Сөз — адам акылынын күзгүсү

  • 21.02.2025
  • 0
Сөз — адам акылынын күзгүсү

Байболотова Сымбат, Ысык-Көл району, Бает жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими

«Бирге окуйбуз» үй-бүлөлүк таймаш сабак. 4-класс

Сабактын максаты:

  • Ата-энелер балдары менен бирге жомокту окушат, мазмунун талдашат, ролдоштурушат, сөз — адам акылынын күзгүсү экенин далилдешет.
  • Суроолорго толук жооп берүүгө, өз оюн эркин айтууга, ата-энелери, жолдоштору болуп топто ар кандай тапшырмаларды аткарууга көнүгүшөт.
  • Көпчүлүктүн алдында өздөрүн туура алып отурууга, билим алууга багыт алышат.

6 окуучу атасы же апасы менен катышат. Үчтөн окуучу болуп эки топко бөлүнүшөт, апалары же аталары баласынын жанында отурат. Үйдөн «Акылдын күчү» жомогун окуп, даярданып келишет. Саламдашуу менен катышуучуларды тосуп алабыз.

Окуучунун аты, фамилиясы,  классы, жашы, жакшы көргөн сабагы, келечекте ким болгусу келерин айтуу менен кол чаап тосуп алуу. Калыстар тобу менен тааныштыруу. Катышуучулар  өздөрүнүн тобуна ат коюшат жана ураанын айтышат.

1-тапшырма. Топторго жомок боюнча суроолор берилет. Балдар кезеги менен ага жооп беришет.

1-тапшырманын аягында жомок толугу менен ачылат. Окуучулар толук жооп берсе 2 упай, ата-эненин жардамы менен жооп толукталса 1 упай берилет.

1-суроо. Илгери өткөн заманда кайсы хандын ким деген увазири болгон экен?

Илгери өткөн заманда Муса деген хан болуптур. Анын Садыр деген увазири болот.

2-суроо. Бир күнү увазир ханга кайрылып эмне деди?

 Бир күнү увазир ханга кайрылып: – Ханда кырк адамдын акылы болот дейт. Андай болгондо доочунун доосун, талаш-тартыштын чуусун чечүүнү эмне үчүн бизге жүктөйсүз, өзүңүз эле бүтүрө бербейсизби? Эмне үчүн бизге акыл саласыз? – деп сурайт.

3-суроо. Увазирдин мындай суроолоруна хан кандай жооп берди?

Ошондо хан.

– Ооба, сенин айтканың туура. Бирок шаардын сыртында Акылбай деген чал бар, ошол чалда кырк хандын акылы бар, ошону мында конокко чакырып кел, – дейт.

4-суроо. Акылбай чал конокко келеби? Кандай конок болот?

Садыр Акылбек чалды ханга мейманга чакырып алып келет. Хан  чалга тамагын жайнатып коноктойт.

5-суроо. Хан менен Акылбай тамактанып отурган кезде увазир эмне деп ойлоду?

«Мунусу жети урууну бийлеген хан, тигиниси бир бечара чал. Анан анда кандай касиет болмок эле», – деп ойлойт.

6-суроо. Дасторкон үстүндө отуруп хан чалга эмне деп кайрылды?

– Карыя, мен эртең менен эрте сизге бир куш жиберем, ошол куштун эки канатын жулуп, тазалап кайра коё бер, – дейт.

7-суроо. Хан менен чалдын сөздөрүн увазир кандай түшүнүп отурду?

Увазир хан менен чалдын сөздөрүн түшүнгөн да жок.

8-суроо. Чал өзүнүн абалын ханга кандай деп түшүндүрдү?

– Ханым, бешке бирди кошуп алтоо кылып керели кечке алтын соксом да, отуз экиге жеткире албай жүрөм, – дейт.

9-суроо. Эртеси ким кимдин үйүнө конокко барат?

Увазир чалдыкына барат.

Чалдын жашоосу кандай экен жана ал мейманын кантип коноктоду?

Чалдын үйү жаман алачык экен, туш-тушунан шамал арылдап кирип турат. Чал үстү-башы көө болгон нанын увазирдин алдына коёт.

10-суроо. Увазир чалга кандай суроо менен кайрылат?

– Кечээ сизге хан: «Таң эрте сизге бир куш жиберем, ошол куштун эки канатын жулуп тазалап туруп жибер» деди, ошого түшүнө албай калдым, – дейт.

11-суроо. Чал увазирдин бул  суроосуна шак эле эмне деп жооп берди?

Шак эле жооп берген жок. «Балам, мен бир бечара кедеймин. Бир баштык алтын берсең, анын жообун аласың, биз ошону менен күн көрүп келе жатабыз», – деди.

12-суроо. Увазир бир баштык алтын берип, экинчи жолу эмне деп кайрылды?

— Кечээ сиз ханга «Бешке бирди кошуп, алты кылып, эртеден кечке алтын согуп, отуз экиге жеткире албай жүрөм», – деп айткан сөзүңүзгө да түшүнбөй калдым дейт.

13-суроо. Чал увазирден канча баштык алтын алды жана 2-суроосуна кандай жооп айтты?

– Балам, муна бу колум канча? – деп колунун манжаларын көрсөттү.

Увазир: – Беш, – деди.

– Бешке бир балканы кошсо канча болот? Алты болот. Эмесе анын: керели кечке ушул алтоо менен иштеп тапканым ичип жегениме да жетпейт дегеним эле», – деди ал.

14-суроо. Увазир өзүнүн табышмактагы куш экенин кантип билди?

Эми хандын: «Таң эрте бир куш жиберем, эки канатын жулуп, тазалап, кайра коё бер» дегени мындай куш сенсиң, эки чөнтөгүңдү тазалап, алтыныңды албадымбы? Эми кайтып кете берсең жолуң ачык, – деп акылсыз увазирди жолуна салат.

Увазир ошондо гана акылдын күчүнө ишенген экен. Жомоктун маанисин түшүнүү менен андагы табышмактарга токтолуу, талкуулоо.

2-тапшырма топтордо иштөө. 1-топ “Суроолор айлампасын” толтурушат.

Сөз - адам акылынын күзгүсү

2-топ «Беш манжа» аркылуу жомокту талдашат.

Сөз - адам акылынын күзгүсү

3-топ. Шамдагайлар жарышы. Керектелүүчү буюмдар: чымын чапкыч, доскада “ооба” жана “жок” деп жазылып турат. Сүйлөмдөр окулат, туура сүйлөм болсо “ооба” чабыш керек, туура эмес сүйлөм болсо “жок”  деген жазууга биринчи чапкан оюнчуга упай эсептелет.

  1. Увазирдин аты Муса болгон.
  2. Садыр хан чалдын акылын сынагысы келди.
  3. Таң эрте чалдыкына увазир келди.
  4. Акылбай куштун эки канатын жулуп, уча алгыс кылды.
  5. Чалдын үйү жаман алачык эле.
  6. Садыр сөздүн маанисин билиш үчүн акча берди.
  7. 32ге жеткире албай жүрөм дегени, тамак-аш жөнүндө болгон кеп.
  8. Хан Чалда 35 хандын акылы бар дейт.
  9. Муса хан увазирин сынамакчы болуп, чал менен табышмактатып сүйлөдү.
  10. Увазир акылдын күчү бар экенине ишене алган жок.
  11. Доочунун доосун, талаш-тартыштын чуусун чечүү үчүн хан увазирлерге кайрылчу.

4-тапшырма. Ролдоштуруу. 1-топ жомоктун башын, 2-топ жомоктун аягын чагылдырып берет.

Калыстар тобуна сөз берүү менен жыйынтык чыгаруу, катышуучуларды сыйлоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер