МАТЕМАТИКА окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
МАТЕМАТИКА окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Математика билим берүү тармагы математикалык тилди жана логикалык операцияларды өздөштүрүүнү, сан жана формада туюнтулган структуралар жана мамилелер менен иштөөнүн жол-жоболорун, маалыматты иштеп чыгуунун, берүүнүн так жолдорун камсыз кылат. Математикалык инструменттерди билүү окуучулар аны күнүмдүк жашоодо да, табигый процесстерди изилдөө жана сүрөттөө үчүн, табигый жана коомдук кубулуштардын өз ара байланыштарын карап чыгуу, адамдын иш-аракетинин курчап турган дүйнөгө тийгизген таасири үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Мектептин Математика предмети үзгүлтүксүз өнүгүүдө жашоо практикасынын муктаждыктары жана предметтин өзүнүн ички муктаждыктары менен шартталган.

Математикалык билим берүүнү өнүктүрүү жаңы муунга бардык мурунку муундардын билимин жана тажрыйбасын өткөрүп бербестен, окуучулар математикалык аппарат жөнүндө түшүнүк берген окуу предметине синтезделбестен, математикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү мүмкүн эмес.

Билим берүүнүн жаңы предметтик стандартына өтүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы №393 Токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты» мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында Математика боюнча предметтик стандарт иштелип чыккан.

Стандартка ылайык «билим берүү процессинин катышуучуларынын ар бирине ‒ билим берүүнү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана мугалимдерине, окуп жаткандарга жана алардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө), ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнө белгилүү билим берүү натыйжаларына жетишүү үчүн жоопкерчилик» чөйрөсү бекитилет.

Мындан тышкары, анда инсанды калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган жаңы процесстер баяндалган – «адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүрүм-турумдун коомдо кабыл алынган эрежелери жана нормалары менен социалдык-маданий, руханий-адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде окуучунун өзүн өзү аныктоосу жана социалдашуусу үчүн шарттарды түзүү». Муну менен катар билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандартында баалоо критерийин, баалоо системасын, диагностикалык баалоону, суммативдик баалоону киргизүү менен математика боюнча окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоого салттуу мамилелерди өзгөртүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө.

«Жашыл көндүмдөргө»көңүл буруу сунушталат – экологиялык таза жашоо ыкмаларын өздөштүрүү, туруктуу жана ресурстарды үнөмдөөчү коомду өнүктүрүү жана колдоо, экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жана алдын алуу үчүн зарыл болгон билим, баалуулуктар жана мамилелер»

Математиканы үйрөнүүгө болгон мотивацияны жогорулатуунун натыйжалуу каражаттарынын бири финансылык сабаттуулук боюнча практикага багытталган маселелер болушу мүмкүн. Математикалык практикалык багытталган маселелер мектеп окуучуларына ар бир адамдын практикалык жашоосунда чоң мааниге ээ болгон жеке каржыны башкаруу маселелерин түшүнүүгө үйрөтөт. «Финансылык сабаттуулуктун негиздери» математикалык маселелерин математика сабактарында, кошумча сабактарда жана өз алдынча иштерде колдонсо болот.

Биздин азыркы учурдагы эң маанилүү ролубуз – бул «окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жана анын өзүнчө компонентин – математикалык сабаттуулугун» калыптандыруучу функционалдык сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган балдарды окутуунун жагымдуу шарттарын түзүү. Окуучулардын окуу жана окуу иш-аракеттеринин аткарылышын көзөмөлдөө диагностика аркылуу жүргүзүлүп, окуучулар үчүн билим берүү иш-аракеттеринин ар кандай түрлөрү аркылуу жана долбоордук, изилдөө, социалдык иш жана STEM, STEAM көз караштар аркылуу билим алып жаткан жаңы санариптик инструменттерди түзүү сунушталат.

Тажрыйбалар көрсөткөндөй, санариптик методдордун ар түрдүүлүгү окуучунун натыйжалуулугун жогорулатат жана окуучулардын жалпы жана предметтик компетенттүүлүгүн андан ары калыптандыруу маселеси ушул күнгө чейин абдан курч турат. Кыргыз Республикасынын PISA–2025 эл аралык изилдөөсүнө катышуусу математиктердин педагогикалык коомчулугунан жалпы билим берүү мекемесинин азыркы окуучусун окутуунун заманбап ыкмаларын, билүүсүн көрсөтүүнү талап кылат.

Математика мугалиминин жалпы кесиптик компетенттүүлүгү:

  1. Санарип компетенттүүлүк – математика мугалиминин предметти окутууга дифференцияланган мамилени көрсөтүү менен предмет боюнча маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого, тандап алууга, иштеп чыгууга даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү. Өз ишин пландаштыруу жана жүзөгө ашыруу боюнча аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алуу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен мугалим-окуучу диалогун түзүү жөндөмдүүлүгү.
  2. Илимий-теориялык компетенттүүлүк (билим берүү шарттарын эске алуу менен курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык инженердик көндүмдөрдү ачып берүү менен – STEM, STEAM аркылуу дүйнөнүн табигый илимий картинасы ).
  3. Психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүк [жалпы педагогика, жалпы психология, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасы, мектеп, үй-бүлө, коомдун биримдиги, баалуулуктарды сыйлоо (маданий – Манас эпосу, диний, этникалык, гендердик, кесиптик, жеке) адамдардын негизги демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди түшүнүү жана кабыл алуу, Ата-Мекенди сүйүү, улуттук каада-салттарды урматтоо, Кыргызстандын маданий мурастарын жана жаратылыш байлыктарын урматтоо; маданий көп түрдүүлүктү түшүнүү жана жалпы жарандык иденттүүлүктөн кыргыз жаран калыптануусу]
  4. Кесиптик-технологиялык компетенттүүлүк [математика предметин терең билүү, заманбап окутуунун максатын жана милдетин аныктоо, предметтик окутуунун мазмунун жана көлөмүн аныктоо, инклюзивдик окутуунун принциптерин ишке ашыруу, окутуу методдорун тандоо жана колдонуу (сынчыл, чыгармачыл ой жүгүртүү аркылуу, жеңил көндүмдөрдү колдонуу менен), каражаттарды тандоо жана колдонуу, окуучулардын окуу иштерин уюштуруу, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу, окуучулардын билимин, жөндөмүн, компетенттүүлүгүн текшерүү, өз ишин аяктоо жана баалоо].

Окуучулар ээ болушу керек болгон негизги компетенциялар:

— маалыматтык компетенттүүлүк (маалыматты түзүү, сактоо, берүү, издөө, аныктоо, алуу, иштеп чыгуу, аяктоо, сактоо, мурда түзүлгөн жана керектүү маалыматты колдонуу);

— социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк (кайсы бир тармакта билимге ээ болууга даярдык, кайсы бир маалыматты колдонуу боюнча өз пикирин жана башкалардын көз карашын айкалыштыра билүү);

— өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү [өзүн өзү аныктоо кырдаалдарында калыптануу, окуу жана практикалык милдеттердин аткарылышын өз алдынча пландаштыруу, аткаруу, контролдоо жана баалоо менен байланышкан практикалык-багытталган математикалык маселелерди (көйгөйлөрдү) чечүү].

Математиканы окутуу процессинде калыптанган предметтик компетенттүүлүктөр:

— алган билимдерин жана көндүмдөрүн практикада жана күнүмдүк турмушта колдонуу эсептөө компетенттүүлүгүн калыптандыруу;

— жөнөкөй математикалык моделдерди куруу жана изилдөө – чечилүүчү математикалык маселенин контекстинде коомдук турмуштун процесстериндеги байланышты, мамилелерди визуализациялоо – визуалдык-образдуу компетенттүүлүк;

— статистикалык мүнөздөгү маалыматтарды талдоо, диаграмма түрүндө реалдуу сандык көрсөткүчтөрдү талдоо — коммуникациянын кырдаалын өз алдынча баалоо, болжолдоо жана ар кандай турмуштук кырдаалдарда анын мүмкүн болуучу өнүгүшү — аналитикалык-функционалдык жана статистикалык-ыктымалдык компетенттүүлүгү.

Математика курсун окутуунун маселелери белгиленген окуу планынын негизинде жүргүлөт. 2023-2024-окуу жылында математика предмети боюнча окутуу: 5-6-класстардын математикасы, 7-9-класстардын алгебрасы, 7-11-класстардын геометриясы, 10-11-класстардын алгебра жана анализдин башталышы өткөн жылы колдонулган окуу программаларынын жана окуу китептеринин негизинде жүргүзүлөт. Бирок маалыматык ресурстардын өсүшүнө байланыштуу бир окуу китеби менен чектелүү принциби сунушталбайт. Математика жумасына 4 сааттан окутулат. Төмөнкү таблицада математика предметин окутуу үчүн сааттарды бөлүштүрүүнүн мисалы келтирилген. Бирок предметке жана класска жараша төмөнкү таблица боюнча (7-11-класстар алгебра жана геометрия) сааттык жүктөмдөрдү жарым жылдык бөлүштүрүү киргизилет.

Негизги окуу планында математика курсу

классыалгебрагеометрия
1 жарым жылдык2 жарым жылдык1 жарым жылдык2 жарым жылдык
1544  
2644  
373212
483212
593311
6103212
7113311

Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин өлчөө үчүн баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик, критерийдик жана суммативдик, алардын ар бири белгилүү формада ишке ашырылат.

Иштердин бардык түрлөрү критерийлердин жана баалоо эрежелеринин негизинде бааланат, милдеттүү болуп саналат жана календардык-тематикалык планды иштеп чыгууда мугалим тарабынан алдын ала пландаштырылат.

Математика предмети боюнча жыйынтыктарды баалоо үчүн жазуу иштеринин сунуш кылынган түрлөрү

Сунуш кылынган жазуу иштеринин түрлөрүБолжолдуу салмак бөлүштүрүү
1Учурдагы контролдук жазуу иштери25%
2Жыйынтыктоочу жазуу түрүндөгү текшерүү иштери25%
3Өз алдынча окутуу иштери20%
4Өзүн өзү текшерүү иштери15%
5Тест түрүндө билимди контролдоо15%

Математика сабагында окутуунун натыйжаларын баалоо максаттар (күтүлгөн натыйжалар), окутуунун методдору жана формалары менен тыгыз байланышта. Баалоонун максаты – окутуунун чыныгы натыйжалары күтүлгөн нерсеге дал келерин аныктоо. Окуучулардын окуу иш-аракеттерин баалоодо мугалим тандалган окутуу методдоруна жана формаларына ылайык ар кандай баалоо методдорун колдонот.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо учурунда ар кандай тапшырма топтору колдонулат. Тапшырмалар белгилүү топтор боюнча бөлүштүрүлүп, алардын:

— коюлган милдеттерди чечүүнүн ар кандай деңгээлдеги татаалдыгы;

— аларды чечүүнүн жүрүшүндө окуучулардын ар кандай деңгээлдеги өз алдынчалыгы.

Окуучулардын баалоо процессине бул үчүн жеткиликтүү болгон бардык формаларда катышуусу актуалдуу болуп саналат: 1) баалоо критерийлерин иштеп чыгууга катышуу; 2) өз ара баалоо; 3) өзүн-өзү баалоо жана аткарылган окуу иш-аракеттеринин натыйжаларын рефлексивдүү талдоо.

Математика, алгебра жана геометрия боюнча жазылган иштердин саны

Математика предметинин сааттарынын жалпы санына (Алгебра жана Геометрия компоненттери) болжол менен катышта жазуу иштери 13,2 % – 5-6-класстарда; 7-класста – 18,4%; 8-9-класста – 21,3%; 10-класста – 20,6%; 11-класста – 21,3%

Жазуу иштеринин калган түрлөрү: тесттер, диагностикалык бөлүмдөр окуу жайдын жетекчилигинин жана предметтик мугалимдин кароосу боюнча жүргүзүлөт.

Сунуштар

 Математика сабагында функционалдык сабаттуулукту кантип түзүү керек

 Окуу материалын тандоо жана аны дидактикалык багытта иштеп чыгуу

Окутуунун методдорун жана каражаттарын тандоо

Манас эпосунун маданий мурастарын сактоо үчүн өз ишмердүүлүгүн жана окуучулардын ишмердүүлүгүн уюштуруу.

Ээ болуу жана математикалык сабаттуулукту калыптандыруу үчүн жаңы программаларды жана мессенджерлерди туура пайдалануу

Жаңы предметтик стандартты талкуулоо

Математикалык сабаттуулук эл аралык изилдөөдө функционалдык сабаттуулуктун компоненти катары.

Бардык ушул компоненттердин өз ара байланышын кантип уюштуруу керек жана аларды белгилүү бир илимий тутумга жана баалуулукка багыттоо.

Математика боюнча экономикалык маселелерди чечүүдө финансылык сабаттуулуктун ролу.

Негизги нормативдик документтер.

Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты. – Бишкек, 22.07.2022. 20-б.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 22.07.22-жылдагы Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндөгү 393-токтому.

 “Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж. санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашыруу” жөнүндө 2019-жылдын 15-февралынын №20 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын “Математика” 5-11-класстары боюнча предметтик стандарты. – Бишкек, 2022. — 43 б. (https://kao.kg);

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын “Математика” 5-11-класстары боюнча окуу программасы. – (https://kao.kg ).

Бөлүшүү

Комментарийлер