СЫРТ ЖАНА ЖЕҢИЛ КИЙИМДЕР
- 07.08.2023
- 0
Күлүйпа Мамбетова,
Бишкек шаарындагы №55 мектептин технология мугалими
Сабактын максаты:
билим берүүчүлүк: кыргыздын улуттук кийимдеринин түрүн билүү;
өнүктүрүүчүлүк: жыл мезгилине, жаш өзгөчөлүгүнө карата кийимди барктап кийүүнү үйрөнүү;
тарбия берүүчүлүк: биздин ата-бабаларыбыздын кийген кийимдери менен таанышып, улуттук мурастарды аздектөө.
Cабактын жүрүшү:
1)Уюштуруу;
2) Маанайды жогору кармап, аңгемелешүү менен сабак өтүү.
Мугалим:
-Кыргыз кийиминин, анын улуттук өзгөчөлүктөрүнүн калыптанышы элдин тарыхы менен ажырагыс байланыштуу болгон. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табияттык өзгөрүүлөр, кыргыздын урук-уруу топторунун көчүп конуусус болгон. Ошондой эле бөтөн элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашоо кийимдин өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө таасирин тийгизген. Демек улуттук кийимдер элдин турмуш шартына жараша, эстетикалык көрүнүшкө, турмуштук керектөөгө ылайыкталып жасалган. Мындан сырткары кийимдин ар түрдүү болгону, утур-утур өнүгүшүнө диний көз караштарда өз таасирин тийгизип аны дагы байкоого туура келген.
1-окуучу:
— Чыптама, чермей — сырт кийим. Бел жабылып тургандай жалаң кабат же иштелип тигилген жеңи жок жеңил кийим. Алгачкы чыптама териден, таардан анан кездемеден кебез же жүн салып шырылып жасалган. Уз чеберлер кооздоп өңүрү менен жака жагын саймалап, көбөлөнтүп тиге баштаган. Азыркы кезде чыптаманы түрдүү кездемеден чий баркыт, тукаба, баркыттан тигип ичине кебез салбай сатин менен ичтеп оймо-чийме менен кооздошуп, чыгармачылык менен түрдүү кыска кылып тигишип энелер, кыз-келиндер кеңири колдонууда. Кыз-келиндер кош этек көйнөк менен кийишип улуттук кийимдерди даңазалоодо.
2-окуучу:
— Бешмант — кемселдин бир түрү. Этеги төгүлүп, бели беш жерден кыналып, тизеден беш эли узун болот. Ичине кебез же жүн салынбай ичтелген жеңил тыш кийим. Эркек жана аялдардыкы топчуланма жагынан (оң жана сол) билишет. Жеңи узун бешмант жана жеңи кыска бешмант деп каалаганын кийишет. Кыз-келиндер узун кош этектүү көйнөк менен бешмант кийип баратса, баскан турганы өзгөрүлүп кыймыл аракети назик болуп көрүнөт.
3-окуучу:
—Суп чепкен — адими чепкен, жеңи узун кең бычылып, жалаң кат ичтелип тигилген сырт кийим. Көбүнчө жаз күз айларында кийилет. Чепкен тигилишине карай материалы боюнча бөз чепкен, нооту чепкен, баркыт чепкен, чий баркыт чепкен ж. б.
Пыязы чепкен бышык жана жеңил болгондуктан жогору бааланган. Сырты баркыт чепкенди ичин сатин менен ичтеп кайырма жакалуу кылып тигишкен. Айрым учурда жакасына жана жең учуна сайма түшүрүп коюшат. Аялдар үчүн жасалган чепкендин жака, жең өңүрүнө суусар, кундуз менен жээктеп коюшат.
4-окуучу:
— Кемсел — аялдардын жана эркектердин жука сырт кийими. Ал таардан кездемеден, баркыттан жасалат. Тизеге жетип тургандай бычылып, жаш өзгөчөлүгүнө карата жеңи кыска жана узун болот. Ичин жука кездемеден тигишет. Азыркы мезгилде жалаң кат же ичтелген өңүрү этек жеңдери саймаланып, кооздолгон кемселди жаш кары дебей кийишет. Кемселди кемер кур курчап кийишсе куп жарашып, көргөндөрдүн көз жоосун алат.
5-окуучу:
Чапан — Орто Азия элдеринин улуттук сырт кийими. Бачайы чапан,сатин чапан, баркыт чапан деп жердигине карата айтылган. Жукараак кебез же жүндөн жалатып шырылган.Чепкенден кыскараак тигилген. Ошондуктан кийүүгө жеңил болуп ыңгайлуу болгондуктан, эркектер да аялдар да кийишкен. Жердигин жаш өзгөчөлүккө карата тандашкан. Ургаачылардыкын өзгөчөрөөк саймалап жасашкан. Нойгут чапандын ичи тышы бирге шырылып тигилет. Каптама чапандын ичи өзүнчө шырылып тышы капталып тигилет. Чапанды бычып тигүүдө уздар өздөрү ийгиликтүү тигүүгө аракеттенишкен.
6-окуучу:
— Белдемчи — белден төмөн кийиле турган аялдардын тыш кийими. Баркыт кездемеден этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала тигилет. Белдемчини оор түйшүктүү кыргыз аялдары, жылуу, ыңгайлуу кийим катары жогору баалашкан. Белдемчи белге жылуу болгондуктан жазда, күздө, кышында да тартынышат. Ошондой эле той тамашаларда да кийишкен. Жээктери саймаланып, кундуз карматып, кооздошуп, келиндердин, чоң-энелердин боюна карата тигилген. Белдемчинин алды жагы ачык болот да, саймаланып кооздолот. Этегине да кыдырата сайма түшүрүлөт. Эң ыңгайлуу кийим болуп саналат.
7-окуучу:
— Ичик — элдик салттуу сырткы кийим. Ал кездемеден тышталат, териден ичтелет. Козунун саксагынан улгайгандарга ылайыкташат. Каш кулак ичик, бөрү ичик, сүлөсүң ичик, илбирс ичик буларды эркектер кийишет. Жакалары ичине өңдөшөт. Аял ичиктердин тышы тукаба, баркыт менен тышталып, түлкү, козу, улактын терилери менен ичтелет. Элибиздин каада-салтында ичик кайда болсо баш кийит катары белгиленет. Ичиктин кара күрөң боз болушу улгайгандар үчүн, байбичелерге кызыл, жашыл, көз түстүү кездеме менен тыштап жарашыктуу тигишкен.
8-окуучу:
Тон — өңдөлгөн тон, бордолгон тон. Ал аппак болот. Ышкын түпкө боёлгон тон да жаш өзгөчөлүктөрүнө карата тигилет. Бул тонду элдин көпчүлүгү кийишкен. Балдарга да ойногондо жеңил жылуу болот деп чоң-энелер тигип кийгизишкен. Тондун жылуулугун, жеңилдигин кийген адам билет. Уздар ар түрдүү жипти колдонушкан. Бирок, кебез жип ыңгайлуу болоруун билишкен.
9-окуучу:
— Чопкут, чопкут тон — жоокер кийими. Чопкут бышык кийизден кабатталып арасына бор кум шыкалып тигилген. Чопкутту илгери согушка катышкан жоокерлер, эр сайышка түшкөн балбандар ок, найзадан сактануу үчүн кийилген кийим болуп саналат. Кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалып согушканда туруштук бергидей кылып жасалган.
10-окуучу:
Кементай — бул кылдат уютулган кийизден жасалган сырт кийим. Орто жаштан жогоркулар кийишкен. Жаштар жака-белдерине, жең учтарына адими кездемеден көбөлөтүп аны саймалап кийишкен. Кементай жылкычылар малчылар үчүн эң жылуу жумшак ийкемдүү кийим болуп эсептелген. Кийиздин ар түрдүү түзүнөн орто калыңдыкта бышырылып этеги, жеңи жакасы менен жасалган.
Жыйынтыктоо:
Мугалим:
—Кыргыздын бирдей үлгүдө көрүнгөнү менен ал адамдардын жаш өзгөчөлүктөрүң тандайт. “Адамдын көркү чүпүрөк” дегендей адамдын ажары, ички дүйнөсү, сырткы келбети айкалышып туруу керек. Кийимди аздектеп кийип жүрүү адамдардын милдети. Кыргыздын улуттук кийимдерин унутпашыбыз зарыл. Кийимдерди таза сактап көркөмдүү кийүүгө ар бир кишинин милдети .
Тапшырма: Кийимдерге дайыма аяр мамиле кылууну үйрөнүү.
Комментарийлер