Организмдердин ыңгайланышуусу – табигый тандоонун натыйжасы. Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнөзү.

  • 18.12.2024
  • 0
Организмдердин ыңгайланышуусу – табигый тандоонун натыйжасы. Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнөзү.

Адина Чолпонова, Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектептин биология мугалими

Биология, 9-а класс

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү сабагы.

Колдонулуучу методдор: интерактивдүү метод, Пликерс программасы, “Барабан” ыкмасы, “Домино” оюну, ыңгайланышуу айлампасы, дал келтирүү, идеялардын терезеси ж.б.

Колдонулуучу каражаттар: окуу китеби, интернети бар ноутбук, проектор, презентация, Пликерстин жооп баракчалары QR-код менен, Домино карточкалары, плакат, түстүү сүрөттөр ж.б.

Организмдердин ыңгайланышуусу – табигый тандоонун натыйжасы. Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнөзү.

Организмдердин ыңгайланышуусу – табигый тандоонун натыйжасы. Ыңгайланышуунун салыштырмалуу мүнөзү.

Сабактын этабы, убактысы: Уюштуруу

Саламдашуу. “Каалоо ыры” методу менен. Жагымдуу маанай түзүү.  “Додокаэдр” ыкмасы менен. Топторго бөлүү “Боз үй” ыкмасы менен.

Үй тапшырмасын текшерүү: Окуучулардан жашоо үчүн күрөш жана анын формалары, табигый тандалуу жөнүндө сүрөт аркылуу суроо. “Барабан” ыкмасы менен окуучуларга өтүлгөн тема боюнча суроолорду берүү. “Пликерс” программасы аркылуу тесттик суроолорду берүү.

Жаңы теманы түшүндүрүү: Окуучуларга суроо берүү менен жаңы теманы ачат.

— Балдар, демек, жашоо үчүн күрөштө күчтүүлөрү жеңип чыгып, табият тарабынын тандалды. Тандалган организм андан ары эмне кылат? Кана, ойлонуп көрөлүчү?

Окуучулардын жоопторун толуктоо менен теманы тааныштырат.

— Балдар, биз бул тема жөнүндө эмнелерди билгибиз келет?

Сабактын максатын окуучулар менен чогуу коюшат. Жаңы теманы презентация аркылуу түшүндүрөт. Теманын калганын окуучулар менен биргеликте “Домино” оюну аркылуу ачышат. Мугалим окуучулардын жоопторун бышыктап турат.

Бышыктоо. Практикалык иш:

Теманы бышыктоо максатында 3 топко тапшырмаларды берет.

1-топко: “Дал келтирүү

2-топко: “Идеялардын терезеси

3-топко tarsia программасы менен терминдерди дал келтирүү аркылуу фигураларды таап чыгуу.

Регламент: 3 мин.

Практикалык иш: 2 топко бирдей тапшырма берилет. “Ыңгайланышуунун айлампасындагы” чөйрөгө дал келтирүү үчүн топторго жаныбарлар берилет.

Баалоо: Окуучулардын иш-аракеттерине комментарий жасап шыктандырат, топтук жана жекече баалоо жүргүзөт. Формативдик баалоону колдонот.

Үй тапшырмасы: Таблица толтуруу.

Рефлексия: Сабактын кандай деңгээлде өтүлгөндүгү жөнүндө сурайт.

Окуучулар өтүлгөн сабак боюнча ой-пикирлерин алма, гүл, жалбырак аркылуу плакатка чаптоо менен билдиришет.

“Алма” —  сабак жакканын, жетиштүү маалымат алып мөмө байлаганын билдирет.

“Гүл” – сабак жакканын, бирок мөмө байлоого жетишпей, гүл боюнча калып калганын билдирет.

“Жалбырак” – сабак түшүнүксүз болгонун, дарактан үзүлүп түшүп калганын билдирет.

Бөлүшүү

Комментарийлер