МЕНИН ӨЛКӨМ – КЫРГЫЗСТАН!

  • 18.08.2023
  • 0
МЕНИН ӨЛКӨМ – КЫРГЫЗСТАН!

1-4-класстар үчүн 1-сентябрда өтүлүүчү сабактын болжолдуу сценарийи

Сабактын максаты: Окуучулардын мекенине болгон сүйүүсүн арттыруу.

Билим берүүчүлүк: Кыргызстандай кооз өлкөнүн жараны катары эмоционалдык аң-сезимин калыптандыруу. Кыргызстандын символдору: Гимн, Герб жана Желек менен тааныштыруу; географиялык картадан өлкөнүн аймагын көрсөтүү менен Кыргызстандын жаратылышынын ар түрдүүлүгү жана кооздугу боюнча маалымат берүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Өзү туулуп-өскөн жана жашаган өлкө жөнүндө түшүнүктөр; коомдук унаада жүрүм-турум эрежелерин сактоого үйрөтүү; ой жүгүртүүнү, эс тутумду, көңүл бурууну жана сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү.

Тарбия берүүчүлүк: Балдардын патриоттук сезимдерин, мекенине сыймыктануу сезимдерин тарбиялоо. Жупташып, топто иштей билүү; баарлашууда сылыктык эрежелерин колдонуу.

 Жабдуулар: Кыргызстандын гимни, герби, желектин сүрөтү, проектор, экран.

Сабактын формасы: Сабак-саякат.

Сабактын жүрүшү

Уюштуруу

Билим майрамы

Күзгү кутман айдагы,

Бүгүн – Билим майрамы.

Ак мектепке биринчи,

Биз киребиз жайдары.

Мугалим: — Саламатсыңарбы, балдар! Мектепке кош келдиңер!

Билимди актуалдаштыруу

Мугалим: — Бүгүн бизде жөнөкөй сабак эмес, сабак-саякат. Балдар, силер саякаттаганды жакшы көрөсүңөрбү?

Балдар: — Ооба!

Мугалим: — Абдан жакшы! Ал эми саякаттаганды жакшы көргөн адамды кандай атаарын билесиңби?

Балдар: — Саякатчы.

Мугалим: — Азаматсыңар! Ошентип, биз азыр саякатчыга айланабыз. Саякатчы кандай болуш керек деп ойлойсуңар?

Балдар: — Кайраттуу, тапкыч, жоопкерчиликтүү ж.б.

Мугалим: — Менимче, бизде бул сапаттардын баары бар. Балдар эмне үчүн саякатка чыгышат?

Балдар: — Жаңы нерсени үйрөнүү, көрүү үчүн.

Мугалим: — Жакшы! Бүгүн биз силер менен чогуу жаңы нерсени үйрөнүшүбүз керек. Айткылачы, кандай транспорт каражаттары менен бара алабыз?

Балдар: — Машина, учак, поезд, автобус ж.б.

Мугалим: — Мейли, убакытты текке кетирбейли. Табышмакты чечели:

Суу ичпейт да жем жебейт,

Каалаган жерге жеткирет.

Аркасына чирмешсең,

Чарчабайт да, тердебейт.

Балдар: — Поезд.

Мугалим: — Балдар, поезд кандай болот?

Балдар: — Локомотив, вагондор.

Мугалим: — Ал эми локомотивде ким бар?

Балдар: — Машинист.

Мугалим: — Эмне үчүн?

Балдар: — Поездди айдаш үчүн.

Мугалим: — Ал эми жүргүнчүлөр поездде кайда барат?

Балдар: — Шаарларга, айылдарга.

Мугалим: — Балдар, поездде жүргүнчүлөр өзүн кандай алып жүрүшү керек? Кандай эрежелерди сактоо керек?

Балдар: — Транспортто ызы-чуу чыгарбоо жана түрткүлөбөө керек.

Мугалим: — Эми мен ар бир партага бирден вагон таратып берем, силер өзүңөрдү вагондун терезелеринин бирине түстүү карандаш менен тарткыла, бирок жүргүнчүлөр бири-бирине сылык жана достук мамиледе болушу керектигин унутпагыла. Саякатка кандай маанай менен бара жатканыңарды ойлонгула да, муну сүрөтүңөрдө белгилөөнү унутпагыла. (Балдар сүрөт тартат)

Мугалим: — Биздин поезд өз графиги боюнча 3 мүнөттөн кийин сапарга чыгышы керек, ошондуктан биз саатка карап, баарын тез жасайбыз. (кум саатын коюу)

Жаңы материалды үйрөнүү

Мугалим: — Поезд кайда баратат? Тактада эмне жазылганын окуп көрөлү.

Балдар окуйт: (Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен).

Мугалим: — Бул аймактар силерге тааныш. Аларды чогуу кантап атайбыз?

Балдар: — Кыргызстан, анткени биз анда жашайбыз.

Мекен деген сөздөр. Кыргызстан

Мугалим: Балдар ыр угушат:

Бийик, нарктуу, улуу кыргыз элим бар,

Береке мол, ажайып кооз жерим бар.

Бабалардын кылым кезген мурасы,

Ата Мекен сенин ыйык демиң бар.

Мугалим: — Мекен деген сөз эмнени билдирет? Бул ыр эмне жөнүндө?

Балдар жооп беришет.

Мугалим: — Биздин Ата Мекенибиз, биз туулуп-өскөн өлкө. Мекен сенин босогоңдон башталат. Булар туугандар жана силер үчүн кымбат адамдар, алар: апа, ата, үй, мектеп, көчө, шаар, айыл. Мекен ар дайым сени менен, кайда болбо, кайда жашаба, ал ар бир адамдын жүрөгүндө бар.

Мугалим: — Ооба, жашыл жарык жанды, бизге кетүүгө убакыт келди! Ошентип, биз кайда бара жатабыз, ойлонуп көрөлү?

Балдар: — Кыргызстанга!

Мугалим: — Көбүнчө вагондордо жазуулар бар, ошону окугандар поезд кайда баратканын билишет. Келгиле, “Кыргызстан” деген жазуу кандай жазыларын жакшылап карап көрөлү жана унааларыбызга жазалы.

Балдар жазат. КЫРГЫЗСТАН

Мугалим: —Биздин поезд кетип жатат. Ак жол!

Өлкө – жер, аймак. Карта менен иштөө.

Мугалим: — Балдар, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен өрөөндөрү жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Балдар: — Бул Чүй өрөөнү, бул өрөөн кооз, жайык жерде жайгашкан. Мөмө-жемиштүү, түрдүү гүлдөр өсөт, жайы ысык, кышы жылуу. Мында көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Андан ары улайт.

Мугалим: — Айткылачы, Ысык-Көл жөнүндө эмнелерди билесиңер?

Балдар жооп беришет.

Мугалим: — Туура! Ысык-Көл – биздин өлкөнүн бермети. Көл, балык, пароход, кайык ж.б. Балдарга ар бир өрөөн боюнча айтып берет.

Сүрөттөр менен иштөө. (балдар ар бир облуста эмне өсөрүн, эмне бар экенин мугалимдин айтуусун угуп, мурдатан кесилип даярдалган сүрөттөрдү чапташат)

Мугалим: — Балдар, өлкө деген эмне?

Балдар ойлорун айтышат.

Мугалим: — Өлкө бул жер, чек арасы бар аймак.

Картадагы эң кооз өлкө

Мугалим: — Бул жерде Кыргызстандын бардык аймактары көрсөтүлгөн карта. Аны жакшылап кара. Бул биздин өлкө – Кыргызстан! Анда 7 миллионго жакын адам жашайт. Биздин өлкө — көп улуттуу. Кыргызстанда: кыргыздар, орустар, татарлар, өзбектер ж.б. жашайт.

Өлкөнүн символдору

Мугалим: — Кыргызстандын бардык жарандары өз өлкөсүнүн символикалык белгилерин билиши керек. Бул Гимн, Желек жана Герб. Кыргыз эли өз өлкөсүнүн гимнин укканда – орундарынан турушат. Келгиле, гимнди угалы.

Кыргызстандын гимни. Балдар ордуларынан туруп, чогуу ырдашат.

Мугалим: — Балдар, биздин мамлекетибиздин желеги аркылуу, биздин өлкөнү башка өлкөлөрдөн айырмалай алабыз.

Жаратылыш

Мугалим: — Биздин өлкөнү кыдырып жүрүп, анын жаратылышынын кооздугуна таң каласың. Акындар ырларында төмөндөгүдөй сүрөттөйт.

Ыр угушат, колдорун көтөрүп бийлешет, кыймылдашат.

Кыргызстан

Кыргызстан – тоолордун мекени,

Тунук суулар, токойлор, кендери.

Кылымдарга түбөлүк жашай бер,

Өсө бергин, гүлдөгүн, мекеним.

Көк асманды тиреген тоолорум,

Ак булутту жандаган зоолорум.

Жаратканым сулуулук бериптир,

Айтып бүткүс эң бир кооз мекеним.

Кайырма:

Кыргызстан – ыйык мекен,

Кыргызстан, койнуң кенен.

Кыргызстан, Кыргызстан,

Коргойбуз сени бек туруп!

Ата Журтум, Ала-Тоом, мекеним,

Коргойбуз биз, сактайбыз өзүңдү.

Күн нуруна бөлөнүп жергебиз,

Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз.

Ала-Тообуз – элимдин тиреги,

Көк асманга желбирейт желеги.

Кыргызымдын эрдигин даңктайбыз,

Бабалардын салтын биз барктайбыз.

Топто иштөө

— Балдар, эми биз карточкалардагы тапшырманы аткарабыз. Алдыңарда карточкалар турат. Тапшырмада бирден аймак – ал аймакка тиешелүү нерселер. Силер бул аймакка туура келет деп ойлогон карточкаларды тегерегине тизсеңер болот.

Балдар тапшырманы өз алдынча аткарат.

Сабактын жыйынтыгы

Мугалим: — Балдар, биздин саякатыбыз аяктап баратат. Келгиле, желегибизди чогуу түскө келтирели. Ошондо биз бир чоң, кооз желекке ээ болобуз. Биздин өлкө кандай аталат?

Балдар: — Кыргызстан!

Мугалим: — Балдар, биздин өлкөнүн эмнеси көбүрөөк жагат?

Балдар жооп беришет.

Мугалим: — Балдар, силер ынтымактуу болсоңор, анда ар дайым биз жашаган чоң, кооз өлкөбүз болот.

Саламатта калгыла, балдар!

Бөлүшүү

Комментарийлер