КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ГИМНИ КАЧАН ЖАРАЛГАН?
- 18.09.2023
- 0
23-сентябрь – Кыргыз тилинин майрамы!
Кыргыз тил гимни — Кыргыз тилине арналган гимн.
Гимндин презентациясы 2006-жылдын 10-февралында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн. Мамлекеттик тилге арналган гимндер боюнча Кыргызстан, Малайзия жана Турциядан кийин дүйнөдө үчүнчү өлкө болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын президенти алдындагы тил боюнча комиссия калк арасында тилдин деңгээлин жогорулатуу максатында тил гимнин түзүү боюнча 2005-жылдын 6-октябрында сынак жарыялаган. Бир жыл аралыгында 54 акын жана 31 композитор ат салышып, натыйжада музыканын автору Бакыт Алишеров, сөзүнүн автору Сейит Алтымышовдор жеңип чыгышат.
Тил гимни, мамлекеттик гимнден эч калышпайт деп көптөгөн серепчилер өз ойлорун билдиришип, кыргыз тилине тиешелүү өлкөдө өткөрүлүүчү бардык иш-чараларда кыргыз тилинин гимни жаңырып турушу керек деген ойлорун билдиришкен.
Тексти
Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
Кайырма
Кыргыз тили — жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили — Мекеним,
Менин өлкөм Кыргызстан!
Мекен тили Ата журттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,
Ата журттун келечеги, ак таңы.
Кайырма
Комментарийлер