НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

  • 17.08.2023
  • 0
НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ Суусаркан Жээнбекова,

 Бишкек шаарындагы

№21 жалпы орто билим берүү мектебинин

башталгыч класстарынын мугалими

 

 

 

Математика          4-класс

Сабактын темасы: Нөл менен аяктаган эки орундуу санды жазуу түрүндө көбөйтүү

Бөлүмү: Көбөйтүү жана бөлүү.

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар нөл менен аяктаган эки орундуу сандарды жазуу түрүндө көбөйтүүнүн ыкмаларын билишет.

Күтүлүүчү натыйжа: нөл менен аяктаган эки орундуу санды жазуу  түрүндө көбөйтө алышса. Берилген мисал, маселелерди түшүндүрүп катасыз чыгара  алышса.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуп үйрөнгөн бардык учурдагы

эсептөөлөрдү өз алдынча аткарышат.

Күтүлүүчү натыйжа: Мисал маселелерди чыгарууда анын мазмунун түшүнүп, шартын түзүү менен  чыгара алышса.

Тарбиялык максаты: Топто, жупта иштөөдө ынтымактуу болууга тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжа: Топто, жупта иштөөдө бири-бирин сыйлап  ынтымактуу болушса.

Сабактын тиби: Жаңы билимди  өздөштүрүү сабагы.

Сабактын усулу: топто иштөө, жекече иштөө, интерактивдүү, мээге чабуул ж.б.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: панель, табличка, карточкалар, слайд, сүрөттөр, тех.каражаттар, дидактикалык материалдар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

5 этаптан турат

  1. Саламдашуу слайддагы видео аркылуу саламдашабыз.
  2. Уюштуруу

Окуучулардын сабакка даярдыгына көз салат.

  1. Жагымдуу маанай түзүлөт.

Секирме кубиктер” кызыктуу кутучанын ичинен жагымдуу маанайлар учуп чыгышат. Ушул кубиктердин жардамында төрт топко бөлүнүшөт. Ар бир кубикте 1,2,3,4 номерлер бар.

-Үйгө кандай тапшырма, эмне берилген?

№39

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

Жаңы темага карата багыт берем

“Жылан” оюну аркылуу окуучулар оозеки мисалдарды чыгарышат.

-Балдар ушул жерде кандай жалпы окшоштуктарды көрдүңөр?

— Бүгүнкү сабак эмне тууралуу болот деп ойлоп жатасыңар?

 Сабактын темасы, максаты, көрсөткүчтөрү айтылат.

Балдар  243 • 20=

Ар бирибиз мамыча түрүндө жазып  жеке иштейбиз.

-Кандай жооп алдыңар?

-Көбөйтүүнү кантип чыгарганыңарды түшүндүрүп бере аласыңарбы?

-Мисалды чыгаруунун башка жолдорун айтып бере аласыңарбы?

Карама-каршы пикир жаратам.

-Бир окуучу  ушул мисалды чыгарганда 486 чыгат деди . Макулсуңарбы?

-Эмне үчүн макул эмессиңер?

-Ал окуучуга силер эмне деп айтаар элеңер?

-Балдар мен бул мисалды төмөндөгүдөй чыгарам.

  1. Бул мисалды жөнөкөйлөтүү үчүн мен 20 көбөйтүндүсүн ыңгайлуу сандарга ажыратам. Мисалы, мен билем, 20=2•10 болот. Алгач 243 көбөйтүндүндүсүн 2 ге көбөйтүүнү мамыча түрүндө жазабыз.:
  2. Көбөйтүүнү аткарам: 3 бирдикти 2 ге көбөйткөндө 6 бирдик болот, 4 ондукту 2 ге көбөйтсөк 4 жүздүк болот.
  3. 486 санын экинчи көбөйтүүчүгө, 10 го көбөйтөбүз:
  4. Жооп: 4860

Экинчи көбөйтүүчү нөл менен аяктаса, ондукту биринчи көбөйтүүчүнүн  бирдигинин алдына жазып койсо болот. Биздин мисалды чыгарууда мамыча түрүндө төмөндөгүдөй жазып чыгарууга да болот:

№40 Жупта чогуу иштейбиз

Кээ бир балдар доскага чыгышат

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

Ритмди угуу аркылуу көнүгүү жасашат.

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

Топ менен иштейбиз.

№41   1-топ

Жайында 30 бал челектин ар биринен 36 килограммдан, 20 бал челектин ар биринен 42 килограммдан бал жыйнашкан. Бул бал челектердин бардыгынан канча килограмм бал алышкан?

1 бал челектин салмагыБал челектин саныБалдын жалпы салмагы
36кг30
? кг

?кг

?кг

42кг20

 36 • 30 + 42 • 20 = 1080 + 840 = 1920 кг
Жообу: Бал челектердин бардыгынан 1920 кг бал алышкан.

№42   2-топ

Дүкөнгө түстүү калемдерди жана фломастерлерди алып келишти, бардыгы 560 даана. Калемдер ар биринде 12 даанадан болгон 40 куту, фломастерлер ар биринде бирдей санда болгон 10 куту.  Ар бир кутуда канчадан фломастер болгон?

Кутулардын түрүКутулардын саныБаары
12  к. калем40 куту
560 даана

?

?

? к. флом.10 куту

1) 12 • 40 = 480 к.
2) 560 − 480 = 80 ф.
3) 80 : 10 = 8 ф. – бир кутуда

Жообу: Ар бир кутунун ичинде 8 даанадан фломастер бар .

     3-топ

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮ

75 • 4 = 300 км – 1 – поезд кездешкенге чейин;

60 • 4 = 240 км – 2 – поезд кездешкенге чейин;

75 • 4 + 60 • 4 = 300 + 240 = 540 км – эки шаардын арасындагы аралык;

75 • 4 − 60 • 4 = 300 − 240 = 60 км – 1 – поезд 2 – поездге караганда көбүрөөк жол жүрдү.

№44      4-топ

Теңдемелерди чыгар

x • 9 = 130 + 140             164 – х = 720 : 9            x : 8 = 200 − 120
x • 9 = 270                       164 – х = 80                   x : 8 = 80
x = 270 : 9                        х = 164 – 80                   x = 80 • 8
x = 30                               х = 84                             x = 640

 №45   Оозеки иштейбиз

Кайсынысы чоң? Канча эсе чоң?

1)  60 жана  20  сандарынын суммасыбы  же  алардын  айырмасыбы?

2) 15 жана 5 сандарынын тийиндисиби же алардын көбөйтүндүсүбү?

1) 60 + 20 = 80 − суммасы
2) 60 − 20 = 40 – айырмасы
3) 80 : 40 = 2 —суммасы айырмасынан 2 эсеге чоң.

Жообу: суммасы 2 эсе чоң.

1) 15 : 5 = 3 – тийиндиси;
2) 15 • 5 = 75 – көбөйтүндүсү;

3) 75 : 3 = 25 — көбөйтүү бөлүүдөн 25 эсе чоң;

Жообу: көбөйтүү 25 эсе чоң.

75 • 4 = 300 км – 1 – поез кездешкенге чейин;

60 • 4 = 240 км – 2 – поезд кездешкенге чейин;

75 • 4 + 60 • 4 = 300 + 240 = 540 км – эки шаардын арасындагы аралык;

75 • 4 − 60 • 4 = 300 − 240 = 60 км – 1 – поезд 2 – поездге караганда көбүрөөк жол жүрдү.

№44      4-топ

Теңдемелерди чыгар

x • 9 = 130 + 140             164 – х = 720 : 9            x : 8 = 200 − 120
x • 9 = 270                       164 – х = 80                   x : 8 = 80
x = 270 : 9                        х = 164 – 80                   x = 80 • 8
x = 30                               х = 84                             x = 640

 №45   Оозеки иштейбиз

Кайсынысы чоң? Канча эсе чоң?

1)  60 жана  20  сандарынын суммасыбы  же  алардын  айырмасыбы?

2) 15 жана 5 сандарынын тийиндисиби же алардын көбөйтүндүсүбү?

1) 60 + 20 = 80 − суммасы
2) 60 − 20 = 40 – айырмасы
3) 80 : 40 = 2 —суммасы айырмасынан 2 эсеге чоң.

Жообу: суммасы 2 эсе чоң.

1) 15 : 5 = 3 – тийиндиси;
2) 15 • 5 = 75 – көбөйтүндүсү;

3) 75 : 3 = 25 — көбөйтүү бөлүүдөн 25 эсе чоң;

Жообу: көбөйтүү 25 эсе чоң.

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮСуроолорго жооп беришет.

Өз ой пикирлерин жазышат

№46

НӨЛ МЕНЕН АЯКТАГАН ЭКИ ОРУНДУУ САНДЫ ЖАЗУУ ТҮРҮНДӨ КӨБӨЙТҮҮКритерийлерге карап баалоо жүргүзүлөт

Бөлүшүү

Комментарийлер