КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЛДӨРҮ ЖАНА СУУ САКТАГЫЧТАРЫ

  • 14.07.2023
  • 0
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЛДӨРҮ ЖАНА СУУ САКТАГЫЧТАРЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨЛДӨРҮ ЖАНА СУУ САКТАГЫЧТАРЫ Анара Асылгазиева,

Бишкек шаарындагы №21 мектебинин география мугалими

Предмет: Кыргыз Республикасынын физикалык географиясы

Классы: 8-класс

Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын көлдөрү жана суу сактагычтары (Практикалык иш № 8)

Сабактын тиби: Үйрөнгөндөрүн, билимдерин жана билгичтиктерин андан ары өркүндөтүү сабагы

Сабакта колдонуулучу методдор жана ыкмалар: Көрсөтмөлүү, суроо-жооп, кайтарым байланыш ж.б.

Сабактын формасы: Практикалык иш

Сабакта колдонулуучу каражаттар: Контурдук карта, маркер, таркатмалар, баалоо кагаздары, тесттик суроолор, флипчарт, техникалык каражаттар ж.б.

Сабактын максаттары

Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар Кыргыз Республикасынын көлдөрү жана суу сактагычтары боюнча алган билимдерин бышыкташат. Алардын жаратылыштагы жана чарбадагы маанилерин үйрөнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар топто жана өз алдынча иштөөгө, салыштырууга, ой жүгүртүүгө, жыйынтык чыгарууга көнүгүшөт жана контурдук карта менен иштөө көндүмдөрүн өстүрүшөт.

Тарбиялык: Өз мекенинин кооз жаратылышын сүйүүгө, аяр мамиле кылууга, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга үйрөнүп, тарбияланышат.

Уюштуруу.

Бул этапта түстүү кагазга жазылган каалоо-тилектер боюнча окуучулар эки топко бөлүнөт  “Көлдөр” тобу жана  “Суу сактагычтар” тобу. Эки топ сабактын жүрүшү менен берилген тапшырмаларды аткарышат.

Айланма же карусель технологиясын колдонуу менен суроолор үстүндө иштөө. Ар бир топко суроолор жазылган кагаз берилет. Ар бир окуучу суроолорго жоопту флипчартка жазып, кийинки окуучуга суроону узатат.

Силерге берилген убакыт бүттү балдар. Флипчартты доскага илгиле.

Ар бир окуучу флипчартта жазылган суроого жооп жазышат.

Окуучулар доскага флипчартты илишет жана суроолордун жообун картанын жардамы менен жооп беришет.

  1. Кыргызстанда орун алган көлдөрдү жана суу сактагычтарды контурдук картага белгилейбиз. Ар бир топтун окуучулары таркатма кагаздарда жазылган көлдөрдү жана суу сактагычтарды контурдук картага белгилейт. Тапшырма топто эмес, жекече, өз алдынча аткарылат. “Көлдөр” тобундагы окуучулар Кыргызстанда орун алган 12 көлдү,“Суу сактагычтар” тобу Кыргызстанда орун алган 12 суу сактагычты контурдук картага белгилешет.

 

  1. Силерге берилген убакыт бүттү, анда эмесе слайддын жардамы менен көлдөрдүн жана суу сактагычтардын орун алган жерлерин текшерип алалы. Ал үчүн эки топ контурдук картасын чогултуп, “Көлдөр” тобу “Суу сактагычтардын” контурдук картасын, “Суу сактагычтар” тобу болсо “Көлдөр” тобунун контурдук картасын текшеришет жана дароо баалоо жүргүзүлөт.

 

  1. Контурдук карталар чогултулуп алынат. Ар бир окуучуга баалоо кагазы берилет.

Окуучуунун иш аракети. Ар топтогу окуучулар өз алдынча контурдук картага көлдөрдү жана суу сактагычтарды белгилешет.Эки топтун окуучулары контурдук карталарын чогултушуп, өздөрү слайддын жардамы менен текшеришет.Окуучулар баалоону өздөрү жүргүзүшөт

Үчүнчү тапшырманы аткарууда Венндин диаграммасын колдонобуз. Тапшырманы топто чогуу аткарышат, ар бир топко чийилип даярдалган флипчарт берилет. Эки топ көлдөр менен суу сактагычтардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын жазып чыгышат. Слайддын жардамы менен эки топтун тапшырмасы текшерилет. Эки топко баалоо кагазы берилет.

Бышыктоодо Quizizz платформасы менен суроолорго жооп беришет. Ар бир окуучуга баалоо кагазы берилет.

Үй тапшырмасы:

  1. Номенклатура жаттоо (ар бир окуучу Кыргызстанда орун алган көлдөрдү жана суу сактагычтарды картадан көргөзүүнү үйрөнүп, жаттап келишет).
  2. Ар бир окуучу “Кыргызстандагы көлдөрдүн жана суу сактагычтардын экологиялык абалы” деген темада презентация даярдап келишет.

Баалоо: Окуучулардын аткарган тапшырмаларына жараша суммативдик баалоо жүргүзүлөт.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер