулар Атластын жардамы менен шарттуу белгилерди пайдаланып материктин рельефин аныкташат).
II этап. Explore—Изилдөө. 15 минут
Иштин жүрүшү: Окуучуларды 3 топко бөлүү жана тапшырмаларды берүү.
Тапшырмалар: Окуучулар маалымат чогултуу үчүн маалымат булактарынан, окуу куралынан Түндүк Американын физикалык картасынын жардамы менен материкте жайгашкан тоолорду, түздүктөрдү жана кен байлыктарды шарттуу белгилердин жардамы менен аныкташат.
Маалымат топтоо:
1-топ: “Тоо изилдөөчүлөрү”
Түндүк Американын тоо кыркаларын жана алардын жайгашкан ордун эң бийик чокуларын аныкташып маалымат топтошот.
2-топ: “Түздүк изилдөөчүлөрү”
Түндүк Американын түздүктүү аймактарын таап атластан белгилешет.
Тапшырманы аткаруу үчүн:
-Атластын картасынан бул түздүктөрдү таап, белгилешет.
-Түздүктөрдүн аттарын жазып, кайсы өлкөдө жайгашканын аныкташат.
3-топ: «Кен казуучулар”
Түндүк Американын кен байлыктарын шарттуу белгилердин жардамы менен жайгашкан ордуларын аныкташат.
-Атласты ачып, кен байлыктардын белгилерин таап, алардын жайгашкан ордун аныктаңыз.
-Шарттуу белгилерди колдонуп, картада ар кандай кен байлыктарды белгилеңиз.
-Ар бир аймактын кайсы кенге бай экенин жазып, өзгөчөлүктөрүн белгилеңиз.
Ар бир топ өздөрүнүн тапшырмаларын аткарышып презентациялашат.
Калыптанган көндүмдөр: байкоо, салыштыруу, приборлорду жана жабдууларды колдонуу, гипотеза, божомолдоо, жыйынтык чыгаруу (кантип, кайсы көндүмдөр калыптанды).
III этап. Еxplain—Түшүнүү. 10 минут
Калыптанган көндүмдөргө таянып жооп беришет:
1-топ: “Тоо изилдөөчүлөрү”
Түндүк Американын тоо кыркаларын жана алардын жайгашкан ордун эң бийик чокуларын аныкташып маалымат топтошот.
- Кордильера тоо системасы – Түндүк Американын батыш бөлүгүн бойлой созулуп жатат. Бул система бир нече тоо кыркаларынан турат:
- Аляска тоолору – эң бийик чокусу Мак-Кинли (Денали) – 6190 м.
- Канадалык Кордильералар – эң бийик чокусу Логан – 5959 м.
- Рокки тоолору – эң бийик чокусу Элберт – 4401 м.
- Сьерра-Невада – эң бийик чокусу Уитни – 4418 м.
- Аппалачи тоолору – Чыгыш Түндүк Америкада жайгашкан. Эң бийик чокусу Митчелл – 2037 м.
- 3. Адирондак тоолору – АКШнын түндүк-чыгышында жайгашкан. Эң бийик чокусу Марси – 1629 м.
- Мексика тоолору (Неовулкандык тоо кыркалары) – Мексикада жайгашкан. Эң бийик чокусу Орисаба (Пико-де-Оризаба) – 5636 м.
. 2-топ: “Түздүк изилдөөчүлөрү”
Түндүк Американын түздүктүү аймактарын таап атластан белгилешет.
Американын негизги түздүктөрү төмөнкүлөр:
- Борбордук түздүктөр (Ички түздүктөр) – Канаданын түштүгүнөн башталып, АКШнын борбордук бөлүгүн бойлой созулган. Бул аймак кеңири талаалардан жана өрөөндөрдөн турат.
Улуу түздүктөр – Рокки тоолорунун чыгыш тарабында жайгашкан, Канаданын түштүгүнөн Мексикага чейин
- жетет. Бул аймакта чөлдүү жана жарым чөлдүү ландшафттар кездешет.
- Миссисипи ойдуңу – АКШнын борбордук бөлүгүн камтыйт. Бул аймак Миссисипи дарыясынын кеңири өрөөнү болуп, эң түшүмдүү айыл чарба аймактарынан.
- Мексика булуңунун жээк түздүктөрү – АКШнын түштүк-чыгышында жана Мексиканын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Баткак жана кумдуу түздүктөр мүнөздүү.
- Гудзон булуңунун ойдуңу – Канаданын түндүгүндө жайгашкан, негизинен саздуу жана тундра ландшафттары менен мүнөздөлөт.
3-топ: «Кен казуучулар”
Түндүк Американын кен байлыктарын шарттуу белгилердин жардамы менен жайгашан ордуларын аныкташат.
Канаданын кен байлыктары:
— Нефть жана газ – Альберта (Альберта мунай кумдары), Британ Колумбиясы, Саскачеван.
—Темир кени – Лабрадор өрөөнү.
—Алтын, күмүш, платина – Онтарио, Квебек, Юкон, Түндүк-Батыш аймактары.
— Уран – Саскачеван провинциясы.
—Никель, жез, цинк – Манитоба, Онтарио, Квебек.
- АКШнын кен байлыктары:
—Нефть жана газ – Техас, Аляска, Калифорния, Луизиана.
—Көмүр – Аппалачи тоолору, Иллинойс, Вайоминг.
— Темир кени – Миннесота (Месаби кендери).
— Алтын жана күмүш – Невада, Аляска, Колорадо.
—Жез – Аризона, Юта, Нью-Мексико.
—Фосфорит – Флорида, Айдахо.
- Мексиканын кен байлыктары:
— Мунай жана газ – Кампече булуңу, Веракрус.
—Күмүш – Чиуауа, Сакатекас, Дуранго. (Мексика дүйнөдөгү эң ири күмүш өндүрүүчү өлкө.)
— Жез, коргошун, цинк – Сонора, Чиуауа.
—Темир кени – Мичоакан, Коауила.
IV этап. Elaborate—Тереңдетүү. 10 минут
Практикалык, лабораториялык иштер: (материалдын түрүнө жараша). Окуучулар төмөнкү объектилерди контур картага түшүрүшөт. «Карталар менен иштейбиз!»
Атлас же интернеттен Түндүк Американын физикалык картасын тап.
Рельефти белгилөө:
- Тоолор:
- Кордильера – континенттин батыш бөлүгүн бойлой созулуп жатат. (Картада күрөң түстө же сызыктар менен көрсөтсөң болот).
- Аппалач тоолору – чыгышында жайгашкан, бийиктиги төмөнүрөөк.
- Өрөөндөр жана түздүктөр:
- Улуу түздүк (Великие равнины) – Кордильеранын чыгышында жайгашкан, чөптүү түздүк.
- Миссисипи ойдуңу – Миссисипи дарыясынын алабында жайгашкан.
- Борбордук түздүк – Улуу көлдөрдүн аймагында орун алган.
- Кен байлыктарын белгилөө:
Муздак түстөрдү (көк, жашыл) нефть, газ үчүн колдонсоң болот
- Нефть жана газ: Аляска, Мексика булуңу, Техас, Альберта (Канада).
- Металл кендери:
- Темир – Канаданын чыгышы, Улуу көлдөрдүн аймагы.
- Алтын – Аляска, Калифорния, Юкон.
- Жез – Кордильера тоо кыркаларында (АКШнын батышында жана Мексиканын түндүгүндө).
- Көмүр – Аппалач тоолорунун этектеринде жана Улуу түздүктөрдө.
V этап. Баалоо. 5 минут
Концепция:
Тест (жооптору менен)
- Түндүк Американын эң бийик тоосу кайсы?
A) Анд тоолору
B) Мак-Кинли (Денали) ✅
C) Килиманджаро
D) Эльбрус
Түндүк Американын чыгыш тарабындагы негизги тоо системасы кайсы?
A) Кордильер тоолору
B) Аппалач тоолору ✅
C) Анд тоолору
D) Урал тоолору
- Түндүк Американын борбордук бөлүгүндө кандай рельеф басымдуу?
A) Чөлдөр
B) Түздүктөр ✅
C) Тоолор
D) Өрөөндөр - Түндүк Америкадагы эң ири ойдуң кайсы?
A) Өлүм өрөөнү
B) Миссисипи ойдуңу ✅
C) Амазонка өрөөнү
D) Гоби ойдуңу - Канадалык калкан кайсы рельефтик формага кирет?
A) Түздүк
B) Плато
C) Байыркы тоо ✅
D) Чөл - Кайсы аймакта эң көп мунай жана газ кендери кездешет?
A) Аппалач тоолорунда
B) Мексика булуңунда ✅
C) Гудзон булуңунда
D) Берингов кысыгында - Түндүк Америкадагы эң ири көлдөр кайсы?
A) Байкал жана Танганьика
B) Жогорку көл жана Гурон ✅
C) Виктория жана Титикака
D) Чад жана Арал - Канадалык калкандын негизги кен байлыктары кайсылар?
A) Алтын, күмүш
B) Темир, никель ✅
C) Алмаз, уран
D) Көмүр, жез - Кордильер тоолору кайсы материктерде кездешет?
A) Түндүк жана Түштүк Америка ✅
B) Европа жана Азия
C) Африка жана Австралия
D) Антарктида жана Азия
Сабактын соңунда ар бир топтун упайы саналат жана жеңүүчүлөр аныкталат. Топтор боюнча баалоо. Жекече баалоо.
Үйгө тапшырма:
- Кичинекей баяндама жаз: «Түндүк Американын рельефи жана кен байлыктарынын байланышы» (7-8 сүйлөм).
- Карта же схема тартып, кен байлыктарынын таралышын көрсөт.
- Түндүк Американын рельефин элестетип көр жана анын экономикага кандай таасир этерин ойлон.
Жоопторду кагазга жазып же презентация түрүндө даярдасаң болот!
Комментарийлер