Кыргызстандын маданияты

  • 13.02.2024
  • 0
Кыргызстандын маданияты

Тарых сабагы, 10-класс

Сабактын тиби: Бышыктоо, жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: мээге чабуул, интерактивдүү метод, топтор менен иштөө, суроо-жооп, оюн.

Сабактын максаттуу тобу: 16-17 жаш курагындагы окуучулар үчүн, 10-класс, окутуу тили – кыргыз тили.

Сабактын милдети: Билим берүүдө окуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттуулугун жогорулатуу, тарых предметин окутууда STEAM билим берүү усулдарын колдонуу жана көп тилдүү билим берүү программасы, Кыргыз жараны концепциясын сабак өтүүдө ишке ашыруу.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: окуу китеби, компьютер, интерактивдүү панель, презентация ж.б.

Кыргызстандын маданияты

Сабактын максаты:

Билим берүү: Окуучулар Кыргызстандын байыркы доордон XIX кылымга чейинки маданияты, Орто кылымдарга таандык тарыхый-архитектуралык эстеликтердин стили, бүгүнкү күндөгү абалы боюнча жаңы билимдерге ээ болушат;

Өнүктүрүү: Окуучулар санарип технологияларды пайдалануу менен сабакка жигердүү катышат. Медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүшөт, STEAM билим берүүнүн актуалдуулугу менен таанышат;

Тарбия берүү: Дүйнө таанымы кеңейип, кыргыз жараны катары мекениндеги тарыхый-архитектуралык эстеликтерге аяр мамиле жасоону үйрөнүшөт. Медиа жана маалыматтык каражаттарды билим алуу үчүн  натыйжалуу пайдаланууга тарбияланат.

Кыргызстандын маданияты Кыргызстандын маданияты

Күтүлүүчү натыйжалар: 

Окуучулар Кыргызстандын байыркы доордон XIX кылымга чейинки маданиятын жана жашоо образын талдай билишсе, Кыргызстандагы Орто кылымдарга таандык тарыхый-архитектуралык эстеликтердин тарыхы, бүгүнкү күндөгү абалы боюнча жаңы билимдерге ээ болушса;

Окуучулар медиа жана маалыматтык сабаттуулугун өнүктүрүү менен сабакка жигердүү катышса, санарип технологияларды колдонуу менен билим алууга болгон кызыгуусун арттыра алса, STEAM билим берүү аркылуу тарыхый-маданий эстеликтерге өз алдынча изилдөө жүргүзө алса;

Тарыхый-маданий мурастарыбызга аяр мамиле жасоону үйрөнүшсө. Медиа жана маалыматтык каражаттарды билим алуу үчүн  натыйжалуу пайдаланууга тарбияланса натыйжасы болот.

Кыргызстандын маданияты Кыргызстандын маданияты

Сабактын жүрүшү: уюштуруу, шыктандыруу.

  1. Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай тартуулоо. Окуучуларга бири-бирине жагымдуу маанай тартуулоо үчүн мугалим багыт берет.
  2. Шыктандыруу, 1-2-слайд (окуучулар мугалим менен бирдикте жагымдуу маанай түзүүгө катышат).

Үй тапшырмасын суроо. Өткөн сабакты бышыктап, жаңы сабакка өбөлгө түзүп алуу.

Кана, балдар, анда биз сабагыбызды баштаардан мурда үй тапшырма менен өткөн сабакты бышыктап алалы. Социалдык стратификацияны толтуруу тапшырмасы берилген. Анимациялык слайд менен боштуктарды толуктап текшергиле, 4-слайд (окуучулар социалдык стратификация боюнча анимациялык таблицаны толтуруу аркылуу үй тапшырмасын текшерет).

Кыргызстандын маданияты

Теманы жана күтүлгөн окуу натыйжаларын жарыялоо. Интерактивдүү панель аркылуу сабактын темасы көрсөтүлөт. Сабактын жүрүшүнө кыска түшүндүрмө берилет. Окуучулар менен бирдикте талкууланат, 5-6-7-слайд (окуучулар маданият, Кыргызстандын маданияты боюнча ойлорун ортого салат).

Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү. Слайд аркылуу мугалим жаңы тема боюнча фактыларды аргументтештирип айтат (8-слайд). Окуучуларга кыргыздын жашоо образы жана маданияты тууралуу анимациялык слайд көрсөтүлөт (10-16-слайд). Бурана жана Өзгөн мунараларынын тарыхый уламышы тууралуу мугалим даярдаган видеосун коёт. Анимациялык мультфильм аркылуу окуучулардын эс алуусуна шарт түзүп берет, 17-18-слайд (окуучулар жаңы маалыматты кабыл алат, өз ойлорун ортого салганды, анимациялык видео аркылуу мунаралардын тарыхый уламышы менен таанышып чыгат. Анимациялык мультфильм көрүү аркылуу эс алышат).

Эс алуу мүнөтү. Мугалим интерактивдүү панелдеги слайддан Бурана жана Өзгөн мунаралары тууралуу анимациялык мультфильмди коёт, 17-18-слайд (окуучулар жалпы назар салат).

 

Интерактивдүү көнүгүүлөр – сабактын борбордук бөлүгү. Мугалим класстагы окуучуларды https://www.classtools.net/random-group-generator/ аркылуу үч (I, II, III деп) тайпага бөлөт. Мугалим тарых предметинде STEAM билим берүүнү ишке ашыруу үчүн топторго керектүү каражаттарды берет. Мунара жасоо үчүн шартын түшүндүрүп берет (викторинанын өзүнүн презентациясына өтөт). Бөлүнгөн 3 топко 2 баскычтуу 10, 20, 30 баллдык интерактивдүү тапшырмаларды гиперссылка аркылуу чыгарып турат. Мугалим модератор болот (Класстагы окуучулар https://www.classtools.net/random-group-generator/ аркылуу үч (I, II, III деп) тайпага бөлүнөт. Окуучулар мунара жасаш үчүн керектүү каражаттарды алышат. Топ-топ болуп иштей баштайт).

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу; натыйжаларын баалоо. Тема бышыкталат. Мугалим окуучуларга сабактын жүрүшү, натыйжалуулугу боюнча кыскача суроо салат. Баалоо. Үй тапшырма берилет (21-22-23-слайд).

Кыргызстандын маданиятыАлдияр Ашырбеков, №97 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер