Салмакты өлчөө. Килограмм

  • 25.12.2024
  • 0
Салмакты өлчөө. Килограмм

Кожобекова Дария, Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби мекемеси, Ош облусу, Чоң-Алай району

Математика, 2-класс

Сабактын тиби:  Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын ыкмасы: Түшүндүрүү жана негиздөө,  моделдештирүү,  математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү прогресси.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, акылдуу доска, манипулярдык көрсөтмө куралдар,  түстүү сүрөттөр, карточкалар,  геометриялык фигуралар.

Салмакты өлчөө. Килограмм

Уюштуруу. Мугалимдин ишмердүүлүгү: Саламдашат. Окуучулардын окуу куралдарына, класстын тазалыгына көңүл бурат.

Окуучунун ишмердүүлүгү: Саламдашышат. Хор айтышат:

Математика үйрөтөт:

Жашоодо так болушту,

Турмушта сак болушту,

Достукта бек болушту,

Баарлашып келишкенди,

Соодалашып чечишкенди.

Сабакка даярданышат.

Баалоо: 1) Баалоо баракчасын ар бир окуучуга таркатат. 2) Сабактын жүрүшүндө геометриялык фигуралар колдонулат.

Үй тапшырма: Интерактивдүү доскадан тапшырманын чыгарылышын көрсөтөт.

(23+32)+(16+25)=55+41=96

82-(50+17)=82-67=15

1-бөлүм. Сабакты ачуу жана киришүү

Мугалим сабактын максаты менен тааныштырат.

1.Чоңдуктарды аныктоо: Чоңдуктарды аныктоо үчүн сүрөт чагылдырылат. Сүрөттүн негизинде суроолор берилет.

а) Сүрөттөн эмнени байкап жатасыңар?

б) Балдардын колундагы буюмдар кандай салмакта экендигин айта аласыңарбы?

в) Салыштырып көргүлөчү.

Окуучулар сүрөттү көрүү аркылуу предметтердин салмагын божомолдоп аныкташат.

Салмакты өлчөө. Килограмм

Мугалим: Анда мен силерге таразанын пайда болуу тарыхы жөнүндө айтып берейин. (Акылдуу доскадан сүрөттүү текст чагылдырылат)

Тараза пайда боло электе адамдар бири-бири менен өстүргөн жер-жемиштерин алмашчу экен. М: Бирөөндө (нандын сүрөтү) болсо, бирөөндө (сабиздин сүрөтү) болгон. Алар мүшөгүнө мүшөк  Салмакты өлчөө. Килограмм берип  алмашчу экен. Кийинчерээк жыгачка жипти илип, ал жипке табакты байлап коюшкан (тараза). Ошол эле бир мүшөк сабизди бир табагына, картошканы экинчи табагына коюшкан. Андан кийин акырындык менен  Салмакты өлчөө. Килограмм  ойлоп табышкан. Жеңил заттарды (фунт) менен оор заттарды (пуд) менен өлчөшкөн. Акырындык менен түрдүү таразаларды, ар кандай килограммдагы таштарды ойлоп табышкан. “Килограмм” деген сөз узун болгондуктан, аны “кг” деп кыскартып белгилеп жазышкан. Килограммды  математикада гана эмес, турмушубузда да өтө көп колдонобуз.

Демек, азыркы айтылган маалыматка таянып, өзүбүз да тажрыйба жүргүзүп көрөлү.

2.Түз салыштыруу. Манипулярдык көрсөтмө куралдар берилет.

М:Картошка, таш.

3.Стандарттуу эмес салыштыруу.

4.Стандарттуу салыштыруу

Диагностикалык баалоо жүргүзүлөт.

Дүкөндөн азык-түлүк алууда, алардын салмагын так билүү үчүн кантип өлчөп аласыңар?

Балдар бирдей көлөмдөгү картошка менен ташты эки колуна кармап, элестетүү аркылуу  түз салыштырышат, оор жана жеңил түшүнүктөрүн айкалыштырышат. Ошол эле картошка менен ташты таразанын табагына коюу менен, таштын салмагына теңдөө үчүн  канча картошка салуу керектигин аныкташат.

Салмакты өлчөө. Килограмм

Балдар элестетүү менен таразаны колдонорун айтышат.

2-бөлүм. Окуучуларда түшүнүүнү калыптандыруу.

Маселенин мазмуну берилет

Дүкөнчү 1 тор баштык пиязды таразанын табагына койду.Экинчи табагына 1кг, 2кг, дагы 2кгдык таш койгондо гана тараза тең салмактанды. Пияз канча килограмм эле?

Маселени талкуулоо:

1.Маселеде кандай маалымат жана кандай сандар сунушталган?

2.Бизге эмне белгилүү? Эмне белгисиз?

Багыттоочу суроолор:

1.Кандай жооп алдыңар?

2.Кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?

3.Маселени чыгаруунун башка жолу менен ким бөлүшө алат?

Карама-каршы пикир жаратуу

Башка балага сунуштаганда, “жообу 4 болот” деп айтты. Силер аны менен макулсуңарбы? Кандай сунуш айтат элеңер?

Салмакты өлчөө. Килограмм

Эс алуу мүнөтү. Акылдуу доскадан нейрогимнастика көрсөтүлөт.

Практикалык иш (топто иштөө). Окуучулардын деңгээлдерине жараша маселелер жазылган карточкалар таркатылат. Окуучулар тапшырманы аткарып жаткан учурда класс ичинде басып, процесске байкоо жүргүзөт. Кыйналган окуучуларды блокнотуна белгилеп алат. Деңгээлдүү маселелерди чыгарууда, математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү процессинин негизинде байкоо жүргүзүлөт. 

Жогорку деңгээл. Апам 2кг туз жана бир нече кг кумшекер алып келди. Экөө биригип 6 кг болду. Апам канча кг кумшекер алып келди?

6-2=4  Ж: 4кг кумшекер алып келди

Дал келген деңгээл. Апам 2кг туз жана андан 2кг га оор кумшекер алып келди. Канча салмактагы туз жана кумшекер алып келди?

2+2=4   4+2=6 Ж:Баары 6кг

Төмөнкү деңгээл. Апам 2кг туз, андан 2кг га оор кумшекер алып келди.Апам канча салмактагы кумшекер алып келди?

2+2=4 Ж: 4кг кумшекер алып келди.

Ар бир топ өздөрү аткарган жумуштарын дептерлерине жазышат.

3-бөлүк. Окутуунун жыйынтыктарын баалоо

Акылдуу доскадан түстүү сүрөт чагылдырылат. Күчүктүн салмагына  мышыктын салмагын теңдегиле. Класска көз чаптырып, кыйынчылыкка туш болуп жаткан окуучуларды мугалим өзү үчүн белгилеп алат.

Жыйынтыктоо үчүн суроолор берилет.

а) Кандай жаңы түшүнүктөргө ээ болдуңар?

б) Турмушта салмакты өлчөөнүн зарылчылыгы бар бекен?

Формалдуу эмес калыптандыруучу баалоо. Өзүн-өзү баалоо.

Ар бир бала топтогон упайларын эсептешет. Сабакты уюштурууда таркатылган өзүн-өзү баалоо баракчасын толтурушат.

Үй тапшырма: Балдардын денгээлине жараша тапшырмалар берилет.

Жогорку деңгээл:

100 кг алмадан 16 кг  как жасоого болот. 200 кг алмадан канча кг как алууга болот?

Төмөнкү деңгээл:

110 кг алмадан 10 кг как алынат. Кактын салмагы алманын салмагынан канча кг га аз?

Бөлүшүү

Комментарийлер