КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ — Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ — Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн

 

Жалпы маселелер

«Кыргыз адабияты» предмети филологиялык билим берүү чөйрөсүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Окуучулардын функционалдык сабаттуулуктарын калыптандырууда, адамзаттын тарыхында анын прогресске жетишүүсүндө, инсандын руханий, адеп-ахлактык, эмоционалдык жана эстетикалык өнүгүүсүндө, нарктуу инсанды тарбиялоодо, руханий нарктуу маданиятты коргоодо адабий билим берүүнүн ролу чоң.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” 2022-жылдын 20-майындагы №157 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программасында нарктуу инсанды тарбиялоо, нарктуу коомдү түзүү, улуттук материалдык нарктуу маданиятты жана руханий нарктуу маданиятты коргоо тууралуу аларды турмушка ашыруу боюнча улуттук маданияттын башатында турган эне тил казынасын сактоо, эне тилде түзүлгөн бардык руханий байлыктарды үйрөнүү маселелери каралган. Бул маселелер Кыргыз тилин окутуунун жана адабий билим берүүнүн концепцияларында, предметтик стандарттарында, окуучулар жетишүүчү компетенттүүлүктөрдө так көрсөтүлгөн.

Кыргыз адабияты предметин окутууну жаңы шарттарга ылайык модернизациялоо, компетенттүүлүктөрдүн негизинде репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү (чыгармачылык) 3 деңгээлде окуучулар ээ боло турган натыйжаларга, окуучунун ишмердүүлүгүнүн, баарлашуусунун жана социалдык мамилелеринин ар кандай чөйрөлөрүндө жашоонун ар кандай маселелерин чечүү үчүн билимдерин колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө көңүл буруу — учурдун эң актуалдуу талабы. Адабий билим берүү 3 компетенттүүлүктү (окурмандык, эмоционалдык баалуулук, адабий чыгармачылык) калыптандырууга кызмат кылгыдай мүнөздө үйрөнүлөт. Бул багытта мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коомдо ийгиликтүү баарлашуу жана социалдашуусу үчүн оозеки жана жазуу, сүйлөө көндүмдөрү, жөндөмдөрү жетишерлик эмес, себеби окуучулардын функционалдуу сабаттуулугун (пикирин оозеки да, жазуу жүзүндө да так билдирүү, талкууну демилгелөө, талкууну колдоо, катышуу, окуган же уккан маалыматтарын чечмелөө, негизги маалыматты билдирүү) мектеп курсу камсыздай албай жатат. Мындай көйгөйлөрдүн чыгып жатышынын себеби эмнеде? Окурмандык сабаттуулукту калыптандырууда адабий билим берүүнүн ролу кандай? деген суроолордун алкагында ой жүгүртүп көрөлү. Мектеп билим берүүсүнүн сапаты негизинен педагогдордун кесиптик даярдыгынын сапаты менен аныкталат (PISAнын жыйынтыктары боюнча)

Мектеп окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктеринин сапаты негизинен мугалимдер тарабынан аларга сунушталган тапшырмалардын сапаты менен аныкталат. (PISAнын жыйынтыктары боюнча)

Демек, бүгүнкү күндүн мугалиминин максаттары жана милдети окуучуларга жөнөкөй эле маалыматтардын топтомун берүү болуп эсептелбейт. Кыргыз адабиятын окутууга мамилени өзгөртүү, окурмандык, функционалдык сабаттуулукту калыптандыруучу тапшырмалар менен иштөө жана мектеп мугалиминин милдеттеринин бири – чыгармаларды талдоого, анализдөөгө, аларды туура баалоо, ар түрдүү маселелерди чечүүнүн оптималдуу жолун табууга үйрөтүү маанилүү.

Нормативдик документтер

Жаш муундарга адеп-ахлактык тарбия берүү жана дене тарбиясын өнүктүрүү билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттар экендигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасында “кыргыз жараны” түшүнүгүнүн калыптанышы, улуттук нарктарды жаш муундун өкүлдөрүнө үйрөтүү, улуттук нарктык руханий жана материалдык маданиятыбызды сактоо, аларды кыргыз адабияты сабактарынын мазмуну менен айкалыштыруу аркылуу окуу материалдарынын мазмунун байытуу, аларды максаттуу колдонуу болуп саналат. Документтерде билим берүүнүн өнүгүшүнүн артыкчылыктуу жана келечектүү багыттары көрсөтүлгөн.

Атап айтканда, алар:

  1. КРнын Президентинин Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу Жарлыгы. 29-январь, 2021-жыл.
  2. «Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө» (2011, 28-июнь №59, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) мыйзамы
  3. “Манас” эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана “Манас” – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциялары жөнүндө КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №65 токтому
  4. Кыргыз Ресrryбликасынын Президентинин 2020-жылдын 1З-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы;
  5. КРнын Президентинин «Улуттук нарк тууралуу» Жарлыгы, 20-май, 2022-ж.
  6. Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июлундагы №393 токтому менен бекитилген).
  7. Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому).

Бул документтер менен катар, быйылкы окуу жылында адабий билим берүүнүн концепциясы (2022), предметтик стандарт (2023) жана окуу программасынын жаңы редакциясы жетекчиликке алынат.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 2023/2024-окуу жылы үчүн Базистик окуу планына ылайык мамлекеттик компоненттеги кыргыз адабиятына ыйгарылган сааттарда 7-класста 1 саат кыскарган, калган сааттарда өзгөрүүлөр жок.

Класстар5                  67891011
Бөлүнгөн сааты2222333
Жыл бою68686868102102102

Өзгөчөлүгү

Кыргыз адабиятын окутуу иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Кыргыз адабиятын окутуу процессинде инсанга багытталган окутууга өзгөчө маани берилет. Кыргыз адабиятын окутууга коммуникативдик мамиле жасалып, окутуунун обьектисин көркөм текст түзүүсү, ал эми сабак процесси жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, баяндоо иштери, чыгармаларга карата эссе же пикир жазуу, аргументтөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт.

Адабиятты окутуу методикасында методдор тууралуу түшүнүктөр ар дайым эволюциялык аракетте болуп, толукталып келгендиги байкалат. Эвристикалык, изилдөөчүлүк, репродуктивдүү, долбоорлоо, стандарттык эмес сабактын формалары, интерактивдүү ж.б. методдор аркылуу кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү, шыктандыруу окуучулардын натыйжалуу билим алышына өбөлгө түзөт. Салттуу окутуудан айырмаланып, интерактивдик окутууда көп жактуу коммуникативдүүлүк, жагымдуу психологиялык кырдаал, окуп-үйрөнүүгө атайын ыңгайлуу педагогикалык шарттар түзүлөт.

Бүгүнкү күндө STEAM-методу билим берүүнүн эң заманбап жана келечектүү тенденциясы. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрүндө дал ушундай ыкма колдонулуп келе жатат. Бул математика, физика, химия, программалоо, сүрөт, тилдер бир билим берүү программасына бириктирилген. STEAM – бул аралаш билим берүү чөйрөсүндө балага илимди жана искусствону күнүмдүк жашоодо кантип колдонууну көрсөтүп-үйрөтүүчү дүйнөлүк билим берүү тенденцияларынын бири. Заманбап педагогикалык технологияларга ээ болуу
(STEАM технологиялары, долбоордук окутуу технологиясы, көйгөйлүү окутуу технологиясы, кызматташуу технологиясы, компьютердик технология) мугалимдин методикалык маданиятынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Жаңы технологияларды окуу процессине киргизүү окуучунун көнүмүш мамилесин, ошондой эле мугалимдин позициясын да өзгөртөт.

Окуу сабаттуулугу – алдыга коюлган максаттарга жетүү, билим деңгээлин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, социалдык жашоо-турмушка аралашуу үчүн окуу менен алектенүү, жазуу жүзүндөгү тексттерди түшүнүү жана аларды пайдалануу жөндөмү. Рухий көрөңгөнү окуучунун жүрөгүндө, дилинде түнөтүү үчүн сөз өнөрүн мурдагыдай шаблондуу жол менен окута бербей, аны азыркы учурда дүйнөлүк дидактика, педагогика, психология, логика, филология, эстетика, этнопедагогика сунуш кылган, мектеп практикасында тастыктоодон өткөн методдор менен үйрөтүү зарыл. Башкысы кыргыз окуучусунун психологиясына жана менталитетине жугумдуу, алгылыктуу заманбап технологиялар, электрондук окуу ресурстары аркылуу окутуу процессин уюштуруу чыгармачылыкты өстүрүүдө мезгил талабы болуп эсептелет. Адабият сабагындагы окуучулардын чыгармачылыгы дегенде көпчүлүк учурда алардын класстан тышкаркы иштерин түшүнүү менен чектелүүгө болбой тургандыгын жаңычыл окутуучулар эбак далилдешти. Негизги маселе – окуучунун чыгармачылык ишмердүүлүгүн сабакта уюштуруу, ошондой чыгармачылыкты ойготкон сабакты жаратуу маселеси. Адабияттын негизги милдети – баладагы сезимди тарбиялоо, сезимди курчутуу жана өнүктүрүү. Ал сабактын эмоционалдык таасиринен башталат.

PISA ар кандай кырдаалда туура окуу жөндөмүн текшерүүгө багытталат, окуу сабаттуулугу деп адамдын жазуу жүзүндөгү тексттерди түшүнүү жана алар жөнүндө ой жүгүртүү, б.а. текстти түшүнүү жана чечмелөө жөндөмү деп түшүнүүгө болот. Дал ушул жөндөм заманбап адамдын сабаттуулугунун негизги компоненти болуп саналат. Демек, кыргыз тили, адабияты сабактарында окуп-түшүнүү, угуп-түшүнүү сабаттуулуктарын, текст менен иштөөнүн ар кандай ыкмаларын, көркөм чыгармаларды талдоонун, сынчыл ойломдорун өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө зарыл.

Ошону менен бирге, чыгарманы талдоо процессинде төмөндөгүдөй эң зарыл педагогикалык шарттар эске алынышы керек:

— учурда дүйнөдө бала тарбиясына жана анын өсүүсүнө кандай артыкчылыктуу багыттар берилүүдө, сунуш кылынып жаткан чыгарма эмнеси менен үндөш боло аларын аныктоо;

— чыгармадагы кандай идея бала жашап жаткан мезгил жана коом үчүн актуалдуу экендигин аныктоо;

— чыгарма бала жашап жаткан коом менен мезгилдин кандай көйгөйлүү маселесин чечерин аныктоо;

— чыгарманын улуттук жана дүйнөлүк адабий процесстеги ордун таанытуу;

— чыгарма мезгилге жана коомго жараша кандай философиялык-эстетикалык мааниге ээ экендигине байкоо жүргүзүү;

— чыгарманын бала үчүн адабий, эстетикалык, маданий, турмуштук баалуулуктарын жана керектүүлүгүн таанытуу;

— балдар андан турмушуна керектүү эмнени үйрөнө турганын аныктоо;

— чыгармадагы позитивдүү жана негативдүү идеяларды байкоо жана балага тарбия берүүдө ал идеялардын таасирдүүлүгүн байкоо;

— чыгарманын сюжети, каармандардын образдары баланын психологиясына туура келерин байкоо;

— чыгарма балдардын ой жүгүртүүсүн, кыял дүйнөсүн, акыл-эсин өстүрүүгө кандай кызмат кыларын аныктоо;

— чыгарма баланы өстүрүүдө эмнеси менен кызмат кыларын аныктоо;

— чыгарманын идеясы, анын каармандары, образдар, баланы кандай турмуштук багытка жараша өстүрүүгө каражат болорун аныктоо;

— баланын окурмандык маданиятын өстүрүүдө чыгарманын кандай мааниси бар экендигин аныктоо;

— чыгарманы балага жеткирүүнүн, ага кызыктыруунун, алардын талаптагыдай өздөштүрүүсүнүн оптималдуу методдору менен шарттарын аныктоо.

М.Горький айтмакчы, «ар бир чыгарма тарбия үчүн жазылат», ошондуктан, педагогикалык баяндоо жана педагогикалык талдоо гана чыгарманын тарбиялык табиятын балага ачып бере алат. Андыктан, мектепте көркөм чыгарманы башталгыч класстан баштап окуп-үйрөнүүдө «адабий баяндоо» жана «адабий талдоодон», мугалим «педагогикалык баяндоо» менен «педагогикалык талдоо» ыкмаларын кеңири колдонуусу талапка ылайык келет.

Ошондой эле билим берүү тутумун санариптештирүү зарыл экендигин, ар бир адамдын бүгүн интернет жана веб-технологияларды эркин пайдалана алышын жашоо талап кылып турат. Электрондук окуу комплекстерин, онлайн тесттерин колдонуу, видеосабактарды көрүү менен кайтарым байланыш түзө билүү, б.а. МКТды колдонуу окуучулардын өз алдынча иштөөсүн жана ой жүгүртүүсүн активдештирүүгө шарт түзөт. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, маалыматтык-коммуникациялык технологиялык каражаттарын, анын ичинде электрондук билим берүүчү каражаттарды, атап айтсак, электрондук окуу китебин колдонуу маалыматтык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга түрткү берет. Бүгүнкү күндө маалыматтык технологияларды колдонбой туруп конкуренцияга жөндөмдүү, заманбап адистерди даярдоо мүмкүн эмес экендиги баарыбызга маалым. Ошол себептүү окуучуга болобу, студентке болобу маалыматтык жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана алган теориялык билимдерин сабаттуу колдонууга гана үйрөтпөстөн, чыгармачыл ой жүгүртүүгө да үйрөтүү маанилүү экендигин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды белгилүү өлчөмдө окутуунун башка методдору менен туура айкалыштырып колдонгондо гана мугалим оптималдуу натыйжага жетишет. Окуу-тарбия процессин маалыматтык-методикалык жактан камсыз кылуунун негизинде маалыматтык өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Август кеңешмелеринде талкуулоого сунушталуучу болжолдуу темалар:

  1. Кыргыз адабиятын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окутуунун окуу-ченемдик документтери (предметтик стандарт, окуу программаларынын жаңы редакциясы) тууралуу;
  2. Көркөм чыгарманы талдоону үйрөтүүнүн натыйжалуу жолдору;
  3. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана аны баалоо;
  4. Кыргыз адабияты сабагында STEAM технологиясын колдонуу менен предмет аралык байланышты жүзөгө ашыруу;
  5. Кыргыз тили, адабияты боюнча олимпиадага даярдоодо көңүл бурулчу жагдайлар;
  6. Көркөм чыгарманы адабият сабагында интерпретациялап түшүнүүнүн жолдору;
  7. Кыргыз адабияты боюнча кызыктуу сабак өтүүнүн ыкмалары;
  8. Кыргыз адабияты предметин максаттуу жана натыйжалуу окутуу боюнча өз ара тажрыйба алмашуу;
  9. Мектеп практикасында кыргыз тили, адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана келечектүү чечимдерди кабыл алуу;
  10. Кыргыз адабиятын компетенттүүлүктүн негизинде натыйжага багыттап окутууга карата деңгээлдик тапшырмалар;
  11. Окурмандык сабаттуулук компетенцияларын калыптандыруу ыкмалары жана усулдары.

А. Батыркулова, п.и.к, КББАнын филологиялык билим берүү лабораториясынын башчысы.
Тел.: (0770) 519 438, (0707) 870 604; е-mail: batirkulovaa@mail.ru

Бөлүшүү

Комментарийлер