КЫРГЫЗ ТИЛИ — Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
КЫРГЫЗ ТИЛИ — Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн

Жалпы маселелер

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” 2022-жылдын 21-майындагы №157 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн Улуттук нарктуулук программасында нарктуу инсанды тарбиялоо, нарктуу коомду түзүү, улуттук материалдык нарктуу маданиятты жана руханий нарктуу маданиятты коргоо тууралуу айтылган жана аларды турмушка ашыруу боюнча атайын иш-чаралар белгиленген. Алардын ичинде улуттук маданияттын башатында турган эне тил казынасын сактоо, эне тилде түзүлгөн бардык руханий байлыктарды үйрөнүү маселелери каралган. Демек, бул мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү маселе мектептеги кыргыз тили жана адабияты предмети аркылуу жаңы муундун өкүлдөрүнө өз деңгээлинде жеткирилиши керек. Мындай иштер Кыргыз тилин окутуунун концепциясы менен предметтик стандартында, кыргыз тилин окутуунун мазмуну, окуучулар жетишүүчү компетенттүүлүктөрдө так көрсөтүлгөн. Аталган концепция менен стандартта кыргыз тилин окутууга мектепте жаңыча мамилени калыптандыруу, кыргыз тилин окутууда “адам-коом-тил-маданият” аттуу моделди киргизүү, кыргыз баласы өзү жашаган коомдо тилди улуттук маданий дөөлөт катары окуп-үйрөнүүсү керек” деген идеяны киргизүү.

Албетте, бул идея теориялык негизде эмес, практикалык багытта кыргыз тилин окутуу аркылуу жүзөгө ашмакчы. Ал үчүн дагы өз алдынча жаңы моделди киргизүү пландалган.

Ошондой эле кыргыз тилин окутууда дүйнөлүк жаңы технологияларды да колдонууну ишке ашыруу урунттуу багыттардан болуп саналат, атап айтканда, “STEAM” технологиясын кыргыз тилин жана адабиятын окутууда колдонуу туура болот. Анткени, жаңы коомдун баласы илимди, техниканы жана маданиятты да бирге билип, аларды турмушунда колдонуп жашоосу – адамдын артыкчылыктуу компетенцияларынан болуп калды. Ошону менен бирге, 2025-жылы өтүүчү “PISA” сынагынын талаптарын да кыргыз тили сабактарында колдонуу сабактарды мугалим окуучу менен иштөөдө предметтик стандартта сунушталган билим берүүнүн үч деңгээлин (продуктивдүү, репродуктивдүү, креативдүү), Блумдун таксономиясын (билүү, түшүнүү, колдонуу, анализ, синтез, баалоо) жана да ишмердикке негизделген билим берүүнүн деңгээлдерин (билүү, колдонуу, проблема чечүү, чыгармачылык) чыгармачылык менен колдонуу оң натыйжа бермекчи.

Нормативдик документтер

Мектептеги бардык окутуу-тарбиялоо иштери мамлекеттик маанилүү документтерге таянып, аны жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлүүсү зарыл, анткени ал документтерде билим берүүнүн өнүгүшүнүн артыкчылыктуу жана келечектүү багыттары көрсөтүлгөн.

  • КРнын Президентинин Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу Жарлыгы. 29-январь, 2021-ж.
  • Кыргыз Ресrryбликасынын Президентинин 2020-жылдын 1З-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында «Кыргыз жараны» деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы;
  • КРнын Президентинин «Улуттук нарк тууралуу» Жарлыгы, 20-май, 2022-ж.
  • КР Президентинин “Улуттук нарк тууралуу” Жарлыгы турмушка ашыруу боюнча түзүлгөн Нарктуулук программасы, Б., 2022-ж.
  • КРнын мамлекеттик тилин турмушка ашыруу боюнча 2022-2026-жылдар үчүн Улуттук программа, КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, Б., 2022-ж.

Бул документтерде жаш муундарга адеп-ахлактык тарбия берүү жана дене тарбиясын өнүктүрүү маселелери, Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” түшүнүгүнүн калыптанышы, улуттук нарктарды жаш муундун өкүлдөрүнө үйрөтүү, улуттук нарктуу руханий жана материалдык маданиятыбызды сактоо, коргоо, аларды кыргыз тили жана адабияты сабактарынын мазмуну менен айкалыштыруу аркылуу окуу материалдарынын мазмунун байытуу, класста жана класстан тышкаркы иштерде улуттук нарктуулукка байланыштуу тарбиялык иштерди ырааттуу жана аларды максаттуу жүргүзүү керек.

Бул документтер менен катар, быйылкы окуу жылында окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин эне тили катары окутуунун концепциясы (2022), предметтик стандарт (2023) жана окуу программасынын жаңы редакциясы (2023) жетекчиликке алынат.

Окуу сааттарынын жумалык көлөмү 2023-2004-окуу жылына карата сунушталган Базистик окуу планында төмөндөгүдөй:

к\№КласстарыЖума боюЖыл бою
1.5-класс4 сааттан136 саат
2.6-класс4 сааттан136 саат
3.7-класс3 сааттан102 саат
4.8-класс2 сааттан68 саат
5.9-класс2 сааттан68 саат
6.10-класс2 сааттан68 саат
7.11-класс3 сааттан102 саат

Окутуунун өзгөчөлүгү

Кыргыз тилин окутуунун жогоруда аталган жаңы концепциясы менен стандартында төмөндөгүдөй методикалык жаңылыктар бар. Анда кыргыз тилин улуттук маданий дөөлөт катары окутуу, ал дөөлөттөрдү сабакта колдонуу, окуучуну маданий дөөлөттөрдү алып жүрүүчү катары калыптандыруу маселелери каралган. Анын модели: “адам+коом+маданият+предмет” катары эсептелинет да, окуучу коомдо жашайт, анда маданий дөөлөттөрдү үйрөнөт, аны үйрөтүүдө кыргыз тили сабагынын ролу чоң дегенди түшүндүрөт. Бул моделди иш жүзүнө ашырууда тилдик-грамматикалык материалдар менен маданий баалуулуктарды камтыган кептин материалдарын интеграциялап окутууга басым жасалат. Ошону менен бирге, сабактарда стандартта белгиленген компетенттүүлүктөрдү (тилдик, кептик, этномаданий) жүзөгө ашыруу негизги максат болуп саналат. Мында төмөндөгүдөй комплекстүү иштер аткарылмакчы. Тилдик компетенттүүлүктү ишке ашырууда:

  1. Кыргыз тилинин тилдик системасын түшүнүү (фонетика, лексика, грамматика (морфология, синтаксис), пунктуация, орфоэпия, орфография);
  2. Тилдик материалдарды логикалык, түзүмдүк жана системалык негизде түшүнүү (фонетика: фонема, тыбыш, тамга, алфавит, муун; морфология: сөз курамы, уңгу, мүчө, мүчөнүн түрлөрү, сөз түркүмдөрү ж.б.).

Ал эми кептик компетенттүүлүктү калыптандырууда:

  1. Ар бир лексикалык материал кыргыз тилин окутуудагы 3 компетенттүүлүктү (этномаданий компетенттүүлүк) калыптандырууга кызмат кылгыдай мүнөздө үйрөнүлөт. Мисалы, улуттук колоритти чагылдырган, нарктуулук түшүнүктөрүнө байланыштуу лексика, улуттук буюмдар, кийимдер, тамак-аш ж.б. байланышкан этнолексикага басым коюлат;
  2. Ар бир морфологиялык материал (мисалы: зат атооч, сын атооч, сан атооч, тактооч, этиш) кыргыз турмушун чагылдырган түшүнүктөр, мисалдар менен коштолсо, сабактын этнопедагогикалык, этнографиялык маанайдагы мисалдар менен үйрөтүлсө болот;
  3. Ар бир грамматикалык материалдар өтүлгөн сабакты, мисалы: сөз айкашы, сүйлөм жана анын түрлөрү ж.б. кеп маданиятына үйрөтүү сабагына айландыруу жолдору сунушталат. Мисалы: эне тилинде таза сүйлөө жана жазуу, так сүйлөө жана жазуу, туура сүйлөө жана жазуу, логикалык сүйлөө жана жазуу, бай сүйлөө жана жазуу иш-аракеттерин ишмердиктин негизинде жүзөгө ашыруу керек.

Экинчи маанилүү маселе: грамматикалык материалдар менен кептин материалдарын интеграциялап, эки этапта ишке ашыруу. Мында төмөндөгүдөй технология сунушталган: 5-9-класстарда «грамматикадан — кепке» (сүйлөмдөн — текстке, зат атооч менен этиштен — кептин баяндоо түрү, андан стилдин илимий баяндоо, көркөм баяндоого; сын атоочтон – кептин сүрөттөө тибине, андан көркөм стилге ж.б.), 10-11-класстарда «кептен-грамматикага» (тексттин стили, андан кептин тиби, анын тилдик каражаттары, лексикалык-грамматикалык табияты, сабаттуу жазуу, сүйлөө) аттуу технология менен ашырылмакчы. Ал төмөндөгүдөй эки багытта ишке ашмакчы:

  1. Байланыштуу кептин жана кеп маданияты менен стилистиканын материалдары ар бир класстын окуу курсунун башында өз алдынча бөлүнүп өтүлбөйт, алар мазмунуна жараша грамматикалык материалдар менен байланыштырылып, бирдикте үйрөтүлөт;
  2. Грамматикалык материалдардын кептеги кызматы так ачыкталып, «грамматика грамматика үчүн» эмес, кеп өстүрүүнүн куралы катары колдонулат жана ар бир грамматикалык сабак кеп өстүрүү менен кеп маданияты сабагы деген маанай кирги-
    зилет.

Кыргыз тилин окутууда сунуш кылынуучу дагы бир маанилүү сунуш-ишмердикке таянып окутуу менен деңгээлдик технологияны киргизүү маселеси болуп саналат. Ал окуу материалдарын ишмердиктин негизинде төрт деңгээлде өздөштүрүү ыкмасына негизделет, тактап айтканда:

— окуу материалын билүү, маалыматтык деңгээл;

— билгенин практика жүзүндө колдонууга машыгуу, колдонуу деңгээли;

— өздөштүрүүдө сынчыл ойломду өнүктүрүү, проблемалуу жагдайды чече билүү деңгээли;

— окуу материалын чыгармачылык менен өздөштүрүү, чыгармачылык деңгээл.

Мында ар бир деңгээл өз алдынча мүнөздүү белгилери, талаптары жана окуу тапшырмалары менен айырмаланат, т.а. «маалыматтык» деңгээлде окуучуларга кыргыз тилинин лексика-грамматикалык материалдарынын чегинде теориялык мүнөздөгү суроолор менен тапшырмалар камтылат, демек, анда окуучунун тилдик компетенттүүлүгүн текшерүү маселесине басым жасалат. «Колдонуу» деңгээлинде сабакта үйрөнгөн грамматикалык-лексикалык материалдардын кептеги ролун түшүнүп, аларды практика жүзүндө колдонуп машыгууга багыт берилет. Ал эми «проблемалык» деңгээлде өздөштүрүп жаткан окуу материалдарга сынчыл көз карашта мамиле жасоо, сынчыл көз караштагы суроо-тапшырмаларды аткаруу милдеттери коюлат. «Чыгармачылык» деңгээлде буга чейинки аткарылган бардык иштердин логикалык жыйынтыгы ишке ашат да, окуучу өздөштүрүп жаткан окуу материалына чыгармачылык менен мамиле жасайт, чыгармачылык шык-жөндөмүн көрсөтөт. Мындай «деңгээлдик» ыкманын максаты – окуу материалды окуучунун жаттап үйрөнүүсү менен эмес, ишмердик менен өздөштүрүү жолдору сунуш кылынат, ошол эле учурда окуучунун билими менен машыгуу жана жатыгууларын, т.а компетенттүү мамилесин «өлчөп» билүүгө мүмкүн болгон жолду табууга аракет жасалат.

Мындан сырткары, кыргыз тилин окутууда грамматикалык материалдар катышкан кеп материалдарынын түрүн, жанрларын, ар түрдүү стилдердеги тексттерди колдонуу менен, маалыматтык каражаттарды пайдаланып, предмет аралык байланыштарды да ишке ашырып, “STEАM” билим берүүсүнүн негиздерин чыгармачылык менен пайдаланса, сабак кыйла натыйжалуу болот. Албетте, бул иш-аракеттер “PISA” сынагына даярданууга багытталмакчы.

Сунуштар

  1. Кыргыз тили сабагын мезгил талаптарына жараша окутууда жаңы концепция менен предметтик стандарттын жана окуу программасынын мүмкүнчүлүгү кандай?
  2. Кыргыз тилинен формативдик билим берүү мезгилинде деңгээлдик негизде окутуунун технологияларын сабакта кантип колдонууга болот?
  3. Кыргыз тили сабактарында окуучулардын адеп-ахлактык тарбиясын өстүрүүдө иштин кандай формаларын, методдорун жана каражаттарын колдонууга болот?
  4. Кыргыз тили сабактарында “STEАM” технологиясын колдонуу менен, предмет аралык байланышты жүзөгө ашыруунун кандай ыңгайлуу жолдорун сунуштайсыз?
  5. Кыргыз тили сабактарында окуучулардын ишмердик аракеттерин, чыгармачыл кандай жолдор менен уюштурууга болот?
  6. Кыргыз тили сабактарында этномаданий лексикалык каражаттарды колдонуу боюнча сиздин кандай тажрыйбаңыз бар?
  7. Кыргыз тили, адабияты сабактарында “3D» форматын колдонуунун жолдору тууралуу эмне билебиз?

С. РЫСБАЕВ,
п.и.д., профессор, КББАнын филологиялык билим берүү лабораториясынын башкы илимий кызматкери.
Тел.: (0700) 680 478; е-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер