Россия педагогикасындагы гуманисттик салттардын калыптанышы

  • 18.07.2024
  • 0
Россия педагогикасындагы гуманисттик салттардын калыптанышы

План:

  1. Россиядагы XVIII кылымдагы билим берүү жана мектеп жѳнүндѳгү педагогикалык ойлор.
  2. М.В.Ломоносовдун педагогика илиминин ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы.
  3. Россиядагы илимий педагогиканын негиздѳѳчүсү К.Д.Ушинский.
  4. XIX кылымдагы Россиядагы педагогиканын ѳнүгүшү.

Сабактын максаты: Россиядагы билим берүү жана мектептеги тарбиянын ѳзгѳчѳлүктѳрүн билишет жана орус педагогикасынын, таалим-тарбия иштеринин ѳсүп-ѳнүгүшүнѳ салым кошкон улуу педагогдордун ойлорун, идеяларын ѳз ишмердүүлүгүндѳ колдонушат. 

Дисциплинаны окутуунун натыйжалары:

  • Россиядагы билим жана мектептер жѳнүндѳ билишет.
  • Россиядагы илим, билим жана агартуучулук иштериндеги орустун гениалдуу окумуштуусу М.В.Ломоносовдун ишмердүүлүгүн окуп-үйрѳнүшѳт.
  • К.Д.Ушинскийдин илимий-педагогикалык кѳз караштарын түшүнүшѳт жана талдашат.
  • А.С.Макаренконун балдарды тарбиялоо ыкмаларын ѳздѳштүрүшѳт жана баалашат.

Теманы ѳздѳштүрүү менен студенттерде тѳмѳнкү компетенциялар калыптанат:

КК-5. Билим берүү программаларын өз алдынча тандап алууну билет, алар үчүн дидактикалык материалдарды тандап алат жана аларды педагогикалык рефлексиянын негизинде окуу процессинде ылайыкташтыргандан кийин пайдаланууну билет.

КК-8. Башталгыч мектепте билим берүү процессин уюштуруунун жана ишке ашыруунун заманбап методикаларын жана технологияларын колдонууга жөндөмдүү.

Баалоо критерийлери: “Блумдун ромашкасы” ыкмасы.

Колдонуучу адабияттар:

Милдеттүү адабияттар

  1. Асипова Н. Билим философиясы жана тарыхы. Бишкек-2010.
  2. Рахимова М.Р. ж.б. Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы. Бишкек-2002.

Кошумча адабияттар

  1. История образования и педагогический мысли зарубежом и в России.М.,2002.
  2. В.А.Титов История педагогики. Пособие п.к.э. М-2003.
  3. История педагогики и образования. От зарождения воспитания в первобытном обществе до канца XX века: учеб.пос.для педвузов. Под.ред.академика А.И.Пискунова. М 2001г.
  4. Н.А.Константинов и др. История педагогики. М 1982г.

Сактын түрү: интерактивдүү сабак

Сабактын тиби:  семинардык  сабак.

Сабакта колдонулуучу усулдар: айтып берүү, түшүндүрүү, жеке, жупта жана чакан топтордо иштѳѳ, “Сократтын семинары” стратегиясы, “Ротация”,  “Блумдун ромашкасы”, “Түшүнүү/талдоо”, “Кереге”  ыкмалары, “Ооба/жок”,  “Түстѳр — эмоциялар” кѳнүгүүлѳрү,  jeopardylabs  викторина платформасы.

Сабактын жабдылышы: Китептер, таркатуучу материалдар, слайд,  сүрөттөр, түстүү стикерлер, ватман, түстүү карандаштар, панел-доска  ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Саламдашуу. Жагымдуу маанай каалоо.

А) “Түстѳр — эмоциялар” кѳнүгүүсү. “Түстѳр — эмоциялар” дарагына тандаган түстѳрдү чапташат.

— Саламатсыңарбы, студенттер! Биз бири-бирибизди көргөнүбүзгө ар дайым кубанычтабыз жана чогуу чыгармачылык менен алектенүүгө даярбыз. Силердин алдыңарда столдо түстүү кагаздар жатат: кызыл, көк, жашыл. Аларды жакшылап карагыла жана азыр эмоционалдык маанайыңарга дал келгенин тандагыла.

  • Кызыл түс — сиз энергияга толгонсуз, жигердүү иштөөгө даярсыз.
  • Жашыл түс — сиз тынчсыз, класста эмне болоруна маани бербейсиз.
  • Көк түс — сиз жаңы нерсени үйрөнгүңүз келет.

Чоң рахмат, урматтуу студенттер! Бул сабак бизге баарлашуу кубанычын тартуулап, жан дүйнөбүздү сонун сезимдерге толтурарына ишенем. Бардыгыңарга жакшы маанай жана ийгилик каалайм!

Б) Проблемалык кырдаал (STEM билим берүү технологиясы)

Биздин Акылбек досубуз кээде тентек болгонду жакшы көрөт, бирок боорукер жана камкор жигит.  Кечээ кечинде апасынын туулган күнүнө сюрприз даярдоону чечти. Ѳз колу менен картаны жасады. Ал иштеп жатканда мындай көйгөйгө туш болгон: ал картанын эки бөлүгүн жабыштырышы керек болчу, ал эми үйдө желим жок болчу. Кечке жуук дүкөндөр иштеген жок, кошуналардын тынчын алуу ыңгайсыз болду. Бир убакта Акыл ойлонду…

  1. Божомолдоо:

— Досубуз эмнени ойлоп тапты деп ойлойсуз?

  1. Гипотеза жасоо

— Кандай материалдар клейди алмаштыра алат деп ойлойсуз?

— Материал кандай касиеттерге ээ болушу керек клей алмаштыруу?

— Бул биздин бүгүнкү изилдөөбүздүн темасы болот (мугалим доскага тема ачат):

— Эки баракты бириктиргенде желимдин ордуна эмне колдонсом болот?

  1. Гипотезаларды эксперименталдык жол менен текшерүү

– Биздин божомолдорубузду кантип текшерсе болот? (Экспериментти үйдѳн жүргүзүү тапшырмасы берилет.)

  1. Иш төмөнкү план боюнча жүргүзүлөт:
  2. Ар бири эки кагаз алат.
  3. Чаптама касиеттерин текшере турган затты тандайт.
  4. Бул зат менен кагаз барактарын бириктирүүгө аракет кылат.

II сабактын негизги бөлүгү.

Окутуучу студенттерге сабактын аягында “Кереге” кѳнүгүүсү менен кайтарым байланыш берерин, аны сабактын жүрүшүндѳ толтуруп барарын  жана “Блумдун ромашкасы” ыкмасы менен ар бир студент ѳзүн баалай турганын эскертет. (“Кереге” таркатуучу материал таратылат)

“Кереге” кѳнүгүүсүндѳ студенттер сабакта алган билимдерин керегенин ар бир көзүнө бирден гана идея жайгаштырышат!  Эскертүү:  Ø Ачкыч сөз; Ø Символ;

  1. Сабактын 1-суроосу Россиядагы XVIII кылымдагы билим берүү жана мектеп жѳнүндѳгү педагогикалык ойлор. Ротация ыкмасы (чакан топтордо иштѳѳ).

Ишти аткаруу тартиби:

1-кадам: тайпа рандом ыкмасы менен 3 топко бѳлүнүшѳт.

2-кадам: ар бир топко суроолор жазылган плакат таратылат

1-топ: Россиядагы ХVIII кылымдагы билим берүү жана мектептер (кѳк түс)

2-топ: Петр Iдин реформасындагы негизги багыттар (кызыл түс)

3-топ: Окумуштуу-анатом, биолог, көрүнүктүү коомдук ишмер жана педагог Петр Францевич Лесгафттын педагогикалык ишмердиги (жашыл түс)

3-кадам: ар бир топ белгиленген түстѳр менен бир минутада суроолорго ѳз ойлорун жазышат.

4-кадам: мугалимдин 3 жолу алакан чабуу командасы берилгенде топтордогу плакаттар алмашылат  жана кийинки суроолорго ойлор жазылып улантылат.

5-кадам: ар бир топ ѳз ой-пикирлерин  презентациялашат.

Сабактын планындагы 1-суроо  боюнча окутуучунун жыйынтык сѳзү.

  1. Сабактын 2-суроосу М.В.Ломоносовдун педагогика илиминин ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы. Сократтын семинары стратегиясы (топтор менен иштѳѳ)

Ишти аткаруу тартиби:

1-кадам: 5тен 10 студент кокусунан тандоо боюнча чыгышып, ички жана сырткы тегерекчелерди түзүшѳт.

2-кадам: ички тегерекчедеги студенттер бири-бирине суроолорду беришет. Сырткы тегерекчедеги студенттер байкоочулар болушат.

3-кадам: ички жана сырткы тегерекчелердин ролдору алмашылат.

Сабактын планындагы 2-суроо боюнча окутуучунун жыйынтык сѳзү.

  1. Сабактын 3-суроосу Россиядагы илимий педагогиканын негиздѳѳчүсү

К.Д.Ушинский.  А) Ооба/жок ырастоо кѳнүгүүсү. (тиркеме №1, жеке иштешет)

Б) Текст таратылат. Окуган тексти  (К.Д.Ушинскийдин ѳмүрү жана педагогикаыык ишмердүүлүгү текст Q-код менен берилет) боюнча “түшүнүү/талдоо” таблицасын  түзүшѳт. (ишти  жупта аткарышат)

4.Сабактын 4-суроосу XIX кылымдагы Россиядагы педагогиканын ѳнүгүшү. Студенттер  советтик кѳрүнүктүү педагог А.С.Макаренконун педагогикалык ишмердүүлүгүн оозеки түшүнүктѳрүн айтып беришет.

III Сабакты жыйынтыктоо:

https://jeopardylabs.com/play/5-64245  платформасы менен викторина оюну.

(топтор менен иштѳѳ, топтор 1,2,3,4 саноо ыкмасы менен бѳлүнүшѳт). 

IV Кайтарым байланыш. “Кереге”  кѳнүгүүсү. Суденттер боз үйдүн керегесине толтурган сабакта алган билимдерин окутуучуга  кѳрсѳтүшѳт жана айрымдары окушат. 

V Баалоо: “Блумдун ромашкасы” ыкмасы. (Тиркеме №3) 

VI Кийинки семинардык сабактын темасы, пландары жана адабияттары менен тааныштыруу.

 Тиркеме №1

Ооба/жок ырастоо кѳнүгүүсү

Студенттин аты-жѳнү________________________________________

 

 

Ырастоолор  

текстти окуганга чейинтекстти окугандан кийин
ооба/жок
К.Д.Ушинский кесиби боюнча физика мугалими болуп эмгектенген.
Педагогикалык системасынын негизинде элдиктүүлүк менен катар тарбия берүүдө жана окутууда эне тилинин мааниси чоӊ экендигин белгилеген.
Студент кезинде Ушинский адабиятка, театрга кызыкпаган жана колунда барлардын балдарына билим таратуу жөнүндө идеялар менен жашаган.
Гатчинадагы жетимдер институтунда, андан кийин 1862-жылы Смольныйдагы тектүү кыздар институтунда инспектор болуп иштеген.
Тарбия маселесине келгенде, тарбиядагы элдүүлүк, улуттук принциптерге таянууга каршы чыккан.
Швецариянын башталгыч мектептеринин ишин үйрөнгѳн, «эне тили» деген китеп түздү жана ага методикалык колдонмо жазды.
Адам дене түзүлүшү, акылы, нравалык жактан гармоникалык өскөн  жана өркүндөтүлгөн болууга тийиш деп жаңылыш пикир айткан.
Балдарды жазалоо  менен тарбиялоого каршы чыккан.
Адамды туура тарбиялоонун эӊ зарыл шарты деп эмгекти эсептеген.
Ушинский окутууда жана тарбиялоодо психология илимин эске алган эмес.
Ушинский формалдык жана материалдык билим берүү теорияларын бир жактуу деп караган.
Мугалимдин ролу жѳнүндѳ: “мугалимдин жандуу сөзүн, иш аракетин эч кандай программа, адабият, окуу иштеринин уюштурулушу алмаштыра албайт” деген.
Педагогика илим эмес, ал алдыдагы максатты, ага жетүүнүн каражаттарын гана көрсөткөн искусство.

 

Тиркеме №2

“Түшүнүү/талдоо” ыкмасы

(К.Д.Ушинскийдин педагогикалык ишмердиги  жана кѳз караштары боюнча )

Жуптардын аты-жѳнү__________________________________________________

 

түшүнүктѳр мааниситалдоомисалдар
Ушинскийдин педагогикалык ишмердиги
Тарбиянын эӊ негизги максаттарынын бири катары инсанды эркиндикке тарбиялоо менен өзүн-өзү тааныта билүүсүн жактаган.

 

К.Д.Ушинскийдин педагогикасындагы тарбиялоонун элдиктүүлүк идеясы.
Баланын ишмердиги жана активдүүлүгү.
Эмгек жана анын тарбиялык мааниси
К.Д.Ушинскийдин дидактикасы.

(Тиркеме №3)

“Блумдун ромашкасы” ыкмасы (деңгээлдер боюнча тапшырмалар).

“Билим” (5 упай)

  1. Россиядагы XVIII кылымда ачылган мектептер-
  2. Илимий педагогиканын негиздѳѳчүсү –
  3. Окумуштуу-анатом, биолог, көрүнүктүү коомдук ишмер жана педагог —

“Түшүнүү” (10 упай)

  1. Математикалык жана навигациялык илимдердин мектебинин окуу планына кирген билимдерди белгилегиле: математика, тарых, геометрия, астрономия, география, химий,  денизде сүзүү.  (тиешелүү жооптун астын сызып кой)
  2. Москва университетинин башка окуу жайдан айырмачылыгы эмнеде?
  3. Пётр I дин реформасындагы негизги багыттар:

“Колдонуу” (15 упай)

  1. ХѴІІ кылымдын биринчи чейрегинде Россиянын өзүндө жана башка тилдерден которулган көптөгөн илимий адабияттар жарык көрүп, жаңы граждандык алфавит ……….. ишке кирген.
  2. К.Д.Ушинскийдин башталгыч мектептер үчүн түзгѳн окуу китебин белгиле. “Балдар дүйнѳсү”, «Орус тилинин грамматикасы», “Риторика”, “Эне тил”. (тиешелүү жооптун астын сызып кой)

“Анализ” (20 упай)

  1. Москва университетинин башка университеттерден айырмачылыгы эмнеде?
  2. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору ким? (Кыргызстандын башкаруу структурасындагы иштеген мамлекеттик ишмер)

“Синтез” (20 упай)

  • “А.С.Макаренко” деген сѳзгѳ синквейн түзгүлѳ

“Баалоо” (30 упай)

  1. Бир жолу Макаренко көп сандагы акчаны муруңку ууруга тапшырган. Бирок, Макаренко жаңылбаптыр…..

Кантип А.С.Макаренко  тарбиясыз балдарды  кайра тарбиялай алган?

Эскертүү: 85-100 упай  — “5”, 70-84 упай – “4”, 50-69 – “3”,  30-49 упай —  “2”.

Ч.А. Акматова, ОшМПУ, музыкалык-педагогикалык факультет, педагогика жана психология кафедрасынын доценти, п.и.к. 

Бөлүшүү

Комментарийлер