ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «КӨК СЕРЕК» АҢГЕМЕСИН БЫШЫКТОО

  • 14.07.2023
  • 0
ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «КӨК СЕРЕК» АҢГЕМЕСИН БЫШЫКТОО

Мээризат Байгуттуева,

Бишкек шаарындагы №21 ЖОББ мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Классы: 6-класс

Предмети: Кыргыз адабият сабагы

Сабактын темасы: Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк серек” аңгемесин бышыктоо

Сабактын максаттары:

билим берүүчүлүк максаты:

“Көк серек” аңгемеси тууралуу алган билимдерин бышыктоо менен чыгармадан жапайы жырткычтын б.а.карышкырдын кыял-жоругу, бөлтүрүктөрүнө болгон мамилеси, иш аракети жөнүндө билишет;

өнүктүрүүчүлүк максаты:

Карышкырлар адам сыяктуу эле жашоо-тиричилик үчүн күрөшөрүн, жаратылыштын бир мүчөсү катары өз тукумун сактоого аракеттенишерин, бирок кандай болсо да бөрүлүк законун сакташат экенине ынанышат;

тарбиялык максаты:

Берилген суроолор жана тапшырмалар боюнча өз алдынча иштөө аркылуу, бирин-бири сыйлоого,  ойлорун эркин айтууга, жан-жаныбарларга этият мамиле жасоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: өтүлгөн тема боюнча окуучулардын алган билимдерин бышыктоо, жыйынтыктоо.

Сабактын формасы: сабакты жалпылоо, талкуу сабагы

Сабакта колдонулуучу методдор жана ыкмалар: интерактивдүү, аралаш ыкма

Сабактын жабдылышы: интерактивдүү панел, ватман, окуу китептери, слайд, Word wall.

Уюштуруу (2 мүнөт):

— Саламатсыңарбы, балдар! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, ручкаларды жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким дежур? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүнүн алдында сабактагы алтын эрежелер тууралуу эске түшүрөлү.

Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:

  • Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
  • Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
  • Дептерлерибизге жазабыз;
  • Оюбузду эркин, туура айтабыз жана адабий тилдин нормасында сүйлөйбүз!

Азыр болсо силер менен биргеликте “Биздин эске тутумубуз кандай?” деген оюн ойнойбуз. Ал үчүн силер менин кылган кыймыл-аракетиме эмес, айткан сөзүмө көбүрөөк көңүл бурууңар керек болот.

Үй тапшырмасын суроо (2 мүнөт).

А) “Көк серек” чыгармасынын мазмунунан кыскача айтып кетели. Мен кимдердин атын айтсам. Андан ары улантып кетебиз.

Б) Тапшырма үчүн суроолор: Т.Сыдыкбековдун туулган жылы.

  1. Билими тууралуу эмнелерди айта алабыз?
  2. Кандай чыгармалары бар?
  3. Орустардын көрүнүктүү жазуучуларынын чыгармаларын которгон деп билебиз. Кайсы жазуучулардын чыгармаларын которгон? Азаматсыңар!

В) Чыгармага карата сүйлөмдөрдү толуктайбыз.

“Уаң-ий ………………………………………….. эч аяшпайт, ээ. Аяшпайт”.

Анан бир кезде…………………………………………..жепжеңил сүйрөп келе жатты.

Түшүндө ……………чакырбай калганына канчык өкүндү.

Эми силер……………………………………….     Тездегиле. Иң.

……………, ……………………… энесинен калышкан жок.

Кынжыгыйдын ……………………. катуулап сокту.

Көк канчык ошентип чаарчыктарына белги берип ……………………………….. …………… зымырата кубалады.

Мергенчи …………….. кайра ээрдин кашына койду.

Коюлган видео боюнча балдар окуяны айтып беришет. (көк канчыктын капкандан уулушу, Кынжыгыйдын эликке боору оорушу).

Бышыктоо (№1) 3мүнөт. “ООБА ЖЕ ЖОК” методу.

СУРОО

1Аңгемеде карышкырлар өз бир тууганы Сереңбайды жеп коюштубу?

Мантагай, Сербегей, Мулугуй, Балпаңбайлар эликтин баласын кармаштыбы?

Сербегей эликти жебей кыңылдап отурдубу?

“Шордуу, шордуу” деп көк канчык Кынжыгыйды аядыбы?

Кынжыгый боорукерби?

Мергенчи Көк канчыкты атып салдыбы?

Бышыктоо (№2) 7мүнөт.

Окуучуларды эки топко бөлүп тапшырма берүү.

А) Фишбоун 1-топ

 Б)Венндин диаграммасы 2-топ

Теманы толуктоочу кошумча маалымат 3 мүнөт.

Карышкырлар тууралуу берилген кызыктуу маалыматтар менен таанышытырп өтөт.

                 Карышкырлар тууралуу кошумча маалыматтар:

  • Карышкырлар «токой санитарлары» деп аталышат. Себеби алар токойдо кесел болуп калган жаныбарларды жеп, аларды тазалап турушат;
  • Беш карышкыр жүз элүү койду жөн гана өлтүрүп кетүүсү мүмкүн;
  • Карышкырлардын мээси иттердин мээсине караганда 30 % жакшы иштейт;
  • Карышкырлар көп нерсени эсинде сактап калышат. Байыркы мезгилдерде индеецтер карышкырларды эч качан өлтүрүшкөн эмес. Себеби, аларда бир күн келип карышкыр албетте өч алып кетет деген түшүнүк болгон.
  • Карышкырлардын үйүр башчысы ар дайым үйүрдүн алдында куйругун көтөрүп жүрөт. Алардын мыйзамына көрө үйүр башчысы күчтүү жана чоң болуусу маанилүү эмес. Алар үчүн акылдуу жана күчтүү мүнөзгө ээ болгон карышкырлар гана үйүр башчысы болууга татыктуу;
  • Карышкырлардын калың жүнү аларды сууктан жана жамгырлуу, ызгаардуу учурлардан сактайт;
  • Карышкырлар эч качан сасыган эт менен тамактанышпайт;
  • Карышкырлар өздөрүнүн үй – бүлөсүнө аябагандай камкор болушуп, алардын түгөйлөрүн бир гана өлүм экиге бөлүүсү мүмкүн.
  • Карышкырлар эки айда балалайт;
  • Карышкырлардын бөлтүрүктөрү туулгандан кийин үч аптага дейре сүт менен, андан кийин дароо эт менен тамактана башташат;
  • Жаш карышкырлардын тарбиясы менен бир эле учурда анын ата – энеси бирге аракеттенишет;
  • Карышкырлар ар дайым эркиндикте жашашкандыктан алар эркиндикти аябагандай сүйүшөт. Мына ошондуктан да капканга түшүп калган учурларында алар өз буттарын кемирип, качып кеткен учурлары көп кездешет;
  • Карышкырлар токойдогу 9 км аралыктагы добуштарды кеңири гана уга алышат экен, ал эми ачык жерлерде алардын угуу аралыгы 16 км ге жетет;
  • Карышкырлардын көзү аябагандай өткүр болгондуктан түн ичи да күндүздөгүдөй көрүү касиетине ээ;
  • Токойдо жүргөн адамдар өздөрүнүн айланасында карышкырлардын үйүрү жүргөндүгүн байкабай калуулары да мүмкүн, себеби алар арбак сыяктуу аракеттенишет;
  • Карышкырлар өз олжосунун жытын 1,5 км ден сезүүлөрү мүмкүн;
  • Бир карышкыр бир койду кеңири жеп кое алат;
  • Карышкырлар жүгүргөндө саатына 56 км тездикте жүгүрүшөт экен;
  • Эң чоң карышкырдын салмагы 90 кг га чейин болот;
  • Карышкырлар бир эле түндө 80 км ге чейин тамак издеп жөө жүрүшү мүмкүн;
  • Карышкырлар кайсыл жерде көп болсо, ошол жерде каргалар да көп болушат экен. Себеби алар карышкырлардан калган тамак – аштын калдыктары менен тамактанышат;
  • Дүйнө жүзүндө бир жылда 6000 ден 7000 ге чейин карышкырлардын терилери сатылат жана алар негизинен Монголия, Россия, Кытай мамлекеттери тарабынан сатылат;
  • Россияда карышкырларга аңчылык жасоого уруксат берилген. Ар бир аңчы карышкырларды каалаганча атып алууга болот;

 Кыргыздарда карышкыр деп атабай тергешкен. Себеби, карышкыр деп атасак, малга кол салат деген түшүнүк болгон.

Башка чыгармалар менен окшоштугу. К.Баялинов “Ажар”, Ч.Айтматов “Кыямат” романы.

Жыйынтыктоо: Демек, балдар биз бул чыгарма аркылуу адам менен жан-жаныбарлар да жашоо үчүн күрөшөөрүн, жаныбарлар дагы адам сыяктуу өз тукумун сактап калууга аракет кылаарын түшүндүк.

Баалоо 2 мүнөт: Окуучулар өзүн-өзү баалашат. Баалоо кагаздары.

Үй тапшырмасын берүү 2 мүнөт: Адам менен карышкырга синквейн түзүү.  Чыгарманын окуучуларга жаккан окуясын сүрөткө тартып келишет.

Мугалим: — Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип да жетти. Азаматсыңар, балдар!

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер