Математика — көз карандысыз ой жүгүртүүгө эң кыска жол

  • 24.01.2024
  • 0
Математика — көз карандысыз ой жүгүртүүгө эң кыска жол

Мугалим: “Математика — көз карандысыз ой жүгүртүүгө эң кыска жол” аттуу кечеден учкул сөздөрдү, фигуралар жөнүндөгү маалыматтарды бышыктай алат. Окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрү жана сабакка болгон кызыгуулары өсөт, логикалык ой жүгүртүүсү өнүгөт. Балдар тактыкка, максаттуулукка, ынтымактуулукка жана адептүүлүккө тарбияланат.

Сабактын көрсөткүчү:

  • Эгерде балдар математикалык кечеде учкул сөздөрдү биле алса, фигуралар жөнүндө маалыматтарды бышыктай алса;
  • Эгерде сүйлөө көндүмдөрүн, ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун, эс тутумун өстүрө алса;
  • Эгерде алдыга максат коюп, ага жете алса жана окууда өздөрүн ынтымактуу, адептүү алып жүрө алса;

Сабактын тиби: математикалык кече.

Сабактын жабдылышы: окуу куралдар, фигуралар, ТСО.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим: Саламатсыздарбы урматтуу мугалимдер, окуучулар жана бүгүнкү биздин коноктор. Кечебизди баштоого уруксат берсеңиздер.

Мынакей шаттык кубаныч,

Ар күнү бизде уланып.

Акылга акыл кошуучу,

Математикалык кечеге,

Баарыбыз көңүл буралы.

Бүгүнкү кеченин катышуучулары математика кружогуна катышкан окуучулар. Анда эмесе бүгүнкү кеченин программасы менен тааныштырып кетейин.

  1. Киришүү
  2. Учкул сөздөр
  3. Геометриялык курултай
  4. Логикалык суроолор
  5. Бий

Окуучулар учкул сөздөрүн айтышат:

  • Математиканы акылды калыбына келтирүү үчүн үйрөнүү керек.
  • Математика бардык илимдердин ачкычы жана эшиги
  • Жаратылыш математикалык тилде жазылган
  • Математика — бул адам рухунун эң күчтүү жана эң кооз чыгармасы

Мугалим: Кезек “Геометриялык курултайга”

Катышуучулар: Төрага-шар, Орун басар-цилиндр, Катчы-конус

Курултайдын өкүлдөрү — геометриялык фигуралар: чекит, түз сызык, ийри сызык, айлана, параллель түз сызыктар, бурч, үч бурчтук, ромб, параллелограмм, көп бурчтук, трапеция.

Курултайды шар ачат:

Шар:  Эй жолдоштор, мен азыр курултайды ачамын.

Куттуктоого сиздерди,

Чоң кубанып жатамын.

Бирден-бирден келгиле,

Атың менен жөнүңдү,

Жериң менен элиңди,

Ылдам айтып бергиле.

Ачык айтып, ак сүйлө,

Ким экенин эл билсин.

Бүжүңдөбөй ылдам айт,

Артка кезек берилсин.

Цилиндр:

Ар биринин кабары,

Анкетага жазылуу.

Антсе дагы сурайлы,

Түк болбосун жаңылуу.

Конус:

Кезек кимде жолдоштор,

Сүйлөп бергин жазамын.

Кимден мыкты сөз чыкты,

Газетага жазамын.

Сөз өкүлдөргө берилет:

Чекит:

Мен чекитмин, чекитмин.

Көрүнбөймүн көзүңө,

Узундук жок, аянт жок.

Ишенип кой сөзүмө,

Мен байкушта көлөм жок,

Башкалардай денем жок.

Ушуларды ойлосом,

Капа болом, ичим чок.

Бирок кулак салгын жайыма,

Пайдам тиет дайыма.

Ийри сызык, түз сызык,

Баары менден түзүлөт.

Ар качандан, бир качан.

Бурчтун болом чокусу,

Муну билбес балдардын,

Жаман болот окуусу.

Эки сызык кесилишсе,

Кесилиште мен турам.

Чекиттерди чогултуп,

Болбогонду болтуртам.

Шар:

Болсоң да өзүң кичине,

Ыраазымын ишиңе.

Азыр кимдин кезеги,

Карайлычы тизмени.

Конус:

Угаарбыз түз сызыктын иштерин

Түз сызык:

Кээде турам тикемен,

Кээде калам кыйшайып.

Фигуранын барына,

Жак болчу өнөрүм.

Бирок аянтым жок, көлөм жок.

Болуп жүрөм көтөрөм,

Ар башка эки чекитти

Туташтырып коёмун.

Башкалардын баарынын,

Эң түзү мен боломун.

Шар:

Арык болсоң эч нерсе эмес,

Аман  болсоң болгону.

Жаныңдагы ийрейген ким?

Түз сызык:

Менин бир тууганым ийри сызык.

Ийри сызык:

Ийрейген деп кодулаганыңыз эмне?

Тууган-туушкан көп менде.

Баарын чакырып келип,

Камашармын тим эле.

Ай айланайын, айлана бери келчи

Мобу семиз шарга бирдеме дечи.

Айлана:

Иним ийри сызык,  сүйлөгөнүң бузук.

Экөө бирдей тууганым, мага калыстыгың кызык.

Шар:

Айлананын мага туугандыгы бар,

Эми ылдам ордуңа бар.

Айлана:

Жарымымды айлантсам, менден сиз келип чыгасыз.

Ичимде бир баянын айтсам,

Ал эмне чекит? Ал менин борборум.

Сөздүн тазасы калыстыкта,

Менин бардык чекиттерим, борборумдан бирдей алыстыкта.

Шар:

Аа анда сен туюк ийри сызык турбайсыңбы?

Түз сызык менен мамилең кандай?

Айлана:

Ар башкасы менен ар кандай.

Цилиндр:

Сени түз сызык чекитте кесип өттү дейли.

Айлана:

Хорда деп аталат ичимде калганы,

Улам узунураак болот,

Борборума жакын барганы.

Хорда борборумдан өтсө,

Диаметр болуп калаары бышык,

Баарынан да бир диаметри,

Эки радиуска барабары кызык.

Шар:  Диаметри деген эмне?

Айлана:

Чексиз көп менде

Ушунумду ойлосом кызарам,

Радиусум эки эсе узарса, өзүм да эки эсе узарам.

Шар: Айта бер, айта бер.

Айлана:

Баарынан маанилүүсү мында:

Диаметрим өзүмдүн узундугумдан,

Үч  бүтүн жетиден бир эсе кыска

Архимед байкем айтып берген,

Мындан  эки миң жыл мурда.

Цилиндр:

Мунун баары жашы,

Эми тегерегимдин аянтын тапчы?

Айлана:

Муну билбеген кандай баласың?

Узундугумду бөлүп экиге,

Радиусума көбөйтсөң,

Аянтымды  табасың.

Цилиндр:

Эгер сени менен бир гана жалпы чекитке ээ болсом, анда жанышабыз.

Айлана:

360о бөлүккө узундугум бөлүнгөн,

Ар бөлүгүмдү радиус деп аташат.

Шар:

Жасадың жакшы доклад, чарчадың го өтүп бат.

Конус:

Кийинки кезекти параллелдерге, кана кандай сөз бар сенде?

Параллелдер: Бир тегиздикте жатабыз,

Чексиздикке шашабыз.

Жалпы чекитке ээ эмеспиз,

Ошобузга капабыз.

Бирок аралыгыбыз ар качан бирдей,

Ошону ойлоп көңүл ачабыз.

Конус: 

Эмне керегиң бар?

Ошондон кеп салгылачы.

Параллелдер:

Бир топ ишти жүргүзгөн,

Бизсиз фигуралардын күнү жок.

Түз сызыкты бөлүктөргө бөлөрдө бизди чакырышат.

Параллелдүүлүк касиетин колдонушса, тик бурчтук, квадрат, ромб түз эле бизден пайда болот. Бирдеме билген окуучу аларды жактары эки-экиден барабар деп коёт.

Шар:

Ыраазымын жообуң жакшы,

Эс алгын эми ордуңа барчы.

Тээтиги артка жашынган ким?

Тартайып буту, көрүнбөйт башы…

Бурч:

Менин атым бурч,

Сүйлөгөн  сөзүм курч.

Чокум болот бош жагым,

Буту дегениңиз жактарым,

Бир чекиттен чыккан шооланы,

Ортосунда камалган,

Тегиздик ээлеп жатканым.

Цилиндр: Деги кандай түрдүү эл болосуңар?

Бурч:

Бурчтардын көп түрү бар,

Ар кимисин билип ал.

Кең бурч, тар бурч, тик бурчтар,

Ар кимисинин сүрү бар.

Өзүм  тик бурч баатырмын,

Чоңдугум 90о

Мүнөзүм бар тоңураак,

Тар бурч менден кичине,

Кең бурч болсо чоңураак.

Шар:

Узарса чексиз жактарың эмне болот акыбалың?

Бурч:

Жактарым узарса чексиз, өзүм шексиз.

Цилиндр:

Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруйт, бөбөгүм бурч ойлонуп жооп берчи.

Бурч:

Жаңылдым, жаздым, жаагымды бастың.

Жактарым узарса да, өзүмдүн чоңдугум өзгөрбөйт, ошентсем мага сөз келбейт.

Конус:

Отур сөзүңдү бүтсөң, аркы ким кезекти күткөн.

Үч бурчтук:

Менин атым үч бурчтук,

бөлүгүмүн тегиздиктин.

Аянтым бар, көлөмүм жок.

Кереги жок семиздиктин.

Үч бурчумда суммалап, 1800 ту алам,

Тууган-туушкан көп менде ошого шүгүрчүлүк кылам.

Шар:  Айта бер.

Үч бурчтук:

Бурчтарым баары тар болсо, тар бурчтуу үч бурчтукмун.

Бирөө эле кең болсо, кең бурчтуу үч бурчтукмун.

Жактарыма жараша бурчтарымда ар башка

Жактарым болсо барабар,

Тең  жактуу болом караңар.

Бирдей болсо эки капталым,

Тең капталдуу болот балаңар.

Квадрат:

Квадрат өз атым, алдыңарда турамын.

Аянт үчүн илгертен,

Чен болуп кызмат кылам.

Жактарымды саны төрт,

Баары дайым барабар,

Бурчтарымды баары тик,

Муну дагы санашар.

Диагоналым экөө экени дайын,

Бурчтарымды, өзүмдү

Алар тең экиге бөлөт ар дайым.

Тик бурчтук:

Менин диагоналдарым да өз ара барабар.

Конус:

Кезегиң келсин шашылба.

Ромб:

Диагоналдарым менин барабар эмес,

Бирок кесилишим тик бурчту түзөт, бул дагы жаман эмес.

Параллелограмм:

Жактарым эки-экиден барабар,

Жана эки жуп параллелден турат.

Ал эми атым параллелограмм,

Диагоналдарым барабар эмес, ошого арман кылам.

Квадрат:  Бурчуң да тең болбойт.

Шар:

Жолдоштор керек тартип,

Кыйкырсаңар кантип?

Көп бурчтук:

Менин да кезегим келди,

Эртеден бери олтуруп,

Аты жөнүмдү айтайын.

Анкетаны толтуруп.

Аянтымды табаарда,

Үч бурчтуктарга бөлүнөм.

Алардын аянттарын таап,

Суммалап көрүшөт.

Жактарымды суммасы,

Периметрим болот.

Ичимден сызылган айлананын радиусун,

Апофема деп коёт.

Цилиндр:

Болуптур кезек кимдики?

Тик бурчтук:

Узун сөздүн кыскасы,

Баарыбыз бир тууган.

Айрымабыз аз эле,

Атакебиз параллелограмм.

Баятан бери байкабай

Балдары аны сүйлөштү.

Өз сөзүнө мактанып,

Өзүмдөн башка ким дешти.

Жаштык кылып баарыбыз,

Жаңылышып турабыз.

Эми чоң атабыз параллелограммдан,

Чоң кечирим сурайбыз.

Кереги жок, чарчаштын, салгылаштын.

Негизди бийиктикке көбөйтсөңүз,

Табылат аянтыбыз баарыбыздын.

Шар:

Төрт бурчтуу төрт жагы бар,

Өзгөчө жайы бар,

Башка фигуралардан,

Өзгөчөлүк жагы бар

Бул ким деген фигуралар?

Трапеция:

Адегенде атымды сура,

Төрт бурчум төрт жагым бар

Ал айтканын туура.

Башкалардан айырмам көп.

Мен болом трапеция

Төмөндөгүдөй менин тарыхым.

Негиздеримин суммасынын жарымын,

Бийиктигиме көбөйтүп,

Билесиңер аянтымдын аныктыгын.

Шар:

Эртеден бери олтуруп айтыштык,

Олтурган эл күлсүн деп.

Ар бириңдин касиетиңди,

Окуучулар билсин деп.

Эмесе кымбаттуу жолдоштор,

Курултайды жабалы.

Калган фигуралардын касиеттерин,

Эмки жыйналышта сурап алалы.

Мугалим:

Кезек логикалык суроолорго:

Белгисизи бар барабардык эмне деп аталат? (теңдеме).

Унаа бурулганда кайсы дөңгөлөгү бурулбайт? (запас дөңгөлөк)

Мен тирүү жан эмесмин, бирок менин беш манжаларым бар. Мен эмнемин? (кол кап)

Кайсыл кол менен кантты чайга аралаштырган ыңгайлуу? (кашык менен аралаштырган ыңгайлуу)

Адамдар мени тамак-ашка салып алат. Бирок эч качан жебейт. Мен эмнемин? (лавр жалбырагы)

Тамак берсең жашайм, суу берсең өлөм. Бул эмне? (бул от)

Төрөлгөндө — учат, жашаганда — шашат, өлгөндө — агып кетет. Бул эмне? (кар бүртүкчөлөрү)

…канчалык көп алсаң ошончолук чоңоёт. Бул эмне? (чуңкур)

Кечеге катышкан кыздар бийлейт

Бийлеп жаткан учурда фигураларды көрсөтө кетет.

Мисалы: айлана, төрт бурчтук, айлананын радиусу, хордасы, диаметри, төрт бурчтуктун диагоналдарын көрсөтүшөт.

Мугалим: Мына ушинтип кечебиз аягына чыгып баратат.

Азаматсыңар балдар, силер бүгүнкү кечеге “эң жакшы” катыштыңар.

Бүгүнкү кечени мугалимдердин сөздөрү менен жыйынтыктайбыз.

Математика — көз карандысыз ой жүгүртүүгө эң кыска жолЖазгүл Боркошева, Сузак районуна караштуу №92 Ак-Сай жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер