STEM — жаңы багыт, жаңы түшүнүк

  • 23.02.2025
  • 0
STEM — жаңы багыт, жаңы түшүнүк

Семинар сабак

Семинар эки бөлүмдөн турат. Убакыт: 90 минута. 1-бөлүм: Лекциялык бөлүк “STEM — жаңы багыт, жаңы түшүнүк” видео-слайд аркылуу түшүнүк берүү.

Өтүлгөн темаларды кайталоо: Майлар деген теманы Joyteka платформасы аркылуу кайталоо.

https://joyteka.com/100877277

2-бөлүм: Практикалык иш “Углеводдор”.

Долбоордук иштин максаты: Долбоордун темасына ылайык маалымат издөө, талдоо, баа берүү, көйгөйлөрдүн үстүнөн изилдөө иштерин жүргүзүү, маалыматтык технологияларды пайдалануу, өз алдынча чыгармачылык менен иш жүргүзө алуу.

Долбоордук иштин этаптары:

  1. Углеводдор жөнүндө маалымат.
  2. Углеводдордун тарыхый пайда болушу, физика, химия, биологиялык мааниси, инженердик технологиянын камтылышын изилдөө.
  3. “Углеводдор” темасындагы долбоордук иште STEM билим берүүнүн табигый илимдерге изилдөө жүргүзүү.
  4. Долбоордук изилдөөчүлүккө маалымат катарында видео слайдды пайдалансаңыздар болот.
  5. Бардык берилген этаптар боюнча алынган маалыматтарды топтоо.
  6. Изилдөө иштерин жүргүзүүдө аналитикалык маалыматты жүргүзүү.
  7. Изилдөөнүн эсептөөлөрүн математикалык тактыкта эсептөө.
  8. Долбоордун жыйынтыгын даярдоо.
  9. Илимий изилдөө ( практикалык же лабораториялык, электрондук окуу материалдарын өз ичине камтылышы зарыл) иштерин жүргүзүү.
  10. Презентация, долбоордук ишти жактоо.

Студенттер өздөрү каалаган долбоорлоруна отурушат.

S «Крахмалды изилдөө»  долбоору

  1. Крахмал тууралуу маалымат топтоо.
  2. Крахмалдын касиеттерин изилдөө (крахмалдын алынышы, крахмалдын классификациясы, крахмалдын адамзат үчүн мааниси) ж.б. практикалык иш жүргүзүү.
  3. Крахмалдын физикалык касиеттерин изилдөө (өңү, жыты, агрегаттык абалы) эксперимен жүргүзүү.
  4. Крахмалдын биологиялык касиеттерин изилдөө жана практикалык иш менен иштөө.
  5. Крахмалдын химиялык касиеттерин изилдөө (иод менен аракеттенишүүсү) эксперимент жүргүзүү.
  6. Корутунду чыгаруу.

Практикалык иштин жүрүшү.

  1. Крахмалдын өз ара иод менен аракеттениши.
  2. Кургак крахмалдын касиети менен таанышкыла.
  3. Өңү
  4. Колуңар менен кармап көргүлө, муздак сууга, ыссык сууга, спиртке салып эригичтигине байкоо жүргүзгүлө.
  5. Пробиркага крахмалды салып, суу куюп жалынга кармагыла. Байкаганыңарды түшүндүрүп бергиле.
  6. Картошкага, нанга, капустага, алмага, пиязга иоддун эритмесин тамызгыла эмнени байкадынар? Байкаганынарды түшүндүрүп бергиле.
  7. 3 пробиркага унду, картошка крахмалын, жүгөрү крахмалын салып үстүнө иод эритмесин тамызгыла. Байкаганыңарды түшүндүрүп бергиле.

Керектелүүчү каражаттар: картошка крахмалы, жүгөрү крахмалы, иод, шприц, муздак суу, ыссык суу, спирт, картошка, нан, капуста, алма, пияз.

Крахмал тамак-аштын курамын түзгөн негизги углевод. Организмде ферменттердин таасири менен гидролизденет, глюкозага айланат, андан канга сиңет, ашык глюкоза боордо  запас түрүндө топтолот.

Крахмал – сууда эрибей турган ак порошок, ысык сууда көбөт, бара-бара каллоиддик эритмеге өтүп, клейстерди пайда кылат.Крахмал жаратылышта фотосинтез процессинин негизинде синтезделет.

Крахмал ар түрдүү өсүмдүктөрдө ар кандай санда кармалат. Өзгөчө дан үсүмдүктөрдүн данчаларында азык заттардын запасы катары кармалып турат. Мисалы, күрүчтүн данында 80-86%, буудайда – 75%, жүгөрүдө -72%, карошканын клубенинде 25% ке чейин кармалат.

Крахмал өнөр жайда да кеңири колдонулат. Гидролизге учурагандыгы  аралык зат декстриндердин глюкоза менен болгон аралашмасы патока деп аталган зат алынат, ал момпосуй, мармелад ж.б. таттуу тамак аш даярдоо үчүн колдонулат. Крахмал этил спиртин өндүрүүдө да керектелет.

Крахмал кир кокту крахмалдоо үчүн колдонулат. Ысык үтүк менен басканда крахмал бир аз гидролизделип, анын декстриндерге айланышы жүрөт. Декстриндер кездеменин бетинде тыгыз челди пайда кылат, ал эми тыгыз чел болсо, кездемени өңүнө чыгарып, кир чалуудан сактайт.

Крахмал жана андан алынган заттар кагаз, желим өндүрүүдө, медицинада колдонулат.

Крахмал тамак-аштын курамына түзгөн негизги углевод. Организмде ферменттердин таасири менен гидролизденет, глюкозага айланат, андан кийин канга сиӊет, ашык глюкоза боордо запас түрүндө топтолот.

Углеводдор — табиятта кеңири тараган, бардык тирүү организмдердин түзүлүшүнө кирип, алардын жашоосуна өтө керектүү органикалык кошулмалар. Жаратылышта кеңири тараган глюкозанын түзмөгү. Рафиноза — жаратылыш трисахариди, D — галактозадан, D — глюкозадан жана D — фруктозадан түзүлөт.

Углеводдор — көмүртектен, суутектен жана кычкылтектен турган органикалык заттар. Алар кант, крахмал, клетчатка түрүндө жашылчалардын, жемиштердин, дандардын жана башка өсүмдүктөрдүн курамына кирет.

Картошка тарыхы:

Картошка таттуу картошка жана башка Анд өсүмдүктөрү менен бирге, болжол менен 7000 жыл мурун үйдө багылып келген, бирок Түштүк Американын жергиликтүү тургундары жапайы картошканы төрт миң жыл жана андан ашык жылдар бою жеп келишкен. Үйдөштүрүүнүн себеби толук түшүнүксүз, бирок бул жөнөкөй ойлоп табуунун натыйжасы эмес, айлана-чөйрөгө кандайдыр бир ылайыкташуу болушу мүмкүн, Американы жеңип алгандан кийин, европалыктар үчүн бир нече кылымдар (1500-жылдардын башынан 1800-жылдарга чейин) убакыт талап кылынган. картошканы толугу менен кабыл алуу. Ирландиялык ачарчылык
Рим Папасы (1845-1859) өкмөттүк кароосуздуктан, ошондой эле кеч оорудан улам пайда болгон. Француз картошкалары 1680-жылга чейин Бельгияда же Голландияда ойлоп табылса, кууруу үчүн тоңдурулган жана курама картошка 1940-жылдардын экинчи бөлүгүндө жаралган.

T     «Инсулин күчтүү эриткич” долбоору

  1. Углеводдорго байланыштуу 3D видео табуу.
  2. Адамдын организминдеги глюкозанын орду.
  3. Инсулин жөнүндө түшүнүк берүү.
  4. Жыйынтыктоо.

Практикалык иштин жүрүшү.

  1. Углеводдор жөнүндө 3D  видео коюу, аны түшүндүрүп берүү.

Глюко­за — өтө майда ак түстөгү кристаллдык зат, жыты жок, сууда жакшы эрийт. Глюкоза жаратылышта кенен таркалган. Ал мөмө-жемиштердин таттуу даамдарын түзөт. Ал жүзүмдүн ширесинде көп, ошондуктан глюкозанын дагы бир аталышы – жүзүм канты деп аталат.

Адамдын жана жаныбарлардын организмдеринде глюкоза кандын курамында, лимфа суюктуктарында (0,1%) кездешет.

Дени сак адамдын заарасында глюкоза өтө аз санда болот. Ал эми диабет менен ооруган адамдыкында (12%) глюкоза көбөйүп кетет.

Адамдын жана жаныбарлардын организминде углеводдор крахмалга окшош татаал глюкоген деген кошулма түрүндө кездешет. Татаал углеводдор организмде жай, ал эми жөнөкөй углеводдор: кант, глюкоза, фруктоза тез ажырашат. Жай ажыроочу углеводдорго адамдын жоон ичегисинде дайыма жашап жүргөн бактериялар таасир этип, андан ары ажырашына алып келет. Адамдын канында углевод негизинен глюкоза түрүндө болуп анын саны туруктуу келет, орто эсеп менен 0,1%. Эгерде глюкозанын саны 0,1-2% -1,12% чейин көбөйсө анда глюкоза кандан боорго жана булчуңдарга өтүп глюкоген түрүндө сакталат. Ал эми канда глюкозанын өлчөмү 0,1% азайса анда боордогу жана булчуңдардагы гликоген ажырап кайра канга келет.

Инсулин — жаныбарлардын жана адамдын уйку бези иштеп чыгаруучу белоктуу гормон. Химиялык жол менен синтезделген гормондордун эң алгачкысы. Инсулин организмдин глюкозаны сиңирүүсүн, боордо гликогенди синтездөөнү жана анын булчуң талчаларында топтолуусун камсыз кылат, майдын пайда болушун, белоктун синтезин күчөтөт.

Организм кандагы бардык кантты (глюкоза) кайра иштете албай калганда оору пайда болот; ал өтүшүп кетсе, жүрөк кармап калат, инсульт алат, сокурдукка алып барат, бөйрөк иштебей же буттарды кесип салууга чейин барат.

Биз тамактанганда, денебиз көмүрсууну (углевод) кантка (глюкоза) майдалап бөлөт. Уйку бези иштеп чыккан инсулин аттуу гормон организмибиздеги клеткалар күч-кубат алуусу үчүн ошол кантты сиңирип алуусун шарттайт.

Инсулин иштелип чыкпай калганда же жакшы иштебей калганда канда кант топтолуп калып, диабет пайда болот.

Углеводдор үч топко бөлүнөт:

  1. Моносахариддер (глюкоза, фруктоза, рибоза)
  2. Дисахариддер (Сахароза)
  3. Полисахариддер (крахмал, целлюлоза)

Углеводдорду негизинен, полисахариддер (нан, картошка, дандан жасалган тамактар) нормада тамакка иштетүү сунуш кылынат.Себеби бул продуктулар киши организминде акырын окистенүүнүн натыйжасында ажыралып керектүү энергия менен күн бою камсыздайт.

Моносахариддер (кум шекер, конфет, варенье, бал сыяктуулар) продуктулар тез ажыралышат. Алар такай тамак катары пайдаланылган учурда, организмде майга айланып, семирүүнүн себеби болот. Өзгөчө, эмгекти сүйбөгөн кишилер буга жөндөмдүү болушат.

Кара күч эмгеги, дене тарбиясы жана спорт менен машыккан кишилерде, углеводдор нормадан ашыкча желген учурда, анын ажыралып энергия пайда кылган бөлүгүнөн ашыкчасы глюкогенге айланат. Глюкоген булчуң талчаларында, боордо чогулат жана киши эмгектенген учурда, ачка калган учурда ажыралып, энергияны пайда кылат. Машыккан спортчулардын булчуңдарында глюкогендин запасы көп болот.Ошондуктан алар тез чарчашпайт.

                 “Paper  жасоо” долбоору

  1. Информатика, технология, инженерия окуупредметтери менен айкалыштыруу аркылуукагаз жасоодо кандай технологиялык каражаттар керектелерин такташат жана даярдашат, үйрөнүшөт.
  2. Жасоо этаптарын үйрөнүшөт.
  3. Этабы менен жасашат, түшүнүгүн айтып беришет.
  4. Жыйынтыктоо.

Практикалык иштин жүрүшү: Түстүү кагазды үй шартында жасоо.

Керектелүүчү каражаттар: Майда кагаздар, түстүү кагаз, суу, блендер, сетка,идиштер.

Булалар – ийрүүгө жарактуу жана текстиль буюмдары даярдала турган ийкемдүү, ийилчээк жиптер. Алар табигый же син­тетикалык полимерлерден өндүрүлөт.

Табигый булалар өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардан алынат: пахта, зыгыр, жүн, жибек, кендир.

105-жылы пекиндик падыша сарайынын төрөсү Цай Лунь кара курайдын, зыгырдын булаларынан жана чүпүрөктөрдөн биринчи жолу кагаз даярдаган. Ал убакта кытай императорунун жеткен акылман кеңешчилери адам баласы үчүн кагаздын кандай ролду аткарарын алдын ала айта алышкан эмес.

Кагаз — (пахта сөзүнөн улам келип чыккан) — Өсүмдүк целлюлозасынан алынуучу терсек. Кагаз, кат жазууда, гезитжурнал чыгарууда, сүрөт тартууда колдонулат.

1803-жылдан тарта кагазды алууда кагаз иштеп чыгуучу шаймандар пайдаланылышат.

Тарых

Кытай жазууларын карап көрсөк кагаз б.з. чейин 105-жылы Цай Лунь тарабынан ойлоп табылган. Бирок 1957-жылы Кытайдын түндүк аймагындагы Шаньси чөлкөмүндөгү Баоця деген үнкүрүндө табылган көрүстөндө кагаздын калдыктары табылган. Ал калдыктарды изилдегенде б.з. чейин II кылымга таандык болгон.

Цай Лунь жибектин калдыктарын, жыгач күлүн, жана дүмбүрдү пайдаланып биринчи кагазды алган. Ал, баардыгын майдалап, суу менен аралаштырып, алынган аралашманы жыгач калыпка салып кургаткан. Кургагандан соң ал аралашманы таштын жардамы менен тегиздеп түздөп кагаздын бекем барагын жасаган.

VII кылымдын башында кагазды жасоо ыкмасы Кореяга жана Жапондорго белгилүү болот. Ал эми 150 жылдан соң согуш учурунда камакка алынган жергиликтүү калктан арабтар да билишет.

VI—VIII кылымдарда кагазды өндүрүү Борбордук Азияда, Кореяда, Жапонияда жана башка Азия өлкөлөрүндө жүргүзүлөт. XI—XII кылымда кагаз Европада пайда болот. XV—XVI кылымдарда китеп жазуу жоголку денгээлге чыккандыктан кагаз өндүрүү да кескин өнүгө баштайт.

Кагаз өндүрүүдө негизги орунду XVII кылымда ролл-шайманы аткара баштайт. XVIII кылымдын соңунда роллдор көп өлчөмдө кагаз өндүрүүгө өбөлгө түзөт. Бирок ошентсе да ролл-шайманы колго иштегенгиктен өндүрүү аз болот. 1799-жылы Н. Л. Робер (Франция) тынбай иштей турган кагаз өндүрүүчү шайманды ойлоп табат. Англияда болсо Г. жана С. Фурдринье бир туугандар, Робердин патентин сатып алышып кагаз өндүрүүнү улантып келишкен, ошентип 1806-жылы кагаз жасоочу шайманды патенттештиришкен. XIX кылымдын ортосунда бул жөнөкөй шайман оор механизмдеги агрегатка айланат да, автоматташтырылган учурга өтөт.

М      “Кызылчанын фигурасын изилдөө” долбоору

  1. Кант кызылчасынын геометриялык фигурасын изилдөө.
  2. Киши бир суткада, бир күндө канча углеводго муктаж.
  3. Углеводдорду граммга, килограммга айландыруу.
  4. Конус тууралуу маалымат.
  5. Жыйынтыктоо. 

Практикалык иштин жүрүшү. 

  1. Орто эсеп менен чоң киши бир күндө 400-500 гр. углеводдорго муктаж, ошондо бир айда канча гр, кг углеводдорго муктаж болот?
  2. Кара жумуш жасаганда же спорт менен машыкканда 800-900 гр. Углеводдго муктаж болот,  бир айда канча гр, кг углеводдорго муктаж болот?
  3. 1 гр углевод кычкылтектин таасири менен ажырап, 4,1 ккал энергия бөлүп чыгарат, бир күндө, бир айда канча ккал энергия бөлүп чыгарат?
  4. Кара жумуш жасаганда же спорт менен машыкканда бир күндө, бир айда канча ккал энергия бөлүп чыгарат?
  5. Кант кызылчасынын фигурасын жасоо. Конус жасоо.
  6. Керектелүүчү каражаттар: түстүү казаздар, клей, сызгыч.

Углеводдор организмде негизинен энергиянын булагы катары кызмат аткарышат. Ошондуктан активдүү жумуш аткарган кишинин углеводдорго муктаждыгы чоң. Адамдын углеводду керектеши ар кандай жана бул керектөө адамдын жашына, иш аракеттеринин мүнөзүнө, ошондой эле алар ичкен тамактарынын сапатына жараша болот.

Аныктамасы:Тик бурчтуу үч бурчтуктун калаган бир катетин айландыруудан пайда болгон телону конус дейбиз

Конус (латынча conus) – 1) элементардык геометрияда, тик бурчтуу үч бурчтукту бир катети боюнча айландыруудан алынган геометриялык нерсе. Конус же конустук беттин кандайдыр бир сызыктын бардык чекиттерин түзүүчү мейкиндиктин берилген чекиттери (чокусу) менен туташтыруучу түз сызыктардын (багыттоочусу) геометриялык орду. 2) Эгерде багыттоочу — түз сызык болсо, анда Конус тегиздикке, ал эми багыттоочу сызык чокусу менен бир тегиздикке жатпаган 2-тартиптеги ийри сызык болсо анда 2-тартиптеги Конуска айланат. Катет Конустун огу деп аталганда Конустун негизи тегерек болот. Ал эми экинчи катети Конустун негизинин радиусу (rR), гипотенузасы Конустун түзүүчүсү (l) болуп эсептелет. Конустун бетин сызган АВ жагы – Конустун түзүүчүсү, А чекити анын чокусу. Конустун чокусунан анын негизине чейинки h аралык бийиктиги. Конустун көлөмү πr2h/3, каптал бети πrl болот. Эгерде Конусту биринчи тегиздикке жарыш (параллель) экинчи тегиздик менен кессек, кесилген Конус пайда болот, анын көлөмү n(R2 +r2+Rr)h/3, каптал бети n(R+r)l барабар.

Балдардын организми углеводдорду тез жана толук сиңирет, ошондой эле канда ашыкча глюкоза туруктуу келет. Ошону менен бирге бала кантты жана таттуу азыктарды көп жесе ичи көөп дааратканага тез-тез барышы мүмкүн.

Таттуу нерселерди көп жегенде балдардын тиши да ооруп бузулат. Анысы аз келгенсип адатта таттууну көп жеген бала башка тамак-ашты дээрлик жебейт.

Сахароза кант кызылчасында (16 – 20%,), бал камыштын (14 – 26%) курамына кирет

Сахароза глюкоза менен бирге көп өсүмдүктөрдүн мөмөлөрүндө жана жалбырактарында болот.

Сахарозаны кант кызылчасынан жана кант камышынан алат. Кантты өндүрүүдө химиялык айлануулар жүрбөйт, анткени ал табигат продуктуларында болот. Аны таза түрүндө бөлүп алат.

Физикалык касиети. Таза сахароза- сууда жакшы эрий турган, даамы таттуу, түссүз кристаллдык зат.

Презентация:

Ар бир долбоордун студенттери берилген тапшырмалар боюнча байкагандарын жыйынтыгын чыгарып, түшүнүгүн айтып беришет.

Жыйынтыктоо:

STEM адистери изилдеген, жаңыдан ачкан ачылыштардан таап келебиз.

STEM_технологиясы. видеослайд

STEM - жаңы багыт, жаңы түшүнүк

Марипова Замира, Баткен мамлекеттик университетинин Педагогика жана коммуникациялар колледжи, биология окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер