«САРМЕРДЕН» ОЮНУ (3-класс)

  • 27.02.2024
  • 0
«САРМЕРДЕН» ОЮНУ (3-класс)

Тарбия саат

АСАНКАДЫРОВА Гүлүмкан, Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими


                                                      Сабактын темасы: “Улуттук нарк – улуттун жүзү»

Сабактын максаты:                                                                                                                               А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар элибиздин каада-салттын, үрп-адатын “Сармерден оюну” аркылуу түшүнүшөт. Эне тили улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын сүйлөө  кеби артып, туура, так, көркөм сүйлөөгө үйрөнүшөт, логикалык ойлоосу өсүп, эне тилин, кыргыз элин даңазалаган ырларды, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, макалдарды, жаңылмачтарды, көркөм окууларды айтууга жетишишет, улуттук оюндарды ойноого үйрөнүшөт.                                                                                                                                                 В) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар эли-жерин, эне тилибизди, Манас бабабызды сүйүүгө, бири-бирин сыйлоого, улууларды урматтоого, кыргыз наркын билүүгө, биримдикке, достук мамилеге, Мекенин коргоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Сабак-сахна

Сабактын  методу:  Көрсөтмөлүү, суроо-жооп.                                                                      Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, адабий окуу, музыка, дене тарбия.

Сабактын жабдылышы: боз үйдүн түндүгү,  уугу, керегеси, шырдак, төшөктөр, аяк кап, идиштер, макалдар, жаңылмачтар, ырлар, бийлер, оюндар, улуттук тамак аш.

Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: Жагымдуу маанай тартуулоо. Атай Огонбаевдин «Маш ботой» күүсүн уктуруу.                                                                                                                                                         Мугалимдин сөзү: Саламатсыздарбы, бүгүнкү “Сармерден“ оюнун көрүүгө ашыгып келген, урматтуу ата-энелер, ардактуу агай-эжейлер, сүйүктүү  окуучулар! Бүгүн биздин 3-«а» классынын «Сармерден» оюнуна күбө болосуздар. «Сармерден»  эзелтеден элибизде балдар-кыздардын көөнөрбөс салттуу айтышуу оюну болуп саналат.

Мыктыдан мыкты иргелген,
Тандалып баары бир келген.
Кызыктуу оюн курушат,
Биздин кыздар-балдар Сармерден.
(Мугалим калыстар тобу менен тааныштырат).

"САРМЕРДЕН" ОЮНУ (3-класс)

Эрке бала: Саламатсыздарбы, кадырлуу коноктор!
Кылымга аты дал келген,
Кызыктуу оюн  Сармерден.
Кыз-жигитке жарашкан,
Сүйүктүү биздин Сармерден.

Эрке кыз: Кутман күнүңүздөр менен!  Салам айтабыз ыйык лицейибизден!

Эрке бала: Элим сүйүп барктаган,
Эң кызыктуу оюн Сармерден, Ата-энелерибизге арналат,
3 -“а” классынан кызыктуу оюн Сармерден.

Экөө чогуу: Эмесе бүгүнкү  3-“а” классынын Сармерден оюнуна кош келиңиздер!
(Эрке бала, эрке кыз бирин-бири тааныштырат).
Сармердендин эрке баласы – биздин Нурдин,  Сармердендин татынакай эрке кызы – Сезим.

Эрке бала:
Сармерденге келишкен, жалпы коноктор аманбы,
Калыстыгы менен сынаган агай-эжейлер аманбы,
Көрүүгө келген ашыгып, ата-энелер аманбы,
Көркү менен көз талдырган, назик кыздар аманбы!

Эрке кыз: Бербейт бизге саламды,
Балдар бекерге бузбагыла санааны.
Ар өнөрдү багынткан, акылдуу, намыстуу эр жигиттер аманбы!

Эрке бала: Эмесе эне тили жөнүндө көркөм окууну Аязбек баштайт.
Аязбек:
Мен мактансам, тилим менен мактанам,
Тилим менен кыргыз болуп жаралгам. Урпактардан урпактарга сакталган,
Кыргыз тилин Манас  атам барктаган.
Эрке кыз:  Биздин Айбийке жооп берет.

Айбийке:
Баалай билгин кыргыз тилин кыргызым, Сүйлөсүнчү кыргыз тилде уул-кызың..
Калем менен бүт дүйнөгө таанытты,
Тили менен сыймыктанган Чыңгызың!

Эрке бала: Биздин манасчы балдарыбыз, Умар, Ариет, Нурсултан, Арген “Манас” эпосунан үзүндү айтышат.

1. Умар:  Манас ким?
Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш.
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча, көзү тик.
Көбүнө айтса, сөзү тик,
Жалаяк ооз, жар кабак,
Эр мүнөзү көрүнөт.
Ээрди шалпык, ээрди узун,
Мурду кырдач, көзү үңкүр,
Бендеде болбойт, мындай түр,
Алакан  жазык, кол ачык,
Аттанып чыкса жолу ачык,
Алп мүнөзү көрүнөт.
Кең көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең, бели түз,
Айбаты катуу, заары жүз,
Пил мүчөсү көрүнөт.
Жолборс моюн, жоон билек,
Жооруну калың, таш жүрөк,
Жылма кабак, жылдыз көз,
Бөрү кулак, жолборс төш,
Бөлөкчө түрү бар экен.
Кирпиги жалын, көзү чок,
Кишиде мындай сонун жок.
Айткан кеби аткан ок,
Адамда мындай порум жок,
Кирпигине караса,
Курч албарстын учу бар,
Бир өзүнүн башында,
Миң балбандын күчү бар,
Ортон колдун шадысы,
Он жашар бала билектей,
Билектерин караса,
Бир казан батчу немедей,
Мойну бука белиндей,
Ызгаары сырттын желиндей,
Качырганын соо койбос,
Каары катуу көрүндү Ээээээ-эээй

2. Ариет: Бакай ким?
Аксакал Бакай карыя,
Айтканы келген олуя,
Берен Манас баатырга,
Биттейинен бириккен,
Бала кезден бир жүрүп,
Бирге жыты сиңишкен.
Айкөл менен Бакай хан,
Айттырбастан билишкен,
Ак сакалын жайкалтып,
Боз жоргосун чайпалтып,
Капилеттен сөз тапкан,
Караңгыда көз тапкан,
Бабаң Манас баатырды,
Салып жүрүп там кылган.
Сандыргалуу абакең,
Сайып жүрүп бак кылган.
Бабаң Бакай Манасты,
Кырк уруу кыргыз журтуна,
Хан көтөрүп баш кылган Эээээээй.

3. Нурсултан: Манас ким?  Эээээ…эээ…эээй.

Көк жал төрө шер Манас,
Жакыптан туулган Маңгул менен Кытайга, Башынан салган чуулган,
Тогузунда токтолгон,
Тогошкон душман жок болгон,
Он жашында октолгон,
Ок аткан душман жок болгон.
Он бир жашка келгенде,
Оюна кудай бергенде,
Оң солуна кериле,
Өчөгүшкөн душманын,
Ойрондоткон тим эле.
Терең акыл ойлогон,
Тебишкен жоосу сойлогон,
Он экиге келгенде,
Желең сууну бойлогон,
Кас кылгандын баарысы,
Капилет өлүп сойлогон,
Он үчүндө мүчөгөн,
Оттой жанып күчөгөн.
Баш көтөртпөй душманын,
Барган сайын түтөгөн.
Кыргыз элге баш болгон,
Кыймылдаткыс таш болгон,
Алайып тиктеп бет келип,
Айтышкан пенде болбогон,
Каршылашкан ким болсо,
Кырынан сулап сойлогон,
Отуз жашта бул күндө,
Ордолуу орчун хан болгон,
Урматы улуу саналып,
Ойротко сөзү даң болгон,
Үзүлгөнүн улаган,
Чачылганын жыйнаган,
Айрылганын септеген,
Ажыраганын этпеген.
Арбагы баштан кетпеген,
Ыкыбалдуу эр Манас,
Ырыскылуу шер Манас,
Күптүңдү жазаар эр Манас,
Күлкүңдү ачар шер Манас,
Атабыз Манас эр эле,
Ала көөдөн шер эле,
Телегейи тең эле,
Жер жүзүнөн кең эле, Эээээй…ээээй.

"САРМЕРДЕН" ОЮНУ (3-класс)

Эрке кыз: Биздин манасчы-дастанчы  кыздарыбыз Марям, А.Камила, Жазира, Б.Камила “Манас” эпосунан үзүнду айтып беришет.

А.Камила: Манас ким?
Айкөл Манас кабылан,
Атаңдын жайын сурасаң,
Кара чаар кабылан,
Капталынан чамынып,
Чолок куйрук арстан,
Жандай салып качырып,
Ошондо Манас кеп айтат.
Кеп айтканда деп айтат,
Атпай кыргыз  элимди,
Алтын баш аман турганда,
Душманга жерим бастырбай,
Шертим эки болбосун,
Шертти бузган оңбосун,
Төбөсү ачык көк урсун,
Төшү түктүү жер урсун эээ..эээ..ээй.

А.Жазира: Айчүрөктүн сымбаты. Айчүрөктү сүрөттөө.

Кара жерге кар жааса,
Канды көр да этин көр,
Кар үстүнө кан тамса,
Канды көр да бетин көр.
Жүзүм жесе чүрөктүн,
Жүрөгүнөн көрүнөт.
Өрүк жесе чүрөктүн,
Өпкөсүнөн көрүнөт.
Коон жесе чүрөктүн,
Колкосунан көрүнөт,
Кашын көрсөң чүрөктүн,
Асманда жаңы айга окшош,
Кабактагы сууну көр,
Келбетин көрсөң чүрөктүн,
Сыр чыныда сууга окшош.
Маңдайы жарык бото көз,
Моймолжуган ширин сөз.
Күмүш үндүү олоң чач,
Кош каркыра керме каш,
Алтын тиштүү, ай нурлуу,
Алма моюн, түймө баш,
Айдай энең Айчүрөк,
Ак кочкордой даңкайып,
Ак маралдай шаңкайып,
Жылаажындуу дабышы,
Жез комуздай шаңк этип,
Калемдей кара кашы бар,
Кундуздай кара чачы бар,
Берметтей аппак тиши бар,
Журттан башка иши бар,
Перизаттай мелтирейт,
Ак берметтей мөлтүрөйт.
Ургаачыдан шок деген,
Укмушта мындай жок деген.,Эээээ..эээй.

Б.Камила: Каныкей апаны сүрөттөө.
Кара сурдун сулуусу,
Ургаачынын нурдуусу,
Он эки кыздын кенжеси,
Темирхандын эркеси.
Алтын тондун жакасы,
Кайран энең Каныкей,
Аял заттын пашаасы.
Карыя Кошой абаңа,
Канча эмгегин зарп кылган,
Кандагай тигип чак кылып,
Карыя кийип жактырган.
Кан Көкөтай ашында,
Калың журттун кашында,
Кошой бата бериптир,
Кошой бата бергенде,
Калмак, кытай,мусулман,
баары бата бериптир.
Кайран энең Каныкей,
Тилегин кудай бериптир,эээээй.
Эрке бала: Азыр биздин ырчылар Алинур менен Нурэл ”Мен кыргыздын уулумун” ырын ырдап беришет.

Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын,
Көркү ажайып, көз талдырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт  таптаган.
Мен уулумун шамал жиреп, өскөн кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам,жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын,мен кыргыздын, мен кыргыздын уулумун.
(Кыскартылып берилди).

"САРМЕРДЕН" ОЮНУ (3-класс)

Эрке кыз: Биздин сулуу кыздарыбыз Арууке, Минара, Самира, Айбийке Жамила Муратова эжебиздин “Ак кайың” ырын балдарга жооп кылып ырдап беришет.
Жарашыктуу жаштайың,
Жадыраган жаз сайын.
Жаш күнүмдөн тең өскөн,
Жакшынакай ак кайың.

Кайырма:
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн.
Аккан сууң болоюн,
Жаштыгыңды менден ал.
(Кыскартылып берилди).

"САРМЕРДЕН" ОЮНУ (3-класс)

Эрке бала: Биздин өнөрлүү балабыз Улукман Атай Огонбаевдин “Жаштар маршы” күүсүн чертип берет. (Күү чертилет).

Эрке кыз: Баракелде! Азаматсың, Улукман! Биздин таланттуу кызыбыз Минара  Улукманга жооп кылып, Нурак Абдрахмановдун ”Алтын балалык” күүсүн тартуулайт. (Комузда аткарылат).
Эрке бала, эрке кыз: Биздин балдар, кыздарыбыз макалдарды да жакшы билишет, азыр алмак-салмак макалдарды айтып беришет. Кол чаап коштоп туралык! 1.Бийикке чыксаң көңүлүң ачылат, Билимдүүгө жолуксаң көзүң ачылат.
Билим алуу ийне менен кудук казгандай.
2. Билимсиз бирди көрөт, Билимдүү миңди көрөт. Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат. 3. Атанын салган жолу бар, эненин тиккен тону бар. Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт. 5.Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат. Эл эмгегин жер жебейт. 6. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. Өнөрүң болсо, өргө чап. 7.Билеги күчтүү бирди жыгат, Билими күчтүү миңди жыгат. Атаны сыйласаң, акылын ук, Энени сыйласаң, эмгегин баала. 8. Атаң барда жер тааны, атың барда эл тааны. Ат адамдын канаты, Ит адамдын досу.

Эрке бала: Биздин балдар ”Кара жорго” бийин бийлеп беришет. Кол чаап коштоп турабыз. (Бийлешет).

"САРМЕРДЕН" ОЮНУ (3-класс)

Эрке кыз: Азаматсыңар, балдар! Биздин кыздар силерге жооп кылып “Сардал кыз” бийин бийлешет.

Эрке бала: Кыздар сонун бийледиңер! Азыр кыздар менен балдар, кезектешип, жаңылмач айталы!

1-Бала. Күчүк Жусупту чымчылады,Чымчыланган күчүк кыңшылады. Кыңшылаган күчүктөн Жусуптун, Жүрөгү тушүп ымтырады.
(Бир кыз кайталайт).

2-Бала:. Токол музоо сүзөөнөк, Моюнчасын үзөнөөк. Сүзөөнөк, үзөөнөк, Байлап салдык үчөөлөп. (Дагы бир кыз кайталайт).

3-Бала: Айдар мотоцикл айдаар,
Айткылачы, балдар?
Айдардай айдаар алаар,
Араңарда ким бар?
(Кыздардан бирөөсү кайталап айтып берет. Ортодо шырдакка отуруп, кыздар таш менен “Топ таш”, балдар чүкө менен “Хан”, “Кол күрөш” оюнун ойношот).

Эрке бала: Биздин балдар баары чогуу  “Кыргыз калкым” ырын ырдап беришет.   Кемер кур, сайма өтүк, ак калпакчан,
Кээ бирөө билбей жүрөт, анын баркын. Элинен белги берип тааныштырган,
Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.
Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Атыңдан кагылайын кыргыз калкым.
(Ыр кыскартылып берилди).

Эрке кыз: Баракелде, балдар! Азаматсыңар! Биздин кыздарыбыз “Биздин сонун балалык” ырын ырдап беришет.
Бийик максат жаралып,
Бирге өсүп барабыз.
Бийлеп,ырдап көңүлдүү,
Биздин сонун балалык.
Кайырма: Кыялга батабыз,
кызык сыр ачабыз.
Бат эле өссөк деп,
Биз баарыбыз шашабыз.
(Кыскартылып берилди)

Эрке бала, эрке кыз чогуу:
Азыр биздин чоң ата, чоң эне, тай ата, тай энелерибиз “Сармерденди” өз  өнөрлөрү менен улантышат.
(Ата-энелер алмак-салмак эки топто балага, Мекенге, ата-энеге арналган обондуу ырларды аккордеондун коштоосунда ырдап беришет).
Чоң ата, чоң энелер балдарга ак баталарын беришти. Калыстар тобундагы эжейлер окуучуларга терең ыраазычылык билдиришип, окуудагы ийгиликтерди каалап, эки команданын өнөрлүү, таланттуу экенин  баалашып, балдар менен кыздардын ортосундагы достук жеңди деп, эки команданы тең лицейдин атынан Ардак Грамота менен сыйлашты.

Жыйынтыктоо:
Эрке бала, эрке кыз чогуу: Урматтуу агай-эжейлер, биздин коноктор, ардактуу ата-энелер, сүйүктүү окуучулар 3-“а” классынын “Сармерден” оюну соңуна келип жетти. Келип, көрүп, колдоп бергениңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Саламатта болуңуздар!

Бөлүшүү

Комментарийлер