Кыргыздын улуттук баалуулуктары. Этностем
- 18.12.2024
- 0
1.Уюштуруу.
2.Күн тартиби.
3.Көргөзмө менен таанышышат.
4.Табышмак “Боз үй”.
5.Слайд көргөзүү.
6.Балдардн өз алдынча иштөөсү. (Кайтарым байланыш)
7.Жалпы баалоо.
Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк: кыргыздын улуттук баалуулуктары боюнча кеңири тааныштыруу.
б) Өнүктүрүүчүлүк: кыргыздын улуттук баалуулуктарын таанып билүүсүн өстүрүү.
в) Тарбия берүүчүлүк: улуттук баалуулуктарды коргоп, барктай билүүгө тарбиялоо.
Сабактын жүрүшү: уюштуруу.
Балдар тарбиячы менен биргеликте бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат.
Тарбиячы: балдар, силер эмнелерди көрүп турасыңар? Туура, калпак, ээр, көөкөр, кам чы, кымыз, боорсок. Буларды мурда көрдүңөр беле? Кана ким айтат калпактын өңү кандай? Туура, калпак ак болот. Калпакты кимдер киет?
Балдар: эркектер киет.
Мугалим: балдар, мен силерге табышмак айтайын:
Тактасы жок, мыгы жок
Чебер уста жасаган.
Ал кандай үй төрт мезгил,
Ата-бабам жашаган.
Бул эмне балдар?
— Азаматсыңар, эң туура, боз үй. Кыргыз элибиздин улуттук баалуулуктардын бири болгон боз үй.
Тарбиячы: балдар, боз үй эмнеден жасалат?
ЭТНОСТЕМ ыкмасы: ар бир баланын астына боз үйдүн бөлүктөрү таратылып, тарбиячынын жардамы менен курап чыгышат.
Тарбиячы: эми, балдар, боз үйдүн ички жасалгалары менен таанышалы: шырдак, төшөк, туштук ж.б.
Келгиле, балдар, эс алуу көнүгүүлөрүн жасайлы. ”Кара жорго” бийин аткарышат.
Кайтарым байланыш: келгиле, балдар, телевизордон бүгүнкү сабак боюнча кайрадан маектешели. (Балдар боз үйдү өз колдору менен этностем аркылуу курай алышат)
Бышыктоо: бүгүнкү сабакка жакшы катышкандыгыңар үчүн ар бириңерге чүкө берем. Сабак аягына чыкты. Үйдон ата апаңар менен боз үй жөнүндө аңгемелешип келгиле, балдар.
Тарбиячы: Табылды кызы Насыйкат, «Перизат» МЧББ уюму, кенже топ. Тогуз-Торо.
Комментарийлер