Кыргыздын жүзү — ак калпак
- 24.01.2025
- 0
Тарбиялык саат, 5-класстар үчүн
Сабактын максаты: Улуттук баш кийимибизди ардактап, урмат-сый менен баалап, кийип жүрүү керектигин билишет.
Ата-бабадан калган мурас экенин, баш кийимди аздектеп жүрүү керектигин үйрөнүшөт.
Баш кийимди ыйык сактоого, эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.
Сабактын жабдылышы: Калпактын түрлөрү, сүрөттөр, слайд.
Сабактын жүрүшү: Ак калпак, боз үй жана комузсуз кыргыз элин элестетүү мүмкүн эмес. Кыргыз элимдин эң ыйык буюму баш кийими болот. Баш кийимдердин эң ыйыгы ак калпак. Калпак койдун, төөнүн жүнүнөн жасалат. Илгертен эле баш кийимди аздектеп, барактап, баалап кийип келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Жашына карап кийишет.
2011-жылдын 5-мартын Улуттук Ак калпак күнү деп белгилешкен.
«Ак калпак» ыры менен башталат.
Класстагы эркек балдар баштарына ак калпак кийишет жана ырды чогуу ырдашат.
Ыр: «Ак калпак»
Сөзү: Б. Асаналиев
Обону: Т. Имашев
Аткаруучу: Уларбек Узакбаев
Кийгени башка жарашкан,
Суктанып бары карашкан.
Ак калпак калган мураска,
Атабыз Айкөл Манастан.
Кайырма:
Кийебиз, сыймыктап, артактап, ардактап,
Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак.
Кыргыздын жүзүсүң, жүзүсүң, ак калпак,
Ак калпак ай ак калпак.2
Ак калпак кыргыз белгиси,
Ак калпак киет эр киши.
Алыстан көзгө элестейт,
Ал окшоп тоонун мөңгүсү.
Кайырма:
Эркиндик элге жеткени,
Арбыды калпак кийгени.
Ак калпак жагып көп элге,
Аралай берсин дүйнөнү.
Ак калпак тарыхы
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка,кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.
Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.
Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын «Манас» эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан.
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29 — июнундагы № 825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Ак калпак күнү официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Күндү белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5- март калпак күнү байчечекейлер чыгып, жаз күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.
Калпактын түрлөрү:
Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башында турууга күчү жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкөл, калыс, адилеттүү, акылман адамдар кийишкен.
Бойго жеткенде кыюусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, өмүрлүк жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюусу кызыл калпак кийип келген жигитти «аа бойдок экен» же «жар издеп жүргөн экен» деп билишкен.
Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жөнөкөй элден айырмаланып, төбөсү шукшуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчерээк Бакай калпак атка конду.
Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу Кыргыз эл баласы бойго жете электе кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.
Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган. Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлүү-жайлуу болгондо кыюусу кара калпак башынан түшкөн эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюулуу калпак эр-жигиттин үй-бүлөсү бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, өмүрлүк жары жашоодон өтүп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.
Ушуга байланыштуу оюмдардын аталыштары ага жараша болгон. Эр-жигит аң улоо менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, бүркүт, аркар оюмдарын түшүргөн.
Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, бүркүт сыяктуу оюусу бар калпактар башынан түшкөн эмес.
Дагы бир ой-толгоо, калпактын төрт талаасы биригип кыргыздын Мекени Ала-Тоону чагылдырат. Ата Журтубуздун символу десек болот. Нукура ак кийизден жасалган жасалышы аруулуктун, ыйыктын дагы бир белгиси. Ооба, калпак кыргыздын байыркы баш кийими. Аны кийип жүргөн адам, ата-бабаларыбыздын, элибиздин маданиятын, салттарын ыйык туткандыгын билдирет. Улуттук баш кийимибиз — байыртан эле белгилүү болгондуктан, калпакты адамга же элге ыйгаруу таажыдан кол жууп калуу менен барабар болгон. Буга байланыштуу «калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң», «калпагыңдан ажырасаң, акылыңдан ажырайсың» — деген учкай сөздөр калган. Калпактын 4 талаасынын сызыктары Теңирден түшкөн кутту билдирген. Ошондуктан «калпагыңды жерге койбо», «калпакты бутка эмес, баш жагыңа коюп жат» аттуу сөздөрү баш кийимдин ыйыктыгын билдирет. Түзүмү боюнча туюк жана айры калпак болуп бөлүнөт.
Калпак жөнүндө Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ыңгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, жең ил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим. Калпактын түзүлүшү бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.
Айры калпак — Байыркы калпактар 2 талаадан эле турчу, ошондуктан алардын айры тиликтерин эки кулакты каратып кийип алышчу. Негизи айры калпактын маңдайкы жана желке жагы тилинүү болуп аталышы да ошондон. Мындай калпактарды кыргыздын оң жана сол канаттагылары кийип жүрүшкөн. Сол канаттын тотеми өгүз болгондуктан анын образын оймолор аркылуу калпактарына түшүрүп алган, ошондой эле ыкма менен оң канаттагылар өзүлөрүнүн бугу тотемин калпактарында түшүргөн. Азыркы айры калпактардын бир эле тилиги болуп, ал эми талаачалары төртөө, адатта, тилигин маңдайга келтирип кийишет.
Туюк калпак болсо тилиги жок болуп, аталышы да ушуга себептүү. Илгери көбүнчө ичкилик кыргыздар кийип жүрүшчү. Тотеми бөрү болуп, аны калпактарына түшүрүп алышкан. Кайруусу Кайруусунун өңүнө жараша сол канаттагылар (көк уулдан) кайруусу көк же кара түстө эле. Оң канаттар (ак уулдан тарагандар) ак чымкый калпак кийип, кайруусу болсо ак-сары же ак баркыттан жасалган. Калпактын түзүлүшү жөнүндө Биздин ата-бабаларыбыз дүйнө 3 бөлүктөн турат деген ишеним болгон. Жогорку дүйнө — асман, ортоңкусу — тоо-таш, төмөнкүсү — суу жана жер асты. Бул катмарлардын образы да калпакка чагылдырылган деген имиштер бар. Чечмелениши төмөнкүдөй:
1.Калпактын чокусу (чок) жогорку дүйнө — асманды түшүндүрүп, чок дегени — куштардын канаты, тырмагы делет. Жигиттердин калпактарында куш канаты, тырмагы, кыздардын тебетейинде улардын, үкүнүн канаты болгон. Аталган куштар асманда, Теңирге жакын жүрөт деген маанини туюндурган.
2.Калпактын конус сымал бөлүгү тоону элестетип «Дүйнө тоо» маанисин берет. Илгерки ишенимдерге ылайык жер менен асманды дүйнө тоосу бириктирип турган. 3.Калпак кыюусу асмандан түшкөн, тоолордон аккан сууну, ал эми кайруусу астыңкы жерди, караңгылыкты билдирет. Кандай гана болбосун, имиш же болгон чындыкпы, баары бир мунун баары биздин калпагыбыздын ыйыктыгын, кеңири тарыхка жана маданиятка бай экенин билдирип турат.
АК КАЛПАК
Бүт мезгилге ыңгайлуу, жанга курман,
Бүтүн ысык — сууктан калка кылган.
Баасы кымбат болсо да кийимдерим,
Баркы төмөн мен кийген калпагыман.
Мен кыргыздын уулумун, энчим ошол,
Менин эмес сенин да кенчиң ошол.
Бакай бабам баш болуп кийген калпак,
Баарыбызга бак — дөөлөт берчү ошол.
Калпакты айтып көп акын буюгуптур,
Кастарлаган курч ырлар куюлуптур.
Ак калпагым сыймыгым, касиетим,
Арноо минтип мага да буюруптур.
Сага теңдеш менимче ай, күн эле,
Санжыралуу тарыхың айкын эле.
Ата — жото мурасын ыйык тутуп,
Анык кыргыз экениң айгинеле.
Автор — КУНАСОВ МУНДУЗБЕК БОЛОТБЕКОВИЧ.
Сабакты жыйынтыктоо:
Кылым карыткан кыргыз калпагын муундан муунга кастарлап, таберик кылып барктап жүрүү ар бир адамдын ыйык парзы болуп калышы керек.
Кыргыз элинин басып өткөн тарыхынан кабардар берип, ак мөңгүлүү чокудай болуп, кыргыз калпагыбыздын орду кылымдар бою баркын, баасын жоготпосун демекчибиз.
Комментарийлер