СПИД — КЫЛЫМ ДУШМАНЫ!

  • 22.01.2024
  • 0
СПИД — КЫЛЫМ ДУШМАНЫ!

СПИД - КЫЛЫМ ДУШМАНЫ!Айзада Кадырова,

Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын

 №19 Адылбек Абдукаимов атындагы орто мектебинин мугалими

«Биз СПИДге каршыбыз!» урааны астында «СПИД — кылым душманы!» аттуу сынактын жүрүшү.

Катышуучулар: 11-10 класстын окуучулары, ата-энелер, мед.кызматкер.

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү ар жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жургүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач “Төрт-Г” деп атаган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром)алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнү деп 7 жылдан кийин жарыялаган.

                                                 ВИЧ деген эмне?

“Вирус иммуннодефицита человека”, кыргызчасы — “адамдын иммундук жетишсиздиги вирусу”. Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып,  СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада, адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.

Иммунитет — ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада  иммунитет өтө төмөндөп, СПИД оорусун пайда болушуна жол ачат.

СПИД деген эмне? Орусча — “синдром приобретенного иммунодефицита”, кыргызча которулушу “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому”(КИЖС).

СПИД Кыргызстанда адамга биринчи жолу жуккан учур 1987-жылы болгон. Токмокто окуган чет элдик студенттен ВИЧ табылган. 1996-жылы Кыргызстандын жаранынын өзүнөн биринчи жолу табылган.

Кыргызтанда ВИЧ, СПИДке чалдыккан 4178 адам бар, анын ичинде 3995 — Кыргызстандын жараны, калгандары чет элдиктер. Эксперттердин баамында, айыкпас илдетке чалдыккандардын чыныгы саны 11-12 миңге чейин барышы мүмкүн.

20-майда СПИДден каза болгондорду эскерүү күнү белгиленет. Ушул күнгө карата 15-майда студенттерди, базарда иштегендерди жана жалпы эле каалоочулардын баарын ыктыярдуу түрдө текшерүү акциясы башталган. Бул акция бир эле учурда өлкөнүн бардык областтарында жүргүзүлөт.

БУУнун маалыматына караганда дүйнөдө ВИЧ, СПИД менен жашап жаткан болжол менен 34млн адам бар.  Кун сайын ВИЧке жети миңдей адам чалдыгат. Жыл сайын дүйнөдө эки миллионго жакын адам СПИДден каза болууда.

Окуучулар арасында өткөрүлгөн сынактын шарттарына ылайык, төмөндөгүдөй тапшырмалар аткарылды:

  1. Саламдашуу
  2. СПИД боюнча маалымат
  3. “СПИД — кылым душманы” аттуу темада турмуштук бир көрүнүш
  4. Обондуу ырлар

Бул сынакта окуучулар эң жакшы ырларды жеткиликтүү ураан түрүндө айтып, активдүү катышты.

Айзирек

Түгөтүп жанды кыйнаган,

Түгөнгүр СПИД эң жаман!

Маңкурт болуп, мал болуп,

Миллиондоп өмүр кыйраган!

Кесепет мындай кеселден,

Кутулбай келет канча адам.

Үмүтай

Тирүүлүк үчүн күрөшүп,

Түйшүккө түштү бүт аалам.

Генофонд куурап  жут конот,

Жалпы улут жок болот!

Майыптар элде көбөйүп,

Мунжу, сокур, бүт толот!

Айгерим

Жоголбой кайра шум СПИД,

Жабышып келет өйдөлөп.

Чатагын салып ВИЧ,СПИД

Чаташса бутка жөрмөлөп,

Разаковдой, Чыңгыздай,

Чыгаандар кайдан төрөлөт?

Байбол

Жабышат СПИД чет жерден

жапондон, араб, негирден.

Жараандары кыргыздын,

Жапаны тартат кеселден.

Илгиз

Саламат эле, эл журтум,

ВИЧ, СПИД эске келбеген.

Добондон наары куумакмын,

Даарыгер болсом эгер мен!

Бекболсун

Мигранттар, чет жакта эс алгандар!

Мыш кылган бизди ошолор!

Жугузуп кылым оорусун,

Журтумду четтеп боздотоор!

Акбермет

Жукса эле СПИД — ал апаат!

Жүлүнгө туздуу шор толоор.

Күрөшсөк жалпы дарт менен,

Кыргызым гүлдөп оңолоор!

Жети атаң таза, сен таза,

Жердеген бизде эл таза!

Энелер сактап гениңди,

Этият болгуң балаңа!

Чынберди

Жолобостон ВИЧ, СПИД,

Жок болсун биздин арада!

Кабылаан Манас сөздөрү,

Калбаса болду талаада!

Окуучулар хор менен:

Улутумдун тамырына балта чапкан,

 Улуу ишке кедерги болуп жаткан,

 Урпактардын келечегин кыйып жаткан,

 Кол үзсөңчү, оо кыргызым, уулу заттан!

 Улутту сен ойлобосоң, мен ойлобосом, ким ойлойт?

 Ойлон Кыргыз !!! Босогоңдо – СПИД!

Жогорудагы ыр саптарынын мазмундуулугу мени таң калтырды

Бул сынакка  ата-энелерди да чакырылып, алар дагы катышып, маалымат алышты.

Айылдын мед айымы Алтынай эже өз ойлорун айтып, бир канча окуучулардын, ата-энелердин суроолоруна жооп берип жатты.  Эже дагы ВИЧ, СПИД ортосундагы айрымачылыктар жөнүндө баса айтып кетти.

Жыйынтыгында, ар бир эл агартуунун адамы ушул айыккыс дарттын дабасын тапканга чейин, ар бирибиз Кыргыз элинин тазалыгын, бүтүндүгүн сактоого өз салымыбызды кошсок деген ойду сунушташты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер