МОЛЛЮСКАЛАРДЫН СЫРТКЫ ЖАНА ИЧКИ ТҮЗҮЛҮШҮ, ТИРИЧИЛИГИ

  • 31.01.2024
  • 0

Тагаева Элнура, биология мугалими, Темирбаев атындагы мектеп -гимназиясы, Сузак району

 

 

Сабактын максаты:

а) Билим  берүүчүлүк: Моллюскалардын  сырткы  тγзγлγшγ,  тиричилиги,  негизги  класстары  жана  алардын  маанисин  аныктоо  менен окуучулар керектγγ  маалыматтарга  ээ болушат

Көрсѳткγч: Моллюскалар  дγйнѳсγ  γчγн  мγнѳздγγ   болгон   негизги  белгилерди   болуп  кѳрсѳтѳт.

б) Өнүктүрүүчүлүк: Өз  ой-пикирин  эркин  айтууга  сабаттуу   болууга   кѳнγктγрγγ

Көрсөткүч: Окуучулардын   логикалык  ойлоосун  ѳстγрγγ, билимин жогоруулатуу.

в) Тарбия берүүчүлүк: Адамгерчиликке , маданияттуулукка  тарбиялоо.

Көрсөткүч: Алган  билимдерин жаныбарлар  дγйнѳсγн   изилдѳѳдѳ  колдонот.

 

Сабактын   тиби:   Жаңы   билимди  ѳздѳштγрγγ,  жаңы  материалдарды  окуп  γйрѳнγγ

 

Колдонуучу  усулдар:  Интерактивдγγ  ыкма, топтор жуптар  менен  иштѳѳ.

 

Сабактын  жабдылышы:

Окуу китеби,   тγстγү  сγрѳттѳр,  буклеттер .

Сабактын  жγрγшγ:  Уюштуруу,  саламдашуу. Жагымдуу маанай, журнал боюнча  жоктоо. Мотивация  берγγ.

Yйгѳ  тапшырманы  суроо:

  1. Муунак  курттардын  жаратылышта  жана  адамдын жашоосу  γчγн абдан чоң  мааниси  бар жана алардын  ичине  кайсылар  кирет?

а)   Сүлүктөр   б)  Кылкандуулар     в)  Мителер.

  1. Аз кылкандууларга  кайсылар кирет?

а) Сѳѳлжандар     б)  дениз  палоолору,  кумчул  сѳѳлжандар.

 

Жаңы  теманы  тγшγндγрγγ:

 

 “Моллюскалардын   сырткы  жана  ички  тγзγлγшγ, тиричилиги ”

Мугалим:   Балдар  моллюскаларды  кѳргѳнсγңѳрбγ?

Окуучулардын   жоопторун угабыз.

Мугалим:  Мына   ушул   молллюскалар  да  жаныбарлар  дγйнѳсγнѳ  кирет.

Алардын  жашоосуна  кызыгуулар  болду беле?  Келгиле бγгγнкγ сабактын  максатын  аныктап  алалы?

  • Моллюскалардын байырлоочу жерлери, жашоо чѳйрѳсγ.
  • Сырткы жан ички тγзγлγшγ
  • Кѳбѳйγγ , өрчүү, азыктануу, жашоо тиричилиги
  • Пайдалуу жана зыяндуу жактары
  • Курсак буттуу моллюскалардын көп түрдүүлүгү: жырткычтар, жырткыч эместер

Окуучулардын  жооптору  кластерге  жазылат жана мисалдарды келтирүү менен сабак  максатына  жетет.

Моллюскалардын  типтери

  • Курсак буттуулар                   90 000 тγрγ бар
  • Кош капкалуулар                  20 000 тγрγ бар
  • Баш буттуулар.                       650 тγрγ бар

Моллюсканын  типтери   130 миңден  ашат.

Жерде  жашоочулар: жүзүм  γлγлγ,  ахатина, зебрина, бак γлγлγ

Сууда  жашоочулар: катушка,  кѳлмѳ малюскасы, трубачтар, конус.

Бышыктоо   γчγн   суроолор:

  1. Эмне γчγн   кээ  бир  моллюскалар  атайын  жайларда   ѳстγрүлѳт?
  2. Кайсы γлγлдѳрдγн кабыгынан кандай  кооз  буюмдар жасалат?
  3. Кандай жырткыч моллюскаларды  билесиңер?

 

Сабакты  жыйынтыктоо:  Кана  балдар  бγгγнкγ  сабак  силерге  жактыбы?

Баалоо:   Быйтыкчалар менен балоо

Үйгѳ  тапшырма:     Таблицаны  толтуруу.

                    Белгилери                 Мааниси
Денесинин  формасы жана  размери
Дене органдары
Азыктануу   системасы
Дем  алуу  системасы
Кан  айлануу  системасы
Бөлүп чыгаруу системасы
Нерв  системасы
Кѳбѳйγγсγ

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер