КЫРГЫЗ ТИЛИ — Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
КЫРГЫЗ ТИЛИ — Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

КЫРГЫЗ ТИЛИ - Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Жалпы маселелер

Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык чөйрөсүндөгү карым-катнаштын каражаты, мыйзамдуу түрдө милдеттүү колдонулуучу тил экенин белгилейт. Мамлекеттик тил коммуникация жаатында, коомдук-социалдык тармакта кеңири колдонулуп, мыйзамдын, илимдин жана жаңы технологиялардын тили катары өнүгүүсү зарыл. Мамлекеттин негизги символу, улуттун нукура касиети катары кыргыз тилинин кадыр-баркы мындан ары да көтөрүлүүгө тийиш. Билим берүү системасында инновациялык-коммуникативдик технологияларды жана окутуунун интерактивдүү методикаларын киргизүү, маалыматтык технологияларды кеңири пайдалануу зарыл. Андыктан мамлекеттик тил мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Өлкөнүн тил саясаты көп тилдүү жана көп маданияттуу инсанды даярдоого багытталган, бул бир гана эне тилин эмес, башка тилдерди да билүү дегенди билдирет.

Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүүдө окуучулар ээ болуучу төмөндөгүдөй предметтик компетенттүүлүктөр калыптандырылышы “Кыргыз тили” предметтик стандартында каралган:

ПК 1. Кептик (коммуникативдик) компетенттүүлүктөр:

Ар түрдүү чөйрөдө, кырдаалдарда кеп ишмердүүлүктүн (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) түрлөрүн тил билүүнүн тиешелүү деңгээлине ылайык өздөштүрүп, тексттин жанрына, кептин стилдерине, тексттин түрлөрүнө жараша кыргызча баарлаша билүү.

ПК 2. Тилдик (лингвистикалык) компетенттүүлүктөр:

Кыргыз тилинин фонетикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн билүү, кыргыз адабий тилинин, жазуу эрежелеринин нормасында жазып жана сүйлөй билүү, кыргыз тилинин тилдик кору, сөздүк курамы жөнүндө минимумдарга, сүйлөө маданиятына ээ болуу, сөздүктөр менен иштей билүү жана иш кагаздарын кыргызча түзө алуу ж.б.

ПК 3. Социомаданий компетенттүүлүктөр:

Тил аркылуу улутту жана улуттук маданий баалуулуктарды, мамлекеттин географиясын, тарыхын таануу, адабий казынасын окуп-үйрөнүү, ал аркылуу элдик салт-санаа, улуттук майрамдарды үйрөнүү жана сыйлоого калыптандыруу.

Аталган компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу үчүн кыргыз тили сабактары тилди турмушта колдонууну көздөп коммуникативдик ишмердүүлүккө багытталып, тил билүү деңгээлдерин эске алып окутуу менен кийинки деңгээлге жетелеген тапшырмалар берилип, ал эми окуу китептери ал багытта эффективдүү иштөөнүн куралы болуп берет.

 ДеңгээлдерТилдик чөйрө жок кырдаалдаТилдик чөйрө бар кырдаалда
Башталгыч жалпы модельА1 элементардык1-4-класстар 
А1+ элементардык 1-4-класстар
Негизги жалпы модельА2 + баштапкы орто5-9-класстар 
В1– орто 5-9-класстар
Жалпы орто модельВ1 орто10-11-класстар 
В1+ ортодон жогорку 10-11-класстар

Деңгээлдер системасы тилди баарлашуу максатында колдонуу үчүн окуучу кайсы көндүмдөргө ээ болуу керектигин, ошондой эле коммуникация ийгиликтүү болуш үчүн эмнелерди билүү керектигин аныктайт. Класстагы окуучулардын тил билүүсү түрдүү деңгээлдерге ээ. Окуу жылынын башталышында окуучулардын тил билүү деңгээлин аныктоо максатында кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрү боюнча диагностикалоо жүргүзүлөт. Ал үчүн тесттик тапшырмалар колдонулат: лексика-грамматиканы өздөштүрүүсүн, окуп түшүнүүсүн, жазуусун, угуп түшүнүүсүн, сүйлөөсүн текшерет. Диагностиканын жыйынтыгында окуучулар “деңгээлге ээ” жана “деңгээлге ээ эмес” болуп эки тайпага бөлүнөт – ушул деңгээлдик окутуунун алгачкы кадамы.

Деңгээлдик мамиле менен тааныш эмес мугалимдер деңгээлдер боюнча окутуу үчүн эмнеге диагностиканы сөзсүз жүргүзүү керек, ансыз деле мугалим класстагы балдардын кимиси канчалык тил билерин байкай алат деп ойлошот. Мунун маанилүү экендигин жакшылап түшүнүп алуу үчүн кеп ишмердүүлүгүнүн бир түрү боюнча, мисалы, окуп түшүнүү көндүмү боюнча предметтик стандартта аныкталган күтүлүүчү натыйжаны жана анын көрсөткүчтөрүн карап чыгууну сунуштасак.

1.2.3. Текстти окуганда андагы камтылган негизги жана кошумча маалыматты жетиштүү деңгээлде толук, так жана терең түшүнөт
5.1.Окуганын мааниси боюнча кыскартат.6.1. Окуган маалыматты жалпылайт.7.1. Тексттен негизги ойду табат.8.1. Тексттеги негизги ойду талкуулайт.9.1. Тексттеги негизги жана кошумча ойду ажыратат.

Таблицада көрсөтүлгөндөй, текстти окуп түшүнүү көндүмү боюнча “Текстти окуганда андагы камтылган негизги жана кошумча маалыматты жетиштүү деңгээлде толук, так жана терең түшүнөт” деген күтүлүүчү натыйжага 5-класстын көрсөткүчү: “Окуганын мааниси боюнча кыскартат”; 6-класстын көрсөткүчү “Окуган маалыматты жалпылайт”; 7-класстын көрсөткүчү “Тексттен негизги ойду табат”; 8-класстын көрсөткүчү “Тексттеги негизги ойду талкуулайт”; 9-класстын көрсөткүчү “Тексттеги негизги жана кошумча ойду ажыратат”. Класс жогорулаган сайын көрсөткүчтөр оорлошуп баратканын байкаңыз. Демек, тексттеги негизги маалыматты окуп түшүнүүсүн калыптандыруу үчүн алгач 5-класс кезинде окуганын мааниси боюнча кыскартканга тапшырма бересиз. Кийинки жылы 6-класста жыл бою балдар окуган маалыматын жалпылай алганга үйрөнөт. Андан кийинки окуу жылында окуганы боюнча негизги ойду табууга машыктыруу керек. Ал эми 8-класстын окуучулары окуган текстиндеги негизги ойду талкууласын, ал үчүн мугалим сабакта көйгөйлүү текст сунуштап, талкуу жаратуучу суроолорду коюш керек, талкуулоо уюштуруу керек. Биз айтып аткан окуучулар орус, өзбек, тажик тилдеринде окуган класстарда экендигин эске алалы. Эгерде 8-класстын окуучулары тексттеги негизги ойду талкуулаганга жарабай жатса, азырынча деңгээли төмөнүрөөк тапшырма берип, тексттен негизги ойду табууга үйрөтөт (ал эми бул 7-класстын көрсөткүчү, жогорудагы таблицаны караңыз). Демек, предметтик стандарт талап кылган күтүлүүчү натыйжага жетишкен же жетиштегенин так, туура өлчөп, аныктап алуу үчүн окуп түшүнүүсүн текшерген тест диагностикалык тесттин бир бөлүгү боло алат. Тесттик тапшырмалар предметтик стандарт боюнча түзүлүп, туура өткөрүлүп, окуучулардын тил билүү деңгээли так аныкталган соң, мугалим өз тайпасындагы окуучулардын тест учурундагы типтүү каталарын жоюуну пландаштырат: окуучулардын кайсы көндүмү талапка ылайык калыптанган, кайсы көндүмүн өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруу керек, эмнелерден кыйналышат, ал кыйынчылыктарды кантип жойсо болот, ж.б. практикалык маселелердин үстүнөн жыл бою иштеп
отурат.

Негизги ченемдик документтердин системасы

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун максат-милдеттери, окуу жүктөмү, окуучулардын даярдык деңгээлине жана компетенттүүлүгүнө талаптар төмөнкү нормативдик-укуктук документтер менен жөнгө салынат:

  1. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы (17-июль 2023-жыл, №140)
  2. Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты (КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому)
  3. Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөтүүнү өркүндөтүүнүн концепциясы https://edu.gov.kg/events/18/
  4. Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому) URL: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/157938
  5. 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы https://mfa.gov.kg/uploads/content/1036/cc1aaa7e-1e5d-3a35-bd69-9d52e9c1ba70.pdf
  6. Кыргыз Республикасындагы көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү концепциясы (Утверждена решением коллегии МОН КР, №3/1 от 24 апреля 2008 года). URL: http://edu-resource.net/old/images/docs/NPA/Conc_ML_EDU.pdf
  7. 2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы №200 токтому) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/158227
  8. “Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 2023-2024-окуу жылына базалык окуу пландарын бекитүү жөнүндө”.

Бул документтер билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктайт, инновациялык коммуникация технологияларын, окутуунун интерактивдүү ыкмаларын киргизүү, XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү: сынчыл ой жүгүртүү, чыгармачылык, баарлашуу, кызматташуу. Тил саясаты мамлекеттик тилди билүү, расмий тилди жана чет тилдердин бирин билген кыргыздардын үч тилдүү муунун калыптандырууга багытталган.

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрү

Окуу сааттарынын жумалык көлөмү 2023-2024-окуу жылына карата сунушталган Базистик окуу планында төмөндөгүдөй:

 

к\№КласстарыЖума боюЖыл бою
 1-класс3 сааттан102 саат
 2-класс3 сааттан102 саат
 3-класс3 сааттан102 саат
 4-класс3 сааттан102 саат
 5-класс2 сааттан68 саат
 6-класс2 сааттан68 саат
 7-класс3 сааттан102 саат
 8-класс2 сааттан68 саат
 9-класс3 сааттан102 саат
 10-класс3 сааттан102 саат
 11-класс4 сааттан134 саат

 

Кыргыз тилин окутуунун мазмуну кептик темалар менен берилген:

1-4-класстар5-9-класстар10-11-класстар
Үй-бүлө

Мектеп

Кызыгуулар

Жыл мезгилдери

Керектүү буюмдар

Жаратылыш, адам, сергек жашоо

Менин өлкөм

Мен, менин үй-бүлөм, менин дүйнөм

Эс алуу. Саякат

Кесип

Кыргызстан

Ден соолук. Спорт

Соода-сатык

Кызыгуулар

Адам

Адам жана коом

Адам жана экономика. Соода-сатык

Адам жана илим. Медицина. Ден соолук

Адам жана искусство. Кыргызстандагы белгилүү маданият ишмерлери

Адам жана жаратылыш. Кыргызстандын жаратылышы

Жер – жалпыбыздын үйүбүз. Экология

Адамдын руханий өнүгүүсү.

Санариптештирүү

Коммуникативдик-функционалдык мамилени ишке ашырууда эмнелер маанилүү?

Кыргыз тилин бөтөн тилдүү мектептерде үйрөтүүдө коммуникативдик мамиле менен иштөө керек. Ал мамиле лексика менен грамматиканы функционалдуу окутууну жана кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүн (угуу, сүйлөө, окуу, жазуу) комплекстүү өнүктүрүүнү сунуштайт. Лексика менен грамматиканы окутуунун функционалдуулугу тилдик каражаттар жөнүндө системалык түшүнүктү калыптандыра тургандай болуп, кептик темалар менен тыгыз байланышта берилген. Мисалы, “Кайсы кесипти тандайсың?” темасындагы сабакта окуучулар темага байланыштуу лексиканы өздөштүрөт, ал лексикага өзүнчө убакыт бөлүп жазып, жаттап эмес, сабактагы окуу процессинде көп ирет колдонуу аркылуу өздөштүрөт: кесип тандоо тууралуу бири-бирин угат же уктуруу техникалык каражат аркылуу жүргүзүлөт, аталган темада өз алдынча сүйлөйт жана башкалар менен сүйлөшөт, чакан тексттерди окуйт, өзү тандаган кесиптердин рейтингин түзүп жазат. Бардык ишмердүүлүктө колдонулган активдүү, пассивдүү лексика ушул ишмердүүлүктү тейлөөдө колдонулат. Грамматика “Аныктооч” темасында сунушталган, демек, окуучулар аныктоочту кесипти мүнөздөгөндө колдонот (болочок кесип, өзүнө жаккан кесип, кесиптик жогорку билим, атайын кесиптик билим), мугалим аныктоочту колдонуунун грамматикалык формасын берет, т.а. аныктоочтун сүйлөмдөгү ордун синтаксистик негизде конструкция аркылуу (Кесип тандоодо үй-бүлөнүн пикирин уккула. Менин жеке пландарым бар. Агам он сегиз жашка чыкты, ал өзүнө жаккан жогорку окуу жайына тапшырат) көрсөтөт, грамматикалык жана кептик көнүгүүлөрдө аныктоочту колдонууга машыктырат, окуучу өз алдынча аткарган продуктивдүү тапшырмада аныктоочту туура колдонгонун көзөмөлдөйт, аныктоочту колдонгонун критерий менен баалайт.

Сунушталган темалар

Август кеңешмесинде секцияларда кыргыз тили экинчи тил катары окутулган мектептин мугалимдерине төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:

  1. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуп-үйрөтүү боюнча усулдук нускама кат
  2. Билим берүүнүн ар кандай баскычтарында кыргыз тилин экинчи тил катары окутуунун өзгөчөлүктөрү
  3. Окуучулардын тил жана кептик көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн кырдаалдык тапшырмалар жана башка типтеги тапшырмалар.
  4. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы усулдук кыйынчылыктар: окуучулардын каталары жана алардын себептери окуу процессин оңдоо мүмкүнчүлүгү катары
  5. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда кептик интенциялар
  6. Грамматиканы функционалдык негизде окутуу.
  7. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу сабактарында туташ жана туташ эмес тексттер менен иштөө.
  8. Скаффолдинг – окуучуларга тилдик колдоо көрсөтүү.
  9. Кыргыз тили экинчи тил катары жаңы муундагы окуу китептери менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү
  10. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда ачык билим берүүчү интернет ресурстарын пайдалануу.
  11. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу сабактарында окуучулардын окуу сабаттуулугун өнүктүрүү.
  12. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун заманбап технологиялары.
  13. Кыргыз тили экинчи тил сабактарында долбоордук иштерди жүргүзүү
  14. Туташ, туташ эмес, аралаш тексттер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү
  15. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууга дифференцияланган мамиле.
  16. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууга деңгээлдик мамиле.

А. ОморовА,
КББАнын Көп тилдүү жана инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси. Тел.: (0557) 538 313, (0507) 538 313;
е-mail: omorovaa@list.ru

Бөлүшүү

Комментарийлер