МЕКТЕПТЕ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

  • 15.08.2023
  • 0
МЕКТЕПТЕ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

Ааламдашуу доорунда тарбия маселелеринде көптөгөн өзгөрүүлөр кирди. Азыр тарбиялык иштер динамикалуу маселелердин бири болууда. Башка өлкөлөрдө социалдык баалуулуктар өзгөрдү. Коомдо гумандаштыруу, гуманитарлаштыруу процесси жүрүп жатат. Педагогикалык теорияга жана практикага санариптештирүү, компьютерлештирүү, программаланган дистанциялык окутуу ж.б. кирди. Мурдагы идеологиялык багыт жараксыз болуп, мектептерде мурдагы башкаруу системасы тарбиялык мазмун  актуалдуулугун жоготту. Акыркы жылдарда тарбиялык иштер  мурда бир нече он жылдыкта болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушар болду.  Республикабызда ар түрдүү көз караштагы, ынанымдагы коомдор, саясий партиялар, конфессиялык картинаны өзгөртүүгө салым кошкон бирикмелер, секталар, жалган маданий окуулар көбөйдү. Алар балдардын аң-сезимине активдүү чабуул жасап жатышат.

Башка өлкөлөр дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүүгө багытталган жаңы билим берүү системасын түзүү үчүн  тарбиялоонун жаңы формаларын, жаңыча мамилени, жаңы усулду, жаңы технологияны  түзүүнүн жолдорун  издеп жатышат. Жаңы билим берүү стандарты, тарбиялык сааттардын жаңы мазмуну түзүлүүдө, балдарды мурдагыдан башкача тартипке үйрөтүү керек экендигин коом түшүнүүдө. Жаңы мазмундун негизинде, жаңы социалдык, саясий, экономикалык өзгөргөн шартка ылайык жаш муундарды тарбиялоо зарыл.

Коомдогу өтө көп өзгөрүүгө, жаңы шартка ылайыкташа албай жаткан окуучулар көбөйүп жатат. Окуучулар класс жетекчинин жардамына мурдагыдан көбүрөөк муктаж болууда. Кыргыз Республикасынын мектептеринде тарбиялык иштердин максаты, мазмуну, технологиясы ички жана тышкы өзгөрүүгө жараша динамикалуу болушу максатка ылайык. Мындай шартта тарбиялык иштерди мезгилдин талабына ылайык уюштуруу, окуучуларды туура ой жүгүртүүгө үйрөтүү, алардын келечектеги багытын, статусун аныкташына, турмуштан ордун табышына өбөлгө болот. КББАнын адистери азыркы шартка шайкеш, окуу-тарбия процессинде окуучулардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Аны класс жетекчилер үчүн жазылган колдонмолордон тапсаңыздар болот.

 Балдарын туугандарына таштап, миграциялап жүргөн ата-энелер арбыды. Өспүрүмдөрдүн эмоционалдык-интеллектуалдык абалына мунун таасиринин натыйжасында кароосуз калган балдар көбөйгөндүктөн девианттуу (моралдык нормадан четтеген), деликвенттүү (укуктук нормадан четтеген) балдардын саны өстү. Окуучулар стресске дуушар болуп, депрессия, апатия, психопатия ж.б. психикалык көйгөйлөр пайда болду. Суицид фактылар катталып жатат. Окуучуларды руханий өнүктүрүү үчүн  жаш муундарды тарбиялоодогу   психологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун класс жетекчи билиши керек. Мектеп практикасында кездешүүчү көйгөйлөрдү чечпей туруп, балдарды өнүктүрүү кыйын. Бул маселени чечүүгө карата “Жаш муундарды тарбиялоодогу психологиялык көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору” деген аталыштагы методикалык колдонмо иштелип чыккан. КББАнын адистери сунуш эткен колдонмолордо алар жазылды.

           Өспүрүмдөрдүн аң-сезиминин өсүшүнүн деңгээли, адептик-рухий, психикалык абалы класстык жана класстан тышкаркы иштердин  технологиялардын оптималдуу тандалышынан, тарбиялык иштерди системалуу уюштуруудан, педагогдун компетенттүүлүгүнөн  көз каранды. Азыркы мезгилде тарбиялык иштердин мазмунун маданий компетенттүүлүктүн негизинде модернизациялоого көңүл бөлүнүп жатат. Тарбиялык иштер окуучулардын адептик-рухий абалына, шыгына, жөндөмүнө ж.б. ылайык уюштурулуп, стресске кабылган, агрессивдүүлүгү жогорулап кеткен, социалдык коргоого муктаж окуучулар менен иштөөгө көбүрөөк көңүл бөлүү сунушталды. Ошондой эле позитивдүү ойломду, оптимисттик көз карашты, туура ынанымды калыптандырууга, дилдин (психикалык) рухий, дененин соолугуна камкордук көрүлүш керек.

Тарбиялык иштердин мазмунун мурда мугалим аныктап келген. Азыр ББИМ (министрлик), Кыргыз билим берүү академиясы сунуштады, ал эми кандай усул, ыкмаларды колдонуп тарбиялык сабак  өтөт, ал – мугалимдин укугу.  Окуучулар улуттун эң жакшы этикалык баалуулуктарын, руханий мурастарын, жогорку адептик принциптерин мектептен угуп, көрүүгө тийиш. “Тарбия иштеринин программасында” (1-11-класс. Г.А. Жумабаева, Б.Б. Алымбаева, К.К. Акматов) КББАнын 2020-жылдын 29-сентябрындагы Окумуштуулар кеңешинин № 6 жыйынында бекитилген) тарбиялык сааттардын, класстан тышкаркы иштердин мазмунун таба аласыздар. Бул программада сунушталган темалардын арасынан класс жетекчилер каалаган вариантын тандап алуу үчүн сунуштайбыз. 5-11-класстар үчүн бир жылдык  (ар бир класска 34 сабактан) тарбиялык сабактын иштелмелерин, www.tarbia.kg  сайтынан көчүрүп алууга болот. Бул сайтта айрым видео тарбиялык сабактарды да пайдаланууга болот. Тарбия иштеринин программасын КББАнын сайтынан таап алсаңыздар болот.

Мамлекеттин эртеңки кубаттуулугу өспүрүмдөрдүн эмгекке, патриотизмге тарбиялангандыгынан, өз ара мамиле түзүп, кызматташа билгендигинен көз каранды,  о.э. интеллектуалдык потенциалынын жогорулугу, кругозорунун кенендиги, чыгармачыл, масштабдуу, стратегиялык ой жүгүртүүгө жөндөмдүүлүгү, өз проблемасын ж.б. маселелерди чечүүгө үйрөтүлгөндүгү маанилүү роль ойнойт.   Тарбия сааттардын иштелмелеринде аларга көңүл бөлүндү.

                Билим берүүдөгү жана тарбиядагы теориялык жаңылыктарды, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги жаңы тенденцияларды, маданий өзгөрүүлөрдү  класс жетекчи билбесе, тарбиялык иштерди уюштуруунун оптималдуу жолун табышы мүмкүн эмес. КББАнын адистери класс жетекчилердин, (тарбиялык иштерди) уюштуруучулардын ишиндеги кыйынчылыктарды, өзгөчөлүктөрдү эске алып, аларга практикада пайдаланууга ыңгайлаштырып, ар бир класска колдонмолорду иштеп чыгышты. Мазмуну 1-11-класстардын “Тарбия иштеринин программасына” шайкеш келет. Биздин мурдагы тарбиялык системабызда кандай кемчиликтерди кетиргенбиз, аны эми кантип оңдошубуз керек, азыркы мезгилде класс жетекчилер кандай милдеттерди чечүү зарыл, биз ушу сыяктуу маселелердин үстүндө ойлонуп, төмөндөгү колдонмолордо класс жетекчилерге жардамыбызды сунуштадык. Бул методикалык колдонмолор 1-класстан баштап, 11-класска чейин иштеген класс жетекчилердин, уюштуруучулардын столунун үстүндөгү күнүмдүк практикада колдоно турган китепче боло алат.

Класс жетекчилердин методикалык бирикмесинде каралуучу маселелер, ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча тематикалар, тарбия ишин уюштуруучунун планы ж.б. “Тарбия иштеринин программасында” жазылды.

Класс жетекчилердин мектептеги тарбия процессин сапаттуу уюштуруу, окуучуларды социалдык-педагогикалык, психологиялык коштоо багытында “Класс жетекчинин журналы” колдонмосун (Түзүүчүлөр: К. Акматов, Э. Бактыбек уулу) пайдаланууну сунуштайбыз. Бул колдонмо республиканын аймагында 7-8 жылдан бери натыйжалуу колдонулуп келет. Колдонмодо тарбиялык сабактарды, ата-энелер жыйналышын уюштуруу багытында зарыл усулдук сунуштар, бир жылдык тарбиялык  сабактардын тематикалары да берилген.

Ар бир инсан жана жалпы коом үчүн тартип зарыл маселе, жаш муундун тарбиясынын бай булагы ата-бабалардын тарбиялык системасын (этнопедагогиканы) азыркы илимдердин жаңылыктары (педагогика, психология ж.б) менен интеграциялоо экендиги талашсыз. Төмөнкү колдонмолордон классикалык педагогика, психология менен этнопедагогика боюнча интеграцияланган материалдарды табууга болот.

Балдар Ата Мекендин, улуттун, ата-эненин, үй-бүлөнүн алдындагы милдетин, адептик, руханий тарбиянын наркын жаштайынан билип чоңойсо,  ошол билимдер көйгөйлөрдү азайтат. Алар өлкөбүздүн чыныгы байлыгы болот. Жоопкерчиликти билген жаш муун өнүгүүнүн жаңы багытына өтүп, коомчулуктун кайгысын алдын алмак. Коомчулуктагы бардык көйгөйлөрдүн тамырын кыркып, таза коом түзмөк. Класс жетекчилердин бул багыт боюнча кыйынчылыгы эске алынып, милдеттүү өтүлүүчү сабактарга киргизилди.

Республиканын жарандарынын интеллектуалдык-рухий потенциалын, инвестицияны туура пайдалануу максатка ылайык.  Класстан, мектептен тышкаркы иштердин абалын оңдоо (“Жаш математик”, “Жаш талант”,“Жаш чилистен”, “Жаш химик”, “Жаш техник”, “Конструктор”, “Жаш натуралист” “Гуманист” ж.б.) ийримдердин сапатын жакшыртуу керек. Ушул маселелерди чечүү үчүн билим берүүдөгү кызматкерлер, БӨУдун (НПО), мектептердин адистери гармониялуу мамиле түзүү менен, биринин аракетин экинчилери толуктап эмгектенүүнү сунуштайбыз. Мурдагы жылдары жаш муунду тарбиялоодогу көйгөйлөрдү чечүүгө класс жетекчилердин көңүлүн бурганбыз, азыр окуучуларды руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык өнүктүрүүгө, ден соолугун чыңдоо маселелерине көңүл бөлүүгө багыт алалы.

Август кеңешмесинде тарбиялык иштер боюнча төмөнкү маселелерди   талкуулоону сунуш кылабыз:

  1. Тарбиялык иштердин мазмуну (класс жетекчинин жылдык планы, класс жетекчилердин методикалык бирикмесинин планы, ата-энелер менен иштөөнүн планы ж.б.). Календардык-тематикалык план түзүү.
  2. Инсанды өнүктүрүү – коомду өнүктүрүү.
  3. Адептик-рухий кризистен чыгуунун жолдору.
  4. Окуучуларды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбия.
  5. Таалим-тарбия процессин оптимизациялоо, педагогикалык инновациялар.
  6. Окуучулардын зээндүүлүгүн, зиректигин, интуициясын өнүктүрүү.

Кыргыз класстарына сунуш этилүүчү методикалык колдонмолор:

  1. Алымбаева Б.Б. “Тарбия – ийгиликтин башаты”. 5-класс. Бишкек. Улуу тоолор. 2017. 64 б.
  2. Алымбаева Б.Б. “Адептүүлүктүн булагы – татыктуу тарбия”. 6-класс. Бишкек. Улуу тоолор. 2017.
  3. Б.Б. Алымбаева. “Туура тарбия – ийгиликке өбөлгө”. 7-класс. Бишкек. Улуу тоолор. 2017.
  4. Алымбаева Б.Б. “Тарбиянын жакшысы –тагдырдын ачкычы”. 8-класс. Бишкек. Улуу тоолор. 2017.
  5. Алымбаева Б.Б. “Адамды адам кылган асыл эмгек”. – Бишкек. Методикалык колдонмо. –2019. – 94 б.
  6. Алымбаева Б.Б. Мектепте жана үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо: мугалимдер, класс жетекчилер үчүн методикалык колдонмо. – 2018. – 104 б.
  7. Алымбаева Б.Б. “Салам менин билим – уям!” 1-класстын класс жетекчилери үчүн иштелме. – Бишкек. 2022. – 130 б.
  8. Алымбаева Б.Б. “Билимдүү адам – коомдун келечеги” 2-класстын класс жетекчилери үчүн иштелме. – Бишкек. 2022. – 116 б.
  9. Алымбаева Б.Б. “Кыргыз маданиятынын баалуулуктары” 3-класстын класс жетекчилери үчүн иштелме. – Бишкек. 2022. – 84 б.
  10. Алымбаева Б.Б. “Билим – жанып турган чырак”. 4-класстын класс жетекчилери үчүн иштелме. – Бишкек. 2022. – 112 б.
  11. Акматов К.К., Муратов А.Ж. Мектептин тарбиялык сабактары. 1-11-класстын класс жетекчилери үчүн колдонмо. – Бишкек. — “Креатив” Глобал принт. — 2019.
  12. Акматов К.К. Башталгыч класстар үчүн тарбиялык сабактар. Ата-энелер жыйналышын өткөрүүгө сунуштар. – Бишкек. Глобал принт. — 2019.
  13. Акматов К.К., Маматов Т.М. Балам мыкты болсун десеңиз. – Бишкек. Глобал принт. — 2020.
  14. Акматов К.К., Маматов Т.М. Эң мыкты ата! – Бишкек. Глобал принт, 2020.
  15. Акматов К.К., Абдыманап кызы А. Класс жетекчинин китеби. – Бишкек. — Глобал принт. — 2017.
  16. Акматов К.К., Мурзаев С., Момонов З. Энелер мектебин уюштуруунун технологиялары. – Бишкек: Глобал принт, 2020.
  17. Акматов К.К. 100 таасирдүү тарбиялык сабак. Класс жетекчинин китеп текчесине. – Бишкек, 2016.
  18. Акматов К.К., Бактыбек уулу Э., Класс жетекчинин журналы. – Бишкек 2023.
  19. Байгазиев С.О. «Азыркы мектептеги тарбия: максаты, мазмуну жана технологиясы» Б.,2009. Гүлчынар.
  20. Жумабаева Г.А., Алымбаева Б.Б., Акматов К.К., Тарбия иштеринин программасы. Бишкек.2023.
  21. Жумабаева Г.А. «Адептик аң-сезимди калыптандыруунун педагогикалык жана психологиялык аспектилери». Бишкек, Полиграфбумресурс. 2017.
  22. Жумабаева Г.А. Тарбиялык иштерди уюштуруу. 10-11-класс. Бишкек. Гүлчынар.
  23. Жумабаева Г.А. Жаш муундарды тарбиялоодогу психологиялык көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору. Бишкек. Улуу тоолор. 2017.
  24. Жумабаева Г.А., Карагозиева Г.Ж., Воронина И.И., Егиналиева А., Шабданова Т.Т. ж.б. Тарбия сааттарынын жана класстан тышкаркы иш-чаралардын иштелмелери. 9-11-класс.     Бишкек. ЮНИСЕФ. 2015.
  25. Жумабаева Г.А. Жаш муундарды тарбиялоодогу көйгөйлөр жана аны чечүүнүн жолдору. 9-класс. Бишкек. Полиграфбумресурс.2019.
  26. Жумабаева Г.А. Тарбиялык процессте окуучулардын көйгөйлөрүн чечүүгө карата класс жетекчилерге жардам. 8-класс. Бишкек. Илим басмасы.
  27. Жумабаева Г. А. Тарбиялык сааттардын иштелмелери 8-класс. Бишкек. Илим басмасы
  28. Жумабаева Г.А. Адептик-рухий тарбиядагы көйгөйлөрдү чечүү. 10-класс. Бишкек. 2022. Илим басмасы. 92-бет.
  29. Жумабаева Г.А. Тарбиялык сааттардын иштелмелери 11-класс. Бишкек. 2023.
  30. “Кыргыз Республикасынын 2021-2030-жылдарга чейин окуучу жаштарды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясы”.
  31. Муратов А. Аталар сөзү – акылдын көзү. Б.: “Илим пресс”, 2021, — 340 б.
  32. Муратов А., Акматов К. Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети: улуттук тарбиялык нарктар. – Б.: “Таалим”, 2022, — 400 б.
Бөлүшүү

Комментарийлер