ОКУУЧУНУН МЕКТЕП ЭРЕЖЕСИ, МОРАЛДЫК-ЭТИКАЛЫК КОДЕКСИ
- 24.01.2025
- 0
Алымбаева Бермет, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен
сырткаркы кошумча билим берүү
лабораториясынын бөлүм башчысы
Класстык саат, 5-класс
Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жеткен болуп эсептелет, эгерде:
- Окуучулардын мектеп эрежелерин туура сактоо жөнүндөгү түшүнүктөрү тереңдесе;
- Окуучулар моралдык-этикалык кодекси жөнүндө түшүнүктөрү кеңейсе;
- Жүрүм-турумга жоопкерчиликтүү мамиле калыптандырылса.
Сабактын тиби: чыгармачылык бышыктоо.
Сабактын формасы: аралаш сабак.
Сабактын методу: Маалымат берүү, түшүндүрүү, аңгемелешүү, практикалык.
Сабактын жабдылышы: макал-лакаптар, слайд, проектор, темага карата сүрөттөр.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү).
Сабактын жүрүшү. Уюштуруу: Жагымдуу жагдай түзүү.
Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү биздин темабыз “Окуучунун мектеп эрежеси, моралдык-этикалык кодекси”
Мугалим:
- Балдар мектеп эрежелерин билесинерби?
Жалпы Жобосу:
1.1.Окуучулардын мектептеги ички тартибинин эрежелери “КР Билим тууралуу” мыйзымынын жана мектептин Уставынын негизинде иштелип чыкты
1.2.Мектептин ички тартиби окуучулардын мектептеги жана мектепке тиешелүү аймактагы, ошондой эле мектептин окуучулары катышкан мектептен тышкаркы иш-чаралар убагындагы негизги жүрүм-турум эрежелерин жана нормаларын аныктайт.
Окуучунун милдеттери:
2.1 Мектепке сабак башталардан 15 мүнөт эрте келгенге;
2.2 Мектеп аныктаган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүүгө (дене тарбия сабактарында спорттук форманы колдонуу);
2.3 Кийим чечүүчү жайда сырткы кийимин чечүү, керек болгон убакта бут кийимин алмаштырууга;
2.4 Өзүнүн окуу орундугун жана окууга керектүү куралдарын сабакка даярдоого;
2.5 Мектепте жана мектептен тышкары жерлерде өзүн маданияттуу алып жүрүү;
2.6 Мектептин ички тартибине ылайык жүрүм-турум эрежелерин сактоого (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө, класс жана мектеп турмушуна катышуу, сабак учурунда телефон колдонбоого);
2.7 Педагогдор, мектептин жумушчу персоналдары жана окуучулары менен өз ара сый мамиле түзүү, эмгегин баалоо жана урматтоо менен мамиле кылуу;
2.8 Мектептин территориясында тазалыкты жана тартипти сактоого;
2.9 Мектептеги, класстагы коопсуздук атмосфераны түзүү жана колдоо;
2.10 Сабак калтырган учурда өз убагында класс жетекчиге талап кылынган документтерди көрсөтүүгө;
2.11 Мектептин эмеректерине аяр мамиле кылуу;
2.12 Мугалим берген тапшырманы өз убагында, так аткарууга, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу;
2.13 Мектептеги коомдук пайдалуу эмгек процессине катышууга милдеттүү.
Окуучуларга тыюу салынат:
3.1 Мугалимдин уруксатысыз сабак учурунда мектептен кетүүгө;
3.2 Спорттук, маданияттык жана класстан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө; 3.3 Кооптуу абалды пайда кылуучу иш-аракеттерди кылууга (терезеге, партанын үстүнө чыгып ойноого, ар кандай күйүүчу, жарылуучу заттарды кодонууга):
3.4 Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонууга (алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетаминдер, тамеки ж.б.);
3.5 Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян алып келүүчу заттарды пайдаланууга; (пистолет, бычак, мылтык, кастет ж.б.)
3.6 Мектепте психо-активдүү заттарды колдонууга (насвай, тамеки, алкоголдук жана энергетикалык ичимдиктер);
3.7 Орой, сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга;
3.8 Ар кандай диний агымдарды жайылтууга;
3.9 Азарттык оюндарды ж.б. адамдын өмүрүнө жана психологиясына терс таасир этүүчү оюндарды ойноого;
3.10 Сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга;
3.11 Сабактарды себеби жок калтырууга тыюу салынат.
Окуучулардын сабак учурундагы жүрум-туруму
4.1 Коңгуроо кагылары менен окуучулар өз ордуна келип, сабакка тиешелүү куралдарын даярдоосу керек;
4.2 Кезметтеги окуучу класстык бөлмөнү жана сабакка керектүү жабдыктарды даярдап, мугалимге сабакка келбеген окуучулар жөнүндө маалымат берүүсү керек; 4.3 Окуучу кечиккен учурда мугалимден уруксат сурап кирүүсу керек;
4.4 Ар бир окуучу класстагы иш ордунун тазалыгы жана сакталышы үчүн жооп берет;
4.5 Мугалим класска киргенде, окуучулар саламдашуу үчүн ордунан турушу керек; 4.6 Партанын үстүндө сабакка тиешеси жок ашыкча эч нерсе болбошу керек;
4.7 Ар бир предметтик мугалим КРнын Билим берүү жөнүндө мыйзамына каршы келбеген эрежени орнотууга укуктуу;
4.8 Окуучу сабакта мугалимдин бардык талаптарын аткарууга милдеттүү;
4.9 Эгерде, окуучу сабак учурунда эшикке чыккысы келсе, педагогдон жооп сурашы керек;
4.10 Окуучу бардык сабактарда күндөлүгү менен катышуусу керек жана коюлган бардык баалар күндөлүктө болуусу керек;
4.11 Сабакка берилген убакыт предметти өздөштүрүү максатында гана болуусу керек, сабак учурунда ойноого, башка нерсе менен алек болууга, башкаларга тоскоол болууга болбойт;
4.12.Коңгуроо кагылгандан кийин мугалимдин уруксааты менен окуучулар тынч гана класстардан танаписке чыга алышат;
4.13. Дене тарбия сабактарына окуучулар спорттук кийим жана бут кийим менен келишет. Мугалимдин уруксааты жок окуучулар спорт залга кире алышпайт. Дене тарбия сабагынан бошотулган окуучулардын да спорт залда сабакка милдеттүү түрдө катышуусу керек.
4.14. Сабак учурунда мугалимдин уруксатысыз уюлдук телефондорду ж.б. техникалык каражаттарды колдонууга болбойт. Сабак учурунда телефондор өчүрүлүшү керек. Эгер мындай талап аткарылбаса, предметтик мугалимдер телефонду алып коюуга укуктуу. Алынган телефондор мектеп администрациясына өткөрүлүп, ата-энелерине гана кайтарылат.
4.15. Сабак учурунда мугалимдин уруксатысыз уюлдук телефондорду ж.б. техникалык каражаттарды колдонууга болбойт. Сабак учурунда телефондор өчүрүлүшү керек. Эгер мындай талап аткарылбаса, предметтик мугалимдер телефонду алып коюуга укуктуу. Алынган телефондор мектеп администрациясына өткөрүлүп, ата-энелерине гана кайтарылат.
Окуучулардын танапис учурундагы жүрүм-туруму
5.1 Мектеп имаратынын ичинде танапис убагында окуучу өзүн тынч, тартиптүү алып жүрүүгө милдеттүү;
5.2 Ар бир окуучу, күзөтүү кызматчысынын талабы боюнча, өз аты-жөнүн жана классын айтууга милдеттүү;
5.3. Коридор жана тепкичтерде жолдун оң жагында жүрүү шарт;
5.4.Танапис учурунда төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
— Ызы-чуу болуп, башкалардын эс алуусуна тоскоол болууга;
— мектеп коридорунда жана тепкичтеринде чуркоого;
— бири-бирин түртүшүүгө;
— кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн физикалык күч колдонууга жана орой, уят сөздөрдү айтууга:
5.5. Жогорудагы пункттарда айтылган эрежелерди сактабаган учурда КРдин мыйзамына ылайык чара көрүлөт.
5.6. Мектепке кирүү жана чыгууда башкаларды түртпөө, алдыга улууларды жана кыздарды коё берүү;
5.7.Танаписте класста кезметтеги окуучулар гана калып, имаратты желдетип, классты иретке келтирет;
5.8.Танаписте, сабактан уруксаат суранбаш үчүн дааратканага баруу керек, ал жерде тыкан болуп, колун милдеттүү түрдө жууш керек.
Мектеп буюмдарынын жана окуу куралдарынын сакталышы
6.1.Бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү, өз буюмдарына этияттык менен мамиле кылуусу зарыл;
6.2.Окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу менен ордуна коюусу, же түзөтүүсү керек;
6.3.Окуучулар мектептин территориясына жашыл дарактарды отургузууга жана сактоого көмөк көрсөтүүсү керек;
6.4.Окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу керек; 6.5.Бүт окуучулар окуу куралдарын сактоосу керек.
6.6.Китептин барактарды жулуп же бүктөбөш керек, китепке жазууга, же сүрөт тартууга болбойт;
Класстан тышкаркы массалык иш-чаралардагы окуучулардын жүрүм-турумдары
7.1.Мектепте иш-чара өтүүнүн алдында окуучуларга сөзсүз түрдө коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берүү керек;
7.2.Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян алып келүүчү ар кандай кырсыктардан алыс болуу үчүн окуучулар талап кылынган бардык шарттарды так аткаруусу зарыл;
7.3. Окуучулар жетекчи көрсөткөн орундарында болуусу шарт;
7.4. Ар бир окуучу жеке гигиенаны сактоосу керек. Эгер кимдир бирөөнүн ден соолугу начарлап, жаман абалга келсе, дароо класс жетекчиге же мектеп администрациясына билдирүү керек. Ал окуучуга мектеп дарыгери же медайымы тарабынан мүмкүнчүлүгүнө жараша биринчи жардам көрсөтүлүү керек жана ата-энесине маалымдоо керек. Эгер зарыл болсо “тез жардам” кызматын чакыруу шарт; 7.5. Иш-чара убагында сүйлөшкөнгө, тегерегиндегилерге тоскоолдук кылууга, бир орундан экинчи орунга өтүүгө, иш-чара бүткөнгө чейин таштап чыгып кетүүгө тыюу салынат;
7.6. Ачык отторду колдонууга (хлопушка, фейерверк, факел ж.б.), өрттү пайда кылуучу химикалык пиротехникалык каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат.
Ашканадагы жүрүм-турумга карата талаптар:
8.1.Ашканага өз классындагы окуучулар менен уюшулган түрдө жана тынч жагдайда баруу;
8.2.Тамактануудан мурда колду таза жууш керек;
8.3.Тамак-аштарды кезек менен алуу;
8.4. Нан жана башка тамак-аштарга этияттык менен мамиле кылуу;
8.5.Тамактануу учурунда сүйлөбөө;
8.6.Ашканага класс үчүн атайын түзүлгөн мөөнөт менен баруу;
8.7. Ысык жана суюк тамак-аштарды алууда жана колдонууда этият болуу; 8.8.Тамактангандан кийин колдонгон идиш-аяктарды чогултуп, атайын столго алып барып коюу.
Корутунду бөлүк
9.1.Окуучуларга коюлган бул талаптардын бузулушуна карата тартиптик жана тарбиялык таасир берүүчү чаралар колдонот:
o Түшүндүрүү иштери;
o Ата-энелерин мектепке чакыруу;
o Мектептин ички көзөмөлүнө коюу;
Моралдык-этикалык кодекс деген эмне?
Билим берүү жана илим министри окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн этикалык кодекс иштеп чыкты. Ал ар бир мектептин кире беришине илинип турушу керек.
Кана, балдар, окуучулардын нарк кодексин айтып бергилечи
1-окуучу: Мен Айкөл Манастын урпагы катары ата-бабабыздын нарк-насааттарын урматтайм.
2-окуучу: Мен чыныгы мекенчил катары Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, мамлекеттик символдорун сыйлайм.
3-окуучу: Мен дүйнөдөгү эң байыркы элдердин урпагы катары өзүмдүн тарыхымды, каада-салтымды тилимди, асыл нарктарыбызды баалайм.
4-окуучу: Мен ата-энемдин, мугалимдеримдин, классташтарымдын жана бардык мекендештеримдин укугун, кадыр-баркын сыйлайм,
5-окуучу: Мен талыкпай окуп, изденип, чет тилдерди, санарип технологияларды, акыркы тажрыйбаларды үйрөнөм.
6-окуучу: Мен адал эмгек менен гана баар таап, бакубат турмуш курууну максат кылам,
1-окуучу: “Улууга — урмат, кичүүгө — ызат” демекчи, улуулардан үйрөнгөнүмдү кичүү муунга өткөрүп берүүгө милдеттенем.
2-окуучу: Мен мектеп буюмдарын сарамжалдуу колдоном жана аярлуу окуучулардын коопсуздугуна кам көрөм,
3-окуучу: Мен мектептин иш-чараларына жеке ыктыярым менен жигердүү катышам,
4-окуучу: Мен жаратылышка, курчап турган чөйрөгө, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылам,
5-окуучу: Мен жан-дүйнөмдүн аруулугун, дене-бой тазалыгын сактап, мектебимдин жана бүтүндөй Кыргызстандын тазалыгы үчүн кам көрөм,
6-окуучу: Менин жетишкендиктерим менен ата-энем, мугалимдерим жана сүйүктүү сыймыктанышы үчүн бардык аракетимди жумшайм.
Мугалим: Азаматсыңар! Ал эми биздин педагогдордун да кодекси бар. Мен силерге айтып берейин.
МУГАЛИМДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОДЕКСИ:
- Биз – мугалимдер, улуттук педагогиканын, нарктуулуктун, ар-намыстын улантуучусу экенибиз менен сыймыктанабыз,
- Биз, ар бир окуучунун инсандыгын, кайталангыс жөндөмүн сыйлайбыз жана шек келтирбейбиз,
- Биз мугалимдер, ар бир окуучуга өзүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүүгө милдеттүүбүз. Адеп жана кесип эрежелерин сактайбыз.
- Биз, окуучуларды жоопкерчиликтүү, адептүү, кайрымдуу жана мекенчил болууга тарбиялайбыз. Улуттук наркыбыз – эбегейсиз байлыгыбыз.
- Биз – мугалимдик кесиптин кадыр-баркы үчүн кам көрөбүз, мугалимдин беделине шек келтирүүгө жол бербейбиз.
- Биз балдарды окутуп окуп-тарбиялоодо өз жүрүм-турумубуз менен үлгү болобуз. Балдар – биздин келечегибиз!
- Биз ата-энелер менен ар дайым ачык баарлашып, алардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алабыз. Күч –бирдикте!
- Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанып, ар бир улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүнө сый мамиле кылабыз.
- Биз жат көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча чараларды көрөбүз, өзүбүз жеке жүрүм-турумубуз менен үлгү көрсөтөбүз.
- Биз эмгек тартибиг так сактайбыз. Билим берүүгө тийиштүү мүлккө аяр мамиле кылууга милдеттүүбүз.
- Биз өз мекенин сүйүүгө, адептүү, нарктуу келечек муунду тарбиялайбыз.
Кана балдар эки топко бөлүнүп бул суроолорго жооп бергиле:
1-топ: МЕКТЕПТЕ ЭМНЕ КЫЛУУ ТУУРА ЭМЕС ?
Окуучулар:
- Сабакка кечигип келүү;
- Сабак учурунда башкаларды алагды кылуу;
- Мектептеги буюмдарды сындыруу, кирдетүү;
- Мушташуу;
- Уурулук кылуу.
2-топ: МЕКТЕПТЕГИ МЫКТЫ, ҮЛГҮЛҮҮ ОКУУЧУ ДЕП КАНДАЙ
ОКУУЧУНУ ЭЛЕСТЕТЕСИН?
Окуучулар:
- Өзүн таза, тыкан алып жүргөн окуучу;
- Сабагын жакшы окуган;
- Коомдук иштерге активдүү катышкан;
- Өзүнөн улууларды сыйлаган;
- Калп сүйлөбөгөн;
- Боорукер окуучу.
Ар бир топтон бир окуучу чыгып өзү жөнүндө айтып берет:
1-топ: Менин атым Венера. Мектепте ар дайым таза, тыкан жүргөнгө аракет кылам. Сабакты жакшы окуп көптү билгим келет. Ата-энемди уят кылбаганга, адептүү болуп, сабактан кечикпей келүүгө, мугалимди сыйлоого өзүмдү ар убак көндүрөм.
2-топ: Сабактан кийин ар дайым апама, атама жардам берем. Бөбөктөрүмдү ойнотом. Досторум менен урушпастан дайыма ынтымакта жүрөм. Атым Самат. Жайында чоң атам менен чоң энемдикине барып чөбүн чаап, кой, уй сарайларын тазалайм. Кээде талаадагы жүгөрүлөрүн сугарып келебиз. Ал эми чоң энеме самоор кайнатканга жардам берем.
Мугалим: Жакшы балдар! Демек жалкоолукка берилбей, жумуш деп гана турса, улууну сыйлап, кичүүнү ызаттап, үлгү болсо досторуна, тартиптүү жүрсө күн сайын ал кандай бала экен?
Сабактын жыйынтыгы:
- Мыкты, үлгүлүү окуучу деп кимди айтабыз?
- Мектеп эрежелерин билесиңерби?
- Окуучунун сабак учурундагы жүрүм-турумун айтып бергилечи?
- Мектеп буюмдарын жана окуу куралдарынын кантип сакташ керек?
- Моралдык-этикалык кодекс деген эмне?
Бабалар сөзүн билип жүр!
- Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
- Пайдасыз билим — жаансыз булут.
- Билим — адамдын канаты.
- Билим — жанып турган чырак.
- Күч кетет, билим кетпейт.
- Окуй берсең — көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.
- Эмгек — дайра, билим — кеме.
Жыйынтыктоо:
Балдар, биз бүгүнкү сабагыбызда: “Окуучунун мектеп эрежеси, моралдык-этикалык кодекси” деген эмне экенин үйрөндүк. билдик.
Билем: Мыкты, үлгүлүү окуучу деген эмне экенин билдим.
Билдим: Мектеп эрежелерин эмне экенин түшүндүм.
Билгим келет: Моралдык-этикалык кодекс жөнүндө көбүрөөк билгим келет.
Үй тапшырма: “Жүрүм-турум жөнүндө” ( Эссе жазуу).
Комментарийлер