Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн PISA форматындагы маселелерди чыгаруу
- 14.01.2025
- 0
Ашыралиева Саадат, БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ № 117 Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ЛИЦЕЙИНИН МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ
Математика, 5-класс
Сабактын темасы: Турмуштук мисалдар аркылуу киреше, чыгаша жана пайданы эсептей алууга көнүгүү иштөө.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы.
Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: Интерактивдүү, көрсөтмөчүлүк, презентация жактоо жана чакан топ менен иштөө, мугалимдин класс менен болгон фронталдык иши.
Колдонулуучу каражаттар: ТСО, окуу китеби, көрсөтмө куралдар, темага байланыштуу сүрөттөр, слайддар, маркер, ватман.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Окуучуларга киреше, чыгаша жана пайданын негизги түшүнүктөрүн берүү. Бул түшүнүктөрдү турмуштук мисалдар аркылуу эсептөөгө үйрөтүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүүнү жана математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү жөндөмүн өрчүтүү. Реалдуу турмуштук маселелерди чечүүдө практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды эмгекчилдикке жана акчаны туура эсептөөгө үйрөтүү. Турмуштук кырдаалдарда каржылык сабаттуулукту колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Көрсөткүчтөр:
- Окуучулар кирешени, чыгашаны жана пайданы эсептөө жөндөмүн алып, бул түшүнүктөрдү инженердик жана технологиялык долбоорлордо колдоно алышат. Окуучулар математикалык ой жүргүзүү аркылуу ишкердик чөйрөдө кабыл алынган чечимдерди түшүнө алышат.
- Окуучулар математикалык жана аналитикалык ойлонуу аркылуу ишкердик чөйрөдө кабыл алынган чечимдерди түшүнө алышат.
- Турмуштук кырдаалдарда каржылык сабаттуулукту колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Математикалык сабаттуулугун жогорулатышат.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
Сабактын мазмуну:
Мугалимдин ишмердүүлүгү. Саламдашуу. Класска жагымдуу маанай түзүү. Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу үчүн информациялык багыт берип шыктандыруу. Окуучулардын билимин баалоо системасын түшүндүрүп,баракчасын таркатат. Сабактын темасын айтат.
Окуучулардын ишмердүүлүгү. Саламдашат. Сабакка даярданышат. Баалоо баракчасына аты-жөнүн жазат. Сабактын ар бир этабында билимдерин баалап, баалоо баракчасына баа коюп турушат. Сабактын темасын жазышат, максатын мугалим менен бирге аныкташат.
Билүү жана түшүнүү этабы: Киреше деген эмне? Чыгаша эмнени билдирет? Пайда кантип эсептелет?
(Формула: пайда = киреше — чыгаша)
Киреше – бул табылган акча, сатылган товарлардын, кызматтардын эсебинен түшкөн кирешелер.
Чыгаша – бул ишти жүргүзүү үчүн кеткен чыгымдар, жумушчулардын айлыгы, сатуулар үчүн төлөнгөн каражаттар жана башка чыгымдар.
Пайда – бул кирешеден чыгашалар алынган соң калган акча.
Пайда = Киреше — Чыгаша.
Турмуштук мисалдар:
Бир адам 10 кг алма сатат. Алмаларды сатып алуучу баа 100 сом/кг, ал эми сатуу баасы 150 сом/кг.
Киреше = 150 * 10 = 1500 сом
Чыгаша = 100 * 10 = 1000 сом
Пайда = 1500 — 1000 = 500 сом
Турмуштук мисалды чыгарууда мугалим окуучуларга графикалык, таблицалык, аналитикалык жолду көрсөтөт.
Мисалдарды экран аркылуу көрсөтүп, түшүндүрүү.
Топтордо иштөө:
Мисал №1. Бир дүкөн күнүнө 120 сом киреше табат. Бир жуманын ичинде дүкөн канча сом киреше табат? Эгер ошол эле жуманын ичинде 350 сом чыгаша болсо, бир жумадагы таза кирешеси канча сом болот? Кирешесин, чыгашасын жана пайдасын эсептегиле. Ушул маселени 1-топтогу окуучулар графикалык түрдө чыгарат, 2-топтогу окуучулар таблицалык түрдө, 3-топтогу окуучулар аналитикалык түрдө чыгарууну сунуштайт.
* Топторго бир жума ичиндеги кирешесин жана чыгашасын эсептөө тапшырмасын берүү.
* Топтор өз иштеринин жыйынтыгын ватман кагаздарга жазып, класска көрсөтүшөт.
* Жыйынтык чыгарышат.
Жаңы теманы бышыктоо. Кайтарым байланыш. Анализдөө. Синтездөө. Талкуулоо үчүн суроолор.
Топтордун иштерин талдоо.
* Эсептөөдө кетирилген каталарды оңдоо.
* Сабактын темасы боюнча кошумча суроолор берип, окуучулардын түшүнүгүн текшерүү.
Үйгө тапшырма берүү. Окуучуларга өзүнүн бир күндүк кирешеси жана чыгашасын эсептеп келүү тапшырмасын берет. Тапшырманы аткарууда бир нече мисалдарды келтирип багыт берет.
Баалоо. Сабакты жыйынтыктоо (рефлексия). Баалоо баракчасын жыйнап, алып окуучулардын билимин баалайт. Күндөлүккө баа коёт.
Окуучулар так маалыматтарды ажырата алат, жыйынтык чыгарганга үйрөнүшөт. Өтүлгөн тема боюнча өздөрүнүн ойлорун айтышат. Өзүн-өзү баалайт. Сүйлөмдөрдү толукташат, түшүнбөй калган суроолорун беришет. Баалоо баракчасында жыйынтыктоочу бааларын чыгарышат (орточо арифметикалык маанисин табышат).
Комментарийлер