Публицистикалык стиль

  • 21.02.2024
  • 0
Публицистикалык стиль

Кыргыз тили, 11-класс

Сабактын максаты:

Билим берүү: окуучуларды публицистика же “публика” деген түшүнүк менен тааныштыруу, гезит, радио, соцтармактагы жаңылыктардын адам жана коомдун жашоосундагы мааниси жөнүндөгү түшүнүктөрдү калыптандыруу, окуучуларга маалымат алуунун формалары боюнча билим берүү.

Акыл-эсти өстүрүүчү: окуучулардын коммуникативдик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, сүйлөшүп жаткан адамды кабылдоо билимдерин, айлана-чөйрөдөгү адамдарды түшүнө билүү билимдерин өнүктүрүү, вербалдык эмес сүйлөшүүгө үйрөтүү, баамчылдык сапатын өстүрүү, топ ичинде иштей билүүсүн калыптандыруу, өзүн-өзү анализдөө жөндөмүн арттыруу.

Тарбия берүүчү: айланадагыларды сыйлай билүүгө, айлана-чөйрөсүн таанып билүүчүлүк муктаждыгын  тарбиялоо, сүйлөө маданиятын калыптандыруу.

Сабактын тиби: жаңы теманы анализдөө

Сабактын усулу: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия

Колдонулуучу платформалар: learningapps,  wordwall,  MENTI_QR, Google форма

Колдонулган сайттар: http://ruhesh.kg/, https://bilim.akipress.org/ru, https://kutbilim.kg/ru/, https://ilimelim.kg/, https://mediasabak.org/ru/.

Баалоо усулдары: калыптандыруучу, диагностикалык.

Сабактын жабдылышы: китеп, доска, таркатма, смартфон, телевизор, проектор, ноутбук, интернет, бор.

Негизги түшүнүктөр:

Публицистика, интервью, репортаж, макала, портреттик очерк, аннотация, рецензия, маалыматтын формалары, ММК деген эмне, социалдык медиа, электрондук почта, факт жана фейк.

Сабактын планы:

  • ММК деген эмне?
  • Макала жазууда, репортаж даярдоодо  маалыматтагы коопсуздук эрежелер, оозеки жана керектүү маалыматтар, маалыматтын негизги белгилери
  • Интервью алууда жаңы же социалдык медианын орду

Мен коомдогу  публикациялардын факт же фейк экенин кантип билем?

Сабактын жүрүшү: 

  • Саламдашуу
  • Класска жагымдуу маанай түзүү
  • Окуучуларды жоктоо
  • Окуучулардын окуу куралдарын толуктоо

— Урматтуу окуучулар! Ар бирибиз атыбызды жазып, атыбыздан башталган кандай жакшы сапаттарыбыз болсо жазабыз. Бул окуучулардын өзүнө болгон ишенимин арттырат. Сабактын аягына чейин өзүн-өзү айткандай тартиптүү алып отурганга өбөлгө болот.

Үй тапшырмасына берилген “Көркөм стиль” боюнча Google форма платформасы менен долбоордук тапшырмаларды суроо. Жыйынтыгында окуучулардын өтүлгөн тема боюнча  канчалык деңгээлде кабыл алгандыгы байкалат. Канча балл алгандары дароо эле өздөрүндө көрүлөт. Слайдда көрсөтүлгөн QR  код аркылуу кирип тесттерди белгилейт. Жооптору мугалимге да, окуучунун өзүнө да дароо көрүнөт.

https://forms.gle/UcedgJ3dr2fatBKv6

“АНАГРАММА”  ОЮНУ

Тамгалардын тобунан бир сөз түзгүлө, бир да тамганы калтырганга же кошконго болбойт. Бардык табылган сөздөр, бүгүнкү сабактын темасын ачып бергенге шарт түзүлөт (ЛААКМА — макала, РАТОПЕЖР — репортаж).

Жаңы теманы өтүүдөн мурда окуучуларга слайдда суроо чыгат. Окуучулар MENTI_QR (окуучулардын жооптору стикерде жазган сыяктуу экранга чыгат)  платформасы менен жоопторду жазышат. Мугалим окуган соң окуучулардын оюн бекемдеп, жаңы тема боюнча сүйлөйт (Публицистика өз чөйрөсүнө эмнелерди камтыйт? Эмне үчүн аннотация, интервью, репортаж, рецензия керек? Жаңы медиа жана социалдык медиа деген эмне? Маалыматтын фейк жана факт экенин кантип далилдейбиз).

Публицистикалык стиль жөнүндө маалыматтарды айтып, бул стилге мүнөздүү тил каражаттарына токтолот.

Коммуникация каражаттары адамзаттын тарыхында кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгонун мугалим слайддан көргөзөт. Сүрөттөн маалымат алуунун тарыхый хронологиялык тартипте доордун алмашуусу менен өнүгүп келе жатканына сүрөт боюнча токтолот.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу “Менин маалымат алуучу чөйрөм” деген темада өз ойлорун айтышат.

Кызыктуу маалыматтар мугалим окуучулардын пикирине кошумчалоо максатында берилет.

— Балдар, силер интернеттеги да жүрүм-турумду билесиңерби? Ар кандай макала, аннотация, рецензия, интервью, репортаж даярдоодо интернеттеги жүрүм-турумдарды жакшылап үйрөнүп алышыңар керек!

Нетикет – интернет жана этикет деген эки сөздүн жөнөкөйлөштүрүлгөн формаларынын симбиозу. Башкача айтканда, интернеттеги жүрүм-турум:

  • Кимдир бирөө менен байланышуу учурунда аны менен жакын же алыстыгыңды, ошондой эле убакыт менен жагдайды эске алуу;
  • Зордук-зомбулук коомдук тартипти бузуу жана башка ушул сыяктуу терс багыттагы маселелерди сөз кылбоо;
  • Башка адамдарга карата жек көрүүчүлүктү пайда кылбоо жана ажырымды тутантпоо;
  • Маектешиңе акарат келтирбөө, орой лексика колдонбоо, мазактоодон алыс болуу;
  • Жеке сүйлөшүүлөрдү (скриншот) автордун уруксатысыз, жарыялоодон оолак болуу;
  • Тайпаларда тиешесиз башка темаларды талкуу жүргүзүү же маалымат жибербөө;
  • Башка адамдарга сыр сөздү көргөзбөө, башка адамдардын сыр сөзүнө кызыкпоо;
  • Фейк, таштанды (спам) маалымат таратпоо;
  • Уурулук кылбоо (фото, текст, видео) ж.б.
  1. Публицистикалык стилге мүнөздүү тил каражаттарынан тестке жооп беришет.  https://learningapps.org/display?v=pw276u85v22
  2. Толук көрсөтүлбөйт. Акжол Махмудов менен маек көрсөтүлгөндөн кийин балдардан  бул публицистикалык стилдин кайсынысына мүнөздүү экени суралат. https://kaktus.media/doc/466830_akjol_mahmydov_posviatil_pobedy_v_serbii_pamiati_otca_svoego_trenera.html
  3. Толук көрсөтүлбөйт. Көчмөндөр оюнан үзүндү көрсөтүлөт, балдардан бул публицистикалык стилдин кайсы түрүнө кирери жөнүндө суралат. https://www.youtube.com/watch?v=tsiLKK1gHBE
  4. Сүрөттү карап, окуучулардын бир тобу оң макала жазышат, бир тобу терс макала даярдайт. Макаланы оозеки айтса да болот. Окуучулар сүйлөп жатканда жогорудагы айткан эрежелерди эске алуусу керек.

— Балдар, келгиле, БББ таблицасы менен сабакты жыйынтыктайбыз. Сабакка чейин эмнени билет элеңер, сабакта эмнени билдиңер, сабактан кийин публицистикалык стилден кайсы тилдик каражаттарына кызыгууңар жаралды жазгыла.

Төмөнкү ссылка аркылуу кирип, көрсөтүлгөн публицистикалык стилге мүнөздүү тилдик каражаттар боюнча анализ беришет. Жалпы сабактын жүрүшүнө окуучулардын көз карашы БББ ыкмасы менен суралат. https://wordwall.net/resource/36875121/

Үйгө тапшырма: http://ruhesh.kg/, https://bilim.akipress.org/ru, https://kutbilim.kg/ru/, https://ilimelim.kg/, https://mediasabak.org/ru/    бул сайттар аркылуу өзүңөргө жаккан макалаларды, интервью, репортаж аркылуу [email protected] ссылкасын же маалыматты жөнөткүлө.

Баалоо: окуучулардын күндөлүгүнө жана https://ibilim.edu.gov.kg/ электрондук журналга баалары коюлат.

Нургүл Тайыр кызы, Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясынын кыргыз тили мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер