Үлгүлүү карылык

  • 23.01.2024
  • 0
Үлгүлүү карылык

Сабактын максаты:

Билим берүү: Боз үйдүн оң тарабы кыз-келиндерге, байбичелерге тиешелүү экенин түшүндүрүү.

Өнүктүрүү: Кыргыздын каада-салтын, байбичелердин нарк насилин билүү. Эпчи тарабындагы буюмдар апалар, жеңелер, эжелер колдонгон буюмдар экенин байкоо.

Тарбия берүү: Кыргыз элинин каада-салтын, эне наркын сүйүүгө жана аны сактай билүүгө үндөө. Топтордо биргелешип иштөө менен бири-бирине үйрөтүп, эмгекчилдикке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы:  

Күзгү кап жасап келүү жана көрсөтүү.

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу
  • Суроо-жооп иретинде сабак өтүү.

Мугалим: Кутмандуу карыялар, байбичелер деп атайбыз. Себеби үлгүлүү карылык – ата-бабалардан келе жаткан сөөлөт. Дөөлөттүү карыялар менен байбичелер эл көркү, айыл көркү болуп саналат. Байбиченин эпче тарабынын жогору жагында, кенен этек көйнөк, топчулуу кемсел кийип, түлкү ичик, чепкен жамынып, кирди чыкты келиндердин кыймыл аракетине баа берип, сыңар тизелей, кыраакы көз салып отурушу – бул карылыктын нускасы деп билебиз. Тамактын алдын байбичеге ооз тийгизүү келиндин урматтаганы, сыйы. Байбичелердин жакшылык-жамандыктарга тике катышуулары, билермандыгы, нарктуулукту сактап, байкоолорду алдыртан жүргүзүп, аз сүйлөп отурушу куттуу карылыктын жышааны.

Байбиче – бул энелердин сылык аталышы. Айыл ичинде аял кишилерге үлгү болгон чоң эне. Кийинкилерге жакшы карыганга таасир берет.

1-окуучу: Текче

Боз үйдүн эпче жагынын төр жагына илишкен. Узундугу 100 см., туурасы 50 см. болгон кийизден же таардан жасалып, бетине сайма түшүрүлгөн. Төрт бурчуна чачылап өрүлгөн узун боо тагышкан. Төмөнкү эки боосу керегенин башына, жогорку эки боосу эки уук алаканынын жогорураак жагына байлап коюшкан. Текчеге бапестеп оролгон элечек, үкүсү бар топу коюлган. Кыргыз элечегинин формасы ором ыкмасы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүккө ээ. Уздар элечектин маңдайына сайма түшүрүп, бул элечекти жаштар кийген.

2-окуучу. Чачпак-чолпу (чач учтук)

Жаш келиндер, орто жаштагы аялдар, аркасына эки өрүм болуп өрүлгөн, чачтарынын учуна тагынуучу аземдик (кооздук) буюм. Ар бирине шакекчелер менен бириктирилген тегерек, үч бурчтук, төрт бурчтук ж. б. формадагы күмүшкө оймо түшүрүлүп жасалат жана жибек чачыктар менен кооздолот. Чачыктары чыйратылган жибек жиптен, бир карыш узун жиптен жасалат. Чачпак жасалышы, кооздолушу, асыл ташка оймо түшүрүлүшү боюнча өзгөчөлүгү билинип турат. Чолпуну тагынгандын мааниси: далысынан тартып бойлору түс болуп, бүкүрөйгөн эмес. Чолпуну кечке маал алып, өзүнчө саймаланган баштыкка салып керегеге илип коюшкан. Азыркы мезгилде чачпакты (чолпуну) өркүндөтүп жасап Кыялда зергерчилер, кол өнөрчүлөр элдерге тартуулоодо.

3-окуучу: Күзгү кап

Көчмөн турмушта күзгү салына турган буюм. Күзгү каптын узундугу 50 см., туурасы 40 см. болгон. Күзгү кап таардан, кийизден, калың кездемеден жасалып, төрт бурчуна чачылап өрүлгөн боолорду тагышкан. Бет жагына курак, сайма же шуру бастырышкан. Боо тагып керегеге илип коюшкан. Бул баштыкка күзгүдөн башка эндик, упа, атыр, ооз комуз, шакек, шуру, мончок, билерикти сакташкан.

4-окуучу: Шакек

Колдун манжаларына салынуучу азем буюм. Кыргыздар шакекти илгертен эле салынган. Кыргыз зергерлери шакекке оймо-чийме түшүрүп акак таш, шуру ж.б. асыл таш чөгөрүп кооздошкон. Шакек жасалышына карай күмүш шакек, алтын шакек, мөөр шакек, жөнөкөй шакек болуп айтылат. Мөөр шакекти бай-манаптар мөөр катары пайдаланышкан. Азыркы учурда элдик кол өнөрчүлөр заманбап шакекти даярдап кеңири таратууда.

5-окуучу: Мончок

Кооздук буюм, кыз-келиндер моюнга тагынуучу жипке тизилген жасалга. Мончок шөкүлө, топу, элечек, туш кийиз ж.б. кооздоо үчүн колдонушкан. Ар кыл формада (тоголок, сүйрү) ортосун көзөп жасашкан. Мончоктор байыртадан эле белгилүү. Мончокту сөөктөн, металлдан, айнектен, акак таштан жасап колдонуп келишкен

6-окуучу: Шуру

Шуру аземдик буюм. Кызыл, кызгылт, ак түстөгү таштардан ар кыл формада жасалат. Шуру жипке тизилип, мончоктой эле моюнга тагылат. Чач учтукка өткөрүлөт. Чыны, кайчы, күзгү каптардын бетине, шөкүлөгө, кыздардын топусуна бастырылат. Кыргыз зергерлери сөйкө, билерик, топчу ж.б. буюмдарды шуру менен аземдеп кооздошкон.

7-окуучу: Билерик

Кыз-келиндер билегине сала турган азем буюм. Алтын, күмүш, жезден, ошондой эле мүйүздөн жасалган. Билериктин жалпак жана жумуру түрлөрү болот. Зергерлер билерикке асыл таштардан көзчө салып, “кыял”, “мүйүз” өңдүү оюм-чиймени түшүрүшкөн. Мүйүз билерикке акак таш жана башка чөгөрүлүп, оюм чийме менен кооздошкон.

8-окуучу: Оймок

Уз куралы. Ийненин көз жагы колго кирбес үчүн сөөмөйгө салынып, учуктуу ийнени жердикке өткөрүүнү жеңилдетет. Катуу калың кездемелерди, терилерди, булгаарыларды тигүүдө оймокту колдонушат. Оймок жасалган затына карата күмүш оймок, жез оймок, темир оймок жасалыш ыкмасына жараша туюк оймок, ачык же тамандуу оймоктор болот. Оймокко боо чалынып, учу чачыланып аземделип, саймаланган баштыкка салып керегеге илип коюшкан.

9-окуучу: Кайчы

Бири-бирине кайчылашкан эки жагы менен бир нерсе кесүү, кыркуу үчүн колдонулуучу аспап. Кайчынын ички бети миздүү, сап жагында бармак менен сөөмөй кирүүчү кармооч көзөнөгү бар. Жаактары бири-бирине бурама менен кыймылдуу бекитилет. Кайчы үй тиричилигинде ар кандай кездемелерди кесүү жана жиптерди кыркуу ж.б. максатта колдонулат.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Улуттун салты улуу. Ар бир адам улут салтын сактай билип, аны менен сыймыктанышы керек. Салт мыйзамы жазылбаган, көкүрөктө сакталган. Салт — ар нерсеге болгон эреже, тартип, саламдашуу салты: азчылык көпчүлүккө, кичүүсү улууга айтылат. Өзүбүздүн наркыбыз менен гана барктуу болобуз. Баркың болсо жашоодо ордуң болот. Ордуң болсо өнүгүү болот. Биз өзүбүз баалуулуктарды сактайлы. Биздин ата-бабалар, энелер миңдеген жылдар мурун  акылдуу болушкан. Алар экономика эмес руханий өнүгүү менен жашашкан. Ички дүйнө байлыгы менен өнүккөн. Ошондуктан бизге чейин кыргыздын наркын баалап, салттарын жана үрп адаттары менен бирге каадасы далил болуп урпактарга улансын.

Тапшырма: Энелерди сыйлоону ар бирибиз билели (дил баян жазуу).

Күлүйпа Мамбетова 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер