СУУ – ӨМҮРДҮН БУЛАГЫ
- 21.07.2025
- 0

SТЕМ ыкмасына негизделген “Мекен таануу” сабагынын кеңири үлгүсү
Кириш сөз
Мектеп жашындагы балдар жаратылышты өзгөчө кызыгуу менен таанып-билүүгө умтулушат. Аларга суу жөнүндөгү түшүнүктү терең сиңирүү — келечектеги экологиялык маданиятты калыптандыруунун пайдубалы. Башталгыч класстарда “Мекен таануу” сабагын окутууда SТЕМ (Science, Technology, Engineering, Math) усулун колдонуу — окуучулардын илимге болгон кызыгуусун арттырат жана жашоодо керек болгон көндүмдөрдү өнүктүрөт.
Бул сабак “Суу – өмүрдүн булагы” темасында түзүлүп, суунун табияттагы ролу, анын мааниси жана ресурсту үнөмдөө тууралуу түшүнүк берүү максатын көздөйт.
Сабак тууралуу маалымат
Сабактын темасы: Суу – өмүрдүн булагы
Классы: 2–3-класс
Сабактын узактыгы: 40–45 мүнөт
Сабактын түрү: Интегралдык, практикалык
Керектелүүчү ресурстар: Суу, стакан, чөйчөк, жаратылыш материалдары (таш, топурак, жалбырак), планшет/телефон, макет даярдоочу куралдар.
Сабактын максаттары
Окуу максаттары:
— Суунун турмуштагы жана жаратылыштагы маанисин аныкташат
— Табигый ресурстарга кам көрүү зарылдыгын түшүнүшөт
— Сууну үнөмдөө жолдорун сунушташат
— Логикалык, чыгармачылык жана командалык иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.
Метапредметтик максаттар:
— Изилдөө көндүмдөрү
— Практикалык жана логикалык ой жүгүртүү
— Сынчыл ойлоо
— Экологиялык жоопкерчилик.
Сабактын жүрүшү (SТЕМ ыкмасы боюнча)
1. Science (Илим)
Сабак башында окуучулар менен “Суу эмнеге керек?” деген темада мээ чабуулу жүргүзүлөт. Балдар турмуштагы жана жаратылыштагы суунун маанисин айтып беришет.
Практикалык иш:
Эки стакан суу көрсөтүлөт: бирөөсү- таза, экинчиси – булганган (мисалы, топурак кошулган). Окуучулар суунун түсүн, жытын жана чөкмөсүн байкашат. Бул иш-аракет сууну таза сактоо, булгануунун коркунучтары жөнүндө түшүнүк берет.
2. Technology (Технология)
Окуучулар планшет же телефон аркылуу “Суунун айлануусу” тууралуу анимацияны көрүшөт. Видео аркылуу суу бууланып, булутка айланып, кайра жамгыр болуп жаашын түшүнүшөт.
Үй тапшырма (ата-эне менен):
“Биз суу кантип үнөмдөйбүз?” деген темада кыскача видео тартуу (1–2 мүнөт). Бул тапшырма окуучулардын үй-бүлөлүк ресурстарга болгон жоопкерчилигин күчөтөт.
3. Engineering (Инженерия)
Топтук иш: “Үнөмдүү суу пайдаланган мектеп” макетин жасоо.
Окуучулар топторго бөлүнүп, кагаздан же таштан мектеп макетин түзүшөт. Ичине суу сактагыч, кудук, жаан суусун чогултуу системасы, фильтрлер сыяктуу элементтер кошулат.
Максат:
Суу ресурстарын үнөмдөөгө жана кайра колдонууга болгон жөнөкөй идеяларды жаратуу.
4. Math (Математика)
Окуучулар бир күндө канча жолу кол жууй турганын эсептешет. Ар бир кол жууганда 2 стакан суу кетет дегенден улам:
Мисалы:
5 жолу × 2 стакан = 10 стакан/күн
10 стакан × 7 күн = 70 стакан/жума
Бул бөлүмдө сууну керексиз колдонбоо мааниси практикалык эсептер аркылуу түшүндүрүлөт.
Жыйынтык бөлүмү
Ар бир топ өзүнүн ишин сунуштап, эмне үйрөнгөнүн айтып берет. Айрым окуучулар өзүнүн видеосун көрсөтөт, ал эми башкалар макетин түшүндүрөт. Сабак аягында мугалим сууну таза жана үнөмдүү колдонууга чакырып, окуучулардан “Сууну сактаган 5 кеңеш” деген плакат даярдоону сунуштайт.
Корутунду жана сунуштар
Бул сабак SТЕМ ыкмасынын бардык компоненттерин практикалык жана түшүнүктүү формада камтыйт. Башталгыч класстын окуучулары илимий ойлонууну, чыгармачылыкты, инженердик көндүмдөрдү жана логикалык эсептөөлөрдү бир эле убакта үйрөнүшөт. Эң негизгиси — окуучу сууну жөн гана ичүүчү суюктук эмес, өмүр булагы катары кабыл ала баштайт.
Сунуш: Мындай темаларда сабак өткөрүү менен мугалим окуучулардын жаратылышка болгон мамилесин, жоопкерчилигин жана байкоо жүргүзүү жөндөмүн өнүктүрөт. SТЕМ ыкмалары бардык предметтерде ийгиликтүү колдонулушу мүмкүн.
Эркинай Казыева,
Баткен мамлекеттик университетинин Педагогика жана коммуникациялар колледжинин биология сабагынан окутуучу
Комментарийлер