МУЗЫКА окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 18.08.2023
  • 0
МУЗЫКА окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Актуалдуулугу

Азыркы заманбап ааламдашуу мезгилде, техникалык-технологиялык прогресс абдан жигердүү өнүгүп жаткан учур. Күн сайын көбүрөөк жаңы технологиялар пайда болууда. Дээрлик ар бир заманбап адамдын үйүндө компьютери, уюлдук телефону бар, өзү болсо фото жана видео камераларды башкарууну билет. Кыргызстандагы көпчүлүк мектептер мультимедиалык каражаттар же компьютер класстары менен камсыздалган. Бардык компьютердик технологиялардын болушу жана көп түрдүүлүгү компьютерди окуучулардын да, мугалимдердин да чыгармачылык жана өз алдынча билим алуусу үчүн ачык окуу жана өнүктүрүү чөйрөсү катары кароого мүмкүндүк берет. Бирок компьютерди керектүү графикалык иллюстрациялар менен сабактын темасын жана тезистерин жазуу үчүн электрондук такта катары гана эмес, интерактивдүү билим берүү ишмердүүлүгүнүн куралы катары колдонулушу керек экени белгилүү. Бүгүнкү күндүн музыка мугалими музыкалык-компьютердик технологияларды (мындан ары — МКТ) гана билбестен, аларды өз ишинде туура колдоно билген кесипкөй адис болууга тийиш. Заманбап изилдөөлөр көрсөткөндөй музыка мугалимдери азыркы учурда аларды ишке ашыруунун объективдүү зарылчылыгына карабастан, өз ишинде МКТнын кеңири спектрин колдонбой жатканын айтууга болот.

Руханий-адептик билим берүү тутумунун алкагындагы музыка сабактарындагы санарип технологияларды колдонуу боюнча ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларды окутуунун практикада калыптанып калган салттуу методдоруна негизделиши керек. Музыка сабагындагы мугалимдин ролу окуучуларга санарип технологияларды колдонуу аркылуу музыкалык аспаптарда ойногонду үйрөнүү, аларды угуу жөндөмдөрүн жогорулатуу, ыргакты, тембрди, динамиканы сезүү сезимин калыптандыруу менен окуучулардын иш-аракеттеринде ал музыкалык компьютердик технологияларды билим, тарбия берүү ишмердүүлүктөрдүн бардык түрлөрүндө чыгармачылык менен пайдаланууга мүмкүндүк берүүбүз музыка мугалиминин негизги милдеттеринен.

 

Ченемдик документтер

2022-2023-окуу жылында Музыка предмети Кыргыз Республикасынын «Билим

берүү жөнүндөгү» мыйзамына жарыяланган, Базалык окуу планына жана КРнын аймагында билим берүү тармагына тиешелүү болгон укуктук-ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлөт.

Предметтик стандарттарды, предметтик программаларды жана электрондук окуу китептерин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (https://edu.gov.kg/kg/) жана Кыргыз билим берүү академиясынын (www.kao.kg) веб-сайттарынан жүктөп, колдоно
аласыздар.

 

Өзгөчөлүктөрү

Жаңы окуу жылында биз предметтик (эмоциялык-баалуулук, музыкалык-эстетикалык, аткаруучулук) компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу боюнча иштерди улантабыз жана окуучуларга музыка сабагын окутуудагы санарип, музыкалык-компьютердик технологиялардын ролуна көңүл бурабыз.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, 2023-2024-окуу жылына карата музыка сабактары жана класстан тышкаркы музыкалык иш-чаралар үчүн санарип, музыкалык-компьютердик технологияларды пайдалануу жөнүндө биз төмөнкүдөй милдеттерди түзүүнү сунуштайбыз:

«Computerdik piano» жана «Forte» тиркемелердин жардамы аркылуу окуучулардын ар кандай аспаптардын (арфа, кларнет, труба, керней, сурнай, барабан, гитара, пианино, синтезатор, коңгуроо, урма аспаптар ж.б.) компьютердин клавиатурасында обонду ойноо мүмкүнчүлүгүн калыптандыруу;

Мугалимдин жардамы менен окуучулардын «Cyber ​​​​Synthesizer» (Кибер Синтезатор) «Rock» (Рок), «Rock and Roll» (Рок-н-ролл), «Country» (Кантри) стилинде өз алдынча композицияларды түзүүгө жардам берүү;

 «Музыкалык аспаптардын тарыхы» (History of musical instruments) жана «Электрондук фортепиано» (Electronic piano) тиркемелеринин жардамы аркылуу окуучулардын музыкалык аспаптарды теориялык жактан гана үйрөнбөстөн, виртуалдык түрдө ойноо мүмкүнчүлүктөрүн калыптандыруу.

Музыка предметин окутуунун методикасын жогорулатуу максатында, музыка мугалимине төмөнкү программаларды сунуштайбыз. Алар:

«Tic-tac-toe» программасы. Бул болсо музыка сабагынын бардык темалары боюнча окуучулар даярдана ала турган музыкалык оюндар программасы. Ошондой эле окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн «Tic-tac-toe» оюну абдан кунт коюп угуп, окуучуларга музыкалык аспаптарды, ноталарды, тыныгууларды туура табуу менен компьютерди кызыктуу колдонууга мүмкүндүк берет;

«Musical cubeter» оюну – мында музыкалык аспаптарды, ноталардын созулуштарын, ансамблдерди, ноталарды аныктоону жана кубиктердин жардамы менен музыкалык диктант жазууга болот;

«Musical cubeter» оюну обон жыйнап алууга мүмкүндүк берет.

«Guess the melody» (обонду тап) оюну. Мында окуучунун музыкалык эс тутумун өнүктүрүүгө, музыкалык чыгармаларды жаттап алууга жана обонду чогултууга мүмкүндүк берет.

Демек, окуучунун музыкалык ойломун тарбиялоодо, музыкалык билимине, эмоциялык-баалуулук, музыкалык-эстетикалык, аткаруучулук компетенттүүлүктөрүнө жана чыгармачылык ишмердүүлүк тажырыйбасына маалыматтык технология, музыкалык билим берүүгө таасир берет жана окуучунун окууга болгон мотивациясын калыптандырат.

Ошентип, окуучуларга музыкалык билим берүүнүн санарип, маалыматтык технологиялардын каражаттарын практикага киргизүү маселеси, заманбап музыкалык педагогикада актуалдуу милдеттерден. Учурдагы музыкалык-педагогикалык процессте санарип, маалыматтык технологияларды ишке ашыруунун эки планын сунуштайбыз. Алар төмөнкүлөр:

Музыка сабагын окутуу процессине санарип, музыкалык-компьютердик технологиялар аркылуу электрондук колдоо;

Мугалим тараптан санарип, музыкалык-компьютердик технологиялардын методикалык ресурстарын колдонуу.

Мында, музыка сабагында санарип, музыкалык-компьютердик технологиянын каражаттары аркылуу окуучуларга музыкалык-эстетикалык билим, тарбия берүү багытында иштөөнүн методдорун жана формаларын бир канча кеңейтет.

Музыка сабагында санарип, музыкалык-компьютердик технологияларды окуучуларга музыкалык билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун фактору катары карап, окуучулар менен иштөөнүн төмөнкү жаңы формаларын бөлүп көрсөтсөк болот. Алар:

ноталык сабаттуулукту өздөштүрүү үчүн компьютердик музыкалык программаны (Final, Ouverture, Forte) колдонуу;

музыкалык-драмалык тасмаларды салыштыруу көз карашта талдоо (Манас эпосунан, операдан, балеттен фрагменттер, классикалык музыкадан концерттер ж.б.).

Демек, окуучуларга санарип, музыкалык-компьютердик технологиялык ресурстарын музыкалык билим берүү процессине киргизүү учурдун талабы.

Музыка предметин окутуу 2022-2023-окуу жылында Базистик окуу планына (БОП) жана Кыргыз Республикасындагы билим берүүгө байланыштуу укуктук-ченемдик документтерге ылайык өтөт. Ошентип, БОП боюнча, кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдүү жалпы билим берүү уюмдарында «Музыка» предметин окутуу үчүн 1-2-класстарда жумасына 2 саат, ар бир класста бир окуу жылында 68 сааттан, 3-7-класстарда жумасына 1 саат, ар бир класста бир окуу жылында 34 саат окутулат.

Сунуштар:

  1. «Музыка сабагында санарип технологияларды колдонууда мугалимдин ролу» аттуу темада тегерек стол.
  2. Музыка сабагында функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жанa PISA.
  3. Окуучуларга музыкалык билим, тарбия берүүдө санариптештирүү маселеси: музыкалык-эстетикалык билим берүүнүн көйгөйлөрү.
  4. Музыка сабагында окуучуларды баалоо системасы: предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу учурдун талабы.
  5. Музыка мугалимдеринин педагогикалык, санарип, музыкалык-компьютердик технологияларды колдонуу чеберчилигин жогорулатуу маселелери жана келечеги.
Бөлүшүү

Комментарийлер